Украинадагы согушка 1000 күн. Жаңы технологиялар согушту кантип туңгуюкка кептеди?

Павел Аксенов, Би-Би-Си Орус кызматынын аскерий талдоочусу

Технология согуштарды да түп-тамырынан бери өзгөртүп жатат

Сүрөттүн булагы, Reuters

Орусиянын Башкы штабынын ою боюнча 2022-жылдын 24-февралында таң эрте Украинага басып кирүү тез жана жеңиш менен коштолгон операция болушу керек эле. Бирок андан бери 1000 күн өтсө да Украинада жай, чаалыктырган жана кыйратуучу согуш уланып жатат.

Мындай абалга Орусиянын башкы штабынын өз армиясын аябай күчтүү элестетип алган катачылыгы эле эмес, душманынын кубатын, анын санын, согушчандыгын жана согушууга даярдыгын этибарга албай коюусу дагы себеп болду.

Мында дагы бир өтө маанилүү жагдай бар. Европадагы чоң согуш аскер ишине жаңы технология тездик менен кирип, дароо согуш талаасында тактиканы өзгөртө салып, жаңы ыкмаларды ыкчам таап чыгып, чоң коркунучтарга каршы айла-амалдарды ойлоп таба салууну талап кылып жаткан чакта башталды.

Би-Би-Синин орус кызматы Украинадагы согуш аскер ишине кандай таасир берип жаткандыгын чечмелеп берди.

Орусия түрмөдөгүлөрдүн бир тобун согушка салды, анын башында Пригожин турган эле

Сүрөттүн булагы, TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусия түрмөдөгүлөрдүн бир тобун согушка салды, анын башында Пригожин турган эле

Аскердин саны дагы салмактуу маселе

Коргонуу иштерин изилдөө боюнча Королдуктун бирикитирилген институтунун (RUSI) баяндамасында, Орусиянын баштапкы планы боюнча Украинанын борборуна жарып кирип, аны ээлеп андан соң согушту 2022-жылдын августунда бүтүрүү болгонун белгилейт.

Украина согушка даяр эмес деген ишеним, жетекчилери менен аскер кызматкерлери сатылып кетет деген ой жана Украин Куралдуу күчтөрүнүн (УКК) саны менен сапатын баалоодогу калпыстыктарынан улам орус армиясы Киевге басып кире алган жок жана чегинүүгө аргасыз болду.

Украин армиясы Орусиянын УККга жасаган биринчи соккусун аскерлердин тактикалык даярдыгынын күчү менен майтарды. Бул УККнын 2014-жылы Украинанын чыгышындагы кагылышуудан бери топтогон согуштук даярдыгынын жыйынтыгы эле. Мындан сырткары УККнын орус армиясын ооздуктап турууга жетишээрлик курал-жарагы жана аскер техникаларынын запасы бар болчу.

Эки тарап тең аскердин көптүгүнө муктаж

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жыйынтыгында Батыш өлкөлөрү Украинага көбүрөөк курал жеткире баштагандан тарта Харьков областы багытында ийгиликтүү чабуулдарга өтүп жана орусиялыктарды Днепрдин жээгинен Херсон районуна кетүүгө аргасыз кылышты.

Бирок андан кийин Орусия мобилизация баштап, 300 миңден ашык киши топтоп, мындан сырткары төлөмдүн суммасын көбөйтүп, аскерге келишим менен кызмат өтөй тургандарды тартуу өнөктүгүн баштады. Ошондон кийин УКК 2022-жылдын күзүндөгү ийгилигин кайталап, мурда оккупацияланган аймактарын кайтарып ала алган жок.

Бирок согуштун башталганына 1000 күн болгон мезгилде УККнын саны деген фактор чечүүчү мааниге ээ боло баштады. Орус армиясы санынын көптүгүнө салып, кырдаалды өзгөртпөй кармап турууга аракет кылып, жай темп менен болсо дагы жүрүшүн улантууда. Деген менен бул өтө олуттуу эмес.

Мынчалык жай темп Москваны канааттандырбашы мүмкүн. Километр аймакты ээлеп алуунун куну алар үчүн абдан кымбатка турууда.

Сентябрь айында Би-Би-Синин орус кызматы ачык булактардын маалыматтарына таянып, орто эсеп менен күнүнө 140 киши, октябрь айында болсо күнүнө 152 киши өлүп жатканын эсептеп чыккан. Бул айларда Орусия жүрүшүн тездеткен.

