Украинадагы согуш кандай аяктайт? Москва, Киев, АКШнын сценарийи

Елизавета Фохт, Би-Би-Си

Украинадагы согушту токтотуу Трамптын чоң убадаларынын бири, бирок ал кантип токтото турганын чечмелеп айткан эмес

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинадагы согушту токтотуу Трамптын чоң убадаларынын бири, бирок ал кантип токтото турганын чечмелеп айткан эмес

Орусиянын Украинага каршы согушундагы кезектеги тагдыр чече турган учур. Кошмо штаттары өз ракеталары менен Орусиянын аймагына атууга Киевге уруксат берген соң Москва жаңы баллистикалык ракетасын колдонуп эле тим болбой Европага сокку ура турганын айтып коркутту. Орус армиясы Донбаста чабуулдарын күчөтүп, Курск облусунда болсо түндүккореялык аскерлердин жардамы менен жүрүшүн улантып жаткан маалы.

Мунун баары АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп кызматына киришет деп жаткан чакта болуп жатат. Ошол эле учурда ушундай окуялардын тушунда Москва менен Киевдин ыктымалдуу тынчтык сүйлөшүүсү тууралуу кеп-сөздөр күчөдү.

Би-Би-Си согуштун негизги катышуучулары жана алардын союздаштары согуштун аякташынын сценарийин кандай көрүшөт жана соңку мезгилде алардын позициялары кандай өзгөргөнү тууралуу талдап берет.

Украинадагы согуштун башталганына 1000 күндөн ашты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинадагы согуштун башталганына 1000 күндөн ашты

Орусия: Путин басып алган аймактардын аннексияланганын таанып, НАТО Киевди кошуп албоосун талап кылат

Орусиянын президенти Владимир Путин ушул жылдын жай мезгилинде тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо үчүн өз талаптарын айткан. Анын шарттары төмөнкүдөй:

  • Украина оккупацияланган Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарынан аскерлерин толугу менен чыгарып кетүүсү керек. Башкача айтканда, Орусия Украинанын басып алган аймактары эле эмес, Киев көзөмөлдөгөн аймактар (мисалы, Херсон, Запорожье шаарлары) тууралуу дагы сөз жүрүп жатат;
  • Киев НАТО уюмуна кошулуу планынан расмий түрдө баш тартып, башкача айтканда нейтралдуу статуска макул болушу керек;
  • Крым, Севастополь жана Украинанын чыгышындагы аннекцияланган аймактардын статусу эл аралык келишимдерде Орусиянын аймагы катары каралышы керек;
  • Орусияга каршы санкциялар алынышы керек;
Путин мүмкүн болгон аянтчалардын баарында Орусиянын позициясын айтып, Батышты сындап келе жатат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Путин мүмкүн болгон аянтчалардын баарында Орусиянын позициясын айтып, Батышты сындап келе жатат

Путин, эгерде бул шарттар аткарыла турган болсо Москва ошонун эртеси эле сүйлөшүүгө келе турганын айткан эле. Ал Киев аскерлерин чыгара баштаса эле дароо "ок атышууну токтотуу буйругун берүүгө" даяр экенин билдирген. Украинанын президенти Володимир Зеленский Путиндин сунушун ультиматум деп атаган.

Кайсы бир суроолордо Кремлдин позициясы баштапкы талаптарынан айырмаланып турат. Орус бийлиги согуш башталгандан тарта "атайын аскердик операциянын" максаттары тууралуу абдан бүдөмүктөтүп айтып келе жатат. Алардын ичинен эң эле көп эскерилгендери: "денацификация", "демилитаризация" жана Донбастын жашоочуларын коргоо. Бирок жакында эле иликтөөчүлөрдүн "Система" басылмасы Украина менен тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча Орусиянын алгачкы сунушун таап жарыялашты. Ал кезинде басып кирүү башталгандан кийин Москва Киевге жолдогон талабы эле.

Алардын арасында — армиянын санын 50 миң кишиге чейин кыскартуу каралган. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн беш эсе аздык кылат. Куралданууну дагы коңшусу Белорусияга караганда минималдуу чекке түшүрүү талабы жана декомунизация жөнүндөгү баардык мыйзамдарды жокко чыгарып, орус тилин расмий тил катары таануу талабы коюлган. Башкача айтканда, Орусия Украинанын толук капитуляциясына жана өлкөлкөдөгү бийликти алмаштыруу ыктымалына ниеттенген.

