Индия: кир аба кишилерди эле эмес, техниканы кошо кыйнап жатат

Делиде кадимкидей эле дем алуу кыйындап кетти

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Делиде кадимкидей эле дем алуу кыйындап кетти
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Соңку он күндө Индиянын башкалаасы Делиде абанын булганышы олуттуу деңгээлге жетип, ал тургундарга катуу кедергисин тийгизип жатат. Кир абанын айынан шаарды коюу туман чулгап калды. Аба кирдеген учурдагы туман абалды ого бетер оорлотот, зыяны да күчөйт.

Кир аба дем алуу органдарына, анын ичинде өпкөгө эле эмес, мээге чейин зыянын тийгизээрин илмипоздор мурун эле далилдеген. Ошондуктан бул көптөр ойлогондон да кооптуу маселе. Кир аба азыр Индияда адам саламаттыгына эле эмес, түрдүү бизнестерди да аксатып жатат. Кабарчы Арунодай Мухаржи кир абага чулгаган шаарды аралап, элден кабар алды.

Индиянын бир топ шаарлары кир абанын көрсөткүчү боюнча тизменин башкы сабынан түшпөй келет

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индиянын бир топ шаарлары кир абанын көрсөткүчү боюнча тизменин башкы сабынан түшпөй келет

Бул сүрөттөрдү карап олтурсаң Делинин деми кысылып, думугуп бара жаткандай. Кече жакында эле көз жеткен жерге чейин көрүнчү аралык, азыр саналуу кулачка чейин кыскарган. Мунун башкы себеби кир аба.

Делинин бир убакта кымгуут түшүп, соодасы кайнап турган базарлары дагы азыр мурдагыдай эмес.

Кир аба шаар тургундарына гана эмес, бизнестерге да болушунча кедергисин тийгизүүдө.

Дүйнөлүк банктын былтыркы баяндамасына караганда, аба булганышынын күчөшүнөн Индия жыл сайын чийки дүң продукциясынын 0,5 пайыздан ашуунун жоготууда.

Солгундаган соода-сатык

Кир аба жаш балдардын саламаттыгы үчүн өтө эле коркунучтуу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кир аба жаш балдардын саламаттыгы үчүн өтө эле коркунучтуу

Дүкөн ээлери түтүн алардын кирешесин да бууп жатканын айтышат.

“Былтыркыга салыштырмалуу соода 35-40 пайызга чейин азайды. Артымда киши жайнап тургандай көрүнгөнү менен, ал адатта келчү элдин он пайызын гана түзүп калды”,- деп кейиди дүкөн ээси Ашок Рандава.

Маселени жайгаруу максатында Делинин калаа бийлиги бир катар чараларды кабыл алды.

Ага ылайык, курулуш иштерине, көмүр жагууга убактылуу тыюу салынып, абаны булгаган унаалардын кыймылына чектөө киргизилди.

Бул аргасыздан кабыл алынган чаралар десе да болот. Ал кардарлардын коротууларын жана сооданы гана азайтым тим болгон жок. Күнүмдүк маянага иштегендерге жана бизнес жүргүзүүдө жооптуу болгон товар ташуучуларга да абал олуттуу таасирин тийгизип жатат.

Кир аба жүк ташуунун чынжырын үздү

Кир абанын курамында абдан зыяндуу майда бөлүкчөлөр бар, алар көзгө көрүнбөйт жана ошонусу менен кооптуу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кир абанын курамында абдан зыяндуу майда бөлүкчөлөр бар, алар көзгө көрүнбөйт жана ошонусу менен кооптуу

Индияда товар жеткирүү тармагынын таянычы эсептелген жүк ташуучу унаалар Делиге киргизилбей жатат.

Тармактагы эсептөөлөрүнө караганда, дизель унааларына чектөө киргизүү үч миллиондон ашуун чакан жана орто бизнестердин ишин үзгүлтүккө учуратты.

Өзгөчө күнүмдүк маянага иштеген жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына кыйын болууда.

“Мага өтө кыйын болууда. Анткени каттамга жараша күнүмдүк акымы төлөшөт. Күнүгө бул жерде туруп, эч нерсе таппай жатам”,- деп кейиди трак айдоочусу Амжан Хан.

Кирешенин кыскарышы муктаждыктарды камсыздоого эле эмес, милдеттенмелерди так аткарууга дагы чоң тоскоол болуп жаткандай. Мисалы насыя төлөө маселеси.

“Камаз сатып алуу үчүн көпчүлүгүбүз кредит алганбыз. Азыр аны убагында төлөй албай жатабыз. Эгер бул жыл сайын улана берсе, иштей албай калабыз”,- деди Анил Кумар.

Кир аба техникадан бери "жүдөттү"

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, абанын кирдеши адамдарга гана эмес, техникалык каражаттарга да өз кедергисин тийгизүүдө.

“Компаниялар, абанын булганышы жогору болгон шаарларда техникалары көбүрөөк бузулуп жатканын айтышууда. Жадакалса күн панелдери дагы. Делиде көптөгөн күн панели орнотулган. Адатта алар мындай шартта эфективдүүлүгүн 10-20 пайызга чейин жоготот”,- дейт комапаниялардын биринин глобалдык менеджери Гаурав Гупта.

Абанын кирдеши бизнестерден тартып технология жана күнүмдүк жумуштарга чейин өз кедергисин тийгизип жатат.

Маселеге чара көрүүнүн ордуна анын алдын албаса, Индияда бизнестердин чыгашасы өсө берчүдөй.

Көйгөй канчалык курч?

Кир аба жүрөк, кан тамыр ооруларына себептердин бири болуп калды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кир аба жүрөк, кан тамыр ооруларына себептердин бири болуп калды

БУУнун айлана чөйрө боюнча программасы (UNЕP) абанын булганышын бүт дүйнө үчүн коомдук саламаттыкка эбегейсиз экологиялык коркунуч деп атап,, андан жылына бүт дүйнөдө жети миллионго чейин адам ажалынан мурда өлүп жатканын эсептеп чыккан.

Кеп адамдардын өлүмүндө эле эмес.

Абаны эмне булгайт?

Жаш балдарды тамаекинин зыяндуу түтүнүнөн коргоп калуу оор маселе, кир абадан коргоо андан да чоң көйгөй

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаш балдарды тамаекинин зыяндуу түтүнүнөн коргоп калуу оор маселе, кир абадан коргоо андан да чоң көйгөй

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, абанын булганышы катуу бөлүкчөлөрдүн, суюк тамчылардын жана газдардын аралашмасы түрүндө болууда.

Ал катуу бөлүкчөлөр (КБ) менен өлчөнөт, анын диаметри 2,5 микрометр же андан аз (КБ 2,5) болгондо адамдын ден соолугуна аябай зыян. Кымындай бөлүкчөлөр аба менен организмге кирип, жүрөктө, мээде жана башка органдарга топтолуп, канга өтүшү мүмкүн.

Адамдын чачынын ортоңку размери 70 микрометр, ошондуктан зыяндуу бөлүкчөлөр адамдын чачынын өлчөмүнүн отуздан бир бөлүгүн түзөт: анда көөдөн баштап чаң-чуң жана сульфаттарга чейин ар балакеттин баары болушу мүмкүн.