"Ататүрккө үй салып алсам деген оюм жок": Бишкек мэринин жаңы маеги

Абдыбек Казиев, Руфат Эргешов, Би-Би-Си

Жунушалиев: Мурунку мэрлердин ичинен Ататүрк сейил багы боюнча башкача чечим кабыл алсаң болмок деп кайрылгандар да болду
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жунушалиев: Мурунку мэрлердин ичинен Ататүрк сейил багы боюнча башкача чечим кабыл алсаң болмок деп кайрылгандар да болду

Бишкектин жетишкендиги да, көйгөйү да көп. Аянты эселеп кеңейип, калкы өсүп жаткан борбордун эртеңи эмне болот, шаар бийлиги кандай саясат жүргүзөт деген суроо кабыргасынан турат. Эң оболу баш оорууга айланган жол тыгыны күчөй береби же чечим табышабы деген талылуу суроолор чыгат.

Жол тыгыны өзү менен кошо далай көйгөйдү чиркештирип жүрөт. Абанын булганышы, текке кеткен убакыт, кырсык, жол коопсуздугу, ашыкча чыгым деген узун тизме. Ушундай чынжырлашып калган көйгөйлөрдөн сырткары сейил бакка курулган хан сарайлардын чуусу, шаардын генералдык планы, таза суу, таштанды жайы, вело жол, көрүстөн деген сыяктуу олуттуу маселелер да бар.

Би-Би-Си Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен кенен маек курду.

Асфальты жаңыртылган Ахунбаев көчөсү. Бишкектин айрым көчөлөрү "кар менен кошо эрип кетти" деген сын да айтылып келе жатат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Асфальты жаңыртылган Ахунбаев көчөсү. Бишкектин айрым көчөлөрү "кар менен кошо эрип кетти" деген сын да айтылып келе жатат

Тик учак менен түрө кыдыруунун чоо-жайы

Би-Би-Си: Жакында эле дасыккан, шаар куруунун дүйнөлүк стандарттарын мыкты билет деген адистер менен чогуу Бишкекти тик учак менен кыдырдыңыз. Ошондо көзгө даана көрүнгөн кемчиликтер кайсылар болду?

Айбек Жунушалиев: Бишкек шаарын тик учак менен кыдырганыбыз баарын бир сыйра дүрбүткөн окуя болду окшойт. Көптөгөн сын-пикир, нааразычылыктар айтылды. Тик учактар дагы кандайдыр бир максат менен алынган да. Ошондон бир-эки жума мурун мен Токиого баргам. Ал жерде Бишкек шаарынын үч эсе кеңейип жатканын айтып бергем.

Ошол жерден Nikken Sekkei аттуу мыкты компания менен сүйлөшүүлөр жүрдү. Алар бир аптага гана келип, изилдөө жүргүзө алабыз дешти. Биз жаңы тик учактарыбыз бар деп сунуш кылып, Бишкек шаарын үстүнөн карадык.

Тик учак менен учуп, шаарды толук көрүп алганыбыз ишти тездетип, чечим, сунуштарды ыкчам кабыл алганга жакшы шарт түздү дешти.

Көйгөйдү айтпай, мактап туруп алышты. Жашыл шаар экен, бак-дарактарга дагы аяр мамиле менен саясат жүргүзүшүңөр керек экен деген маселени коюшту. Себеби биз бак-дарактарды көп санда өстүрөбүз дегенибиз менен системдүү иш жүргүзбөгөндүгүбүздү айтышты.

Мэр: тик учак менен түрө кыдыруу түйшүктү жеңилдетти

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мэр: тик учак менен түрө кыдыруу түйшүктү жеңилдетти

Тыгынды бишкектиктер да, чет жактан келгендер да дароо байкайт

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Шаарды үстүнөн караганда көзгө көрүнгөн көйгөй унаанын көптүгү болду. Эмне себептен силерде мынчалык унаа көп дешти. Себеби Жапонияда автоунаа алам деген киши алгач унаа токтотуучу орду бар экенин тастыктайт экен. Силерде бул маселе кандай, чектөө жокпу, текшерүүгө алынабы деп сурашты.

Жапониялык адистер болгон нерсени Бишкектин борборуна куруп жатканыбызды, тескерисинче эс алуучу жайлар шаардын жака белине курулушу керектигин дагы билдирди.

