"Согуштан коркпойбуз, даярдыгыбыз бар": эмнеге Финляндия НАТОго кошулуп жатат?
Оксана Антоненко
Би-Би-Си, Хельсинки-Лаппенранта
Финляндиянын Россия менен чектеш аймактарындагы тургундарда согуш болуп кетеби деген кооптонуу бар. Бирок алар чындап согуш башталат дегенге анча ынабай турушат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Финляндия он жылга созулган нейтралитет саясатынан чегинип, НАТОго кошулууга камылга кылып жатат. Ошол эле убакта Финляндия россиялык туристтерден экономикалык жактан көз каранды. Ушу күндөрү чектеш аймактарда жашаган финндер 72 саатка азык-түлүк камдашып, бомбадан баш калкалоочу жайларды дайындашып жана орустар бастырып кирсе эмне кылабыз деп ойлонуп жатышат.
Би-Би-Си коомдогу аң-сезимдеги мындай бурулуш качан орун алды изилдеп көрдү.
12-мая Финляндиянын президенти Саули Ниинисто жана премьер-министр Санна Марин өлкөнүн НАТОго кошулуусун кубаттады.
Эми бул маселеде өз позициясын парламент билдирет. Бул жакынкы күндөрү анык болот. Бирок ага чейин эле чек арада жашаган финндер бир чечимге келип коюшту.
"Россия Украинада согушту баштаганда, кайсы бир убакта, кийинки кол сала тургандар биз болобуз деген ой келди,- дейт Юсо аттуу финн. – Мен финн армиясында кызмат өтөгөм. Эгер коргоонууга туура келсе, аскердик кызматка чыгабыз. Биздин тарыхта андай да болгон".
"Согуш боло турган болсо деп, мен даярданып койдум", - деп кошумчалады ал.
Юсо – Лаппенранта деген финн шаарында барда менеджер болуп иштейт. Ал орус чек арасынан 25 километр алыстыкта жайгашкан. Ал жаны анын тааныштарынын баары эле Финляндия НАТОго кошулуусун каалашат.

Буга чейин Юсо өзү эле НАТОго кошулуш керекпи же жокпу деп эки анжы болуп келген. Бирок Россия Украинага бастырып киргени анда НАТОго кирүү керек деген ой басымдуу боло баштады. "Бизде Россия деген коңшу бар, алар дагы эмненин ичинен чыгып чыгат, алдын ала болжоп болбойт", - дейт ал.
Финляндияда ушинтип Юсодой ой жүгүрткөндөр көбөйүп бара жатат.
Согушка чейинки доорго салыштырмалуу Финляндиянын НАТОго кирүүсүн колдогондор эки жарым эсеге өстү. Helsingin Sanomat басылмасынын жана Kantar TNS компаниясынын сурамжылоолоруна ылайык, январда Финляндия элинин 28% НАТОго кошулууну колдошкон.
Ал эми мартта бул көрсөткүч 54% өскөн, майда 73% жетип, жалпы элдин үчтөн бири НАТОго кирүү зарыл экенин айтышкан.
Ушул эле сурамжылоодо НАТОго кирүүгө каршы чыккандардын башкы аргументи – Россия менен ымалабызды бузуп алабыз дешкен. Бул барып туризмдеги миллиондогон чыгымдарга алып келмекчи.
"Биз коңшу тейденбиз"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Россия менен чектеш аймакта ондогон соода үйлөрү курулган. Алардын баары россиялыктар үчүн ылайыкташкан. Алардын айрымдары азыр жабык, ачык калгандары кыска мөөнөткө эле иштеп жатышат.
Жергиликтүү Visit Finlan мамлекеттик маркетинг уюмунун изилдөөсү боюнча 2018-жылы туристтердин үчтөн бири россиялыктар болушкан. Алардын жарымы соода кылганы келишкен орус жарандары. Пандемияга башталганга чейинки бир эле жылда орустар Финляндияда 650 миллион евро коротушкан. Бул жалпы туристтер таштаган акчанын 21%.
Эгер согуш башталып кете турган болсо, чектеш аймактагы финндер орус армиясы биринчи жолуга турган жарандар болот, алардын чыгымдары да эки эсе болот. Себеби, орус жарандары акчаларын көп калтырган аймак так ушул чектеш жерлер.
"Азыр бизди экономика эмес, согуш кыжаалат кылып жатат. Финляндияда экономика деген стабилдүү. Орус туристтери соңку үч жылдан бери коронавирус деп ансыз деле келишпейт. Алардын акчасы жок деле жашап жатабыз", - дейт Юсо.
Бирок Юсодон айырмаланып ошол эле Лаппеенранта шаарында жашаган Мухаммед орустар жок кыйын болот деген пикирде. Ал эмне дейт?

Мухаммеддин чек арадан үч километр алыстыктагы шаарда соода үйү бар. Анын кардарларынын 99% - орустар. Азыр Мухаммеддин соодагерлери жок болуп жатат. Андыктан ал интернет аркылуу соода кылып жаткан кези, андан түшкөн киреше болгону 15% жетип жатат.
Андыктан Мухаммед качан чек арала ачылат, россиялыктар келе баштайт деп күтүп жаткан чагы.
"Эгер согуштун айынан жаңы чектөөлөр эле болбосо, бат эле бутка туруп кетебиз. Болбой эле жаңы чектөөлөрдү киргизишсе анда жакшы эмес го", - деди ал.

