Иликтөө: Орусия Пхеньянга марттан бери миллион баррель нефть саткан

Жин Макензи, Би-Би-Синин Сеулдагы кабарчысы

Иран, Орусия, Түндүк Кореянын мамилеси барган сайын жакындап, кызматташтыгы күчөп жатат дешет адистер

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ушул жылдын мартынан бери карай Орусия Түндүк Кореяга миллион баррелден ашуун мунай жеткирди. Британиялык Open Source Centre иликтөө борбору спутниктен тартылган сүрөттөрдү анализдеп олтуруп, ушундай жыйынтыкка келди.

Британиянын Тышкы иштер министри Дэвид Лэмми жана алдыңкы эксперттер, Москва Пхеньянга ушул нефть менен курал-жарак жана аскерлер үчүн төлөп жатат деген ишенимдерин Би-Би-Сиге айтып беришти. Түндүк Корея (КЭДР) Украина менен согушта Орусияга көмөктөшүп жатат.

Open Source Centre Би-Би-Сиге эксклюзивдүү бөлүшкөн спутник сүрөттөрүнүн анализи, соңку сегиз айда түндүккореялык танкерлердин дюжинасы (он эки) орусиялык нефть терминалынан Ырааккы Чыгыштагы портторуна 43 жолу катташканын көрсөтүп турат.

Деңиздеги танкерлердин сүрөтү алар Орусияны көздөй бош барып, кайра кайтканда жүк менен кеткенин көрсөтөт.

Open Source Centre биринчи ирет документтештирип каттап алган рейс 2024-жылдын 7-мартына туура келет. Бул Түндүк Кореядан Орусияга курал-жарак жеткирилгени тууралуу биринчи кабар чыккандан 7 ай өткөндөн кийин болуп жатат. Соңкусу бешинчи ноябрга туура келет.

"Мунайдын мындай тынымсыз агымы Түндүк Кореяга стабилдүүлүктү камсыздап берет. Себеби КЭДР санкцияга кабылгандан тарта көйгөйдөн арылбай келген",- деп эсептейт Open Source Centre иликтөө борборунун улук талдоочусу Жо Берн.

Open Source Centre иликтеген маалыматтар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Open Source Centre иликтеген маалыматтар

Түндүк Корея өзөктүк программасынан улам БУУнун санкциясында турат. Ага жылына 500 миң баррелден ашык нефть сатып алууга тыюу салынган.

Open Source Centre айтып жаткан миллион баррель (56 миң тонна) Орусия үчүн кымындай эле көлөм. Расмий маалыматка караганда, Орусия бир суткада эле мындан он эсе көп өндүрөт.

Open Source Centre миллион баррель деген эсеп минималдуу экенин белгилеп жатат. Себеби алар булуттардан улам рейстердин бир бөлүгүн байкоого ала албай калышкан.

"Август айында дээрлик булут чулгап туруп алды. Ошондон улам биз бир да рейсти документтештирип, каттап кала алган жокпуз",- деп түшүндүрдү Жо Берн.

Би-Би-Си Open Source Centre чыгарган тыянакка комментарий сурап, Орусиянын Тышкы иштер министрлигине кайрылып, жооп ала алган жок.

Орусиянын мурдагы Коргоо министри Пхеньянга барып, ракеталарын көрүп келген эле. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги мунун баарын дипломатия деп гана чечмелейт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

"Бул жеткирүүлөр путиндик аскердик машинаны май менен камсыз кылат: бул ракеталар үчүн мунай, артиллерия үчүн мунай, жоокерлер үчүн мунай",- дейт Хью Гриффитс. Ал БУУнун Түндүк Кореяга салынган санкцияларына байкоо салган эксперттик топту 2014-2019-жылдары жетектеген.

"Орусия Украинага баштаган согушунда аскер жана курал-жаракты мунайга алмаштыруу менен Түндүк Кореяга барган сайын көбүрөөк көз каранды боло берет",- деди Би-Би-Сиге Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми.

Байкоого алуу айлап созулган
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Байкоого алуу айлап созулган

Мунай абдан маанилүү

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Пхеньянга мунай жана мунай продуктылары абдан керек. Ал көбүнчө өлкөнүн бир жеринен экинчи жерине аскерлерди жеткирип, курал-жарак ташууга жана башкаруучу элитанын машиналарына май куюууга зарыл.

Санкция режиминен улам КЭДР жылына богону 500 миң баррель мунай сатып алууга уруксаты бар. Адистердин эсебине караганда, Түндүк Кореянын бир жылдык керектөөсү 9 миллион баррель. Ошондон улам КЭДР мунай жана мунай продуктыларын мыйзамсыз сатып алат.

Түштүк Кореядагы чалгын кызматына байланышы бар Коопсуздук боюнча улуттук стратегиялык институттун доктору Го Менхундун сөзүнө караганда, бул мыйзамсыз жеткирүүлөр ыкмасы ачык деңизде эле танкерден танкерге жүктөө менен коштолот. Бул кымбат жана тобокели чоң ыкма.

