Нью-Йоркто кыз-келиндерди кыйнап өлтүргөн кутурган кылмышкер

АКШнын бийликтери он жылдай мурун катар-катар болгон киши өлтүрүү кылмышын иликтөөдө чоң жылыш болгонун кабарлады. Кеп 2010-2011-жылдары Лон-Айленд аралындагы Гилго-Бич пляжында сөөгү табылган он бир кыз-келиндин өлүмү жөнүндө болуп жатат. Прокуратура көп жылдык иликтөөдөн кийин кылмышка эң негизги шектүү адам – 59 жаштагы нью-йорктук архитектор Рекс Хойерман кармалганын кабарлады.

Архитекторго Меган Уотерман, Эмбер Костелло жана Мелиссы Бартелеминин (солдон оңго) өлүмү боюнча айып коюлду

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Архитекторго Меган Уотерман, Эмбер Костелло жана Мелисса Бартелеминин (солдон оңго) өлүмү боюнча айып коюлду

Архитектор жеген пиццанын калдыгынан алынган ДНК өлгөн кыздардын биринен табылган ДНКнын изи менен туура келгенден кийин гана полиция аны кармады. Хойерманнга үч аялдын өлүмү боюнча биринчи жана экинчи даражадагы киши өлтүрүү кылмышы боюнча айып коюлду. 2009-жылы өлтүрүлгөн Мелисса Бартелем, 2010-жылы өлтүрүлгөн Меган Уотерман жана Эмбер Костеллонун сөөгү табылгандан кийин кылмышты иликтөө башталган эле.

Хойерманн ошондой эле төртүнчү аялдын, 2007-жылы жок болуп кеткен Морин Брейнард-Барнстын өлүмү боюнча да негизги шектүү адам болуп каралууда.

Бул төрт аялдын окуясы басма сөздө «Гилго төртүлтүгү» деген ат менен белгилүү. Алардын сөөгүн 2010-жылы андан мурда жоголгон 23 жаштагы Шэннен Гилбертти издөө операциясынын жүрүшүндө кокустан таап алышкан.

Прокурор Рэй Тирнинин айтымында, «өлгөн бардык төрт аял тең кур же скотч менен бирдей байланган, ал эми үчөөнүн сөөгү мешокко окшогон материал менен оролгон". Бул төртөөнөн кийин полиция ушуга окшогон башка дагы өлтүрүлгөн адамдардын сөөгүн тапкан, алар баардыгы 11 болгон.

Тергөөчүлөр киши колдуу болгон кыз-келиндердин көпчүлүгү сойкулук менен алектенишкен деп жатат.

Ашынган киши өлтүргүчтүн колунан ажал тапкандардын арасында бир эркек жана бир ымыркай кыз бар. Бул кыздын, анын атасы менен энесинин ким экени алиге тактала элек.

Гилго-Бич

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кутурган киши өлтүрүүлөр болгон Гилго-Бич пляжы

«Кутурган кишинин кылмышы»

Хойерманн бейшембиде кечинде камакка алынды, ал эми жума күнү айып коюлганда сот аны күрөө менен чыгаруудан баш тартты, негизги себеби «эң кутурган кишинин кылмышы» деп атады.

«Рекс Хойерманн — биздин арабызда жүргөн шайтан, үй-бүлөлөрдү талкалаган жырткыч», - деп билдирди басма сөз жыйынында Саффолк графчылыгынын комиссары Родни Харрисон.

Кармалган архитектор сотто адвокаты аркылуу өзүн күнөөлүү эместигин билдирип, ошондон кийин ыйлап жиберген.

Адвокат Майкл Браундун айтымында ал өзүнө коюлган далилдерди «аябай эле үстүртөн» деп эсептейт.

Хойерманндын иши боюнча соттун эмки жыйыны 1-августта болот.

Рекс Хойерманды 2022-жылы шектүү катары карап иликтөөгө алып башташкан

Сүрөттүн булагы, RH CONSULTANTS AND ASSOCIATE

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Рекс Хойерманнды 2022-жылы шектүү катары карап иликтөөгө алып башташкан

Пиццанын калдыгынан алынган ДНК

Хойерманн - Манхэттенде 1987-жылдан бери иштеп келаткан архитектор, кылмышка негизги шектүү катары 2022-жылы карала баштаган. Андан бери тергөөчүлөр анын артынан аңдышып, ал жеген тамактардын калдыгынан ДНК чогултуп жүрүштү.

Эң акыркы далилдер ал жеп таштандыга ыргытып жиберген пиццанын калдыгынан алынды. Прокурордун айтымында, пиццанын калдыгынан табылган ДНК пляжда өлтүрүлгөн аялдардын бирөөсү оролгон мешокто калган генетикалык материалга туптуура келди. Мына ошондо гана иликтөөдө жылыш болду.

Пиццадан алынган ДНК

Сүрөттүн булагы, Reuters

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Хойерманндын ишинде ошондой эле телефондогу сүйлөшүүлөр, кредиттик карталар менен мобилдүү телефондордун эсеби да кылдат текшерилип, тергөөчүлөр бул адам кылмыш болгон убакта так ушул жакта жүргөнүн аныкташты.

Тергөөчүлөр бул адам өзү өлтүргөн аялдарга бир жолу гана пайдаланган телефондор менен чалып, аларды кийин жок кылып жиберип турган деп жатат. Анысы аз келгенсип, өзү өлтүргөн аялдардын телефонунан анын туугандарына чалып, мазактап ойночу экен.

Бул кылмыш ишиндеги дагы бир илинчек кылмыш жасалган райондо көзгө түшүп калган пикап автоунаасы болду. Көрсө, Хойерманн агасына катталган жашыл пикап айдап жүргөн экен, ал күбөлөрдүн айтканына туура келди, -деп кабарлады CNN.

Тергөөчүлөр Хойерманн бир жолку пайдаланган телефонунан ашынган киши өлтүргүчтөр темасына жана Лонг-Айлендеги өлтүрүлгөндөрдүн ишин иликтөөгө кызыгып, издегичке 200 ашык суроо салган дейт.

Тирнинин айтымында, Хойерманндын компьютеринде кыйноо менен коштолгон порнолор жана аялдар кыйнап өлтүрүлгөн сүрөттөр табылган.

«Ишке галстук тагынып, костюм кийип барчу»

Хойерманн Манхэттендеги эң алдыңкы фирмалардан болуп саналган RH Consultants and Associates архитектуралык компаниясына ээлик кылат,

AP агенттиги кабарлагандай, анын бир кызы жана багып алган эркек баласы бар.

Анын коңшусунун айтымында, Хойерманн күнүгө эртең менен жумушка галстук тагынып, костюм кийип, колуна портфель көтөрүп алып кычырап кетчү.

Анын сейфинен ок атуучу курал жана ага уруксат берген лицензиялар да табылды. (КС)