Азыр бул тууралуу сөз болбой калды. Ошентсе дагы эгерде сүйлөшүүлөр башталып кала турган болсо украин армиясынын санын кыскартуу тууралуу сөз чыкпайт деп жокко чыгарууга болбойт. Мындан сырткары Орусия басып алган аймактарды таануу тууралуу маселени таңуулайт. Согуш жаңы башталган жана Стамбулда сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан мезгилде Орусия Украинанын аймактарын формалдуу аннекциялап алганга үлгүрө элек болчу жана алардын статусун талкуулоо маселесин калтырууга макул эле.

Эрдоган согуш башталган учурда дагы, кийин дагы Түркия ортомчулук кылууга даяр экенин бир нече ирет билдирген

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эрдоган согуш башталган учурда дагы, кийин дагы Түркия ортомчулук кылууга даяр экенин бир нече ирет билдирген

Путин ар убак сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр экендигин айтканы менен чыныгы көрүнүш башкача. Орус аскерлери Донбаста жана Курскта чабуулдарын улантып жатат. Telegraph басылмасы Путин бул аймактарды Дональд Трамптын инауграциясына чейин басып алууну каалап жатканын жазган.

21-ноябрда Орусия Украинага карата орто аралыкка уча турган "Орешник" деп аталган жаңы баллистикалык ракетасын пайдаланды. Путин ушул эле курал менен НАТО өлкөлөрүнүн аймагына сокку урулушу мүмкүн экенин айтып коркутту. Мунун баары Орусия тынчтык сүйлөшүүлөрүнө ашыкпай турганын баардык жагынан көрсөткөндөй болду.

Украина: Зеленский Киевдин позициясын чыңдоо үчүн "тынчтык планын" колдоону суранууда

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Украинанын Орусия менен сүйлөшүү боюнча позициясы бир канча жолу өзгөрдү. Адегенде Киев орусиялык делегация менен сүйлөшүүгө макул болгон.

Бирок 2022-жылдын орто ченинде ал келишим токтотулуп, Зеленский Путин менен сүйлөшүү мүмкүн эместиги тууралуу чечим чыгарган. Бирок соңку айларда украин президенти согушту дипломатиялык жол менен жөнгө салуу тууралуу көп айтып келет, бирок анын эң негизги маселеси — Украинанын сүйлөшүүлөрдөгү позициясы бекемделген шартта деп жатат.

Киев бул сунушту "Зеленскийдин жеңиш планы" деп атайт. Ал муну быйыл күздө алып чыкты. Анда эң негизги беш маселе камтылган:

  • Украина НАТО уюмуна формалдуу чакыруу алуусу керек;
  • Украинанын коргонуусун чыңдоо. Батыштагы өнөктөштөр Орусиянын аймагына сокку урууга коюлган чектөөнү алуусу керек, чалгындоонун маалыматтарын дароо бөлүшүп жана Украинанын аба-соккуларынан коргонуу сиситемасын күчтөндүрүү;
  • Украина Орусиядан келе турган коркунучту кармап турууга зарыл болгон "өзөктүк эмес стратегиялык пакеттин комплексин" өз өлкөсүнүн аймагына жайгаштыруу;
  • Батыш өлкөлөрү менен биргеликте Украинадагы экономикалык ресурстарды пайдалануу (мисалы, пайдалуу кендерди) жана Орусияга каршы санкцияларды күчөтүү
  • Согуш аяктагандан кийин АКШнын Европадагы кайсы бир аскер контингенттерин украиналык аскерлер менен алмаштыруу

Киевдин планы боюнча, бул шарттардын баары аткарыла турган болсо Орусия сүйлөшүүлөргө аргасыз болот. Алардын бири жарым-жартылай аткарылды. АКШ алыс аралыкка уча турган ракеталары менен Орусиянын аймагына атууга уруксат берди. Мындай соккулар урулууда, Орусия муну конфликтти эскалация кылуу деп атап, өзүнүн өзөктүк доктринасын өзгөрттү. Башка пункттар боюнча союздаштардын макулдугу жок.

Financial Times Зеленский акыркы эки пунктту Дональд Трамптын жеңишин "мээлеп", республикачылар менен кызматташтыкта жазган деп ишендирди. Алардын жүйөөсүндө, бул маселе АКШнын Европага аскердик колдоосун азайтуу темасына үндөшөт.

