Апшыр-Ата: сел бир үй-бүлөнүн өмүрүн алды
Мээрим Айныкеева, Би-Би-Си, Бишкек

Апшыр-Атадагы апааттан каза болгондардын саны сегизге жетти. Алардын баары бир үй-бүлөдөн болгон. Үчөө бир туугандар жана алардын апасы небереси менен, үчөө үй ээсинин карындашы менен эжесинин балдары, Казакстандын жарандары болгон. Ушул эле үй-бүлөдөн дагы эки жаранды издөө иштери жүрүп жатат. Каза болгондордун эң жашы эки жашта болсо, улуусу кырк сегизде болгон.

Каза болгондор Ош облусунун Көк-Жар айыл аймагынын Борбашы айылында жашаган адамдын кырк сегиз жаштагы аялы, он тогуз, он алты жана он бир жаштагы үч уулу жана эки жаштагы небереси болуп чыкты. Калган үчөө эжесинин он беш жаштагы кызы жана Казакстанга турмушка чыккан карындашынын 2013 жана 2016-жылы туулган кичинекей балдары болгон.
Жубайы Орусияда иштеп жүрүп, Борбашы айылына үйүнө келгенине аз эле болгон. Кечээ күнү Апшыр-Атага эс алганы бул үй-бүлөдөн он адам кеткен.

Бир үй-бүлөдөгү үч бир туугандын сөөгү биринчи табылды, ал эми алардын апасынын сөөгү табылганына аз эле болду. Маалыматты бул үй-бүлөнүн атын атагысы келбеген тууганы Би-Би-Сиге ырастады.
“Азыр жетөөнүн сөөгү табылды. Кечээ кечинде төртөөнүкү келген. Түнкү он бирде моргго алып барышты. Бүгүн саат 12де эки жаш баланын сөөгү табылды деп кабар келди. Ал эми азыр эле жубайынын сөөгү табылды деп дагы жаман кабар угуп жатабыз. Бир үй-бүлөсүнөн толук айрылган байкебиз азыр ооруканага жатып калды”, - деди жакын тууганы.
Мындан көп өтпөй изделип жаткан он беш жаштагы кыздын сөөгү табылганы кабарланды. Ал Казакстандын жараны болгон.
Каза болгон балдардын бирөөсү кечээ күнү 9-классты аяктап, күбөлүк алган. Казакстандык эки жаш наристенин сөөгү эртең 30-июнда тик учак менен Семей шаарына жеткирилет.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Азыркы тапта кырсык баскан үй-бүлөдөн үч жаштагы наристе жана казакстандык он төрт жаштагы жээни дайынсыз болууда.
Маалыматка ылайык, Борбашы айылынан Апшыр-Атага эс алууга кеткендердин саны элүүгө чукул болгон. Калгандары аман-эсен кайтып жатканы кабарланды. Бирок ушул эле айыл аймагындагы сөөк сактоочу жайга келип жакындарын издегендер дагы болууда.
Каза болгондордун жакындары аймактагы өлүк сактоочу жайда бир дагы медициналык кызматкердин жана медициналык шаймандардын жок экенин айтып нааразы болушту.
“Сөөктүн баарын өзүбүз жуудук. Кайчылары жыттанып кеткен. Бир дагы бинт жок. Баарын өзүбүз сатып алдык. Ичинде бир дагы шарт жок.Сөөк сактаган муздаткыч жок”, - деп билдирди каза болгондордун тууганы.
Президент селден каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.
Учурда Ноокатта өзгөчө кырдаал жарыяланган.
28-июнь күнү Апшыр-Ата айылында саат 16:10до башталган нөшөр жамгыр селге айланып, эки көпүрө, он электр мамыча жана он турак үйдү агызып кеткен.
ӨКМ азыркы тапта куткаруу иштери аяктаганын билдирди. Апшыр-Ата эс алуучу жайынан жалпы 1300дөн ашуун жаран, тик учак менен 15 жаран эвакуацияланды.












