Чүй дарыясынын жээгин суу жей берсе кесепети оор болот

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Чүй дарыясы

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасынын бир ыптасын бөлүп турган Чүй дарыясынын Кыргызстан тараптагы жээгин бекемдөө 90-жылдардан бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдүн бири. Дарыянын нугу жыл сайын өзгөрүп, бери көздөй жылып жатканы аны бойлой жайгашкан айыл тургундарын кабатыр кылууда. Активисттер муну тиешелүү органдардын көңүл кош мамилеси деп сыпаттап, эртелеп дарыяны өз нугуна келтирүү керек деп жатышат. Жооптуу мамлекеттик мекемелер сууну мурдагы сайга салуу өтө татаал иш экенин, мамлекеттин азыркы нугунда кармап калууга дагы чама-чаркы чектелүү болуп жатканын айтууда.

"Той-мааракеге кеткен акчаны жээк бекемдейли"

Нурбек Тойгонбаев

Активист Нурбек Тойгонбаев Чүй дарыясын бойлой жайгашкан мурдагы Октябрь, азыркы Чокморов айыл өкмөтүнүн 169 гектар жерин суу жеп кеткенин айтат. Бул жакынкы аралыкта гана пайда болгон эрозия эмес. Жыл сайын суунун нугу жылып отуруп, Чүйдүн төмөн жагындагы айылдардын эгин талааларын, жайыт жерлеринин айрым тилкелерин басып калган.

“Василевка, Гроздь, Ленин айыл өкмөттөрүндө дагы суу жеп кеткен жерлер көп эле. Бийлик болсо суу кайсыл жерди жеп кетсе ошол жерлерди гана тосуп коюп жатат. Албетте, баары келип каржыга такалат. Бирок жылдан жылга бюджет өсүп жатат деп айтып жатышат го. Бул дагы чек-арага байланыштуу чоң маселе. Көңүл буруп чечип беришсе жакшы болмок”,- деди ал.

Айтымында, учурда бир топ гектар жер суунун Казакстан тарап бетинде калды. Ал жер Кыргызстанга таандык болгону менен мал-жандык жаюуда кыйынчылык жаралууда.

“Жергиликтүү тургундар ал жакка оттоп кеткен малды казак туугандар айдап кетип жатат деп даттанууда. Өзүбүз өтүп айдап келе албайбыз деп жатышат. Ошол эрозия болгон жерлерге парламенттин, жергиликтүү кеңештин депутаттарын ээрчитип барып көрсөттүм. Биздин каалаганыбыз сууну эски нугуна салып, жээкти толук бекемдеп берсе”,- деди активист.

Нурбек Тойгонбаев ошол тараптагы айылдардын көбү дотацияда экенин айтып, көйгөйдү жергиликтүү бийликтин деңгээлинде чечүү мүмкүн эмес деди.

Чүй дарыясынын жээгинен кум ташып жаткан учур

Ошондой эле суу нугунун бузулушуна ошол жактан кум, шагыл казган компаниялар терс таасирин тийгизип жатканын айтты.

“Суунун жээгинен ондон ашуун компания кум, шагыл алат. Жээкке тийишкен жокпуз дегенде деле, алар чийки зат алган жерлер ачылып калган. Эртең суу ташкыны болсо ошол чуңкурлар сөзсүз нукту башка жакка бурат”,- деди Нурбек Тойгонбаев.

Тойгонбаев мамлекет той-мааракеге кетип жаткан каражаттары андан көрө жээк бекемдөө ишине жумшаса дейт. Суу жылдан-жылга Кыргызстан тарапты көздөй оой берсе, эртеңки күнү ал талаштуу аймакка айланып калбайбы деп чочулайт:

“Туура, чек ара такталган. Атайын мамычалар орнотулган. Бирок ал баары бир биздин жер деп эле суунун аркы өйүзүнөн карап отура албайбыз да. Аны пайдаланышыбыз керек. Ал жерге малыбыз жайылышы керек же жайыт катары ижарага деле берип койсок болот. Анан суу каптатып коюп эле отура берген дагы болбойт да”.

Нурбек Тойгонбаев кыргыз-казак чек арасын тактоодо орнотулган мамылардын айрымдары кулоо коркунучунда турганын аны калыбына келтирүү дагы оңой-олтоң иш эмес экенин кошумчалады.

Суунун нугу өзгөрсө дагы чек ара сызыгы өзгөрүлбөйт

Чүй дарыясы

Чүй дарыясынын оң жээги Казакстанга, сол жээги Кыргызстанга таандык. 2001-жылы Астанада түзүлгөн келишимде Токмоктон тартып Сокулуктун Камышановка айылына чейинки аралыктагы эки өлкө чек арасы Чүй дарыясынын нугу менен аныкталат деп көрсөтүлгөн. Бирок ал келишимде суунун нугу өзгөрсө дагы чек ара сызыгы өзгөрүлбөйт деп жазылган эмес.

