Бишкек мэри: таштандыны таза кирешеге айландырабыз
Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек

Ар бирибиздин үйүбүздөн таштанды чыгат. Ал атайын челекке жетип же унаа жүктөп кетсе эле таштандыдан толук кутулгандай сезебиз, бирок андай эмес. Аларды жалпы Бишкек боюнча топтой келгенде орто эсеп менен күнүнө миң тоннага чейин жетет.
Ошончо акыр-чикир жыйылып келип, эң негизги бөлүгү Дордой тараптагы полигонго барып түшөт. Ар кайсы үйдөн кенедейден чогулган таштанды ал жакта тоо болуп жатат. Эсептөөлөргө караганда "таштанды тоосунун" бийиктиги кээ бир жеринде 70 метрден ашат. Салыштыра келгенде бул 23-24 кабат үйдүн бийиктигине барабар. Анын ичинде кокусунан жоголгон алтын-күмүштөн баштап баары бар деп сүрөттөсө болот.
Акыр-чикирде баары чогулгандыктан көйгөй ошол жерде башталат. Канчалык көп түрдүү, канчалык нымдуу болсо ошончолук тез реакция жүрүп, чирий баштайт. Аны аралаган карга-кузгун, келемиш, инфекцияны айтпаганда деле каңырсыган жыт, уулуу газдар, түтүндүн бир бөлүгү кайра эле Бишкекке кайрылып келет.

Ондогон жылдар бою топтолгон таштандынын аянты эбак эле 40 гектардан ашкан. Ушунчалык кейиштүү абалга жетип, санитардык нормалары чектен эбак ашып кеткен жай "шаардын айыккыс жарасындай" болуп калган.
Азыркы калаа бийлиги бул көйгөйдү толугу менен заманбап ыкмага салып чечебиз деп убада берип келет. Ал жер көмүлгөнгө чейин тартылган видеолор менен сүрөттөрдү караган кишинин кадимкидей эси чыкчу. Эмне өзгөргөнүн өз көзүбүз менен көрүп келүү үчүн ошол жерге барып, Бишкек шаарынын мэри менен маектештик.
Айбек Жунушалиев: Бул жерде таштанды үчүн чынында такыр жаңы багыт, жаңы ыкмалар кабыл алынды. Таштандыны күйгүзүп электр энергиясын өндүрүүчү завод эле эмес, толук кандуу утилизация дагы камтылган. Экинчиден, муну экотехнологиялык парк деп атоого болот. Көп тажрыйбаларды карап, талдап чыктык. Биздин эң негизги максат - таштанды көйгөйүн чечүү. Үйүлгөн таштандынын бийиктиги 71 метрден ашкан деп маалымат берип жатышат. Таштандыны "мешке салып күйгүзсө эртең эле түтөйт, кандайдыр бир терс көрүнүштөр болот" – деп тынчсыздангандар да жок эмес. Бирок ага эч кандай негиз жок. Буюрса бул заманбап технологиялардын жардамы менен биз таштанды деген көйгөйдөн толук кутулабыз. Экинчиден, жөн эле жок кылбастан электр энергиясын дагы иштетип чыкканга мүмкүнчүлүк алып жатабыз. Дагы бир артыкчылгы келечекте ысык суу дагы, жылуулук дагы бергидей шарты менен ылайыктап жатабыз. Келечекте бул кадимки ЖЭБ сыяктуу эле болот. Бирок өзгөчөлүгү бул жаңы технологиянын жардамы менен абага эч кандай зыян келтирбейт. Эч кандай түтүн болбойт, эч кандай саркындысы, калдыгы деген чыкпайт. Биздин, Европанын жана Кытайдын нормаларына дал келгендей иштелип чыгат .
Би-Би-Си: Буга чейин "Борбор Азияда аналогу жок, өзгөчө завод", - деп маалыматтар чыкты эле. Ошонун чын-бышыгы кандай?