Украина Европанын куралдарына абдан муктаж болду, айрымдарын алганы менен толук кандуу пайдаланууга уруксат ала албай келе жатат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украина Европанын куралдарына абдан муктаж болду, айрымдарын алганы менен толук кандуу пайдаланууга уруксат ала албай келе жатат

Фронтто орус армиясына күч жетпей жатканы айдан ачык. Ошондуктан Коргоо министрлиги жана аймактардагы жергиликтүү бийлик келишим үчүн төлөмдүн суммасын көтөрдү. Мисалы октябрь айында Белгород облусу бириктирип эсептей келгенде 3 млн рублга чейин жеткирди.

Ошол эле учурда маалымат каражаттарынын украиналык жана батыштагы булактары билдиргендей, Курск облусуна түндүккореялык аскерлер ташталды. Башкача айтканда Москва кай жерден болсо да согушка киши издөөгө бош оту менен киришти.

Түндүккореялык аскерлердин Орусия тарапта согушка кириши бул согуштагы олуттуу окуя болуп калды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Флангалардын көйгөйү

Согуш талаасында аскердин жетишсиздигинен эки тарап тең кыйналууда. Мындай тартыштык көбүнчө душманынын флангасын айланып өтүү маселесинде сезилип жатат.

Фланганын жеткен чеги согуш талаасындагы эң негизги маневрлардын бири болуп калууда. Бирок душманды айланып өтүү үчүн өз катарында ачык флангдын болушу зарыл.

Согуштун бул тилкеси эки тараптын бири кайсы бир жеринен жарып өтүп, коргонуу тилкесине кирип кете албагыдай өтө тыгыз болуп чыкты жана аны айланып өтүп кетүүгө абдан узак. Ошондуктан эки тарап тең аны айланып өтүүгө же жарып чыгып кеткидей сокку урчу күчтөрдү топтой албай келет.

Душман тараптын флангасынын корголбогон жагынан айланып өтүү боюнча соңку ирет 2024-жылы эки жолу аракет жасалды.

Май айында Орусия Харьков облусунда чабуулга өтүүгө аракет кылса, август айында Украина Курск аймагынын корголбогон тарабына сокку урду.

Бирок ал жагында дагы, бул жагында дагы ондогон чакырымга тереңдеп кирип барып, оперативдүү деңгээлге чейин ийгиликке жетүүгө мүмкүн болгон жок. Эки армиянын тең флангаларында боштуктар калганына карабай, душман тарабы андан пайдалана албайт. Ошондуктан эки армия тең өз операцияларында душманынын коргонуусундагы эң чабал жерин таап, ошол жактан жарып өтүүгө жылчык издейт.

Дагы бир вариант — сокку ура турган чоң топту чогултуп, коргонуунун бекемделген жерин жарып чыгуу. Соңку айларда бул ыкманы негизинен орус армиясы пайдаланып жатат. Алардын мындай аркети көп учурда ыксыз жоготууларга кириптер кылса, кээде УККны позицияларынан кысмакка алууга өбөлгө түзүп берүүдө.

Фланг - саптын оң (сол) чети; аскерлердин күжүрмөн тартибинин оң (сол) жагы. Фланг күжүрмөн катардын өтө начар жери болуп саналат, андыктан күжүрмөн аракеттердин жүрүшүндө салгылашып жаткан тараптар душманынын фланг жагын курчоого жана ага сокку урууга умтулушат. Өзгөчө коркунучтуу болуп кошуундун, бөлүктүн коңшусу жок болон ачык флангага душмандын чыгышы болуп саналат. Ошондуктан флангаларды жана жалгашууну камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулушу керек [ кошумча түшүндүрмө Аскердик терминдердин жана түшүнүктөрдүн түшүндүрмө сөздүгүнөн алынды. Түзүүчүсү Б.З.Кыштообаев].

Согушту өзгөрткөн технологиялар

Согушта жаңы курал пайда болоору менен аны изилдөө, ага каршы туруунун айла-амалын табуу башкы маселеге айланат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ушунун баарын талдап олтуруп, демек, армиянын саны — бул согуш талаасында өз алдынча жеңишке жеткирген эң негизги күч деп бүтүм чыгарууга болобу? Буга ооба десе да болот, жок десе да болот.

Бир тарабынан, басылып алынган аймактарды кармап туруу үчүн жөө аскерлер тобу, фронттогу аскер кызматкерлери — куралдуу күчтөрдүн жападан жалгыз бөлүмү. Калгандары алардын жылышын гана камсыздап беришет.

Башка жагынан алып караганда, курал-жарак жана аскердик техника тактикага чечүүчү таасирин берет.