Тик учак менен айланганыбызда жаңы курулуп жаткан чоң стадион боюнча да өз байкоолорун айтышты. Мыкты сапатта курулуп жатканын, шаардын четин көздөй жылганы жакшы чечим болгонун, жаңы курулуп жаткан администрация дагы борбордон чет жакка жылганы жакшы көрүнүш экенин белгиледи.

Көп кабаттуу үйлөр байма-бай салынып жатыптыр, алардын асты жагы шаардыктардын баскан-турганга мүмкүнчүлүгүн чектебейби деген маселени козгоду.

Бишкек батыш менен чыгышка карай эки багытта өсүп, шаар кушка окшоп калганын, дал ушул багытта өнүктүрүүгө басым жасашыбыз керектигин дагы айтышты.

Жолдор боюнча да башаламан болуп кетиптир. Бардык жол шаардын борборуна алып бара турганын, чет жактагы айланма жолдорду өнүктүрүшүбүз керектигин сунуш катары билдирди. Алар поезд жолу шаардан сырткары болуп, шаарды бөлбөгөнү туура болот деген жүйөөнү айтышты.

Жапониялык адистер айланма жолдор тууралуу кеңеш берген
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жапониялык адистер айланма жолдор тууралуу кеңеш берген

Генералдык план: купуялуулук менен ачыктыктын чеги кайда?

Би-Би-Си: Шаардын генералдык планы жашыруун болушу керек деген эреже бар эле. Аны толугу менен жашырып салганда болбойт, купуя болсун деген жерлерин сыр кылып сактап, калганын ачык көргүдөй кылса элге да, шаар бийлигине да пайдалуу болмок дегендер бар. Бул маселе боюнча оюңуз кандай?

Айбек Жунушалиев: Генералдык план стратегиялык иш кагаздарына кирет. Аны жарыя кылып көрсөтсө, терс таасирин да тийгизиши мүмкүн. Себеби бул шаар да. Купуя маселелери да бар. Бирок менин жана командамдын ою боюнча айрым коомдук маселелерге тиешелүү нерселерди ачыкка чыгарышыбыз керек. Буга чейин купуя деп келип эмнеге жеттик? Мына курулбай турган жерлерге үйлөр курулуп жатат. Сиз менен дал ушул Ататүрк сейил багында маектешип отурабыз. Мунун эле канча жери кетип калган? Бул бир эле мисалы. Мисалдар абдан көп, ошонун баарын жашырып жатып аягы эмнеге келди?

Президент Садыр Жапаров жер мунапысын жарыялаганга да аргасыз болду. Купуя деп жатып санитардык зонага, кызыл сызыкка кирип кеткен канча мыйзамсыз имараттар салынып калды? Аларда да күнөө жок, убагында коомчулук, мамлекеттик мекемелер да баарын ачык айтып турса, балким ага жетмек эмес.

Бүгүнкү күндө биз 2050-жылга чейинки генпланды түзүү ишин жүргүзүп жатабыз.

Nikken Sekkei планын кылып берсе, анан генералдык планга өтөбүз. Жапон адистери берип жаткан сунуштамалар коомчулукка чыгышы керек. Сейил бактар, Жапониядагыдай түптүз жолдор салынуусу керек. Биз да тосмолорду, кашааларды алышыбыз керек. Четинин алып жатабыз. Мына Ататүрк паркында тосмолор алынды эле жолдору кеңейип, элдин кенен эс алуусуна шарт түзүлүп калды.

Генпланы кескиленгенби?

Ак-Өргө конушу түптөлүп жаткан мезгилде чийилген генералдык планда баары камтылган. Ал тургай гүлбактын (бульвар) орду болгон дешет. 2005-жылдан кийин ал генплан жоголуп, жерлер кертиле баштаган. Талашы уланууда
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ак-Өргө конушу түптөлүп жаткан мезгилде чийилген генералдык планда баары камтылган. Ал тургай гүлбактын (бульвар) орду болгон дешет. 2005-жылдан кийин ал генплан жоголуп, жерлер кертиле баштаган. Талашы уланууда

Би-Би-Си: Бишкек эселеп чоңоюп жатат дедиңиз. Кийин ошол жерлерде өтө зарыл курулуштарга, сейил бактарга орун калбай калыптыр, газ жеткире албайт экенбиз, ал жерге суу чыгара албайт экенбиз деп көйгөй жаралбашы үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатат?