Трамп талакер кезинде эле Путинди дагы, Зеленскийди дагы абдан жакшы билээрин айып, согушту токтотуп коё аларын айтып келген

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамп талакер кезинде эле Путинди дагы, Зеленскийди дагы абдан жакшы билээрин айып, согушту токтотуп коё аларын айтып келген

"Жеңиш планына" караганда, Киев НАТО уюмуна кирүүдөн дагы, өз аймактарынан дагы баш тартпайт. Ошол эле учурда Financial Times, украин бийликтери чынында эле аймактарды аскердик жол менен кайтарып алуудан формалдуу баш тартууну (бирок юридикалык жактан эмес) НАТОго мүчөлүк жана кепилидиктерге айырбаштоону сүйлөшүп жатат деп жазды.

Соңку апталарда чындап эле Киевдин риторикасы боюнча, украин бийлиги 1991-жылы аныкталган чек ара боюнча өз аймактарын толугу менен аскердик жол менен кайтарып алуу мүмкүн деп эсептебей калгандай.

"Биз юридикалык жактан муну тааныбайбыз. Биз муну кабыл албайбыз. Экинчи жагынан, куралдын күчү менен Путиндин колунан 1991-жылдагы чек ара сызыгын жулуп алгыдай күчүбүз азырынча жок. Биз Крымды кайтарып алуу үчүн деп он миңдеген кишибиздин өмрүн садага чаба албайбыз... Биз Крымды дипломатиялык жол менен кайтарып алса боло тургандыгын түшүнүп жатабыз",- деди Зеленский Fox News маалымат каражатына курган маегинде.

Украинадагы согуш дагы канчага созула турганын так айтуу кыйын

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинадагы согуш дагы канчага созула турганын так айтуу кыйын

Бул Зеленскийдин риторикасындагы олуттуу өзгөрүү. Ал жакында эле Украинанын эл аралык коомчулук тааныган чек арасынын аймагынан орусиялык аскерлерди толугу менен чыгарып салмайынча согуштун аякташы тууралуу эч кандай кеп болбой тургандыгын айткан эле.

Киев Орусияны сүйлөшүүгө келтирүүчү дипломатиялык жолду кандай көрөт? Мурда Украинанын планынанк араганда, алар Москваны Тынчтык саммити деп аталган жыйынга чакыруу планы болгон. Ушул эле өткөн жайда Швейцарияда анын биринчи жыйыны болуп өткөн, экинчиси ноябрь айында өтөт деп белгиленген эле.

"Ал жакка сөзсүз түрдө Орусиянын өкүлдөрү келиши керек. Биз Орусия тарапсыз бул согушту дипломатиялык жол менен аяктоо мүмкүн эмес экендигин түшүнүп жатабыз",- деген эле Зеленский. Ал бул тууралуу сентябрь айында айткан.

Зеленскийдин планы боюнча, тынчтык саммитинин күн тартибиндеги "тынчтыктын формуласы" ал 2022-жылы дүйнөгө тааныштарган он пункттан турушу керек. Алардын арасында азык-түлүк, өзөктүк жана энергетикалык коопсуздук, туткундарды бошотуу (анын ичиндеп депортацияланган балдарды дагы), ошондой эле орусиялык аскерлерди чыгарып, келтирилген зыян үчүн репарация төлөө каралган.

Орусия тарап саммитке катышууга кызыкдар экенин билдире элек. Ал тууралуу Украинада да аз сөз болот. Экинчи саммит белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Бирок азыртан эле башка пункттар тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатышы мүмкүн. Октябрь айында Financial Times басылмасы Украина менен Орусия эки тарап тең энергетикалык обьектилерге сокку урбоо боюнча эки тарапка тең пайдалуу сүйлөшүүлөрдү баштоо боюнча талкуулап жатышканын жазган. Ортомчу катары Катар чыкты. Ортомчу тарап бул даярдыкты биринчи саммиттен кийин баштаган эле. Сүйлөшүүлөр украин армиясынын Курск облусуна басып кириши менен токтоп калган.

Тараптар сүйлөшүү фактылары боюнча комментарий берген жери жок. Бирок Володимир Зеленский, энергетикалык обьекттерге сокку урууну токтотуу согуштун аякташына карай бир кадам болуп калаарын айткан. Кычыраган кыш келе жатканын эске алганда бул Киев үчүн абдан сезимтал маселе.

