«Зеленскийдин өзөктүк варианты». Киевдин атом бомбасы жөнүндө эксперттер эмне дейт?

МАГАТЭнин эмблемасы

Сүрөттүн булагы, LightRocket via Getty Images

Times газетасындагы макала Украина кайрадан өзөктүк куралы бар мамлекет боло алабы деген талкууга жем таштады. Эксперттер макаладагы аргументтерди карап көрүп, баш чайкап жаткан убагы.

Times эмне деп жазды?

Киев эгер АКШ аскердик жардамды токтото турган болсо, Россияны ооздукташ үчүн 1945-жылы Нагасакиге ыргытылгандай бомбаны бүгүнкү шартта тез эле жасап алышы мүмкүн деп британдык Times жазды.

Газета жашыруун сыр болбогон, Украинанын Коргоо министрлиги даярдаган аналитикалык каттын мазмунун баяндаган. Анда Киев теориядан алганда өзүнүн АЭСтериндеги иштетилген отундан плутоний кошулган өзөктүк курал иштеп чыгышы мүмкүн деп айтылат.

«Кошмо штаттары Манхэттен долбоорунун алкагында жасап алгандай жөнөкөй өзөктүк бомбаны жасоо андан 80 жыл өткөндөн кийин анчалык деле кыйын маселе болбойт», — деп айтылат документте.

Баяндаманын автору Алексей Ежак, Украинанын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун бөлүм башчысы. Ал россиялык авиабазаны же өнөр жай объектилерин жок кылганга бул жетиштүү болмок дейт.

Макала «Зеленскийдин өзөктүк варианты: Украина бир нече айда өзүнүн бомбасын чыгарат» деген аталыш менен жарык көрдү. Украинанын Тышкы иштер министрлиги кечкурун бул макаладагы айтылгандарды төгүндөгөн билдирүү жасады.

Киевдин жообу

Украина өзөктүк курал жасаганы жаткан жок жана өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндө келишимдин жоболорун аткарат деп Х платформасына министрликтин өкүлү Георгий Тихий жазды.

«Украина келишимди аткарат, биз өзөктүк куралга ээ эмеспиз, аны жасаган жокпуз жана алайын деген да жокпуз. Украина МАГАТЭ менен тыгыз иштейт жана мониторингге ачык, ошондуктан өзөктүк материалдар аскердик максатта колдонулган жок», — деди ал.

Украинада согуш башталгандан бери Россия Киев өзүнүн өзөктүк программасын баштаган жатат деп далилсиз билдирүүлөрдү жасап келди.

Эксперттер эмне дейт?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Павел Аксенов, Би-Би-Синин орус кызматынын аскердик баяндамачысы

Массалык кыргын салуучу куралды жайылтпоо тармагындагы эксперттер Украинанын Коргоо министрлиги үчүн даярдалган каттагы өзөктүк куралды иштеп чыгуу мүмкүндүгү жөнүндө айтылгандарды сынга алышууда.

Баяндамада Украинанын карамагында болжол менен жети тонна плутоний бар экендиги айтылат.

Х социалдык медиасына «Россиянын өзөктүк куралдары» долбоорунун жетекчиси Павел Подвиг мындай деп жазды: «Бул плутоний иштелип бүткөң өзөктүк отун, аны курал катары иштеп чыгыш үчүн кайра иштеткен завод керек, андай завод Украинада жок».

Подвиг ошондой эле Украинада өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча Келишимдин аткарылышын көзөмөлдөгөн чаралардын комплекси - «МАГАТЭ кепилдиги» иштейт деп белгилеген.

Украина чынында МАГАТЭнин көңүл борборунда турган объект, бирок анын себеби башка - агенттиктин инспекторлору өлкөнүн үч өзөктүк электр станцияларындагы кырдаалды көзөмөлдөп турат.

Сентябрда агенттик миссиядагы инспекторлордун санын көбөйттү, максат – АЭС менен байланышкан электрподстанциялардагы кырдаалды караш керек болууда.

Украинанын өзөктүк үч объектисинде МАГАТЭ инспекторлору бар, ошондуктан баяндамада айтылгандай өзөктүк активдүүлүктү жашырын кармоо абдан кыйын.

Америкалык эксперт, массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтпоону изилдөө борборунун профессору Джеффри Льюис өз кезегинде Украина, албетте, кааласа мындай завод куруп кое алат, бирок ага узак убакыт жана көп акча керек дейт.

Ошол эле убакта ал завод россиялык соккулардын бутасына айланмак, ал эми аны жер астында кура турган болушса, анда долбоор ого бетер татаал болот жана кымбатка түшөт. (КС)