Айбек Жунушалиев: Бул чоң көйгөй, эң туура маселе. Бул боюнча мыйзамды кабыл алып жатканда ал жерлерге атайын чектөө киргиздик. Азыр бизге кошулуп жаткан жерлер генплан бекитилгенге чейин өзүнүн максатын сактайт. Ага чейин биз бир дагы башаламандыкка жол бербейбиз. Каалаганымды кылам, өзүм билем деп кура бергенге болбойт. Генплан бекигенден кийин гана биз баарына мүмкүнчүлүк беребиз. Азыр ушул боюнча чайкоочулук башталды. Мынакей, биздин жерлерибизди мамлекет алып алат экен, биздин укук каралбайт экен дегендер чыкты. Эч ким алардын жерине кол салбайт. Баары мыйзам чегинде каралат. Эгер мындай кадамга барбасак, анда кийин сиз айткан башаламандыкка сөзсүз алып келет. Кийин суу да жетпей калат.

"Парк экенин билген эмесмин дегендерге таң калам"

Ататүрк сейил багына курулган үйлөргө кимдер уруксат берген, мыйзам чегинде жоопко тартылабы деп коомчулук байкоо салып турган чагы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ататүрк сейил багына курулган үйлөргө кимдер уруксат берген, мыйзам чегинде жоопко тартылабы деп коомчулук байкоо салып турган чагы

Би-Би-Си: Ататүрк сейил багы баштапкы калыбына келтирилет деп чечим кабыл алынды. Айрымдар мэрдин тарыхый чечим деген убадасы бирин-экин тосмолорду алуу менен эле бүттүбү деген сындарды айтып жатышат. Мындайды өзүңүз да уксаңыз керек?

Айбек Жунушалиев: Мен бир эле нерсени айта кетким келет. Кабыл алган чечимди дагы окуш керек, мен бир нече пресс-релиздерди берип жаттым, пресс-конференцияда да ушундай суроолор көп болгондуктан жооп берүүгө мажбур болдум. Биз келе калып эле ушундай чечим чыкты деп бир дагы жерди өз билемдик менен талкалап киребиз деген маселе коюлган эмес.

Мен башынан эле айтып келе жатам, бардыгы мыйзам чегинде чечилет. Эң негизги маселе жана биздин максат 107 гектар аянтын аныктоо. Бул деген сейил бак, болду.

Биз буга чейин кабыл алынган чечимдерди эч бирөөнүн укугуна кирбей жокко чыгардык. Аларды мыйзамсыз деп таптык. Себеби ар бир чечимди кабыл алуунун тартиби бар. Чечимди кабыл алып жатканда мурунку чечимге өзгөртүүлөр киргизилип, аныктамалар берилип, жердин багыты өзгөрүлүп анан берилиш керек эле.

Ошол эрежелердин баары бузулгандыктан, жүргүзгөн анализибиз боюнча текшерүүнүн алкагында биз ошонун баарын жокко чыгардык. Бирок ал жерде бир дагы жараныбыздын сейил бакка үй куруп алуу укугун караган эмеспиз. Биз азыркы тапта буларды сотко берип жатабыз. Алтымыш үч ишти топтоп сотко бердик. Бизди да сотко бергендер бар, мына азыр арыздар түшүп, сотто каралып жатат. Биз сот аркылуу аныктагандан кийин кийинки кадамдар болот.

Эми чоң имараттардын тагдыры кандай болот? Чоңбу, кичинекейби, дарбаза болобу же жеңилдетилген типтеги курулуш болобу баарынын мыйзамдуулугун карайбыз. Эгер алар эч бир мыйзамга дал келбесе, өз билемдик менен куруп алган болсо, биз аларды сөзсүз түрдө баштапкы калыбына алып келүүгө аракет кылабыз.

Биздин максатыбыз бул жерлерди бузуп-талкалоо эмес, бул жер коомдук жай болгондон кийин бардык шарттарды түзүп беришибиз керек. Анын өз эрежелери болот.

Коомдук жайга үй куруп алса аны тегерете дубал кура албайт, демек, эс алуучу ал жерди аралап өтөт. Машина менен кирип чыгам десе ал үчүн чектөө бар, каалаган учурунда келип жарыкты өзү каалагандай күйгүзүүгө уруксат жок. Эгер ошол сейил бакты аралап жүргөн кишиде муктаждык пайда болуп калса, туалетин пайдалнууга уруксат бериши керек деген сыяктуу талаптар коюлса кандай болот?