Айбек Жунушалиев: Ачыгын айтып берейин, биз ушул боюнча изилдөө жүргүзүп, издештире баштаганда өтө чоң күмөн жаралды. "Көмүр жакканда эле ушунча түтөп жатабыз, таштанды жаксак такыр эле болбой калат го", - деген күмөн ойлор болду. Тажрыйбаларды карап көрүп, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен мыкты мисал таба алган жокпуз. Кытай, Япония жана Европа өлкөлөрүнө барганда биз ушул тажрыйбаны өз көзүбүз менен көрүп келдик. Кытайдын Чаньша деген шаарына барып өзүбүз жеринен күбө болуп, компания биз курганга даярбыз дегенде гана ынанып ушул ишти баштадык. Ошондон бери карай эле чоң өзгөрүү болуп кетпесе азыркы учурда бул Борбор Азияда алгачкы тажрыйба Бишкекте башталып жатат. Биз эң алгачкы бололу, ашып кетели деген максатты ойлонгон да жокпуз, башынан эле таштанды көйгөйүн мүмкүн болушунча жакшы, сапаттуу чечели деп аракет кылдык. Себеби биз дагы бир-эки жыл созо турган болсок, таштандыны таштай турган жай калбай калган.

Мэр: Бир сом да коротпойбуз
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Бул долбоордун экономикалык эсеп-кысабы кандай жүргөн? Канча чыгым сарпталат, канча убакытта өзүн актайт? Кимдин эсебинен каржыланып жатат?
Айбек Жунушалиев: Биз техникалык экономикалык негиздемесин иштеп чыкканбыз. Андан сырткары инвестициялык келишимди Министрлер кабинетинин токтому менен бекиткенбиз. Ошондой эле минстрликтер менен макулдашуудан өтүп, анан гана кол коюлган. Ал жерде бүт тарифтер жана көрсөткүчтөр аныкталган. Мамлекет менен жеке ишкердиктин айкалышы (ГЧП) деген максат менен ишке ашырылып жатат. Биз ар бир жылы тарифттик саясатты киргизип, талап коюп, бааларын аныктаганга мүмкүнчүлүк алганбыз. Курган тарап отуз жылдай иштетип, андан соң бул Кыргызстанга калат. Кыска мөөнөткө деле койсок болмок, бирок адистерди даярдап алуу маселеси бар. Өзүбүздүн адистер дасыгып, тапталып чыкканча булардын адистерине муктаж болобуз. Ошондуктан узак мөөнөттүү келишим түзүп жатабыз. Жалпысынан Кыргызстан бул жерге бир тыйын каражат короткон жок. 95 млн доллар ушул компаниянын эсебеинен каржыланып, андан соң макулдашкан мөөнөттө алар өздөрүнүн пайдасын дагы таап чыгат.
Би-Би-Си: Реформадан кийин Бишкек шаарынын аймагы үч эсе кеңейди. Бул заводдун курулуп жатканы абдан жакшы дегени менен шаардын башка жеринде дагы таштанды көйгөйү турат. Алар боюнча кандай болот?
Айбек Жунушалиев: Бишкек боюнча бүт башка жерлердеги таштандыларды мына ушул жерге алып келебиз. Шаар боюнча башка жерде таштанды полигону деген болбойт. Биз ошолорду жоюп, жок кылуу үчүн айрым жерлерде ишти баштап, четинен жыйынтыктап жатабыз. Завод иштеп баштаса эле бул ишке толук киришебиз.
Би-Би-Си: Кезинде ушул таштанды полигонунун көйгөйүн чечебиз деп долбоор даярдалып, ири суммадагы каражат бөлүнүп, бирок аягына чыкпай калган. Бул боюнча кылмыш изи дагы козголгон эле. Ошол иштин аягы эмне болгонунан кабарыңыз барбы?
Айбек Жунушалиев: Мен салыштырып айтып берейин. Бизде 11 млн евро грант, 11 млн кредит болгон. Жалпысынан 22 млн евро болчу. Жаңылбасам келишимдин башталышы 2013-жылдарга барып такалат. Бирок биринчи тендерлер 2017-жылы бүтүптүр. Ойлосоңор 4-5 жыл убакыт өткөн экен. Азыр анын аягы эмне болгонун биз көрүп жатабыз. Таштанды полигонунун буга чейинки акыбалы эле ага далил. 22млн еврону аягы эмне болду деп далай күмөн, талаш маселелер айтылды, иш козголгон. Бүгүнкү күндө тергөө жүрүп жатат. Менде эң соңку маалыматтары жок. Ошол каражаттан артып калган 6,5 млн евро бар. Биз аны колдонбой турабыз. Себеби аны пайдаланабыз деп эртеңки күнү туура эмес колдонулуп калбасын деген коркунучтар бар.