Бирок бул сүйлөшүүлөр кайсы стадияда турганы белгисиз, түшүнүксүз жана азырынча айтаарлык деле жыйынтык бере элек. Ноябрдын орто ченинде Орусия согуш башталгандан бери карай энергетикалык обьекттерге массалык соккуларын урду. Анын айынан Украина боюнча сааттап электр энергиясы өчтү.

АКШ: Баары Дональд Трамптын планын күтүп жатат

Согуштун аякташы боюнча кандай гана сценарий болбосун АКШнын позициясы чечүүчү бойдон кала берет. Ошондон улам Америкадагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарына Киев дагы, Москва дагы көз ирмебей үңүлө карап турушту.

Январь айында АКШнын президенттигине Дональд Трамп келет. Ал өзүнүн үгүт кампаниясынын жүрүшүндө, согушту инауграциясына чейин эле, керек болсо бир сутка ичинде эле токтотуп сала ала турандыгын бир нече жолу айткан. Шайлоодогу жеңишинен кийин өзү дагы, анын айланасындагылар дагы согушту жөнгө салуу боюнча эч кандай конкреттүү планын тааныштыра элек. Бирок анын контурларын массалык маалымат каражаттарына белгилүү болуп калган маалыматтар, Ак үйгө жана башка мекемелерге Трамптын командасында иштөөгө чакырылган талапкерлерге карап чечмелөөгө болот.

Өткөн жайда эле Reuters агенттиги, Трамп президент болуп турган кезде Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү болушкан отставкадагы генералдар жана Трамптын кеңешчилери Кит Келлог жана Фред Флейтц иштеп чыккан план тууралуу жазышкан. Алар Киев Кремль менен сүйлөшүүгө макул болмоюнча, Украинаны колдоону токтотууну сунуш кылышкан. Кокустан Орусия тарап баш тарта турган болсо анда Киевди колдоо күчөй турганын айтып, Кремлди коркутаарын белгилешкен. План конфликтти азыркы жеткен чийиндеринде "тоңдуруп" салууну дагы камтыган.

Флейтц план боюнча анын "ар бир сөзүн" макулдашпаганына карабай, ал план Трампка жаккандыгын айткан. Республикачылардын расмий өкүлдөрү республикачынын планынан оолакташкан эле.

Дональд Трапм

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Трамптын шайлоодогу жеңишинен кийин анын командасынын деталдуу планы тууралуу талкууну Wall Street Journal жарыялады. Гезит, болочок президенттин чөйрөсүндөгүлөр бир нече сценарийди талкуулап жатканын белгилеген. Бирок алар азыркы администрациянын Украинанын колдоо боюнча "канча керек болсо ошончо" деген принцибине ыктабай турат. Трамптын уулу атасы шайлангандан кийин "жакында Зеленский жөлөк пулунан кол жууйт" деп тамашалды. Ал бул тууралуу коомдук сайттагы баракчасына жазды.

Wall Street Journal сунуштун башка бир орток жагы бар экенине ишендирүүө. Алардын баардыгы Украинанын НАТО уюмуна кабыл алуудан баш тартып, фронттун линиясын азыркы позициялары менен "тоңдуруп" коюу.

Формалдуу алып караганда, Байдендин администрациясы дагы Украинанын НАТО уюмуна киришине уруксат берген жок. Украин президентинин Вашингтонго сапарынан кийин, америккалык басылмалар, Ак үй Зеленскийдин "тынчтык планына" ишенбөөчүлүк менен карашканын жазышкан. Ошол эле учурда Le Monde президенттик шайлоого чейин, АКШнын Киевди НАТОго чакыруу боюнча башында өзгөрүлгөнү менен Вашингтондун бул суроо боюнча принципиалдуу каршылыгы жок экенин жазган.

Трамптын президент болуп шайланышы Украинаны альянска кабыл алуу ыктымалын жогорулата турганын украинанын атын атабаган чиновнигине шилтеме берип, Reuters жазып чыккан эле. Wall Street Journal Трамптын командасы азыр талкуулап жаткан пландын бири боюнча, Киев жакынкы жыйырма жылда альянска кирүү маселесинен баш тартат. АКШ буга жооп кылып, Орусиянын опузасын ооздуктап туруу үчүн Украинаны курал-жарак менен камсыздоосун улантат.