Бул мэрдин колунан эч нерсе келбейт экен, жөн эле сүйлөп коёт тура десе эле мен чуркап барып буза калбайм. Мен бардык ишимди мыйзам чегинде кылам. Бирөө көкүтүп койсо эле чуркап баруу оюмда да жок, өзүмдүн мүнөзүм да ага жол бербейт.

Бишкектин абасы кирдеген сайын сейил бактардын, жашыл аянттардын маанилүүлүгү арта берет
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектин абасы кирдеген сайын сейил бактардын, жашыл аянттардын маанилүүлүгү арта берет

Би-Би-Си: Сиз бул чечимди кабыл аларда юристтер, адистер менен талдап, жеңип чыгууга мүмкүнчүлүк бар деген бүтүм беришсе керек?

Айбек Жунушалиев: Биз чечим кабыл аларда бүт баарын анализдедик. Келечекте кандай болот деп талдадык. Ушак болушу да мүмкүн, бирок менин угушумча, акча чогултуп сотко барабыз деген аракеттерин көрүп жаткандар бар экен. Эми бул жерде бери жагы эле бир үйдүн баасы 300 миң доллар болсо, анан сот эмес, айрым блогер, журналисттерди деле сатып алганга мүмкүнчүлүктөрү бар да. Мунун баары терс ой-пикирлерди түзүү максатында. Бирок биз мыйзам менен барабыз, мыйзам алкагында биздин чындыгыбыз бар. Бул деген коомдук кызыкчылык, бул деген мамлекеттик кызыкчылык. Мен бул жакка келип, буларды кетирип, өзүм үй салып алам деген аракетим жок. Бишкек шаарына, коомдун кызыкчылыгына дал келген ишти кылып жатам.

Би-Би-Си: Ушул чечим кабыл алынып, маалымат чыккан соң шаардын ар башка жеринде сейил бактын аймагына курулуш баштоо же улантуу аркеттери токтоду деп жатышат. Ошол эле учурда эгер бул иштен натыйжа чыкпаса, мыйзамсыз курулуштардын баары адегенде Ататүрктөгү ишти аягына чыгаргыла деп айтышы ыктымал дегендер бар. Буга кандай дейсиз?

Айбек Жунушалиев: Дагы бир жолу айтам, бул канчалаган элдин кызыкчылыгы. Бүгүн биздин байкообуз боюнча көп нерсе токтоп калды. Ататүрк парктын ичинде деле 300-600 миң доллар деген үйлөрдү сатып алып же сатат элем деген иштер токтоп калды. Курат элем дегендер да токтоду. Алардын да көйгөйлөрү күндөн-күнгө өсүп жатат. Себеби биз бул ишти бир да күн токтоткон жокпуз, системдүү түрдө алып барып жатабыз. Мына чечим кабыл алынды. Бул чечимдер мага же бирөөгө байланган эмес. Мен деле бул кызматта канча болом, муну убакыт көрсөтөт. Мен кеткен күндө дагы башка жетекчи муну аткарганга милдеттүү болот. Бул иш ушундай жүрүп жатат.

Кышкысын Бишкек ыштын азабын тартып келе жатат

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кышкысын Бишкек ыштын азабын тартып келе жатат

Би-Би-Си: Эгер сиз айткандай, бул боюнча мэриянын азыркы кадамы мыйзамдуу болсо, беш-алты кожоюн болуп сатып алдык дегендердики дагы мыйзамдуу болсо, анда ошондой ишке уруксат берген жетекчилер жоопко тартылышы керекпи?

Айбек Жунушалиев: Эгер сот далилдесе, аны жоопко тартыш керек. Бир маселени айтып кетейин, бул жерде көбү мен парк экенин билген эмесмин дейт, кантип билишкен эмес? Мен силер аркылуу дагы жарандарга кайрылып кетем, интернет деген бар да. Жөн эле ачкылачы, ал жерде тээ беш-он жыл мурун берилген жарнактар дагы деле сакталып турат. Ошол жерде үй сатылат деп жүрөт. Эмнеге кымбат, эмне үчүн 300 миң доллар десе, бул деген парктын ичинде болгону үчүн 300 миң доллар деп сатты да, туурабы?

