Көчөдөгү көрүнбөгөн жан алгыч
Онур Эрем
Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Биздин көчөлөрдө билинбеген жан алгыч жүрөт. Аны кол менен кармай албайсың, андан жашынып калганга коопсуз жер да жок.
Жыл сайын андан төрт миллион адам өлөт, бул көйгөй дүйнө калкынын 99% тийиштүү. Булганыч аба коомдук саламаттык сактоодо абдан олуттуу кризис болуп саналат.
Абаны булгаган майда бөлүкчөлөр абдан чоң аралыкты кучагына алып, булгануунун биринчи очогунан алыскы региондорго чейин жетет.
Анын кесепеттерин азайтуу боюнча жекече көрүлгөн чаралар жеткиликтүү болбойт, көйгөйдү реалдуу чечиш үчүн өкмөт менен ири бизнестин аракети зарыл.
2020-жылы БУУ Башкы Ассамблеясы 7-сентябрды Таза абанын эл аралык күнү деп жарыялап, бул көйгөйгө каршы иш-аракеттердин башына өзү турган.
Биз проблеманын масштабын жана эксперттердин сөзүнө таянып эмне кылуу керектигин карап көрөлү.
Көйгөй канчалык курч?
БУУнун айлана чөйрө боюнча программасы (UNЕP) абанын булганышын бүт дүйнө үчүн коомдук саламаттыкка эбегейсиз экологиялык коркунуч деп атап,, андан жылына бүт дүйнөдө жети миллионго чейин адам ажалынан мурда өлүп жатканын эсептеп чыккан.
Кеп адамдардын өлүмүндө эле эмес.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Өкмөт кандай кыйынчылыктарга туш болууда?
«Абаны булгаган булактар көп спектрде болуп жатат, анда табигый жана антропогендүү (адам себеп болгон) себептер бар, ошол себептен чечүү кыйыныраак»,-дейт UNЕP'тин климат жана таза аба коалициясы катчылыгынын башчысы Мартина Отто.
"Көп өлкөлөрдө абанын сапатына мониторинг жасаган инфраструктура жок, аны орнотуу жана кармоо кымбатка түшөт".
Анын пикиринде, таза абаны инвестиция сала турган актив кылыш үчүн мамилени олуттуу түрдө өзгөртүү керек.
"Андан сырткары, ченемдик актылардын эффективдүүлүгү ар кандай болушу мүмкүн, кээ бир региондордо жетиштүү мыйзамдар жана анын аткарылышын камсыз кылган механизмдер жок".
Саясий эрк жана каржылоонун жоктугу дагы эң чоң тоскоолдуктардан болуп саналат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Абаны эмне булгайт?
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, абанын булганышы катуу бөлүкчөлөрдүн, суюк тамчылардын жана газдардын аралашмасы түрүндө болууда.
Ал катуу бөлүкчөлөр (КБ) менен өлчөнөт, анын диаметри 2,5 микрометр же андан аз (КБ 2,5) болгондо адамдын ден соолугуна аябай зыян. Кымындай бөлүкчөлөр аба менен организмге кирип, жүрөктө, мээде жана башка органдарга топтолуп, канга өтүшү мүмкүн.
Адамдын чачынын ортоңку размери 70 микрометр, ошондуктан зыяндуу бөлүкчөлөр адамдын чачынын өлчөмүнүн отуздан бир бөлүгүн түзөт: анда көөдөн баштап чаң-чуң жана сульфаттарга чейин ар балакеттин баары болушу мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Унаа менен от жагуунун зыяны
Көмүр жагуу менен электр өндүрүү, транспорт (дөңгөлөктөрдүн жана тормоздордун жешилгени да кирет) жана турак үйлөрдүн булганышы (негизинен тамак жасагандан жана от жаккандан) зыяндуу майда бөлүкчөлөрдүн негизги булактары.
Чөлгө жакын аймактарда шамал учурган чаң дагы абаны булгаган негизги булак болушу мүмкүн.
Африка, Батыш Азия жана Европа кумдун чаңын абаны булгаган негизги булак деп санайт, Түндүк Америкада болсо транспорт, Латын Америкасында жана Кариб бассейнинде абаны булгаган негизинен өнөр жайы. Ал эми турак үйлөрдүн чыгарган зыяндуу заттары Азия-Тынч океан регионунда абаны булгаган негизги фактор.
Ден-соолукка зыяны кандай?

Майда бөлүкчөлөр биздин организмде органдарыбыздын иштешине зыяндуу таасир тийгизет.
2019-жылдын маалыматтарына караганда, абанын булганышы көп жайылган алты оору менен жабыркагандарда өлүмгө алып келген, - мисалы, инсульттан өлгөндөрдүн 17% , БУУнун баасы боюнча, абанын майда бөлүкчөлөр менен булганышы менен байланыштуу болгон.
КБ2.5 кыска мөөнөттө жана узак мөөнөттөгү таасиринин адамдын ден соолугундагы проблемалардын өрчүшүндөгү ролу ар кандай болот.
Кыска мөөнөттөгү таасири адамдын ошол учурдагы абалын начарлатат, ал эми узак мөөнөттөгүсү ооруну пайда кылып, аны күчөтөт.

Кандайдыр бир жылыштар барбы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
ЮНЕПтеги Мартина Оттонун айтымында, Европа, АКШ, Канада жана Жапония зыяндуу заттарды абага бүркүлүшүн чектеген эффективдүү чараларды көрүүгө жетишти.
Мисалы, Лондондун борборунда унаага чектөө киргенден кийин абаны булгаган зыяндуу бөлүкчөлөр 50 пайызга чейин кыскарды.
Лондондо катуу бөлүкчөлөр менен абанын булганышы узак мөөнөттүү перспективада 1900-жылдан бери 97% азайды.
Мехико менен Пекин — өкмөттүн аракети менен абанын булганышы кыйла азайган эки шаардын мисалы.
«Социалдык-экономикалык өнүгүү жана активдүү улуттук саясат бар жерде жылыштар болбой койбойт»,-дейт Отто.
«Мисалы, Түштүк Азия, Түштүк-Чыгыш жана Чыгыш Азия (Кытайды кошо алганда), Океания, Борбордук жана Чыгыш Европа, Борбор Азия соңку жыйырма жылда КБ 2.5 таасирин азайта алышты».
2020-жылы Финляндия калкынын санына карата алганда КБ 2.5 5 мкг/м3. төмөн болгон бирден бир өлкө болуп калды.
«Бул проблема толук чечилбесе дагы максаттуу аракеттер олуттуу жылыштарга алып келерин көрсөтүүдө»,-дейт ал.
Экинчи жагынан кирешеси аз жана орто өлкөлөрдө КБ 2.5 таасиринин деңгээли бай өлкөлөргө караганда жогору – бул айырмачылык ондогон жылдардан бери өзгөрбөй келатат.
«КБ 2.5 таасири эң жогору болгон он өлкөнүн сегизи Африкада, калган экөө Жакынкы Чыгышта»,-дейт.
«Бул өлкөлөрдө абанын сапаты жакшы көзөмөлдөнбөйт, укуктук-ченемдик базасы чабал жана жетиштүү каражат бөлүнбөйт, ошондуктан булганыч абадан кыйналууда».
Ошондой эле үйлөрдө көмүр же биомассаларды жагууга көз карандылык, эскирген автопарк жана коомдук транспорттун жетишпегендиги, таштандынын кайра иштетилбей, ачык жерде өрттөлүп жатканы көйгөйдү ого бетер курчутууда.












