"Алтын менен күмүшкө тең болосуң аккан суу": Чириген байлардын жашоосундагы жаңы тренд

Сүрөттүн булагы, Milin Patel
- Author, Сунет Перера
- Role, BBC World Service
Сиз мыкты винонун ордуна мөлтүр кашка суу сунуштаган ресторан жөнүндө же шампан менен жемиш ширесинин ордуна стаканда H2O көтөргөн үйлөнүү үлпөтүн уктуңуз беле?
Биз айтып жаткан суу минерал же түтүктөн келген сууга караганда абдан кымбат, анын бир бөтөлкөсү жүздөгөн доллар турушу мүмкүн.
Аны тамактанып жатканда, стейк менен балык жеп жатканда ичкен сонун, вино менен алмак-салмак ичсе да болот.
Мындай кымбат суулар мөлтүр кашка суу катары белгилүү, алар вулкандык тектер, эриген мөңгү же тумандын тамчысы сыяктуу жаратылыш булактарынан алынат.
Азыркы учурда дүйнөдө мыкты суулардын жүздөгөн бренди бар, ал түгүл ал тууралуу жакшы кеңеш бере турган эксперттер да бар.
Суунун даамы барбы?

Сүрөттүн булагы, Milin Patel
Винону дегустация кылгандай эле, суунун да эксперттери бар, алардын жумушу ар бир продуктуну татып көрүп, аны минералдык көз караштан, даамын жана ооздогу сезимдерге чейин өзгөчөлүгүн баалап берүү.
"Суу - жөн эле суу эмес. Биздин дүйнөдө ар бир суу өзгөчө жана өзүнчө даамы бар",- дейт суу боюнча кеңешчи. Ал Лондондо бир дүкөндө башкаруучу. Ал түтүктөн келген же бөтөлкөгө куюлган сууларга кызыккан адамдарга дегустация кылып берет.Патель Би-Би-Сиге анын миссиясы адамдарды, айрыкча жаш муундарды агартып, суунун ар кандай түрү же даамы жөнүндө айтып берүү экенин билдирди.
"Эсиңиздеби, биз мектепте табигый гидрологиялык циклдарды окуганбыз. Буулануу, конденсация жана жаан. Бирок биз бир учурун - реминерализацияны караган эмеспиз", - дейт ал.
"Жаан жерге жетер замат сиңип кетет, андан ары ар кандай таштарга же кыртышка кирип, кальций, магний, калий, кремнез сыяктуу минералдар менен байыйт. Дал ушул прлоцесс сууга минералдык даам берет",-деди Патель.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Пателде бүт дүйнөдөн алынган ар кандай суулардын коллекциясы бар. Анда түтүктөгү суудан баштап бөтөлкөсү 250 фунт стерлинг (318 доллар) турган мөлтүр сууга чейин бар. Анын сеанстарында суунун даамын татып көргөн адамдар ар бир суунун өзүнчө даамы бар экенин билишет.
"Биз адамдарга суунун даамсыз эмес экенин көргөнгө мүмкүнчүлүк беребиз. Сиз сууну изилдеп жана анын касиетин билип баштаганда, сөз байлыгыңыздын көбөйгөнүнө өзүңүз таң каласыз",-дейт Патель. "Бизде эң сонун сөз байлык бар - сууну жумшак, ширин, сайгылак, баркыт, кээде ачуу же кычкыл дейбиз. Мен муну акватастеология деп атайм".
"Көп адамдар "Оо, бул менин жаштыгымды эске салат", "бул мага бир майрамды эске салат" же "менин чоң ата-чоң энемдин үйүнө эске салат" деп көп айтышат.
Суу дегустаторлорунун конкурсу
Fine Water Society коому жыл сайын Бутандан баштап Эквадорго чейин бүт дүйнөнүн сапаттуу суу чыгаруучуларын чогултуп, эл аралык дегустациялык конкурстарды өткөрөт.
Жылдык саммитке келгендердин арасында алыскы райондордо суу чыгарып иштеген үй-бүлөлүк ишканалар көп.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Башында суунун дегустациясы анчалык деле кызык идея болгон эмес",-дейт Fine Water Society жана Fine Water Academy компанияларынын тең кожоюну доктор Майкл Маша.
"Мен бул процессти 20 жыл мурда аракты таштаганда баштагам",-деди Би-Би-Сиге. " Винону кокустан алып коюшканда мен столду кыдырып карап жатып, мурда көрбөгөн бөтөлкөдөгү сууга көзүм түштү. Мен аны винонун ордуна ичип көрөйүн деп чечтим".
Анын пикиринде мыкты суу адамдын суусунун эле кандырбай, анда да көп пайда берет: бул адамдар үчүн өзгөчө бир нерсени изилдөө, таратуу, ырахат алуу. Сиз балдарга вино менен мындай иш кыла албайсыз".