"Эми Ким Чен Ын мунайды түз алып жатат. Мыкты сапаттагы мунай болсо керек, ал муну курал-жарак үчүн акысыз алып жатышы ыктымал. Мындан артык эмне бар? Орусия сыяктуу мунай өндүргөн өлкөгө миллион баррель эмне болуп калыптыр? А КЭДР үчүн бул бир топ эле көлөм болуп берет",- дейт доктор Го.

Жашыруун ташуулардын изине түшүү

Орусиянын портун көздөй бара жаткан жана андан жүк алып чыккан кемелердин сүрөтү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиянын портун көздөй бара жаткан жана андан жүк алып чыккан кемелердин сүрөтү

Open Source Centre спутник сүрөттөрү аркылуу изине түшкөн баардык 43 рейсте, КЭДР танкерлери Орусиянын Восточный портуна трекерлерин өчүрүп коюп келишкен. Трекер иштеп турган учурда кеме кайда турат, кайда барды, кайдан келди деген маалыматтардын баарын чагылдырып турат. Восточный портуна барган кемелер Түндүк Кореянын чыгыш жана батыш жээктериндеги төрт портуна кайрылып келип турушкан.

"Кемелер дээрлик апта сайын келип жатты. Марттан бери карай айтаарлык эле туруктуу каттам болуп жатты",- дейт Open Source Centre иликтөө борборунан Жо Берн.

Бул танкерлердин кыймылына байкоо салган команда, алардын канча жүк көтөрө алаарын санкция салынгандан бери карай билишет.

Андан соң алар Восточный деп аталган порттон жүктөнүп алып чыккан танкерлердин сүрөттөрүн талдап чыгышкан. Алар кемелер сууга канчалык матып жатканына көңүл бурушуп, бул аркылуу канча жүк алып бара жатышканын түшүнүүгө аракет кылышкан.

Алардын эсеби боюнча, түндүккореялык танкерлер 90% толо жүк алып кетип турушкан.

Ушундай ыкма менен эсептеп, миллион барраель деген божомол чыкты. Бул 2023-жылы Орусия Түндүк Кореяга расмий ташыган мунайдан он эсе көптүк кылат.

АКШ май айындагы өз эсеби боюнча Орусия КДЭР аймагына 500 миң баррель мунай жеткиргенин билдирген.

Быйылкы жылдын мартында Орусия Түндүк Кореяга каршы салынган санкцияларды көзөмөлдөй БУУнун эксперттерден турган тобун кысмакка алган эле.

"Биз тиешеси бар айрым кемелерди жана компанияларды байкоого алганбыз, бирок биздин ишибизди токтотууга мажбурлашты. Менимче, бул алар 500 миң баррель деген чекти ашкандагысы болуш керек",- дейт америкалык эксперт Эшли Хеллс. Эшли эксперттердин жумушчу тобу таратылганга чейин ал топтун катарында иштеген.

2021-2023-жылдары топту жетектеген британиялык Эрика Пентон-Воуканын сөзүнө караганда, топтун орусиялык мүчөлөрү анын ишине тоскоолдук жаратууга аракет кылышканын айтты.

"Азыр эми ал топ жок болгондон кийин алар эрежелерди жөн гана тебелеп коюшат. Орусия кемелерди өз портуна чакырып туруп эле аларга мунай жүктөп берип коюп жатканы тууралуу фактынын өзү эле санкцияларды сактабай, унутта калтырууну демонстрациялай турган жаңы деңгээл",- дейт эксперт.

Пентон-Воук учурда Open Source Centre иликтөө тобуна мүчө. Ал Москва менен кызматташтыктагы көйгөйлөр тууралуу белгилеп, Пхеньяндыкы андан бетер, мунай ташууга коюлган лимитти ашып түшүүдөн да өтөт дейт.

"Учурда бул авторитардык режимдер кызматташтыгын жакшыртып, бири-бирине жардам берип, эмнени кааласа ошону жасап жана дүйнөлүк коомчулуктун каалоолорун четке кагып салууда. Бул барган сайын коркунучтуу болуп баратат. Ойлогонубуз эле Түндүк Кореянын тактикалык өзөктүк куралы Иранда пайда болбосо экен дегенди каалайбыз",- деп түшүндүрдү Пентон-Воук.

Түштүк Корея жана анын союздаштары баарынан дагы Украинадагы согушта Москвага көрсөткөн жардамы үчүн деп Кремль Түндүк Кореяга спутниктик жана ракеталык технологиялары менен ыраазычылык билдирбесе экен деп кооптонуп турушат.

"Сиз өз кишилериңизди бөлөк эле согушта өлүмгө айдап жатсаңыз анда миллион баррель мунайдын баасы - анын кунуна караандабайт дагы болушу керек",- деп талдайт Го.

Анын пикири менен Түндүк Корея боюнча орусиялык адис, Түштүк Кореядагы Кунмин университетинин профессору Андрей Ланьков дагы макул.

"Мен мурун аскердик технология менен бөлүшүү Орусиянын кызыкчылыгына такыр төп келбейт деп ойлочумун. Азыр анын эсеби башкача болуп жатат окшойт. Орусиялыктарга бул аскерлер керек болуп жаткандай, бул болсо түндүккореялыктар үчүн орусиялыктарга таасир этүүчү жаңы рычаг",- дейт Ланьков.