"Жайлоонун баарына дамба кура албайбыз". Сел кырсыгынын алдын алууга болот беле?

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Си, Бишкек

Апшыр-Атадагы селден жарандарды куткаруу учурунан. 29.06.2024

Сүрөттүн булагы, MCHS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Апшыр-Атадагы селден жарандарды куткаруу учурунан. 29.06.2024

Кыргызстанда акыркы үч айда үч жүздөй сел катталган. Жаратылыш кырсыктары алып келген зыяндын көлөмү эсептелип бүтө элек.

Он төрт адамдын, тагырагы эки үй-бүлөнүн өмүрүн алган Ноокат менен Кара-Кулжадагы сел азыр өлкөдөгү эң кейиштүү окуя болуп турат. Мамлекеттик кызматтар тилсиз жоонун алдын алса болмок деген сын пикирлер көп болуп жатканда, Би-Би-Си өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов менен байланышып, жооп алды.

Э. Кулматов: Бюджеттен бизге бөлүнгөн акчанын негизинде үч жүзгө жакын сел каналдарды тазалоо, дамба куруу иштерин жүргүзгөнбүз. Бирок, табигат кырсыктарын алдын-алуу иш чарасы дегенде эле муну түзмө-түз бир дамба куруу менен эле түшүнбөш керек.

Мисалы, Кочкор районун алып көрсөк. Кочкорго кирип бара жатканда адырлар бар. Азыркы тапта жамгыр белгилүү чектен төрт-беш эсе көп жаап жатат. Бул эми жаратылыш да. Эми тоодо, жайлоодо төрт-беш эсе көп жааган жамгыр келип туруп, Ноокен, Кара-Кулжадагыдай болуп көп жерлерди алып кетүүдө.

Биз тоолордун, жайлоолордун баарына дамба кура албайбыз да. Жайлоолорго кантип дамба курабыз? Кайсы колотко? Кайсыл адырга курабыз? Анда биз Улуу Кытай сепилин курушубуз керек болуп калат. Анда суу мелмилдеп туруп калат дагы, анын кайра элге жарылуу коркунучу болот.

Мунун себеби, быйыл аба ырайынын жаанчыл болгонунда. Нормадан ашык жаап жатат. Жайыттар деградация болуп, илгеркидей чөп жок, суулар чөп аркылуу сиңбей, шатырап агып келип түшүп жатат.

Жалал-Абад, Ноокен, Кара-Кулжа, Ноокат, Баткендеги селдин баары тоодон түшкөн суулардан улам келип чыккан. Баткен облусу көбүнчө таштуу жер, суу жерге көп сиңбейт. Жаандан кийин кум, таш аралаш болуп келип айылдарга түшүп кетип жатат. Жаратылыш ошондой, тилекке каршы.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Нөшөрлүү жааган жамгыр негизинен тоолордон түшүп жатат. Тоолордон түшкөн суу, сел каналга батпай, үйлөрдү басып жатат. Ал эми бир сайдын сыйымдуулугу 10 куб болсо, биз эки эсе запасы менен 20 куб казабыз. Иш жүзүндө эки, үч эсе көп 40 куб суу кирип жатат. Биз 40 куб кирет экен деп, 100 куб каза албайбыз да каналды. 100 куб казыш үчүн айылды, үйдү көчүрүш керек. Анын дагы жарылып кетүү коркуучу болот.

Мисалы, бир жерге 40 куб казып койсок ал жерге 10 жылдан кийин сел жүрөт. Мисалы, кечээ Ноокаттагы тарыхта болгон эмес деп жатышат. Апшыр-Ата кичинекей эле жайлоо чогулуп келип, бир заматта ушундай болуп кетти.

Кичинекей колоттогу эс алуучуларды суу көчүрүп кеткен. Бул жайлоодо катталган жамгыр. Бирок, эскертүү берилген. Аба ырайында бул күндөрү жаан жаайт, бул күндөрү бороондуу аба ырайы болот, нөшөрлүү болот, тоо этектеринде сел жүрөт деп эскертүү айтылып жаткан.

Министрлер Кабинетинин төрагасынан тарта, губернатор, айыл өкмөттөргө чейин эскертүү берилип турат.

"Куткаруучуларды эки сутка сайын алмаштырып турабыз..."

Сүрөттүн булагы, MCHS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Куткаруучуларды эки сутка сайын алмаштырып турабыз..."

Би-Би-Си: Апшыр-Атадагы окуя 28-июнь күнү катталды. Ошондон бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары суу кечип жургөнүн көрүп жатабыз. Ушундай кырдаалда куткаруучунун дагы ден соолугу үчүн кандай чаралар көрүлөт?

Э. Кулматов: Куткаруучуларды эки сутка сайын алмаштырып турабыз. Кечинде кечки тамактануудан кийин, кийимдерин алмаштырып, түнкүсүн эс алдырабыз. Азыркы тапта куткаруучу дагы, техника дагы жетиштүү. Кайсыл жерге техникалык жардам же колдун жардамы керек болсо, дароо барабыз. Азыр Найман айылында турамын. Ноокатта жыйырма беш үйдү сел алып кетти. Азыр ошолорду суудан тазалоо иштери жүрүп жатат.

Селден келип чыккан зыянды эсептөө иштери жүрүп жатат

Сүрөттүн булагы, MCHS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Селден келип чыккан зыянды эсептөө иштери жүрүп жатат

Би-Би-Си: Тилсиз жоо жалпы канча зыян алып келди?

Э. Кулматов: Апрель, май, июнь ичинде үч жүздөй сел катталды. Зыяны толук эсептелинип бүтө элек. 150 сел болгондо эле 150 млн сом болчу. Азыр Жарандык коргонуу комиссиясы зыянды эсептегенде анан толук чыгат.

Биринчи үйлөр байкоого коюлат, камсыздандыруудан өткөндөр аларга тапшырылат, техниканын чыгымдары, элдин үйүнүн ичиндеги буюмдар, техникалар баарын эсептелет.

Бул Жарандык коргонуу комиссиясынын иши. Негизи бул жергиликтүү бийликке тиешелүү, ӨКМ мүчө катары гана катышат. Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча зыян толук эсептелинип чыга элек.

Би-Би-Си: Мындан ары кандай чаралар көрүлөт?

Э. Кулматов: Элге кайрылам! Биз көпчүлүгүбүз айылда чоңойгонбуз. Айылда жылда жазында, күзүндө жолдун боюндагы арыктарды казчу элек. Айрыкча, азыр шаарда, айылда көчөнүн эки бетиндеги арыктар тазаланган эмес.

Азыр көпчүлүк айылда арыктардын ичи тазаланбайт, казылбайт. Үйгө суу киргендин дагы бир себеби ушул. Жарандар аба ырайын карап, жайытка, тоого эс алууга чыкса жакшы болот эле.

Би-Би-Си: Азыр селден кийинки калыбына келтирүү иштери канча убакытка чейин созулушу мүмкүн?

Э. Кулматов: Ноокат району боюнча бүгүн-эртең селдин калдыктарын тазалап бүтөбүз. Апшыр-Ата эс алуу жайына кеткен жолду калыбына келтирүү боюнча иштер он күндөй жүрүшү мүмкүн.

Көпүрөнү, Апшыр-Ата аймагына кеткен жолду калыбына келтирүү иштери бир аптага уланат деп турам. Жалал-Абад, Баткен, Ош облусунда селдин кесепеттерин жоюу боюнча техникалар иштеп жатат.

Бир убакта бир жерге он техниканы үйө албайбыз. Андан башка аймактарда пландык дагы иш жүрүүдө.