Түптүн айылдарын каптаган кыян жана зыян
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, ӨКМ
Түп районунда селден жабыркаган беш айылда суу каптаган үйлөрдү тазалоо, табигый кырсыктын зыянын эсептөө, кесепеттерин жоюу иштери башталды. Кырсыктаган айылдарга мамлекеттик түзүмдөр менен катар эл-журттан жардам чогултуп жеткирип жатышат. Үйлөрдүн 95% камсыздандырылбаган бул айылдарда зыяндын ордун толтуруу маселеси кандай чечилет болду экен?

Сүрөттүн булагы, ӨКМ
Августтун башында болгон селден баардыгы беш айыл зыян тартты: Талды-Суу, Көөчү, Корумду, Байзак, Кең-Суу. Булар баары тең Каркыра айыл аймагына карайт.
ӨКМдин расмий кабарына караганда, кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Байзак жана Кең-Суу айылдарында сел жүрүп, анын кесепеттерин тазалоо иштери жүрүп атканда, төрт күндөн кийин дагы үч айылда кыян жүрдү. Талды-Суу айылында болжол менен 28, Корумду айылында болжол менен 40тан ашык, Көөчү айылында 24, жалпы болжол менен 92 турак үйдүн короосун, жер-төлөөсүн, ички чарбалык жолдорун жана айдоо талааларын топон суу каптады.
Талды-Суу, Корумду жана Көөчү айылдарында "Өзгөчө кырдаал" режими киргизилди. Тартылган күч каражаттардын жардамында Талды-Суу айылында 2, Корумду айылында 22 , Көөчү айылында 6 турак үйдүн, 1 бала-бакчанын, жалпы 30 турак үйдүн жана 1 бала-бакчанын короолору, жер-төлөлөрү тазаланды.
Сел күндүзгү саат бештерде болгондуктан, жергиликтүү элде өлүм-житим жок.
“Үйлөргө чейин суу каптап, таш-таштандылар кирип кетиптир. Жайытта жүргөн малдан эки бодо өлдү деп атышат. Андан сырткары, кошуна айылдарда сууга аккан майда-барат жандыктар, иттер, эшектер бар экен уктум”,-деди Талды-Суу айылынын жашоочусу Данияр.
Анын өзүнүн үйүнө кыян анчалык зыян алып келген жок. Бул көчөдө орчундуу жабыр тарткан үч үй болду.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Бирөөнүн погреби толуп калган. Аны азыр ӨКМ кызматы сордуруп атат. Дагы бирөөнүн үйүнө чейин суу аралап кирип кетиптир, азыр тазалап атат. Өйдөрөк жакта дагы жабыркаган үй бар экен, айылдын жаштары барып, жарандык коргонуу кызматынан келишип жардам көргөзүүдө. Көчөлөрбүз да кыйраган, азыр ӨКМдин, жол чарбаларынын техникалары келип, калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө”.
“Үйлөрдү суу каптап, таш кирип кеткен, азыр ошондой үйлөргө күч келип, ӨКМ балдары келген Бишкектен, тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Ошондой тазалоо иштерин бүтүрүү керек”,-деди Каркыра айыл аймагынын башчысы Рустам Черикбаев.
3-августта болгон селден улам ушул эле айыл аймагындагы Кең-Суу жана Байзак айылдарында да "өзгөчө кырдаал" режими киргизилген. Кең-Суу айылында 31 турак үйдү сел каптап, алтоосунун жер төлөсүнө суу кирген. Бир турак үйдүн, үч сарайдын дубалдары кулаган. Байзак айылында 17 үйдү сел каптап, жети үйдүн жер төлөсүнө кирген. Болжол менен Кең-Суу жана Байзак айылдарында буудай, арпа. картошка айдалган жалпы 36,31 га айдоо жерин сел каптаган.
Азыркы убакта жалпы материалдык зыяндын көлөмүн эсептөө иштери жүрүп жатат.

