Wikileaks: Дүйнөгө дүңгүрөгөн документтер

Көп сырларды ачыктап дүйнөгө дүңгүрөткөн Wikileaks сайтынын негиздөөчүсү Джулиан Ассанж АКШнын сотунда аскердик сырларды ачыкка чыгарганын моюнга алып, бул өлкөнүн бийлиги менен түзгөн келишимдин натыйжасында түрмөдөн кутулуп чыкты.

Шаршембиде ал түшкөн учак Австралияга Канберра шаарына келип конду. Аба майданында аны жубайы, үй-бүлөсү тосуп алды.

Wikileaks

Сүрөттүн булагы, EPA/GETTY IMAGES

Жулиан Ассанждын Wikileaks сайты жарыялаган миңдеген жашыруун документтерде киноиндустриядан улуттук коопсуздукка жана согушка чейин толгон-токой сыр ачылып, дүйнөгө ашкере болду.

Өзүнүн жактоочулары үчүн веб-сайт өкмөттөр менен компаниялар жашырып келген сырларды ачкан эч нерседен коркпогон оюнчу болуп саналат.

Ал эми документтери бул сайт аркылуу бүт элге дүң болгон адамдар үчүн бул коркунучтуу жана акылсыз ээнбаш күч.

АКШнын өкмөтү Ирак менен Афганистандагы согуштардын маалыматы ачылган Wikileaks файлдары адамдардын өмүрүнө коркунуч алып келди деп билдирген.

Wikileaks аркылуу бүт дүйнөгө дүңгүрөгөн жаңылыктарды карап көрөлү.

2010-жылы Wikileaks америкалык аскер тик учагынан тартылган видеону жарыялады, анда Багдадда америкалык аскерлер көчөдө карапайым адамдарды кантип өлтүрүп жатышканын көрүүгө болот.

Видеодо учкучтун “баарын сулат” деген сөзү угулат, андан кийин көчөдөгү адамдарга тик учактан ок жааган.

Окуя болгон жерге жарадар адамдарды алып кетүү үчүн фургон келгенде, ага да ок атышкан.

Натыйжада фотосүрөтчү Reuters Намир Нур-Элдин жана анын жардамчысы Саид Чмаг курман болгон.

АКШнын аскер чалгыны

WIKILEAKS

Сүрөттүн булагы, WIKILEAKS

Wikileaks АКШнын аскер чалгындоосунун мурдагы аналитиги Чэлси Мэннинг берген миңдеген документтерди да жарыялаган.

Афганистандагы согушка тийиштүу документтер америкалык аскерлер ар кандай инциденттер убагында жүздөгөн жайкын адамдарды өлтүрүшкөнүн көрсөттү.

Ал эми Ирактагы согушка келсек, көрсө анда өлгөн адамдар расмий кабарлангандан кеминде 66 миң адамга көп экени ачыкка чыкты. Документтер ошондой эле Ирак күчтөрү камактагы адамдарды уруп-сабап күч колдонгонун да далилдеди.

Ачыкка чыгып кеткен документтердин арасында америкалык дипломаттар жиберген 250 миңден ашык кат-кабарлар да бар. Алар АКШнын БУУдагы чоң кызмат адамдарынын «биографиялык жана биометрикалык» маалыматтарын – көзүнүн сырткы белгилерин, ДНК үлгүлөрүн жана бармактарынын изин чогултуу планы болгонун көрсөттү

11-сентябрдагы пейжерге келген маалымат

Wikileaks 11-сентябрда АКШда болгон террордук окуялар убагында пейжерге келген жарым миллиондон ашык кабарларды да жарыялады.

Анын ичинде жакындарын издеген үй-бүлөлөрдүн, кол салууларга өкмөттүк адамдардын жасаган реакциясы жана башка кат-кабарлар бар.

«Президент маршрутун өзгөрттү жана Вашингтонго кайтып келбейт, бирок анын каякка барарын билбейм»,-деп айтылат бир кабарда.

Демократтардын электрондук каттары

WIKILEAKS

Сүрөттүн булагы, AFP

Wikileaks АКШда 2016-жылы шайлоо болор алдында Хиллар Клинтондун шайлоо штабынын башчысы Жон Подестанын аккаунтунан алынган толтура каттарды да жарыялаган.

Алардын биринде Подеста Клинтон айымдын атаандашы Берни Сандерсти климаттык өзгөрүү жөнүндө Париж келишимин сындаганы үчүн «келесоо» деп атайт.

Электрондук каттарда ошондой эле CNN кабарчысы Клинтондун шайлоо штабына дебаттар убагында бере турган суроосун ала жибергени белгилүү болгон.

Ачыкка чыккан маалыматтар шайлоонун кызыган убагына туш келгендиктен, Wikileaks’ти Клинтонду атайылап жаманатты кылып жатат деп айыпташкан.

Сайтта республикачыл талапкер Сара Пэйлиндин электрондук почтасындагы 2008-жылдагы каттар да жарыяланган.

Британдык улуттук партиянын мүчөлөрү

2008-жылы Wikileaks Британ улуттук партиясынын 13 миң мүчөсүнүн аты-жөнүн, дарегин жана байланыш маалыматтарын баарын жарыялады.

Саясий партиянын манифестинде мусулман өлкөлөрүнөн иммиграцияга тыюу салуу жана Улуу Британиянын кээ бир жашоочуларын «өзүнүн этникалык мекенине» кайтаруу тууралуу сунуштары жазылганы ачыкка чыккан.

WIKILEAKS

Сүрөттүн булагы, AP

Sony Pictures компаниясынын сырлары

2015-жылы Wikileaks Sony Pictures киностудиясынын 170 миңден ашык электрондук каттарын жана 20 миң документин элге чыгарды.