Ушул эле планда тараптар демилитаризацияланган зоналарды түзүп, ал жактарга европалык тынчтык орнотуучуларды жайгаштыршат.

Ак үй болсо согуштун тезирээк аякташына умтулуп, тышкы саясат боюнча талапкерлерин тандап, көрсөтөт.

Трамп сенатор Марк Рубиого Госдепти жетектөөнү сунуш кылды. Рубио мурда Путиндин "гангстер" деп атаганына карабай, соңку айларда Украинадагы согуш туңгуюккка кептелип калганын жана анын аякташына жетишүү зарылдыгын айтууда.

Трамп Улуттук чалгын кызматынын башчылыгына Тулси Габбарды чакырды. Ал Орусиянын НАТОго Украинанын чакырылышынан кооптонуусу легитимдүү деп атап, Байденди Киевге аскердик колдоо көрсөткөндүгү үчүн сындаган.

Трапмтын болочок администрациясынын Улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы конгрессмен Майк Уолтц болот. Ал Орусиянын басып киришин сындаганы менен жазында Киевге аскердик жана каржылык колдоо көрсөтүүгө каршы добуш бергендердин бири.

Эми көп нерсе Трамп Украина боюнча өкүлү кылып кимди дайындай турганынаан көз каранды болот. Азыр Ак үйдлө андай кызмат жок, бирок Reuters алган маалыматка караганда, республикачылар аны түзүүнү ойлонуп жатышат. Агенттик тактаган маалымат таяна турган болсо бул кызматка АКШнын Германиядагы мурдагы элчиси Ричард Греннелдин талапкерлиги каралууда. Ал мурда согушту тезинен токтотуп, Украинаны НАТОго кабыл алуу тууралуу айткан.

Владимир Путин Трамптын согушту токтотууга умулуу тууралуу айтканы көңүл бура турагн маселе экенин айткан.

Трапмтын президенттик шайлоодогу жеңишинен кийин Киев тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн келечегине кандай карайт деген маселеге Би-Би-Синин Украин кызматы кенен токтолгон. Украин бийлиги бир тарабынан Байдендин башкаруу мөөнөтүнүн соңку айларында мүмкүн болушунча көп колдоо алып калууга умтулат. Экинчи жагынан, жаңы администрация менен байланыштарды колго алууну көздөйт.

Европа: Украинага колдоону убада кылууда, бирок согуш кандай аякташы керек деген маселеде ар кимиси ар башка ойдо

Украинанын европалык союздаштары тынчтык жолу менен жөнгө салуу планы менен чыгыша элек. Европа Биримдигинин формалдуу позициясы белгилүү. Ал Киев Москва менен качан, кантип сүйлөшүү керектигин өзү чечет жана ага чейин ЕБ Украинаны каражат жана курал-жарак жагынан колдой берет.

Согуштун аякташы деген сценарийге келгенде биримдиктин мүчөлөрүнүн пикирлери ар башка. Киевдин создаштарынын арасынан эң эле консервативдүү көз карашты карманганы бул Германия. Германия көмөк көрсөтүү жагынан АКШдан кийинки эле экинчи орунда турат.

Германиянын канцлери Олаф Шольц Орусия менен тикелей жоолашып калуудан оолак болуу үчүн Украинанын НАТОго кошулушуна каршы чыгып келет. Ал бул позициясын Орусия "Орешник" деп аталган баллистикалык ракетасын колдонуп, керек болсо аны менен Европага сокку ура турганын айтып жаткан учурда дагы өзгөрткөн жок. Тескерисинче, Европа согуштун эскалациясынан мүмкүн болушунча качышы керек деген оюн дагы бир жолу кайталады.

Мындан сырткары Шольц ноябрь айынын орто ченинде дээрлик эки жылдан бери биринчи жолу Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Берлин канцлер Путинди "адилеттүү жана туруктуу дүйнө" үчүн Киев менен сүйлөшүүгө чакырды деп билдирди. Кремль болсо Путин Шольцко тынчтык жөнүндөгү сүйлөшүүлөр "аймактагы азыркы реалдуулук менен жүргүзүлөт" деп айтты деп билдирди.

Володимир Зеленский бул сүйлөшүүнү Пандора кутусунун ачылышы деп атады. Украин бийликтеринин пикири боюнча Орусия тынчтыкка умтулбай эле, болгону согушту кайрадан улантуу үчүн бир аз тыныгууга умтулат деп эсептейт.