Азыркы учурда аскер ишинде техникалык жөнгө салуу алмашып жаткан маалы. А Украинадагы согуш болсо эки башка доордун тогошуп жаткан учурунда болуп жатат. Согуш талаасында эки армиянын туңгуюкка кептелүүсү, бул армиялардын көп жагынан жаңы технологиялык чөйрөгө камылгасынын жоктугунун кесепети болуп калды.

Позициялык согуш — аскер күчтөрү кубанбай турган абал. Согуш терең жарып кирип, чечүүчү жеңиштер менен коштолуп маневрлуу болушу керек. Ошондо көп кан төгүлбөйт, жеңиши тууралуу талаштар дагы аз болот.

Позициялык туңгуюк — аргасыздыктын абалы. Ал эки тараптын биринин чечүүчү артыкчылыгы жок болгон учурда пайда болот.

2022-жылдын күзүндө согуштун позициялык каршылашууга өтүүсүнө аскердик технологиянын өнүгүүсү себеп болгон. Анда эки тарап тең буга даяр эмес эле.

Согуш талаасында пайда болгон кандай гана жаңы технология болбосун тактиканы өзгөртүүгө мажбурлайт. Көп учурда согуш талаасындагы согуштун мүнөзүн өзгөртүп, дароо аны ойлоп чыгып, анын ыгын тапканча жоокерлердин өлүмү менен коштолот.

Мисалы, биринчи Дүйнөлүк согушта согуш талаасында таамай аткан артиллерия, пулеметтор, танкалар жана аэропландар пайда болгондо ошондой болгон. Убакыттын өтүшү менен ар кайсы мамлекеттердин армиялары бул куралдарды болушунча натыйжалуу пайдаланууну өздөштүрүштү. Мындан сырткары аларды колдонууну эле эмес, аларга каршы туруунун тактикаларын да өздөштүрүштү.

Бул согушта болсо интернет ошондой технология болуп калды. Техникалык чалгындоо каражаты жана буталарды аныктоо, учкучсуз аппараттар, өтө таамай тийген куралдар. Согуш үчүн XX кылымдын соңунда иштелип чыккан ыкмалар XXI кылымдагы согуштарга жараксыз болуп калды.

Азыр фронтту жарып өтүү үчүн күчтүү сокку урат турган топтун санын жайгашкан жерин душман билбегидей кылып жашыруун даярдоого дээрлик мүмкүн болбой калды. Учкучсуз учуучу чалгынчы аппараттар менен билип алды дегиче эле андай буталар саналуу мүнөттө эле жок кылынат.

Сооттолгон техникалардын колонналары чабуул алдындагы чалгындоо этабында эле кыйрап калышы мүмкүн. FPV-дрондор менен андай колонналардын күлүн көккө сапырып салган учурлар да болду.

Согуш талаасындагы маалымат көз ирмемде эле штабдын офицерлерине жетип, керек болсо ошол эле замат көрүнүп калууда.

Баасы жүздөгөн, а балким он миңдеген доллар турган согуштук кемелер ачык деңизге чыгып, экипажы жок катерлердин белен бутасы болуп калган бир канча учурлар бар.

"Сыйкырдуу курал" барбы?

Технологиялар чындап эле согуштун табиятын абдан өзгөртүп жатат. Деген менен аларды алгачкы ирет колдонгон учурларда жөнөкөй эле андан коргонууга эч ким даяр болбогондуктан "жеңилбестей" жалган образды да түзүп коюп жатат.

Биринчи Дүйнөлүк согуш маалында аба майданында учуучу аппаратардын — аэропаландардын жана цеппелиндердин пайда болуусу, аскерий ойчулдарды тамшандырып, көп өлкөлөрдө аскер жетекчилери согушту бомбалоочу учактар менен эле жеңип койсо болот турабайбы деген ойго ишендирген.

Бирок, экинчи Дүйнөлүк согуш абдан мыкты бомбалоочу учактар деле өз алдынча эле жеңишке жеткире койбосун далилдеген. Мисалы, АКШ жана Улуу Британия Германиянын аскер өндүрүшүн талкалап, күлүн көккө сапырып сала алган эмес. Кийин бул тууралуу Германиянын куралдануу боюнча рейхминистри Альберт Шпеер өз мемуарында жазган. Эсеп боюнча 1941-жылдын июнунан 1944-жылга чейин курал-жарак өндүрүшү бери дегенде эле үч эсе өскөн. Башкача айтканда, германиялык өндүрүш тынч мезгилге караганда үстөккө-босток бомбалап жаткан мезгилде күргүштөп иштеген.