Камсыздандырылбаган үйлөргө кандай жардам болот?
Зыяндын көлөмү эсептелип чыккандан кийин анын орду кандай толтурулат деген маселе бар. Талды-Суудагы Данияр өзүнүн үйүн камсыздандырып койгон, ошондуктан олуттуу зыян тарткан болсо, аны камсыздандырган компания төлөп берет. Бирок кенемте алуу өзүнчө чоң маселе. Эгер үй кулап калса же олуттуу зыян тартса, анын чыгымын эсептеп туруп тийиштүү сумманы бөлүп берет. Бул камсыздандыруу келишиминде каралган эреже боюнча жүрөт.
Ал эми үйлөрү камсыздандырылбагандар эмне болот, мамлекет жардам береби? Каркыра айыл аймагынын башчысы Рустамдын Би-Би-Сиге берген маалыматына караганда бул айылдардагы үйлөрдүн 95 пайызы камсыздандырылган эмес. Ошондуктан аларга кандай материалдык жардам болорун эми өкмөттүн деңгээлинде каралып чечилиши керек.
“Өкмөттөн жардам болобу-жокпу аны айта албайм. Бирок эл бар экен, каралашып жардам берип жатат”,-деди Рустам.
Ушул жылы кышында Майлы-Суу шаарында дагы жылытуу системалары иштен чыгып, үйлөр тоңуп, муз каптап жараксыз болгондо дагы өкмөттүк комиссия карап чыгып, жардам маселесин чечкен эле.
Үйлөрдү камсыздандыруу айыл жерине көп жете элек. Жакындан бери милдеттүү кылуу аракети болуп келатат. Аны аткарбай койгондор үчүн жоопкерчилик жок. Турак-жайды камсыздандырууга лицензия бир гана "Мамлекеттик камсыздоо уюму" мамлекеттик компаниясына берилген.
Турак жайды камсыздандыруу шаарда 1200 сом, мамлекеттик камсыздандыруу бир миллион сомго чейин. Айылда 600 сом, мамлекеттик кепилденген сумма 500 миң сом. Ар бир жылы төгүп жаңыртып турбаса, мурда төлөнгөн акчалар күйүп кетет.
Кыргызстанда турак жайды камсыздандыруу маданияты анчалык өнүккөн эмес. Ошол себептүү Камсыздандыруунун калган түрлөрүнө жарандардын катышуусу бирин-серин гана, кызыгуу дээрлик жок.
Мисалы, "Кыргызстан" компаниясы Бишкектеги бай адамдар жашаган райондогу жашоочуларды үй-мүлкүн камсыздандырууга катышууга үндөп акция өткөргөндө, эки жүз адамдын эки адам гана кызыгуу арткан.

Сүрөттүн булагы, ӨКМ
"Дегеле мурда мындай сел болгон эмес"
Кыян-селден эмнеге алдын-ала коргонуу чаралары болгон эмес деген суроо болуп жатат. Анткени кайсы айыл же аймак болбосун, сел же кыян жүрө турган жерлерге алдын-ала тосмолор коюлуп, башка чаралары каралат эмеспи. Ал эми Каркыра айыл аймагындагы бул айылдарда кырсык күтүлгөн эмес, кыян капыстан каптаганы айтылууда.
“Нөшөрлөгөн катуу жаандан кийин кокту-колотко, сайларга суу топтолуп, жерге сиңбей калып, кыян болуп каптады. Айыл аксакалдарынан сурап көрдүм, дегеле мындай болбоптур. Мисалы, Кең-Суу айылы өзүмдүн туулуп өскөн айылым, мындайды көргөн эмеспиз, мурда эч кандай сел болчу эмес”,-деди Рустам.
Күтүлбөгөн жерде болгон сел-кыяндардын себеби климаттык өзгөрүүлөр менен байланыштуу болушу мүмкүн деп жатышат. Бир жыл мурда Боом капчыгайында да катуу кыян жүрүп кеткенде адистер барып изилдеп баштап, ушундай пикир айтышкан эле.
Селдин пайда болушу ошол жердеги топурактын бекемдигине, жаан чачындын кандай, канча жүргөнүнө байланыштуу экен. Ал эми климаттык өзгөрүүлөр бул процессти ого бетер татаалдаштырууда.
Бул жерде тоолордогу жайыттардын такырайып кетиши да өзүнчө бир себеп болуп жатышы мүмкүн дешет.
“Жайыттарыбызда мал көп болуп жатканына байланыштуу жайыттарыбыз деградация болуп кетти. Мурда малдын башын кармап турган мыйзамдарыбыз бар эле. Азыр элди тиги-бу деп айта албайт экенсиң”,-дейт айыл аймагынын башчысы.