Эми бул долбоорду айтайын. Бул боюнча 2023-жылы ноябрда меморандумга кол койдук. 2024-жылы 28-мартта биз инвестициялык келишим түзгөнгө жетиштик. Көп өтпөй эле 29-мартта капсуласын салып жатабыз. Ошондон саналуу күн өтүп эле апрель-майда курулуш иштери башталды. Буюрса 25-жылдын декабрында бүтөбүз деп жатабыз. Мындайча айтканда 24-25 жыл аралыгында бул долбоорду ишке ашырып жатабыз. Куруп жаткандар алдын ала пландаган эсебинен 20 күн алдыда бара жатабыз деп маалымат беришти. Өзүңөр күбө болгондой түнкү саат 12ге чейин иштеп жатышат.
Жакында эле биз Жапонияга барып Канадавия деген компаниядан жабдууларды кабыл алганбыз. Алар ушул жерге жеткирилди. Сыртынын караганда кытайлык компания салып жатканы менен технологиянын баары Жапонияныкы.
Би-Би-Си: 40 гектардан ашуун жердеги таштандынын үстүнө өрт өчсүн деп топурак төгүлдү эле. Эгер таштандыны ресурс катары карай турган болсок, кийин ошол топурактын алдында калган тонналаган таштанды да кайра иштетилеби же ошол бойдон эле калабы?
Айбек Жунушалиев: Негизи Чаньша шаарынын өзүндө дагы эски таштанды боюнча тажрыйба бар экен. Алар башынан башкача ыкманы тандаган экен. Атайын гоемембрана менен жабып, келечегин дароо пландап алышыптыр. Башында бизде мындай деңгээлдеги завод курулат деген аракет дагы жок болчу. Өрттөнүп, уусу, түтүнү, уулуу газдары каптай бергенде арга жок атайын кыртыш менен жаап салдык. Эми аны кайра иргеп алыш бул заводго туура келбей калат. Ошондуктан биз аны келечекте колдонобуз деген максатыбыз жок. Бир маселе бар. Ал жерден метан деген газ чыгат. Ошого карап биз каналдарын коюп кеттик. Анын барынын байламаталары толук бүткөндөн кийин, ал газды колдонуу маселеси гана чыкпаса, эски таштандыны кайра иштетебиз деген максат жок.
Биз бул жерге 2024-жылга чейин 3500 түп бак- дарак тиккенбиз. Ошонун он эле пайызы өспөй калган. Азыр шартын ого бетер жакшырталы деп тамчылатып сугарууну дагы киргизип жатабыз. Буйруса бул жер бак- дарак болуп, парк катары колдонгону турат.
Би-Би-Си: Келечекте бул заводдон чыккан энергия эмнеге жана кайда пайдаланылат?
Айбек Жунушалиев: Азыр энергохолдинг менен сүйлөшүп жатабыз. Бирок ушул жердин өзүнө эле дал ушул зафодду улай, төрт ири завод курабыз деген аракет менен келип жаткандар бар. Себеби бир завод турса эле ушундай чынжырча сыяктуу улана берет экен. Буюрса өнөр-жай болот. Бул жерден күл чыгат. Ал күлдү кайра иштетип курулуш материалдарын чыгара турган бир завод турат. Ошондой эле эки кирпич заводу салынат. Дагы бир заводдун иши акиташка байланыштуу өндүрүш. Энергия ошолорго сарпталат.
Ушул заводдорду алдын ала аныктап жатабыз. Суткасына 460 Мегаватт энергия чыга турган кубаты болот. Анын 60 мегаваты өзүндө калып, калган 400 мегаватты аларга беребиз.