Мыйзамды карашсын, кайсыл жерде парк аймагына үй салганга болот деп жазылып турат? Жок да андай.

Жол тыгыны саясий маселеге айланган жокпу?

Токтогул көчөсү. Тыгын жокко эсе деген учурдагы бир көрүнүш
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Токтогул көчөсү. Тыгын жокко эсе деген учурдагы бир көрүнүш

Би-Би-Си: Сиз борбор калаага экинчи ирет мэр болуп келгенден көп өтпөй өкмөт башчы Акылбек Жапаров сиздин чоң тапшырма менен кызматка барганыңызды, март айына чейин Бишкектеги жол тыгынын чечпесеңиз, кызматтан кетериңизди айтты эле. Азыр июнь айынын жарымынан өттү. Тыгын көйгөйү чечилдиби?

Айбек Жунушалиев: Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тапшырмаларды койду. Тапшырмалар коюлган соң талкууга алынбайт, алар аткарылышы керек. Биз көптөгөн иш-аракетти көрдүк. Биринчи ирет жол тыгынын жоюу максатындагы концепцияны жаздык.

Бишкекте көптөгөн ыкманы дагы колдонуп жатабыз. Вафля, узун, туурасынан кесип өтүүчү тилкелер жана башка. Адистердин айтымына караганда, бул аракетибиз жол тыгынын 25-30% болсо да азайтууга мүмкүнчүлүк түзөт. Токиого барганда ошол эле компаниянын адистерине кайрылып, мага жол тыгынын чечүүгө үч ай берилди, жол тыгынын чечишим керек дедим. Алар Жапония 20-30 жылда дагы эле ошонун үстүндө иштеп жатканын айтышты. "Эгер сен жол тыгынын үч айда эле чечип салсаң, анда биз сени Нобель сыйлыгына өзүбүз эле көрсөтүп коёлу" деп тамашалады.

Акылбек Жапаров негиздемелерин түзүү жөнүндө тапшырма берген. Биз түздүк. Парламенттеги жыйында дагы депутаттар ушул суроону берди. Негиздемелерин түзгүлө деген тапшырма коюлган, түзүп алып келди, биз жактырдык, кийинки үч жыл ичинде бул иштер улантылат деген жооп алышты.

Жаңы ыкманын бири
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңы ыкманын бири

Кенедей жер жетишпей жатканда гектарлаган жер калды

Би-Би-Си: Шаарда бир чарчы жердин баасы асман чапчыйт. Ошол эле учурда Бишкекке кошулуп жаткан Ак-Ордо 3 тарапта гектарлаган тегиз жер көрүстөнгө берилген бойдон турат. Дал ошол жердин эле жанында президент эл менен жолугуп, ал жерди көрүстөн бойдон калтырбагыла деген тапшырманы берген эле. Ал жерди сиз да жакшы билесиз. Президент токтоткула дегенден бери эле канчалаган жаңы жай казылды. Мэрия токтоткончо бош турган жери толуп калбайбы?

Айбек Жунушалиев: Жергиликтүү тургундардын оюна жана талабына жүз пайыз кошулам. Себеп дегенде көрүстөндөн көрүстөн кура бербейбиз да. Бишкек шаарына кошулгандан кийин эки-үч жерди белгилеп туруп ошол жерлерге көрүстөндөрдү коюуга шарт түзүшүбүз керек. Ал жерге дагы биз барганбыз, аким дагы ошонун үстүндө иштеп жатат. Ал жерди консервация кылып туруп, ордуна сейил бак же социалдык объекттерди куруу үстүндө иштешибиз керек. Планыбызда да бар, муну ишке ашырабыз.

Сүрөттөгү тегиз жер (кеминде 20 гектар) көрүстөн үчүн берилип кеткен. Жергиликтүү активисттердин тобу бул маселени көтөрө берип айлабыз кетти деп келет
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттөгү тегиз жер (кеминде 20 гектар) көрүстөн үчүн берилип кеткен. Жергиликтүү активисттердин тобу бул маселени көтөрө берип айлабыз кетти деп келет

Андан сырткары бул жерде дагы бир көйгөй бар, ошол көрүстөн кеңейе берсе, санитардык зонанын чеги бузулат. Анан салынып калган үйлөр да ошого кирип калат. Ошондуктан биз консервация кылып, жабышыбыз керек.

