Агыны катуу суудан сакта... Сел кыйраткан аймактардагы абал

Венера Осмокеева Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Ош, Кара-Кулжа району

Сүрөттүн булагы, ӨКМ

Нөшөрлүү жаандан улам Баткендин Лейлек, Баткен райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарынын аймагында жүргөн сел бир топ чыгым алып келди. Талас облусу да табият кырсыгынан четте калган жок. Буга чейин эле Ош, Жалал-Абад облустарын каптаган сел үрөйдү учуруп, Ош облусунун аймагына өзгөчө кырдаал режими кирди.

Ээ-жаа бербеген тилсиз жоо бир топ маселени дагы бир ирет кабыргасынан койду. Климат өтө тездик менен өзгөрүп жаткан мезгилде жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу, экологиялык билимди жогорулатуу, табиятка мамилени өзгөртүү сыяктуу маселелер күн өткөн сайын актуалдуу бойдон калууда.

Ош, Жалал-Абад облустарындагы соңку табият кырсыгы эки өмүрдү алды. Алардын бирин сел алса, экинчисине чагылган тийди. Чагылган тийген учурда 7-класстын окуучусу мал жайып жүргөн экен.

Агыны катуу сел турак-жайларды, айрым социалдык объектилерди каптап, жолдорго казандай таштарды жайпап, жууп салды. Учурунда каттамдар токтоп, тазалоо иштери эми-эми соңуна чыгып келе жатат.

Алай районундагы абал

Алай

Сүрөттүн булагы, ӨКМ

Алай районунун Тогуз-Булак айылынын тургуну Ибрагим Абдылдаев короо-жайын сел каптап, шагыл менен кумга толуп калганын айтты.

Андан тышкары 35 сотых жер тилкесине эккен көк-сагы, үрөнүнөн эч нерсе калбаганын айтып, кейип турган чагы.

“Эспарцет, апра, картошка эктим эле. Анын баарын жууп кетти. Жанымдагы кошунамдын бал челектерин агызды. Чыгым көп эле болду окшойт. Азырынча кенемте тууралуу сөз боло элек. ӨКМ кызматкерлери, жергиликтүү бийлик тазалоо иштерин жүргүзүп жатат. Жолдорду тазалап жатышат, анан жергиликтүү тургундардын короо-жайына өтөбүз дешти. Мага окшоп жабыркагандар көп эле”,- деди ал.

Расмийлердин маалыматына караганда, Алай районунда жети айыл өкмөт жана элүүдөн ашык айыл бар.

Алай

Сүрөттүн булагы, ӨКМ

ӨКМнын өкүлү Нурсултан Токтогуловдун айтымында, райондун Тилектеш айыл өкмөтүнө караштуу Тогуз-Булак айылын гана сел каптады.

“Жалпы 60 турак-үйдүн чарбалык жер тилкелери жана жети турак-жайдын жер төлөөсү жабыркады. Социалдык объектилерден жана турак үйлөрдө кыйроолор катталган жок. Бактыга жараша бул аймакта адам өмүрүн алган учурлар катталган жок. Мал-жандыктар дагы аман-эсен. Бирок алты колоттон түшкөн сел ички чарбалык жолдорду бузуп кетти. Учурда ошону калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Ал эми үйлөрдүн жер төлөөлөрү толук тазаланды. Жалпы алты техника иштеп жатат”,- деди Токтогулов.

Ошондой эле ал жалпы 7,2 гектар эгин талаасы жараксыз абалга келгенин, андан тышкары 17 бал челекти суу агызып кеткенин айтты.

“Мындай кырсык 2022-жылы дагы катталган. Анда кырдаал мындан дагы кооптуу болгон. ӨКМнын Мониторинг департаментинин талабына ылайык тиешелүү корутунду берилген”,- деди ал.

Кара-Кулжа районунда адам өмүрү кыйылды

Кара-Кулжа

Сүрөттүн булагы, ӨКМ

Селден кийинки көрүнүш

Сүрөттүн булагы, ӨКМ

Кыйраган мүлк, турак-жайлар камсыздалды беле деген суроо турат

Сүрөттүн булагы, ӨКМ

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кара-Кулжа районунда селдин кесепетинен адам өмүрү кыйылган учур катталды. Мырзаке-Кара-Кулжа-Алай-Куу жолунун “Шимек” тилкесинде жеңил унааны сел агызып кеткен. Андан тышкары дал ушул аймакта бара жаткан дагы бир унаа селге кабылды. Жеңил унаанын ичиндеги төрт кишинин үчөө тирүү калып, рулду башкарып келе жаткан киши каза болду.

“Каза болгон жаранды суу бир топ жерге чейин агызып барган. ӨКМдан жыйырма эки, республикалык куткаруу отрядынан он куткаруучу түнү менен издеп, 21-апрелде эртең мененки саат жетиден өткөндө сөөгүн таап туугандарына өткөрүп беришти. Экинчи унаанын ичиндеги кишилер аман-эсен куткарылды”,- деди ӨКМнын райондук бөлүмүнүн башчысы Азиз Тагайбеков.

