Путин Батышты дагы эскертти. Айткандарын чечмелеп беребиз

Президент РФ Путин Владимир

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Президент Владимир Путин Россиянын Украинага каршы согушуна батыш өлкөлөрү кийлигишсе "чагылагандай тез" жооп аларын эскертти.

“Эгер болуп жаткан окуяларга кимде-ким кийлигишкиси келип, Россияга стратегиялык мүнөздөгү коркунуч жаратса, утурлама соккуларга биздин жообубуз "чагылагандай тез" жана ылдам болот. Бизде эч ким мактана албай турган куралдар бар. Биз аны менен мактанбайбыз, керек болсо, биз аларды колдонобуз”, - деди Путин мыйзам чыгаруучулардын кеңешинин отурумунда.

Путин дагы бир жолу Крым менен Донбасска чабуул коюу планы бар экенин билдирип, орус аскерлери “Россиянын алдында турган чыныгы коркунучту” жокко чыгарышканын айтты.

Путин Россиянын аракеттерин туура жана өз учурунда болду деп баалады жана Украинадагы “атайын аскердик операция” план боюнча жүрүп жатканын баса белгиледи.

"Биздин офицерлер өз милдеттин каармандык менен аткарууда, бардык тапшырмалар ишке ашырылат”, - деп кошумчалады ал.

Путин дагы эмнелерди айтты?

  • РФнын каршылаштарына Россия сыяктуу чоң өлкөнүн кереги жок;
  • Россиянын экономикасы санкциялар алдында кыйраган жок;
  • Патриотизм – орус мамлекеттүүлүгүн негизги түркүктөрүнөн жана орус коомунун башкы баалуулуктарынын бири;
  • “Патриоттук көз караштагы” журналисттерди коркутуу аракеттери ордунан чыкпайт.

Путиндин айткандарын кандай түшүнүш керек?

Владимир Путин Украинадагы согуш учурунда экинчи жолу өзөктүк курал колдонуу мүмкүнчүлүгүн оозанды.

27-февралда ал токтотуп туруу күчтөрүн “өзгөчө аскредик даярдыкка келтирүүгө” буйрук берген. Эми кимде-ким болуп жаткан окуяларга кийлигише турган болсо, “чагылгандай тез жооп аларын” айтты.

Путин өзөктүк күчтөрдү ачык айткан жок, Россияда бар жана колдонууга даяр бүдөмүк “куралдарды”гана кыйытып өттү. Бирок “утурлама-жооп” соккутермини өзү өзөктүк курал чөйрөсүнө таандык.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Февралдагы жарыясындай эле, анын акыркы сөзүндө дагы өзөктүк куралды колдонуу концепциясында болгон өзгөрүү деп эсептей тургандай жаңы нерсе жок.

2020-ж. июнунда, Россия өзүнүн өзөктүк куралды колдонуу шарттары көрсөтүлгөн “Өзөктүк токтотуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негиздери” документин жарыялаган. Документтеги мындай шарттардын бири – Россияга атылган баллистикалык ракетанын учканы тууралуу далилденген маалымат алуу. Башкача айтканда, Москва сокку урууга чечимди, Россияны көздөй, алар бутасын жете элек болсо дагы, континенттер аралык өзөктүк ракеталар учуп чыкканын билгенден кийин гана кабыл ала алат.

Так ушундай сокку - “утурлама-жооп” деп аталат.

“Жооп” сокку түшүнүгү дагы бар. Ал душмандын ракетасы бутага тийгенден кийин урулат. Орусиянын стратегиялык документинде мындай сокку уруу шарты кезигет – “каршылаш Россия Федерациясынын же анын союздаштарынын территориясына өзөктүк же башка массалык кыргын салуучу курал колдонгондон учурда”, - деп айтылат.

Теорияда “утурлама” сокку дагы бар. Ал каршылаштын ракеталары уча элек кезде урулушу мүмкүн, бирок ал “Мамлекеттик саясаттын негизинде” көрсөтүлгөн эмес.

Путин 27-апрелде айткан “стратегиялык мүнөздөгү кабыл алынгыс коркунучтар” концепциянын аягында кезигет, бирок документте бөлөкчө - “Россияга каршы кадимки курал менен жүргүзүлгөн агрессия, мамлекеттин бар болушуна коркунуч жараткан учурда" - деп айтылат.

Путиндин сөзүнөн “стратегиялык мүнөздөгү кабыл алынгыс коркунучтар” бул “Россияга каршы кадимки курал менен жүргүзүлгөн агрессия, мамлекеттин бар болушуна коркунуч жараткан учурдан" чоңбу же кемби, түшүнүксүз. (CS)