Оппенгеймер жана Эйнштейн: эки улуу физиктин чыныгы мамилеси кандай болгон?

Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Getty Images

“Өз ачылыштарыңдын кесепеттери менен күрөшүүгө сенин да кезегиң келди”

Бул сөздөр менен Нобель сыйлыгынын лауреаты Альберт Эйнштейн өзүнүн кесиптеши Роберт Оппенгеймерге ушул эле аталыштагы тасманын эң аягында (“Оппенгеймер”) кайрылат. Анда Оппенгеймер Манхэттен долбоорунун башчысы катары кантип атомдук бомбаны жасаганы баяндалат.

Тасмада Эйнштейндин өлөрүнө аз калгандагы кези, эки улуу физик тең 1947-жылдан 1966-жылга чейин Оппенгеймер жетектеген Принстон институтунда иштеген мезгили көрсөтүлөт.

Экөө тең өз доорунун эң акылдуу адамдары болушкан, бирок, көз караштары жагынан бир топ айырмаланышкан. Ал айырма бир гана илимде болгон эмес. Экөө тең өз иштеринин натыйжасы, пайдасы же зыяны тууралуу таптакыр башка көз карашта болушкан.

“Биз жакын кеспитештер элек, атүгүл кайсыл бир деңгелде дос дагы болчубуз.” - деп эскерет Оппенгеймер, 1965-жылы Парижде Эйнштейндин көзү өткөнүнүн 10 жылдыгына карата уюштурулган конференцияда.

Ал эми Кристофер Ноландын тасмасындагы каармандардын диалогдору голливуддук сценаристтердин фантазиясынан жаралса да, эки физиктин ортосундагы мамиленин маңызын эң сонун чагылдырат: Оппенгеймер өз ишинин натыйжасына айран-таң калып, Эйнштейнден аталык кеңеш сурайт.

Чындыгында, көз караштарынын олуттуу айырмачылыктарына карабастан, алар бири-бирине терең урмат-сый менен мамиле кылышкан.

Эйнштейндин ролунда Том Конти, Оппенгеймердин ролунда Силлиан Мерфи

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эйнштейндин ролунда Том Конти, Оппенгеймердин ролунда Силлиан Мерфи

Эки башка жашоо

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

1922-жылы, 18 жаштагы Оппенгеймер Гарвардда окуусун жаңыдан баштаганда, Эйнштейн Нобель сыйлыгынын лауреаты болуп, дүйнөдөгү эң алдыңкы физиктердин бири катары эсептелген. Немис окумуштуусунун Салыштырмалуулуктун жалпы теориясы (1915) жана башка эмгектери америкалык студентке абдан чоң таасирин тийгизген. Германияда жөөттөргө карата куугунтуктар күчөп баратканына байланыштуу Эйнштейн Европадан кетүүнү чечип, 1932-жылы Нью-Жерси штатындагы Принстон шаарына отурукташып, ишин уланткан. 1939-жылы августта ал кесиптеши Лео Сзиларддын президент Рузвельтке жазган катына кол койгон. Анда алар немец физиктеринин уранды бөлүү жаатындагы акыркы ачылыштарынын натыйжасында Германияда атомдук бомба жасалышы мүмкүн экенин Ак үйгө эскертишкен. Дал ушул кат 1942-жылы АКШ өкмөтү Оппенгеймерге ишенип тапшырган өтө жашыруун Манхэттен долбоорунун пайдубалын түптөгөн. Оппенгеймер ал убакта дүйнөдөгү алдыңкы физик- теоретиктердин бири болуп калган эле.

Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Getty Images

Рузвельтке жолдонуп, Эйнштейн кол койгон ошол кат

Бир нече булактардын айтымында, 64 жаштагы Эйнштейнди теги германиялык болгондуктан жана солчул көз караштарынан улам Манхэттен долбооруна катыштырышкан эмес.

Бирок буга долбоордун жетекчиси менен теориялык физика боюнча көз караштарындагы айырмачылыктар да өз таасирин тийгизди.

“Америкалык Прометей: Ж. Роберт Оппенгеймердин триумфы жана трагедиясы” аттуу биографиялык китебинде (Ноландын тасмасы ага негизделген) америкалык физик Эйнштейнди “иштей турган окумуштуу эмес, физиканын тирүү ыйык колдоочусу” деп эсептеген.

Нолан өзү New York Times гезитине берген интервьюсунда айткандай, ал өз тасмасында каармандардын бири-бири менен болгон кыйла татаал мамилелерин чагылдырууга аракет кылган: “Алар мага пенсияга кеткен устаттын, анын баштаган ишин бүтүрүүгө киришкен шакирти менен болгон мамилесин эске салды”, - деди ал.

Оппенгеймер атом бомбасын түзүүчү топту жетектеген

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Оппенгеймер атом бомбасын түзүүчү топту жетектеген

Эйнштейн атом бомбасын жасоого катышканбы?

Тасмада Манхэттен долбоорунда иштеген Оппенгеймер өзү жасап жаткан атомдук бомбанын жарылуусу планетаны толугу менен жок кылышы ыктымал деп коркуп, Эйнштейнге кеңеш сурап барганы көрсөтүлгөн жери бар.

Дал ушул жолугушуу режиссёрдун фантазиясынан жаралган: чындыгында тасмада көрсөтүлгөндөй болгон эмес.

"Оппенгеймер бул маселе боюнча Эйнштейн менен эмес, Чикаго университетинин Манхэттен бөлүмүн жетектеген Артур Комптон менен кеңешкен," - деди Нолан журналисттерге.

"Эйнштейн - көрүүчүлөргө белгилүү адам эмеспи" деп кошумчалады ал.