Мухаммед Финляндиянын НАТОго кошуулуусуна каршы. Ал Россияны ашыкча ачууланткандан коркуп турат. Бирок ал адамдар арасында эчтеке деле өзгөрбөйт го деген пикирде.
"Катардагы адамга – мага же коңшума же кайсы бир орус болбосун Финляндия НАТОго киреби же жокпу эч өзгөрүү деле алып келбейт", - дейт ал.
Лаппеенранта шаарында соодагерлер күн сайын соодага салган акчаларынан кур жалак калып жатышат.
"Кыштагы салгылашуу эстен чыга элек"
Россия менен согуш чыгып кетеби деген коркуулар негизсиз эмес, бул жерде паника эмес, тарыхый тажрыйба бар.
Харик орус чек арасынан 200 метр эле алыстыкта жашайт. Орустарга карата ал жакшы да, жаман да ойдо эмес. НАТОго Финляндия киреби же жокпу ага карата да так позициясы жок.
"НАТО – менин ишим эмес" дейт ал.
"Мен Россияны чек араны бузуп бастырып кирет деле деп ойлобойм. Алардын эсинен Кышкы согуш чыга элек деп ойлойм", -дейт ал.

Финндердин өз өлкөсүн коргой алабыз деген ишеними баарында бирдей бар. Бул ишенимдүүлүк тарыхта калган Кышкы согушка негизделген. Андагы согуш бул өлкөнүн НАТОго кошуулуусуна байланыштуу узак мөөнөткө созулган нейтралдуулук позициясын шарттаган десек болот.
Кышкы согуш 1939-жылы СССР Финляндияга кол салганда башталган. Анын жыйынтыгында Финляндия өз жеринин 10% кур калган, бирок аз санда аскерлери менен Кызыл Армияга туруштук бере алган.
Финляндияда бул согуштун эс-тутуму бардык жерде бар. Харик чек арага жакын жерде жашаса да, согуштан коркпойт. Ал эми Лаппенранта шаарынын мэри Экинчи дүйнөлүк согушта Кышкы салгылашууда каза тапкан фин аскерлеринин эстелини алдында отурат.
Финляндия СССРга кантип акараат келтиргенин Хельсинкиде да эскерип келишет.
"Финляндия эгемендигин сактап калды, анын жеңиши ошол болду, - деди Би-Би-Сиге фин саясат талдоочусу Туомас Форсберг. – Анын жыйынтыгында финндер өздөрүн Балтика өлкөлөрү менен салыштырууга мүмкүнчүлүк алды (Балтика өлкөлү Советер союзу тарабынан оккупацияланган )".
Финндер ССРга ушунчалык катуу каршылык көрсөткөндүктөн, кийин орустар бул скандинав өлкөсүн толук оккупация кылуу үчүн чыгымдарын эсептеп чыгып, ал оюнан кайткан, дейт профессора Юхан Аунеслуом
"Анын ордуна СССР Берлин жана Борбордук Европага назарын буруп, Финляндияны жайына койгон", - дейт тарыхчы.
Бирок Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгы боюнча Финляндия жеңилгендердин катарында калып, Советтер союзунун таасир этүүчу аймагына кирип кеткен.
"СССРдин позициясынын Финляндиянын ички саясатында орду бар эле, - деп улантат Юхана Аунеслуом. - Советский Союз дайым Финлянди өз ордун билип жүрүүсүн көзөмөл кылчу. Мисалы, Финляндияда Евробиримдикке кирүү тууралуу ойлор да болгон эмес. Мындай нерсе Советтер Союзу урагандан кийин гана орун алды".
СССР урап, Финляндия эми эч кимдин сателлити болбой калды. 1995-жылы ал Евробиримдикке мүчө болду. Мунун өзү эле эми Финляндия коопсуздуктун кепилдиги бар дегенди билдирип калган.
Балтия өлкөлөрү жана мурунку Варшава келишимине мүчө өлкөлөрү НАТОго кирүү ниетин ошондо эле билдирген. Мунун ордуна Финляндия өзүнүн куралдуу күчтөрүн өнүктүрүп жатты.
"Өзүбүздү коргоого алгандан коркпойбуз"
"Финляндия аскердик кызматтан белгилүү себеп менен баш тарткан эмес. Россияга байланыштуу шектенүүлөр сакталып келген, - дейт Туомас Форсберг. – Кансыз согуштан кийин Финляндия куралдардан арылгысы келген өлкөлөрдөн жакшы баада курал-жарак сатып алган".
Финляндиянын саясаты өлкө эгер кризис болсо өз алдынча андан чыгууну карап келди, дейт эксперт. Ал эми Лаппеенрантада жашаган Юсо Мекен чакырса, согушка барууга даярын билдирген жалгыз финн эмес.
Бул өлкөдө миллиондогон адамдар аскердик даярдыктан өткөн, үч жүз миң адам резервде болуп, алар маал маалы менен чогулуп турат. Дагы 30 миң адам кесипкө армиянын катарында. Мындан тышкары, жарым жылдан бир жылга чейин аскердик кызмат өтөгөн жаранлар бар.
Ошентип 5,5 миллион жараны менен Финляндия кандай чабуул болбосун, мизин кайтара аларына ишенип турат.
"НАТОго мүчө болуунун артыкчылыгы – биз аскердик көмөк ала алат, - дейт Туомас Форсберг. - Бирок Финляндия кандай жардам алган күндө дагы, биз өзүбүздү коргоодон коркпойбуз".












