Эйнштейндин «бакыт рецепти» 1,56 млн долларга сатылды

Сүрөттүн булагы, AFP
Альберт Эйнштейндин «бактылуу жашоонун рецепти» тууралуу жазган каты Иерусалимдеги аукциондо 1,56 млн долларга сатылды.
Бул катты Эйнштейн 1922-жылы Токиодогу мейманканадагы кызматкерге чайпулдун ордуна калтырып кеткен. Мейманкана кызматкерине бул кат акчага караганда баалуу болот деп айткан экен. Ал учурда окумуштуу физка боюнча Нобель сыйлыгына ээ болгонун эми гана уккан болот.
Эйнштейн ал катында пенденин көп жылдар умтулуп келген максатына жеткени бактылуулуктун кепилдиги боло албай турганын жазган.
Салыштырмалуулук теориясынын автору Нобель сыйлыгы ыйгарылган учурда Японияда лекция окуп жүргөн. Бул кабар жазылган катты алып келген курьерге окумуштуу берейин десе чөнөгүндө акчасы жок болуп калган.
Чайпулдун ордуна Imperial Hotel Tokyo мейманканасынын логотиби түшүрүлгөн блокноттун бир барагын берген. Анда атактуу физиктин колу менен немис тилинде жазылган: «Ийгиликтин артынан кубалап жана аны коштогон ар дайымкы тынчсызданууга караганда, бейпил жана жупуну жашоо көбүрөөк бакыт алып келет» деген сөз болгон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эйнштейн тарабынан жазылган экинчи катта: «Кайсыл жерде эрк болсо, ошол жерден жол дагы табылат» деп жазган. Бул кат болсо 240 миң долларга сатылган.
Аукцион өткөргөн «Виннерс» үйүнүн өкүлү бул эки лот күтүлгөндөн да көп акчага сатылганын айтты. Анын айтымында, каттарды ысымын жашыруун калтыргысы келген европалык өлкөлөрдүн биринин жараны сатып алган.
Ал эми каттарды сатыкка Альберт Эйнштейндин колунан алган курьердин жакын тууганы койгон.
Альберт Эйнштейндин айтылуу кеңештери:
- Көйгөйгө алып келген санааны өзгөрткөндө, маселе өзүнөн-өзү чечилет.
- Интеллекттин чыныгы белгиси - билим эмес, ой-чабыттын кеңдиги.
- Биз табият тартуулган көрүнүштүн миңинен бир пайызын дагы биле элекпиз.
- Сулуу кыздын жанында жүргөндө ар бир саат көз ирмем сыяктуу туюлат. Кызыл мештин үстүндө отурсаңыз, ар бир секунд бир сааттай. Салыштырмалуулук деген ушул
(Булак: The Yale Book of Quotations/BrainyQuote) . (АbA)










