Путин: Жаңы баллистикалык ракета менен чабуулубуз ATACMS, Storm Shadow үчүн жооп болду

Сүрөттүн булагы, Kremlin.ru
Владимир Путин орусиялыктарга телекайрылуу менен чыкты. Ал Днепрдеги аскердик өндүрүшкө Орусия орто аралыкка уча турган "Орешник" деп аталган баллистикалык ракетасы менен сокку урганын билдирди. Путиндин сөзүнө караганда, бул батыштын так, таамай тийген куралдары менен Орусиянын аймагындагы буталарга урулган биринчи соккулар үчүн жооп болду.
20-ноябрдын таңында Украин Куралдуу күчтөрү (УКК) Днепрге континенттер аралык баллистикалык ракета менен чабуул болгонун билдирди. Бирок маалымат каражаттары батыштагы булактарына шилтеме берип, бул башка типтеги ракетанын эксперименталдык чабуулу болгонун билдиришти. Путин сөз болуп жаткан ракетанын согуш шартындагы сыноосу болгонун дээрлик тастыктады.
Путин билдиргендей, 22-ноябрда Днепр шаарына "Орешник" деп аталган жаңы ракеталык система менен сокку урулду. Ошол эле учурда аны өзөктүк дүрмөтү жок колдонушкан. Мурда батыштагы эксперттер болжогондой бул орто аралыкка учуучу ракета болуп чыкты.
Путин өзүнүн телекайрылуусунда, Орусиянын аймагындагы аскердик обьектилерге Американын жана Британиянын ракеталарын атуу боюнча Киевге уруксат берди деп, батыш өлкөлөрүнө кезектеги сынын айтты.
Орусиянын президенти, 19-ноябрь күнү Украина Орусиянын аймагына америкалык алты ATACMS ракетасы менен чабуул коюп, андан соң британиянын Storm Shadow жана HIMARS ракеталары пайдаланылганын билдирди.
Орусиянын Коргоо министрлиги ATACMS ракеталары менен чабуул болгонун ошол күнү эле дароо билдирген. Storm Shadow тууралуу 21-ноябрда гана айтты.

"ATACMS Брянск облусундагы аскердик обьектилерге, Storm Shadow — Курск аймагына сокку урду. Брянск облусунда "курмандыктар жана олуттуу кыйролор жок" деди Путин. Анын билдирүүлөрүнө караганда Курск облусунда курман болгондор бар.
Маалымат каражаттары буга чейин Storm Shadow Курск облусунда орус армиясынын жер алдынан башкаруучу пунктуна тийийши мүмкүндүгүн билдиришкен. Москва бул билдирүүлөргө азырынча комментарий бере элек.
Бирок бул жолу Путин, чабуулдар чындап эле Курск облусундагы "Север" командалык пунктун мээлегенин тастыктады.
"Тилекке каршы курман болгондор, жарадар болгондор жана жабыркагандар бар",- деди ал.
Путин ошол эле учурда команданын курамы жабыр тартпаганын, сокку "тышкы күзөт" жана тейлөөчү обьекттерге гана тийгенине ишендирүүдө.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Жыл ичинде эскалацияга экинчи кадам". Зеленский эмне деп жооп берди?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
21-ноябрдын кечинде Володимир Зеленский Путиндин Днепрге урулган сокку тууралуу билдирүүсүнө жооп берди. Украин президенти бул жакында эле түндүккореялык аскерлерди фронтко жибергенден кийин эскалацияга экинчи кадам деп атады.
"Орусия Бириккен Улуттар Уюмунун Жобосун одоно бузуу менен бузуу менен бул согуштун масштабын олуттуу кеңейтүү жана согушту катаалдаштыруу. Бул жыл ичинде Орусиянын согушту күчөтүүгө жасаган экинчи кадамы экенин белгилейм. Биринчи кадамы - Түндүк Кореянын 11 миңден кем эмес аскерин Украинага каршы согушка тартканы болгон",- деп жазды Зеленский телеграм-каналына.
Зеленский, Путиндин Орусиянын аймагындагы буталарга сокку уруу үчүн батыштын таамай тийген ракеталары пайдаланылганына жооп кылып, жаңы ракетаны колдондук дегенин калп деп атады. Анын айтымына караганда, Украина буга чейин эле мындай системаларды колдонуп келген.
"Украинага каршы бүгүнкү баллистикалык ракета — Орусия чындап тынчтыкты каалабай турганынын далили. Путин Украинанын алыска атуучу куралды пайдаланышы жаңы кадам болуп калды деп алдап жатат. Биз мындай куралды биринчи жолу пайдаланып жаткан жерибиз жок жана эл аралык укук боюнча аны колдонууга толук кандуу укугубуз бар",- деди Зеленкий.
"Учурда дүйнө коомчулугунун күчтүү реакциясы боло элек. Путин мындайга абдан сезимтал. Аны токтотуу керек. Эгер Орусиянын аракетине кескин реакциялар болбой турган болсо, демек, ушундай кылсак болот экен деп карашат алар",- деп жазды Зеленский.