Би-Би-Си: Качан ишке ашат?

Айбек Жунушалиев: Азыр мыйзам биринчи окуудан өттү, экинчи, үчүнчү окуудан өткөндөн кийин эле биздин административдик-аймактык реформа жыйынтыгына чыгат. Ошондо жер Бишкекке өтүп, өзүбүздүн чечимдер менен чектейбиз. Бул деле жакын арада, июнь айында бүтчү иш-чара.

Популизмби же менеджерликпи?

Бир нече жыл мурун 15 мүнөттө жеткен жерге азыр 30-40 мүнөт керектелет
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бир нече жыл мурун 15 мүнөттө жеткен жерге азыр 30-40 мүнөт керектелет

Би-Би-Си: Жакында эле мэриянын кызматкерлерине аптасына эки күн ишке коомдук транспорт менен келсин, жөө бассын же велосипед тепсин деген тапшырма койдуңуз. Велосипед тебели десе веложол маселеси чечилген эмес. Болгону 41 чакырым вело жолу бар. Эптеп тээп келсе да байлап коё турган курулмалар жокко эсе. Мисалы Бишкек Башкы архитектуранын имаратын айланып, бир да велосипед үчүн орун таппай койдук. Ишиңиздер менен сөзүңүздөр дал келип жатабы?

Айбек Жунушалиев: Эмнеге мындай чечим кабыл алдым? Анткени биз жүргүзүп жаткан саясат менен жасап жаткан иштин дал келбестигинен ушундай кадамга бардым. Качан өздөрү кошо велосипед тээп, муктаждык пайда болгондо гана ошолорду талап кылышат деген ойдо велосипедге, коомдук унааларга отургузуп жатабыз. Себеп дегенде жооптуулар өз көзү менен көрсүн.

Мен өзүм резиденциядагы жыйындарга барып калганда автобус менен жүрөм. Коомдук транспортто айдоочулардын эрежени сактабаганын же терс мамилелерин көрүп келем. Аларга сын-пикир, сунуштамаларыбызды жазып, оңдоп келатабыз.

Вело жол бишкектиктердин саламаттыгы үчүн да абдан маанилүү. Бишкек Башкы архитектура бул идеяны сүрөйбүз деген менен имаратында вело токтото турган бир да орун жок
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Вело жол бишкектиктердин саламаттыгы үчүн да абдан маанилүү. Бишкек Башкы архитектура бул идеяны сүрөйбүз деген менен имаратында вело токтото турган бир да орун жок

Эң негизги максатым шаар жетекчилигиндегилер чыныгы абалды бир жумада эки жолу өз көзү менен көрүп, сезип, муктаждыгы жаралышы керек. Качан өзүлөрү тээп келип, велосипед коё турган жер таппай калганда, жол таппай калганда чечкенге шашат. Жөнөкөй жарандар келип айтат, аны адистер бир ай карайт, жетекчиси дагы бир ай карайт. Анан анысын дагы бирөөсүнө берет, ошону менен жок болот. Эгер өзү кошо күндө келсе, бул маселенин актуалдуу экенин жон териси менен сезип, анан коомчулуктун да маселеси чечилет. Биздин ушул иш-аракетти мамлекеттик мекемелерге да сунуштап жатам. Министрлер кабинетинин кароосуна киргизип жатабыз.

Веложол боюнча план. Картада баары жайында, иш жүзүндө болгону 41 км вело жолу бар. Сүрөт 2022-жылы тартылган
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Веложол боюнча план. Картада баары жайында, иш жүзүндө болгону 41 км вело жолу бар. Сүрөт 2022-жылы тартылган

Би-Би-Си: Мэрия ушул жылдын май айында Манас, Айтматов проспектисинде асма жолдун курулушу башталат, шаар үчүн жаңы технология деп маалымат таратты эле.

