Европа лидерлери Лондондо эмнени макулдашты?

Сүрөттүн булагы, Justin Tallis - WPA Pool
Трамп менен Зеленскийдин кайым айтышуусунан бир күн өткөндөн кийин Европа лидерлери Лондонго чогулуп, ага украин президенти да катышты.
Ал саммиттен кийин Сандрингемдеги резиденцияда король Чарльз III менен дагы кезикти.
Европа лидерлери эмне жөнүндө сүйлөштү?

Сүрөттүн булагы, Reuters
"Саммиттин негизги максаты согушту токтотуу планын иштеп чыгуу", - деди Британиянын премьер-министри Кир Стармер. Аны кийинчерээк АКШ менен талкуулап, "бирге ишке ашырабыз" деди ал.
Жолугушуунун катышуучулары төмөнкүлөрдү макулдашты:
- Согуш маалында Украинага аскердик жардам берүүнү улантуу жана Орусияга экономикалык басымды күчөтүү.
- Тынчтык макулдашуулары Украинанын суверенитетин жана коопсуздугун камсыз кылышы керек жана Украина сүйлөшүүгө катышышы керек.
- Тынчтык келишими түзүлсө, европалык лидерлер келечекте Орусиянын Украинага басып кирүүсүн алдын алууга аракет кылышат.
- Украинаны коргоо жана өлкөдөгү тынчтыкты камсыз кылуу үчүн "ыктыярчылардын коалициясы" түзүлөт.
Британ лидери аталган келишим АКШнын колдоосуна муктаж экенин айтып, "Европа оор жүктү көтөрүшү керек" деди.
"Биз тезинен тынчтыкты орнотушубуз керек. АКШ президенти дагы ушул тууралуу айтып жатат. Эми буга жетүү үчүн чогуу аракеттенишибиз керек", - дейт Стармер.

Сүрөттүн булагы, Chris J. Ratcliffe/Bloomberg
Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Европа менен АКШ ынак мамиледеги өнөктөштөр деди:
"Кошмо штаттарды ишенимсиз союздаш деп айткандарга кошулбайм, бири-бири менен мынчалык тыгыз байланышта болгон башка өлкө жок. Бул Америка менен биргеликте жана алардын колдоосу менен иштеп жаткан план. Ошондуктан кечээ Трамп менен сүйлөштүм".
Бирдиктүү пландын үстүндө иштөөнү улантуу боюнча европалык лидерлер жакында кайрадан жолугуша турганы кабарланды.
"Азыр куру сөздүн учуру эмес, тынчтыкка жетүү үчүн жаңы планга ылайык аракет кылууга жана биригүүгө убакыт келди", - деди Стармер.
"Эң жаман сценарийге даярдануу керек"

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен Европа лидерлеринин Лондондогу саммитин "жакшы жана ачык талкуу" деп мүнөздөдү.
Анын айтымында, Киевге керектүү коопсуздук кепилдиги, анын ичинде Украинага күчтүү позицияны берүү жана аны коргоо үчүн керектүү каражаттар менен камсыздоо тууралуу ачык талкуу өттү.
Еврокомиссиянын башчысынын айтымында, бул Украинанын экономикасына да, аскердик туруктуулугуна да тиешелүү.
"Коргонуубузду чыңдашыбыз керек, алдыга чоң кадам ташташыбыз керек. Евробиримдиктин так планы болушу абзел. Азыр [коопсуздукка] чыгымдарды көбөйтүү биз үчүн өтө маанилүү, эң жаман сценарийге даярдануу керек", - деди Урсула фон дер Ляйен.
Ал ошондой эле Дональд Трампка кайрылып, демократияны коргоодо, мыйзам үстөмдүгүнүн принцибин сактоодо АКШ менен бирге болууга даяр экенин, ага ылайык кошунага кол салып же чек араны күч менен өзгөртүүгө болбой турганын айтты.
"Келечектеги согуштун алдын алуу, аны болтурбоо биздин жалпы кызыкчылыгыбыздагы иш", - деди Урсула фон дер Ляйен.
Жыйынга катышкан НАТОнун баш катчысы Марк Рютте европалык көптөгөн өлкө коргонуу үчүн чыгымдарын көбөйтө турганын жана бул "АКШ менен адилет балансты" калыбына келтириши керектигин билдирди.
Саммитке Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан да катышты. Ал Украина менен Орусия өздөрүнүн тынчтык сүйлөшүүлөрүн Түркиянын ортомчулугу менен ушул өлкөдө өткөрө алат деп сунуштады.
Саммитке Балтика өлкөлөрүнүн лидерлери чакырылган жок. Британ премьер-министри Кир Стармер видеоконференция учурунда Эстония, Литва жана Латвиянын президенттеринен кечирим сурап, кийинки жолугушууларда катачылык оңдоло турганын убада кылды. Стармер Украинаны колдоодогу Балтика өлкөлөрүнүн ролу жөнүндө да кеп козгоду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Европа ойгонду": саммитке реакция
Польшанын премьер-министри Дональд Туск европалык лидерлердин Лондондогу саммитинен кийин "Европа ойгонду" деп жазды. Тусктун айтымында, европалык лидерлер Украинага жардам берүү, трансатлантикалык тыгыз кызматташтык жана чыгыш чек араны бекемдөө маселелери боюнча бирдиктүү позицияга келе алды.
"Биз Украина жана андагы тынчтыкты орнотуу маселесине өтө этият болушубуз керек. Себеби бул келишим кайра эле бузулуп кетиши мүмкүн. Тилекке каршы биз буга чейин мындай көрүнүшкө күбө болдук", - деди Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони.
Германиянын кызматтан кетип жаткан канцлери Олаф Шольц "трансатлантикалык альянс" АКШ, Канада жана Европа үчүн "коопсуздуктун ачкычы" бойдон кала берерин айтты. Аталган альянс соңку жылдары "жаңы мүчөлөр жана коргонуу чыгымдары аркылуу" бекемделгенин кошумчалады.
Нидерланддардын премьер-министри Дик Схооф "континенттин коопсуздугун камсыз кылууда Европа көбүрөөк роль ойношу керек" деп айтты.

Сүрөттүн булагы, PA Media
Падышага костюму жок барган Зеленский
Саммиттен кийин Володимир Зеленский Улуу Британиянын королу Чарльз III менен жолугушту. Журналисттер кайрадан украин лидеринин кийимине көңүл бурду. Себеби Зеленский бул ирет дагы костюму жок эле барды.
Король Чарльз III анын кийимине көңүл бурган дагы жок, деп жазды айрым журналисттер.
Өткөн апта соңунда Зеленский Вашингтонго да ушундай эле кийим кийип барганы үчүн бул Трамптын да, айрым журналисттердин да көңүлүн бурган, айрымдар муну "Овал кеңсесин сыйлабоо" катары мүнөздөгөн эле.