Аталган компания Түндүк Кореяны мыскылдаган «Интервью» фильмин жарыкка чыгарган, бирок андан бир нече апта мурун эле кибер чабуулга кабылган.

Жарыяланган каттардан актриса Женнифер Лоуренс менен Эми Адамс эркек кесиптештерине караганда азыраак гонорар алганы белгилүү болгон.

Ошондой эле продюсерлер менен жетекчилердин Анжелина Джоли сыяктуу атактууларды жаман сөздөр менен тилдеген кабарлары болгон.

Леонардо Ди Каприону Sony Pictures тарткан фильмге тартылбай койгону үчүн «жек көрүндү» деп аташкан.

Ассанж электрондук каттар трансулуттук компаниянын ички иштерин көргөзүп жатканын жана «геосаясий конфликттин чордонунда» турган үчүн коомдук кызыкчылык жаратканын билдирген.

Ассанж түрмөдөн бошоп чыкты

Ассанж

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

WikiLeaks негиздөөчүсү Жулиан Ассанж АКШнын соту менен келишим түзүп, өзүн аскердик сырды ачыктаганы үчүн күнөөлүү экенин мойнуна алып, эркиндикке чыкканы кабарланды.

Башында WikiLeaks негиздөөчүсүн Афганистандагы жана Ирактагы согуштун жашыруун аскердик жана дипломатиялык документтерин жарыялап жиберген үчүн негизинен тыңчылыкка айыпташкан.

WikiLeaks кабарлашкандай, 24-июнда Ассанж "Белмарш" түрмөсүнөн бошоп, Британиядан чыгып кетти.

"Жулиан Ассанж эркиндикте. Ал катуу режимдеги "Белмарш" түрмөсүнөн 24-июнда эртең менен бошоп чыкты, ал жакта 1901 күн отурду. Лондондун Жогорку соту аны күрөө менен бошотту, күндүзү ал "Станстед" аба майданына барып, учакка отуруп Улуу Британиядан учуп кетти",-деп жазышты X социалдык тармактагы анын кесиптештери.

Алар бул келишим АКШнын Юстиция министрлиги менен узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин мүмкүн болгонун белгилешүүдө. WikiLeaks’тин кабарында Ассанж Лондондон ары Австралияга кетти.

Түндүк Америкадагы Би-Би-Си кабарчылары билдиргендей, АКШнын өкмөтү менен Джулиан Ассанждын ортосундагы келишим өткөн аптада шаршембиде макулдашылган.

Ага чейин АКШнын Юстиция министрлиги болбой эле аны экстрадиция кыларын кайталап келаткан. Апрелде президент Жо Байден WikiLeaks’тин негиздөөчүсүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну токтотуу тууралуу Австралиянын өтүнүчүн карап жатканын билдирген.

«Албетте, бул президенттик шайлоонун жылы, ошондуктан бул жагынан да карабасак болбойт. Байдендин атаандашы Дональд Трамп өткөн айда эгер ноябрда шайлоодо жеңип чыкса Ассанжга ырайым берүү мүмкүнчүлүгүн карай турганын билдирбедиби», — деп жазды Би-би-синин Нью-Йорктогу кабарчысы Номия Икбал.

Ассанж Джулиан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жулиан Ассанждын жубайы Стелла көп жылдар бою WikiLeaks'тин негиздөөчүсүн колдоп келгендерге ыраазылыгын билдирди.

"Жулиан боштондукта! Аны бошотуу боюнча глобалдык өнөктөштүктү колдогондордун баарына ыраазылыгымды сөз менен айтып жеткире албаймын", — деп жазды ал X социалдык тармагына.

Алар Асанж жыныстык зомбулукка айыпталып, Швецияга экстрадиция болгондон качып, Эквадордун Лондондогу элчилигине бекинип алган учурда таанышкан.

Бул айыптоо андан кийин алынды. Ассанж күнөөсүн мойнуна алган эмес жана швед бийликтеринин койгон күнөөсү - аны АКШга экстрадиция кылыштын гана амалы болчу деп билдирген.

Эквадордун элчилигинде WikiLeaks негиздөөчүсү жети жыл болду, ага 2012-жылы бүл өлкөнүн бийликтери баш паанек жана жарандык беришкен.

2019-жылы Ассанжды баш паанек алуунун эрежелерин бузду деп айыптап, жарандыктан ажыратып, элчиликтен чыгарып салышты.

Британ бийликтери Ассанжды камакка алып, катуу режимдеги "Белмарш" түрмөсүнө салышып, аны АКШга экстрадиция кылуу боюнча сот процесси башталган.

WikiLeaks өз кезегинде америкалык жашыруун документтер менен 2010-жылдагы дипломатиялык каттарды жарыялай баштаган.

АКШнын бийликтери Ассанж өзүнүн жарыялаган материалдары менен жүздөгөн америкалык жарандардын өмүрүн коркунучка кептегенин билдирген.

«Ал аябай толкунданып, кичине да чочугансып да турду. Бирок ушунча жылдан кийин эркиндикке чыгарына аябай кубанып жатты»-деди журналисттерге анын иниси Габриэль Шиптон.

CNN каналына берген маегинде ал Ассанж азырынча WikiLeaks сайтындагы ишти улантуу тууралуу ойлонбогондугун, андан көрө үй-бүлөсү менен чогуу болуп, ден соолугун чыңдап алышы керек болуп жатканын айтты.

Эквадордун элчилигинде жана Лондондун түрмөсүндө отуруп чыккандан кийин анын физикалык жана психикалык саламаттыгындагы проблемалар жөнүндө жубайы Стелла да айткан эле.