Ошондон тартып коңшу мамлекет дароо жээк бекемдөө иштерин жүргүзө баштаган. Дарыянын нугу болсо улам жылып отуруп, Кыргызстан тарапка кыйла ооп кеткен.

Маселе, 2012-жылы парламентте көтөрүлүп 2013-жылы эки өлкөнүн чек арачылары кайрадан тактоо иштерин жүргүзгөн. Чек ара Чүй дарыясынын ошол учурдагы нугу деп эсептелип, ал чек өзгөрүүсүз калат деген кошумча киргизилген жана тиешелүү документ 2017-жылы Жогорку Кеңеште ратификацияланган.

Акылбек Мазарипов
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Адистер Кыргызстан учурунда дарыянын жээктерин бекемдеп албагандыктан, 2001-жылдан 2012-жылга чейинки аралыкта 500 гектар жер Казакстанга өтүп кеткенин айтып келет. Муну өткөн жылы дал ушул дарыя тууралуу маалымат берип жатып ӨКМнын өкүлү Таалай Алишеров дагы Би-Би-Сиге ырастаган эле.

Андан бери он жылдан ашуун убакыт өтсө дагы дарыянын Кыргызстанга тиешелүү сол жээги дале бекемделип бүтө элек. ӨКМнын маалыматына ылайык, Чүй дарыясынын кооптуу тилкелерин тактоо боюнча 2013-жылы жалпы изилдөө жүргүзүлүп, ошондон тартып жээк бекемдөө иштер колго алынган.

Анын жыйынтыгында кооптуу делген 193 тилке такталган. Ошол жылкы эсептөөнүн негизинде курулуш иштерине кетчү каражаттын көлөмү 1 млрд 800 млн сом деп бааланган.

Андан бери тактоо иштери былтыр жүргүзүлүп, 124 кооптуу тилке бар экени аныкталган. Алардын саны кыскарганы менен жээк бекемдөө иштерине кетчү сумма 2 млрд 700 млн сом деп бааланган.

“Андан бери канча жыл өттү. Бул убакыт аралыгында инфляция дагы күч алды. Чүй дарыясы үчүн 2022-жылы 130 млн сом бөлүнгөн, 2023-жылы 50 млн сом каралды, быйыл 83 млн сом берип жатышат. Бюджеттин тартыштыгына жараша жылда 4-5 тилкеде жумуштар жасалат”,- деди Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов.

Айтымында, дарыянын эски нугун калыбына келтирүү өтө татаал иш. Ал жерде эрозия болуп, жар болуп калган жерлер арбын.

“Маселен, 3-4 гектар эрозия болуп кеткен жерди калыбына келтирүү үчүн эбегейсиз каражат кетет”,- деди министрдин орун басары.

Ошондой эле ал кум, шагыл ташуу маселесине токтолду. 2019-жылга чейин курулушка Чүй дарыясынын жээгинен башаламан кум, шагыл ташылып келгени айтты. Учурда маселе жөнгө салынганын, атайын токтомдун негизинде тартип киргизилип, кум, шагыл алуу токтотулганын баса белгиледи.

“Бул токтом киргенге чейин 30-40 жылга лицензия алып алган компаниялар кум, шагыл алуусу мүмкүн. Бирок эрежеге ылайык, казганда аянты 10 сотыхтан, тереңдиги 2 метрден ашпашы керек. Учурда Чүй дарыясынан эч ким деле кум, шагыл албай калды”,- деди ал.

Нукту калыбына келтирүү кыйын иш эмес

Саламат Аламанов

Чек ара иштери боюнча адис Саламат Аламанов Кыргызстан эгемендик алып, Казакстан менен чек арасын тактаган учурдагы нукту калыбына келтирүү маанилүү деп эсептейт. Айтымында бул ошол учурдагы келишимдеги өзөктүү маселелердин бири.

“Анын координаттарынын баары картага так түшүрүлгөн. Калыбына келтирүү эң эле оңой, адистер бар. Чек аранын тегерек-четиндеги шартты ошол боюнча сактаганга аракет кылуу керек. Келишимде кандай жазылган болсо нукту ошондой шартта кармап калуу маанилүү”,- деди ал.

Адистердин айтымында, Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө иштери Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы сууну натыйжалуу пайдалануу жана экологиялык тең салмактуулукту сактоо үчүн дагы абдан маанилүү.