Орусиянын спутникке каршы ракетасы, коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши, Кыргызстанда көбөйгөн жакырлар
16-ноябрга карата Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү окуяларга назар салыңыз.
Кыргыз жарандарынын туура тамактануусуна олуттуу коркунуч

Сүрөттүн булагы, WFP
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети бирге жүргүзгөн жаңы изилдөөгө ылайык, COVID-19 пандемиясы Кыргызстандагы аялуу тургундардын, өзгөчө шаар аймактарында жашагандардын азык-түлүк коопсуздугу жана туура тамактануусуна олуттуу коркунуч жаратууда.
Статистикалык салыштыруулар калктын киреше булактары төмөндөгөнү азык-түлүккө болгон суроо-талапты гана азайтпастан, тургундар көп түрдүү тамак-аш сатып албай калганын, башкача айтканда үй-бүлөлөр жашылча-жемиш сыяктуу витаминге бай азыктарды эмес, нан жана кумшекер сыяктуу калориялуу азыктарга басым жасап калышканын көрсөтөт.
Пандемиядан чыккан терең экономикалык кризис Кыргызстандагы жаңыдан жакырчылыкка баткан жана жумушсуз калган кишилердин санын көбөйттү.
Азык-түлүк сатып алуу үчүн карызга акча алуу стратегиясынан тышкары, мүлк сатуу, азык-түлүк эмес чыгымдарды кыскартуу жана гуманитардык жардам суроо сыяктуу “кризистик” жана “чукул кырдаал” учурунда колдонулган стратегияга басым жасаган үй-бүлөлөрдүн саны өстү. Так айтканда, 2020-жылды 2021-жылга салыштырганда, мындай стратегияны кабыл алган үй-бүлөлөрдүн саны 12 пайыздан 36 пайызга жогорулады.
“Маанилүү анализ калктын азык-түлүк коопсуздук менен туура тамактануусуна пандемия кандай терс таасир эткенин так көрсөтөт. Ошондой эле, баяндамада азык-түлүк коопсуздугу аксаган учур менен туура эмес тамактуу жакырчылыкка тыгыз байланышта экенин аңдайсыз, -дейт Кыргыз Республикасындагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Директорунун убактылуу милдетин аткаруучусу Майкл Хаггинс. – Аялуу тургундарга жана жалпы өлкөгө COVID-19 пандемиясынан чыккан социалдык-экономикалык кесепеттерден толук арылуу үчүн олуттуу чаралар көрүлүп, өкмөттүн социалдык коргоого болгон иш-аракеттерин күчөтүү керек”. (КС)
Орусиянын спутникке каршы ракетасы айыпталууда

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШ Орусияны “кооптуу жана жоопкерчиликсиз” ракеталык сыноо өткөргөнү үчүн айыптап чыкты. Ал сыноо “Эл аралык космостук станциядагы” (ЭКС) экипажды коркунучка кептегени айтылат.
Сыноонун натыйжасында Орусиянын өзүнүн спутниктеринин бири жарылып кеткен. Ал эми пайда болгон сыныктардан улам ЭКСтин экипажы капсулаларга кирип сактанууга мажбур болгон.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Учурда станцияда жети экипаж мүчөсү бар. Алар: төрт америкалык, бир германиялык жана эки орусиялык.
Космостук станция болжолдуу 420 км бийиктикте айланып турат.
“Сыноо 1,5 миңдей көзгө көрүнгөн орбиталык сыныкты жана башка 100 миңдеген майда орбиталык таштандыны пайда кылган. Азыр ал бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыгына коркунуч туудурууда”, - деди АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс басма сөз жыйынында.
НАСАнын администратору Билл Нелсон окуяга ачуусу келгенин айтты.
“Адамды космоско учуруу боюнча өзүнүн терең жана уламышка айланган тарыхына ээ Орусия ЭКСтеги америкалык жана эл аралык өнөктөш астронавттарды гана эмес, өзүнүн дагы космонавттарын дагы коркунучка кептегенин түшүнүү кыйын. Ошондой эле, Кытайдын космостук станциясындагы кытайлык “тайконавттарга” дагы коркунуч жаралган”, - деди Нелсон өзүнүн билдирүүсүндө.
Орусиянын “Роскосмос” космостук агенттиги окуяга көп маани берген жок.
“Бүгүн экипажды космостук кемеге кадимки процедура менен кирүүгө мажбурлаган объекттин орбитасы ЭКСтин орбитасынан алыстап кеткен. Станция жашыл зонада”, - деп жазды агенттик Twitter барагында.
Көзөмөлдөөгө болбогон материал эч кандай кырсыкка жол ачкан жок, бирок анын келип чыгышы азыр кызуу талкууда.
Ал Орусиянын талкаланган “Космос-1408” спутнигинин сыныктарына окшоп жатат. 1982-жылы учурулган тыңчы спутниктин салмагы бир тоннадан ашык болгон жана иштен чыкканына көп жыл өткөн.
Космостогу сыныктарга көз салган LeoLabs компаниясынан айтышкандай, алардын Жаңы Зеландиядагы радарлары көптөн бери иштебей турган космостук кеме турган жерден бир нече объекттерди тартып алган. (EA)
Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму өтөт

Сүрөттүн булагы, president.kg
Бүгүн, 16-ноябрда, Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө башчысына караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму өтөт. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чарага Кеңештин мүчөлөрү, өнүктүрүү боюнча өнөктөш мүчөлөр, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдардагы ыйгарым өкүлдөр жана башкалар катышат.
Маалыматта өлкөнүн коррупцияга каршы мамлекеттик саясатынын негизги багыттары, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы мыйзамдарды ишке ашыруунун актуалдуу маселелери, бизнес-ассоциациянын коррупция менен күрөштө ролу жана башкалар талкууланары айтылат.
Жыйын КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларында чагылдырылат. Эске салсак, Кеңештин мүчөлөрүнө мамлекеттик органдардын, бизнес ассоциациясынын, жарандык сектордун, илимий жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү кирет. (MD)
Өзбекстан Казакстан биргелешкен аскердик машыгуу өткөрөт

Сүрөттүн булагы, Official
Машыгуулар 17-24-ноябрда Казакстандын “Термез” полигонунда өтөрүн кошуна өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.
Бул аскердик машыгууларга казак тараптан 100дөн ашык жоокер тартылып, Су-30СМ согушкер жана С-295 аскердик-транспорттук учактары да тартылат. Ошондой эле дрондор да сыналат.
Өзбекстандан тараптап машыгууга канча адам келери такталган жок. Полигондо эки өлкө аскерлери ыкчам-издөө операцияларын ишке ашырат, ошондой эле душмандын мизин кайтаруу, согуш талаасында жарадар болгон жарандарды жана жарактан чыккан техниканы эвакуациялоо боюнча тапшырмалар аткарышат.
Буга чейин “Калкан-2021” деп аталган өзбек-казак аскердик машыгуусу Жамбул облусундагы “Матибулак” полигонунда өткөн.
Афганистанда быйыл Талибан бийликке келгени Борбор Азиядагы бардык мамлекеттер ар бир айда аскердик машыгуулар өткөрүп, алардын көбүнө Россиядан келген жоокерлер да катышууда. (EK)