Айбек Жунушалиев: "Бартолет" компаниясы менен келишим түзгөнбүз. Бул боюнча биргелешкен план менен иштеп жатабыз. Чет өлкөлүк компаниянын өкүлдөрү ТЭОсун даярдап жатат. Биз каражат таап, инвесторлор менен үч тараптуу келишим түзүлгөн. ТЭО кабыл алынган соң кийинки этаптарга өтөбүз. Ал иш бир саамга да токтогон жок. Мүмкүн болсо кийинки жылдын 31-августуна жетишели деген кол алышуубуз болгон. Ошол мөөнөткө үлгүрүү үчүн алар да бир нече талаптарды айтты, ошол боюнча биз да иштеп жатабыз. Жаңы ыкмалар дагы иштелип чыгып жатат. Мисалы "Рок такси". Кайсыл жерге багыттасаң, кабинасы туура ошол жерге жеткире турган ыкмалар киргизилет. Ыңгайлуулугун эске алып, ошону орнотобуз деп жатабыз.

Шаарды аралап өткөн эки дарыяны жаап, үстүнөн жол кылып салсак деген да идеялар айтылып келет. Биз дарыяны дарыя катары колдонуубуз керек деген ойдомун. Себеби Кыргызстан ошол дарыялары менен байлыгын да, көркөмдүгүн да көрсөтө алыш керек.

Монорельс, метро дагы башка ыкмалар айтылып жатат, алар деле шаардын өнүгүшүнө, жол тыгындарынын азаюусуна шарт түзүп берет эле. Бирок кымбат долбоорлор. Монорельс боюнча бир нече инвесторлор менен сүйлөштүм. Бул ишти баштай турган болсок, карыздын чуңкуруна эле түшүп калгыдайбыз. Мисалы монорельс менен Ош базарга чейин миң сом менен барып келчү тургундарыбыз жок да. Аны сөзсүз түрдө субсидия кылышыбыз керек болот. Бюджетибиз бир эле монорельске иштеп калгыдай. Эгер инвестор чыгымын өзүм алам, жумшаган акчаны бир канча жылда кайра топтоп алам десе, биз макулбуз. Мен куруп эле берем, акчаны башка банктан алам, силер төлөйсүңөр десе, ага кантип макул болобуз?

Би-Би-Си: Бишкектеги бир топ конушта мектеп, бала бакчага деп бош калтырылган жерлер сатылып кеткени тууралуу айтылып келет. Анын айынан ата-энелер балдарын күнүгө ар кайсы жерге ташууга аргасыз. Бул тыгынды ого бетер көбөйтөт. Мыйзамсыз сатылып кеткен жерлерди кайтарып алуу мүмкүнбү?

Айбек Жунушалиев: Болобу эмес, биз аны ишке ашырууга милдеттүүбүз. Ошого барышыбыз керек. Биз инвентаризация кылып көптөгөн жерди, мекемелерди мамлекетке кайрып жатабыз. Себеби эгерде шаар курулушу боюнча микроучасток дегенди сактай албасак, жол тыгыны деген маселени кандай кылсак да чече албайбыз. Шаардын бир бурчунан экинчи бурчуна балдарды ташып жүрө берсек, эртең кандай болот?

Ар бир микроучастокко бала бакча, мектеп курулуш керек деген талапты коюп жатабыз. Андан сырткары Билим берүү министрлиги бардык мектептерде билим деңгээли бирдей болот, гимназия, лицей деген болбойт деп реформага умтулуп жатат. Андай кылбасак болбойт.

Бишкектин көчөлөрү биринин артынан бири оңдолуп жатат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектин көчөлөрү биринин артынан бири оңдолуп жатат

Би-Би-Си: Быйыл кышта Бишкектин абасы мурдагыга салыштырмалуу тазараак болду. Бийлик муну алдын алуу аракеттерибиздин жыйынтыгы десе, айрымдар кыштын жылуу болушунан улам деп жатат.

Айбек Жунушалиев: Бишкек шаарындагы от казандарды газга өткөрүп, ышты азайттык. Бирок чыгымы көп болду. Мындан улам мэриянын 200 миллионго чейин карызы бар. Альтернативдүү энергияга өтүү маселеси турат.

Экинчиси транспорт маселеси. Кыска мөөнөт ичинде авто унаанын саны 517 миңден 526 миңге чейин өстү. Мындан сырткары Бишкекке бир күндө кирип-чыккан унаалардын саны 150 миңден 200 миңге чейин жетти. Биз келечекте экологияны, абаны тазалоо максатында ошол унаалардын жүрүшүнө муниципалдык инспекция түздүк. Аларга да чектөө киргизип, эрежелерди бекитебиз.