«Мен жашоом бүттү деп ойлогом»: Шылуундардын секс-опузасынын азабы
Джейн Маккаббин, Би-Би-Си

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Джон башында ага социалдык тармакта бир аял «ак ниет менен колдогон» кат жибергенде жылуу кабыл алган.
«Андан кийин ал көз кыса баштады»,-дейт Джон. Бул адамдын окуусунда проблемалар бар, ошондуктан ал аты-жөнүн толук айткысы келген жок.
Жаңы таанышкан аял өзүн мугалим деп тааныштырып, жылаңач түшкөн сүрөттөрүн жиберип, Джондон дагы ошондой сүрөттөрдү сурады. Бирок ага жок деген жооп баргандан кийин анын тону өзгөрдү.
«Сени бирөө бир нерсеге мажбурласа, сен ойлонбой эле жасай бермек белең»,-дейт Джон. – Алар мени опузага салып, оюндагысын жасатмак экен».
Ошондон баштап каттар жайнап келе баштады, күнүнө 50 гө чейин кат келет.
«Сен мени Twitter'де бөгөп кое аласыңбы... анда мен эмне кыларымды көрүп ал», — деп жазды бир жолу. «Менден качып кутулам деп ойлоп атасыңыбы? Менден сенин сүрөтүң бар экенин унутуп калдыңбы», — деп жазды башкасы.
Кат жиберген адам акча талап кылып, Джондун сүрөтүн социалдык тармакта жарыялап саларын айтып, кадимки эле секс-опуза баштады. Джон бул опузачы оюндагысын кылып салбасын деп 3000 фунт стерлинг акчасын берди.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Акыры акчасы калбай калганда, Джон айласы түгөнүп, өз жанын кыюу жөнүндө ойлоно баштады.
«Мен жашоом бүттү деп ойлодум»,-дейт ал. – «Мени куруталы деген турбайбы деп ойлодум». Так ушул учурда гана ал ишенген адамына сыр ачууну чечкен.
Джон окуудан кыйналган адамдарга колдоо көрсөткөн кайрымдуулук уюмуна кайрылат. Ал SeeAbility уюмунан биринчи эле сүйлөшкөн адам Кэт Акасс болду.
«Сиз анын абалы ушунчалык аянычтуу болгонун элестете да албайсыз»,-дейт ал. – «Биз анын жеке коопсуздугуна аябай кооптондук. Ал абдан чөгүп турган эле. Жашоо менен кош айтышуу жөнүндө да ойлонуп турганы да чын».
Улуу Британияда секс-опуза учурларынын расмий статистикасы жок. Ошондуктан BBC News маалымат сурап бардык полиция башкармалыктарына кат жиберди.
Жооп кайтарган 45 полиция башкармалыгынан 33 өткөн жылы секс-опуза менен байланышкан дээрлик сегиз миңдей учурду каттаганын кабарлашты. Ушундай эле сан 2014-жылы 23 полицияда болгон. Маалымат негизинен Англия менен Уэльстен келди.
Соңку он жылда секс-торция деген сөз кошулган жалпысынан 21 323 мыйзам бузуу болгон. Анын ичинен 18000 пандемиядан кийинки учурга тийиштүү.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча ошол эле мөөнөттө опуза учурлар 18 эсе көбөйгөн.
Ушул жылдын башында Кылмыштарга каршы күрөш агенттиги (NCA) секс-опузанын коркунучу тууралуу бардык окуучуларга эскертме чыгарып тараткан.
NCA бул абдан күчөп жаткан кылмыш экенин билет, бирок канча адам жабыркаганын так билбейт.
Би-Би-Си Джондун интервьюсу менен полициянын маалыматын NCAнын балдарга жыныстык зомбулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери Шону Саттонго көрсөттү.
«Бул жүрөк эңшерет», — деди ал. «Улуу Британияда бир нече адам өз жанын кыйганын билебиз».
Чындыгында, NCA кооптонуп, өз жанын кыйып өлгөн адамдардын мисалында жыныстык опуза болгонун изилдеп чыгуу сунушу менен тийиштүү кызматтарга кайрылган.
Би-Би-Синин колундагы маалыматтар кырдаалды так көрсөтпөйт. Канча адам азап тартканын айтыш кыйын, анткени кылмыштын бул түрүн полиция опузанын башка түрлөрү менен кошуп каттоого алып келет.
Бул көйгөйдүн масштабы абдан чоң болгондуктан, NCA аны өзүнчө кылмыш катары аныктап алган жатат. Ал акча өндүрүү максатындагы жыныстык эксплуатация деп аталмакчы жана кылмыш кодексине жазылат. Ошондон кийин бул кылмышты так иликтеп, анын канчалык жайылып жатканын карап турганга мүмкүн болот.
Саттон кандай гана маалымат келбесин, ал адатта айсбергдин үстү гана болот деп чочулап турат, анткени мындай кылмыштарды адамдар көбүнчө ачык айта бербейт.
«Мындай торго илинген адамдар акча төлөп, шылуундардан кутулуп кетебиз деп ойлошот», — дейт. «Тилекке каршы, андай эмес».
Ал кайырмакка илинген адамдарга Интернетте коркуткан шылуундар менен сүйлөшпөгүлө деп кеңеш берет: «Эгер алар акча сураса, бербегиле. Болбосо, кайра-кайра чоң акча төлөй бересиң».
Секс-опузадан азап тарткан Джонго SeeAbility уюмунун кызматкерлери жардам беришти.
«Сиз реалдуу адам менен сүйлөшүп аны токтотуп кое албайсыз»- дейт Кэт Акасс.
"Тозоктун отуна күйгүлө"
Джон азыркы учурда терапиядан өтүп жатат, бирок дагы эле сар-санаадан чыга элек. Шылуундар менен күрөш бүтчүдөй көрүнбөйт: тийишкендерге кайра-кайра бөгөт коюп, акча сурагандарга жооп кылбай турат.
Ал акыры полицияга барганын, бирок ал жерде анын өзүнө кылмышкерге жасагандай мамиле болгонуна таң калганын айтууда.
NCA мындай болушу мүмкүн эмес деп актанып, бардык кызматкерлерге жаңы көрсөтмөлөрдү таркатууну пландап жатат.
«Мындай учурларда стигматизация болорун түшүнөбүз», — деди Би-Би-Синин өкүлү. «Биз ошол стигманы алып салып, азап чеккендерге: Жардам сурап кайрылгыла. Бул силердин күнөө эмес» деп айтып жатабыз".
Өткөн аптада АКШда 17 жаштагы кызга жыныстык шылуундук кылган нигериялык эки бир тууган 17 жарым жылдан түрмөгө камалды.
Лагосто жашаган бир тууган Огошилер Джордан Демэяны алдап, анын жылаңач сүрөттөрүн алып, кайра анын өзүн опуза кылышкан.
Өспүрүм кыз Instagram'дагы сүйлөшүүдөн алты сааттан кийин өз жанын кыйган.
Бул АКШдагы жыныстык шылуундуктун опузасына чыдабай, өз жанын кыйган 72 адамдын бирөөсүнүн эле мисалы.
Джон ушундай азап башына түшкөндөр ишенген жакын адамына коркпой ичиндеги көйгөйдү айтыш керек дейт.
«Мага кылган кыянат ишиңер үчүн тозоктун отуна күйөсүңөр деп шылуун алдамчыларга айтып жатам. Бирок мен бул азаптан кутулса болорун адамдар билишин каалайм. Жөн гана жардам сурап кайрылыш керек”. (КС)