Азыркы учурда таза сууга суроо талап өсүүдө, дейт д-р Маша. Анын пикиринде арак ичкендер, газдалган ичимдиктерди ичкендер азайып, өзгөчө жаштар арасында сергек жашагандар көбөйүп жатат.
Андан сырткары, суунун мыкты сорттору өзүнчө бир маркалуу винолордой даңазалуу санжырасы менен сатылып, ого бетер кызыгуу жаратышы мүмкүн.
Суубу же тамакпы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Испания жана АКШ сыяктуу өлкөлөрдө кээ бир ресторандардын аштизмесинде кээ бир тамактарга атайын таза суунун түрлөрү сунушталат.
"Азыркы убакта мен АКШдагы Мишлен рестораны үчүн суу менюсун түзүп жатам. Биз абдан кылдат тандалган 12-15 сууну сунуштайлы деп атабыз, аны тамак жеген убакта жана жакшы атмосфера түзүүгө пайдаланса болот".
"Балыкка өзүнчө, стейкке өзүнчө суу берилет. Балык жегендеги суунун минерализациясы төмөнүрөөк болушу керек".
Доктор Маша ошондой эле супер заңгыраган үйлөр менен батирлердин долбоорун да иштеп жатат, анда вино погребдеринин ордуна "сууга ырахаттанып эс алчу бөлмөлөр" болот.
Доктордун айтымында, таза суу азыр диний көз караштан улам арак ичпеген элдерде, өзгөчө үйлөнүү үлпөттөрүндө абдан популярдуу болууда. Анын оюнча бул кымбат шампандын ордуна эң сонун альтернатива.
Албетте, бул тенденциянын дагы өзүнүн каршылаштары жок эмес.
"Этикалык жагынан туура эмес"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнөдө миллиондогон адамдар таза сууга жетүүнүн аракетин көрүүдө, көп адамдар ошондуктан эң жөнөкөй товарды сатуу идеясынан баш тартууда.
БУУнун маалыматына караганда, 2022-жылы дүйнөдө 2,2 миллиард адам таза сууга жетпеди, анын ичинде 703 миллион адам суу менен базалык деңгээлде камсыз болгон эмес.
Ошол эле убакта таза суунун модасын көз будамайлоо деп айткандар да бар. Суу - жөн гана суу, крандан алып ичкен суу менен бөтөлкөдөгү суунун же мыкты суунун айырмасы жок, болгон айырмасы анын баасында эле дешет.
Жаратылышты коргоочулар болсо суу куюлган бөтөлкөлөр таштандыга айланып, биздин планетага зыян алып келүүдө дейт.
Лондондогу Грешем коллежинин экология боюнча ардактуу профессору Кэролин Робертс миллиондогон адамдар таза сууга жетпей жатканда, бөтөлкөдөгү сууга жүздөн доллар коротууну этикалык жагынан туура эмес дейт.
«Бул кечки тамакка барганда өзүңдүн байлыгыңа манчыркагандай эле кеп. Эгер сиз "Антарктидадан же Гавайиден учак менен алып келинген бөтөлкө сууга мынча төлөйм десеңиз, жаныңыздагы адамдар өзүн ыңгайсыз сезиши мүмкүн. Мындан эч кандай пайда жок. Кептин баары акчада",-деди ал Би-Би-Сиге.
«Андан даа маанилүү маселе, курчап турган чөйрөгө абдан зыян. Микропластиктерге ажыраган пластикти өндүрүүгө отун керек, же суу куюлган айнек бөтөлкөлөрдү алыскы райондордон ташып келиш керек, андан зыяндуу углероддор абага ыргыйт",
«Демек, кеп акчада эле эмес. Кеп мөлтүр кашка деп аталган сууларды ташуудан келген экологиялык зыян жөнүндө болуп жатат".

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Анткен менен доктор Маша таза суу жалаң байларга гана чыгарылбайт дейт, анткени болгону эки доллар турган таза суу бар. Ал табигый таза суу менен табиятка зыян апкелип жаткан иштетилген суунун айырмасын белгилейт,
"Туруктуу өнүгүү көз карашынан алганда түтүктөгү сууну пластик бөтөлкөгө куюштун кереги жок. Сиз жолтандабасты минип супермаркетке барасыз, пластик бөтөлкөлөрдү үйгө алпарым суусун ичип бөтөлкөлөрдү ыргытып жибересиз. Бул аябай эле чыгым".
Бирок биз чоргодон ичкен суу эң чоң жыргалчылык экенин, көп адамдар буга жетпей жатканын унутуп калабыз". (МА)