Аймактагы жергиликтүү тургундар Мырзаке-Кара-Кулжа-Алай-Куу жолунун аталган тилкеси өтө кооптуу экенин айтып келишет. Маалыматка караганда, дал ошол тилкеде буга чейин дагы ушул сыяктуу кырсыктар катталган.

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алай-Куу жолу оңдолгондо көчкү түшүп, сел жүрүү коркунучу бар деп бир канча жерге асфальт төшөлгөн эмес.

“Ал эки колоттун ортосу. Суу ошол жерден өтөт. Кантип алдын алуу керек айтуу кыйын. Мен ал жерди жакшы билем”,- деди жергиликтүү тургун Жусупбек Мамиев.

Мамаевдердин короо-жайы

Сүрөттүн булагы, ӨКМ

Мамаевдердин короо-жайы

Сүрөттүн булагы, ӨКМ

Сел бир туугандар Жусупбек жана Бакыт Мамиевдердин үйүн жараксыз абалга алып келди. Коңшу жашаган эки бир тууган үйүндө жашоого мүмкүн болбой калганын айтышууда. Алар окшош салынган төрт бөлмөлүү үйлөрдө турушчу экен.

“Бир үйдө ондой киши жашачу элек. Мен туугандардын үйүндөмүн, калган бүлөөм кызымдын үйүндө баш калкалап жатышат. Беш мүнөттүн ичинде эле суу үйдөн бери каптады. Анча-мынча керектүү буюм-тайымдарды жана документтерди алганга гана жетиштик. Ылайды көрсөңүз 20-30 см чейин жетет”,- деди Жусупбек Мамиев.

Бир туугандардын айтымында, аларга окшоп үйлөрү жараксыз абалга кептелген үй-бүлөөлөр арбын.

“Үйүм жараксыз. Суу бир метрге жакын көтөрүлдү, аралап баса албайсың. Айнекке чейин чыгып кетти. Мага убактылуу жашап турганга айыл өкмөттөн социалдык объектилерден бөлмө бөлүп беришти. Бирок учурда туугандардын эле үйүндөмүн”,- деди Бакыт Мамиев.

Сел каптаган айылдар...

Тазалоо иштери уланууда

Сүрөттүн булагы, ӨКМ

ӨКМнын Кара-Кулжа району боюнча бөлүм башчысы Азиз Тагайбековдун айтымында, район боюнча эки айыл өкмөттү сел каптады.

Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн Сары-Булак, Ак-Кыя айылдарын жана Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн Ылай-Талаа айылын.

“Жалпы Кара-Кулжа району боюнча элүүдөн ашык турак үйдү жана алардын чарбаларын суу каптады. Арасында жараксыз абалга кептелгендер дагы бар. Учурда тактоо иштери дале уланып жатат. Эки жакта тең куткаруучулар жана экиден төрт техника иштеп жатат”,- деди ал.

Ошондой эле ал Кара-Кочкор айыл өкмөтүндө сел жети баш койды агызып кеткенин кошумчалады.

Өзгөн жана Кара-Суу райондорундагы абал

Жолдор бузулду

Сүрөттүн булагы, ӨКМ

Сел Өзгөн районунун Кызыл Октябрь айыл өкмөтүнүн Беш-Абышка айылын каптады.

Райондун Жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы Дастан Тааловдун айтымында, бир мектептин, бир мечиттин жана алты үйдүн короосуна суу кирди. Эки электр мамычасы кулады.

“Ички жолдор жабыркады. Адам өмүрүн алган фактылар жок. Техникалар болушунча иштеп жатат. Буга чейин шашылыш билдирүүлөрдүн негизинде эскертүүлөр берилген. Жыл башында кооптуу участоктор аныкталып, сайларды тазалоо иштери жүргүзүлгөн”,- деди ал.

Кара-Суу районунда алты айыл өкмөттүн жолдорун, турак-жайлардын, социалдык объектилердин короолорун сел каптады.

Тазалоо иштери

Сүрөттүн булагы, ӨКМ

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тазалоо иштери

ӨКМнын Кара-Суу району боюнча бөлүм башчысы Сүйүн Осмонов, болжол менен 40-45 объектинин короолоруна сел суулары кирди деди. Учурда 25 куткаруучу тазалоо иштери жүргүзүп жатканын айтты.

“Манас айыл өкмөтүнөн үч мал жандыкты агызды, бирөөнү аман алып калышты. Дагы башка айылдардан 7 тайды, бир торпокту агызып кетти. Баш-Булак айылында ошол күндөрү нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен 2011-жылы туулган 7-класстын окуучусуна чагылган тийип кала болду”,- деди ал.

Айтымында, райондо 2022-жылдын 5-августунда сел жүрүп, аймак сел каптоо коркунучу бар деген тизмеге кирген.

Жалпылап алганда бардык райондордо тең селден жабыркаган объектилер дале такталып, калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Азырынча материалдык чыгымдардын суммасы так аныктала элек.

Бир заматта кыйратып кеткен тилсиз жоонун кесепетинен улам мүлктөр, турак-жайлар камсыздандырылганбы, эгер камсыздандырылса кандай кенемте алат, камсыздандырбагандардын абалы кандай болот деген маселе өзүнөн-өзү күн тартибине чыкты.