Альберт Энштейн. 1950-жылы тартылган сүрөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Альберт Энштейн. 1950-жылы тартылган сүрөт

Кызык жагдайлар...

1943-1945-жылдар аралыгында Оппенгеймер Принстондон миңдеген чакырым алыстыкта жайгашкан Нью-Мексикодогу Лос-Аламос лабораториясында иштеген. Ошол жылдары ал Эйнштейн менен жолукканбы же башка жолдор менен кеңешкенби белгисиз.

Бирок, 1965-жылы ошол эле Париж конференциясында Оппенгеймер Эйнштейн массалык кыргын салуучу куралды жасоого кандайдыр бир жол менен катышкан деген ырасталбаган маалыматтарды четке каккан.

"Менин оюмча, ал атомдук бомбаны жасоонун үстүндө иштеген деген сөздөр чындыкка дал келбейт", - деген америкалык физик.

Анын айтымында, президент Рузвельтти Германияда атомдук бомбаны жасоо мүмкүн экенине көңүл бурууга чакырган 1939-жылдагы жогоруда аталган кат “америка бийлигинин чечимдерине иш жүзүндө эч кандай таасир тийгизген эмес”.

“Тигине, келесоо келе жатат.”

Фильмде Нолан Оппенгеймер анын атом бомбасын ойлоп табууга кошкон салымы кыргын салган кесепетке алып келгенин өтө оор кабыл алган

Сүрөттүн булагы, Universal Pictures

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Фильмде Оппенгеймер анын атом бомбасын ойлоп табууга кошкон салымы кыргын салган кесепетке алып келгенин өтө оор кабыл алган

Биринчи атомдук бомба ийгиликтүү сыноодон өткөндөн кийин Оппенгеймер моралдык дилеммага туш болду: 1945-жылдын августунда Хиросима менен Нагасакинин бомбаланышы анын ишин душманга карата теориялык коркунучтан жүз миңдеген адамдардын өмүрүн алган чыныгы массалык кыргын салуучу куралга айлантты.

Көптөгөн окумуштуулар, анын ичинде Эйнштейн, Сзилард Япониянын шаарларын атомдук бомбалоону кескин айыпташты. Алардын ою боюнча, андай кылуунун кажети жок болчу, анткени Япония иш жүзүндө жеңилип бараткан.

Ноландын тасмасы Оппенгеймер Вашингтондогу өкмөттү өзү иштеп чыккан технологияны колдонууга чектөө коюуга көндүрүүгө аракет кылганы тууралуу баяндайт.

Бирок саясатчылар ага каршы чыгып, америкалык физиктин коммунисттер менен болгон мурдагы байланышын эске салып, аны улуттук коопсуздукка коркунуч жаратууга аракет кылып жатат деп айыпташкан. Ошол себептен ал өкмөттүн атайын комиссиясынын алдында да өзүн актоого аргасыз болгон.

Өз-ара пикир келишпестиктерге карабастан, эки физик тең бири-бирин терең урматттап, ал тургай суктанчу дагы.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өз-ара пикир келишпестиктерге карабастан, эки физик тең бири-бирин терең урматттап, ал тургай суктанчу дагы.

Берд менен Шервиндин китебинде Эйнштейн Оппенгеймерге “сен бул сыяктуу болбогон куугунтукка кабылбашың керек болчу, анткени өз өлкөңө жакшы кызмат кылдың” деп айтканы баяндалат. Бул сүйлөшүүгө Америкалык физик Верна Хобсондун катчысы кокусунан күбө болуп калган.

"Эгерде бул Америка Кошмо Штаттарынын сизге сунуш кылган сыйлыгы болсо, анда сиз андан баш тартышыңыз керек" деди Эйнштейн.

Бирок, Хобсондун айтымында, Оппенгеймер “Американы сүйчү” жана бул сүйүү “анын илимге болгон сүйүүсүнөн кем эмес болгон”.

“Эйнштейн [аны] түшүнбөйт", - деп, Оппенгеймер жардамчысына айткан.

Нобель сыйлыгынын лауреаты Оппенгеймер Вашингтондон көп нерсени күтпөшү керек эле. Берд менен Шервиндин китебинде айтылгандай, бул сүйлөшүүдөн кийин Эйнштейн Оппенгеймерди көрсөтүп, катчысына: "Тигине нарр (немец тилинде келесоо) келе жатат," деп айткан.

Оппенгеймер Принстондун директору болуп турганда өзүнүн сүйүктүү классикалык музыкасынын концерттерин уга алсын деп, Эйнштейндин үйүнүн үстүнө антенна орноттуруп берген.

Өз-ара пикир келишпестиктерге карабастан, эки физик тең бири-бирин терең урматттап, ал тургай суктанчу дагы.

Белгилүү болгондой, Эйнштейн Оппенгеймерди “ар тараптуу билимдүү, адаттан тыш жөндөмдүү адам” деп эсептеп, ага “физикасы үчүн эмес, адамдык сапаттары үчүн” суктанаарын айткан.

Өз кезегинде Оппенгеймер Эйнштейдин көз жумганынын 10 жылдыгын жана жалпы салыштырмалуулук теориясынын жарык көргөнүнүн 50 жылдыгын белгилөөгө катышып, анын илимге кошкон салымын өзгөчө баалаган.

Оппенгеймер Парижде: “Эйнштейндин алгачкы илимий иштери укмуштуудай кооз, бирок каталарга толо болчу”, - деп, алардын биргелешкен иштерин элге түшүнүктүү кылып жасап чыгуу үчүн ага 10 жыл керек болгонун белгиледи .

Бирок, америкалык физик дароо: “Катасын оңдоого 10 жыл керек болгон адам — улуу адам” – деп кошумчалаган.