"Себи жок деп мени далай жигит чанып кетти". Индиялык кыздын арманы

Сүрөттүн булагы, Gunjan
Турмушка чыккан кызга сеп берүү Индияда 1961-жылдан бери расмий жоюлган, бирок кыздын ата-энеси күйөө баланын үй-бүлөсүнө акча, кийим жана зер буюмдарын тартуу кылган салт дагы эле кыйноого салып жашап келатат.
Бхопала шаарындагы 27 жаштагы мугалим полицияга арыз жазып, үйлөнүү тойлорун барып текшерип чара көрүп, мындай эскинин зыяндуу калдыгын токтотууга чакырды.
Гунжан Тивари (аты өзгөртүлдү) Би-Би-Сиге анын өзүн себи жок деп толтура жигиттер чанып кеткенин айтты.
Эң соңку инцидент февраль айында болду, анын атасы күйөө бала болууга ылайыктуу бир жигитти ата-энеси менен үйгө чакырды.
Куда болуу ниетиндеги ата-энелер сыйлашып жаткан убакта Гунжан меймандар отурган үйгө чай алып кирди.
Ал бул учурда ичинен аябай туталанып турду.
«Баары сени карашат, баары сени сынашат»,-деп айтты ал мага үйүнөн телефон менен сүйлөшкөндө.
Албетте, Гунжан коноктордун алдына кантип чыгары алдын ала кылдат пландалган иш болчу. Энеси ага аябай жарашат деп жашыл көйнөк тандап алып берди. Ошондой эле Гунжанды коноктор менен сүйлөшкөндө күлбөгүн деп катуу эскертти, анткени анын ийри-муйру тиштери куда боло турган адамдарды иренжитип алышы мүмкүн эле.
Бул эреже, ырым-жырымга Гунжан көнүп бүттү, аны алты жолу аткарышка туура келди. Коноктор ага берген суроолор да окшош эле - окуганбы, иштейби жана тамак даярдай алабы деп сурашчу.
Коноктордун бөлмөсүнө кирер алдында ал өзүнүн ата-энеси болочок күйөө баланын атасынан канча сеп күтүп жатканын сураганын угуп калды. “Биз беш-алты миллион рупий (61000-73000 АКШ доллары) деп уктук”. Менин атам кайра сураганда ал “эгер сиздин кызыңыз сулуу болсо, анда азайтабыз”, - деди.
Бирок андан кийин болгон сөз септин суммасы азайбай турганын көрсөттү - конкотор анын ийри тиштери жана чекесинде калы бар экен деп сындашты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Чайдан кийин Гунжанга болочок күйөөсү боло турган жигит менен сүйлөшкөнгө бир аз убакыт беришти. Ошондо ал септин айынан турмушка чыкпай келатканын айтты.
Ал дагы бул социалдык зыяндуу эски адат дегенге макул болду. Ошол себептүү Гунжан бул жигит башкача көз карашта экен деп ойлоп калды.
Бирок андан кийин бат эле Гунжанды келген үй-бүлө чанып коюшканы белгилүү болду.
«Апам буга менин сеп жөнүндөгү оюм себеп болду деп жемеледи. Анын аябай ачуусу келип, эки аптадан ашык сүйлөшпөй койду»,-дейт ал.
Гунжандын айтымында алты жылдан бери анын атасы «100-150 бойдок жигиттердин үй-бүлөсүн карап, анын ичинен жыйырмадан ашыгы менен таанышып да көрдү. Гунжан алты жолу алардын алдына чыкты. Так ушул сеп маселесинде тил табыша албай, алардын баары куда болуудан баш тартты.
«Мен эми такыр ишенбей калдым»,-дейт математика магистри даражасы бар жана онлайн курстарга окуп жаткан Гунжан.
«Рационалдуу караганда, себеп менде эмес, сеп алгысы келген башкаларда экенин билем. Бирок ата-энемдин мойнунда ашка жүк-башка жүк болуп отура бергеним да туура эмес».
Жаңы изилдөөлөргө караганда, сеп берүү жана алууга алтымыш жылдан бери мыйзам тыюу салганына карабастан, индиялыктардын 90% бул салт менен жашап келатат. 1950-1999-жылдардын ортосундагы сеп төлөмдөрүн жалпы алганда суммасы чейрек триллион долларды түзөт.
Айласы кеткен ата-энелер кызынын бактысын ойлоп олчойгон кредит алып карызга батат же жерин, үй-жайын сатууга аргасыз. Бирок ошондо да кыздын бактысы ачылып кетерине кепилдик жок.
Кылмыштарды каттоо бюросунун маалыматы боюнча 2017-2022-жылдарда Индияда себи аз болуп калган үчүн эле 35 493 келин өлүмгө учураган, бул күнүнө орточо алганда жыйырмадан туура келет.
Изилдөөгө караганда, сеп көйгөйү Индияда аял-эркектердин санында дагы чоң ажырымга алып келүүдө: БУУнун маалыматы боюнча жыл сайын 400 000 кыз курсакта экенде эле абортко кетүүдө. Ата-энелери кызына сеп бере албай кыйналарын билип ушуга барууда.
Бхопалдын полициясынын начальнигине жазган арызында Гунжан үйлөнүү тойлорун текшеи текшерип, сеп берип жаткандарды кармап жоопко тартуу керек дейт. Анын ишениминде, «Элди ушинтип коркутмайынча бул зыяндуу салт токтобойт».

Сүрөттүн булагы, Gunjan
Бирок полициянын да колу баарына жете бербейт, ошондуктан элдин түшүнүгүн өзгөртүү керек дейт Гунжан.
Аялдардын укуктары үчүн күрөшкөн активист Кавита Шриваставанын айтымында, бул иште полициянын жардамы керек, бирок сеп көйгөйүн чечүү – абдан оор маселе.
«Индия - полициялык мамлекет эмес, бирок сепке тыюу салган мыйзам бар, ошондуктан анын аткарылышын камсыз кылуу керек».
Анын айтымында, сеп күйөө балдардын ач көз ата-энесине бир жолку эле төлөм болбой узарып кеткен учурлар көп, той бүткөндөн кийин деле оңой акчанын кыныгын алып сурай беришет.
Шривастава үй-бүлөдө зомбулук көргөн, үйүнөн куулуп кеткен көп аялдардын аянычтуу тагдырын мисал келтирди. Анын айтымында, сеп көйгөйү менен күрөш аялдар менен эркектер өздөрүнүн айтканында туруп, сеп бербей да, албай да коюшканда гана жылыш болот.
Ал эми Гунжан болсо күйөөгө чыккысы келет, «алдыда узак жашоо бар, жалгыз жүргүм келбейт» дейт. Бирок сеп бербей туруп турмушка чыккысы келет. (КС)












