"Бул жерде жашоо бар эле": Орусия кыйраткан Украинанын шаарлары

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага басып кирип, кеңири масштабдагы согушту баштаганына үч жыл болду. Украинада согуштан улам талкаланган үйлөрдүн жана имараттардын саны 330 миңге жетти.
Би-Би-Си орус армиясы басып киргенден кийин толугу менен кыйраган шаарлар тууралуу сүрөттөрдү сунуштайт.
Мариуполь

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бир учурда 420 миң кишини өзүнө батырган бул шаар Азов деңизиндеги маанилүү порт гана эмес, ири металлургиялык борбор эле.
Мариуполь шаары эки ири металлургиялык заводу (Ильич атындагы жана "Азовсталь" комбинаттары), бир машина куруучу заводу ("Азовмаш") менен бейпил турмушун улап келе жаткан. 2012-жылы украиналыктар үчүн жашоого эң ыңгайлуу шаарлардын бири болуп таанылган.
2014-жылы бул шаарга Орусияга ыктаган күчтөр бастырып кирип, бир айга чукул алардын карамагында калган. Кийин украин армиясы жана ыктыярчылар батальондору биригип шаарды кайра колго алышкан.
2022-жылдын март айынан баштап шаардын таш-талканы чыкты, ал толугу менен Орусиянын колуна өтүп кетти. Орустар басып кирген учурда миңдеген жайкын тургун курман болду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Украин бийлигинин айтымында, шаар бомбаланган үчүн имараттардын 90% бузулуп, жеке үйлөрдүн 60% кыйраган. 25 миңге жакын жайкын тургун набыт болуп, 350 миңдей украин шаардан качып чыгып кетүүгө мажбур болгон.
Северодонецк жана Лисичанск

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Согушка чейин ортосун дарыя бөлүп турган эки шаарда 350 миңдей киши жашаган. Лисичанск шаарында шахталар дүркүрөп иштеп жаткан болсо, Северодонецкте химиялык ишканалар бар эле. 2014-жылдын жаз айларында бул шаарлар дагы жикчилдер тарабынан басып алынды.
Согуш башталгандан кийин жергиликтүүлөрдүн 90% шаарды таштап кеткени айтылган. Калгандары бомбалоодон коргонуу үчүн "Азот" комбинатынын жер төлөлөрүндө жашап жатты. Шаардан чыгып бараткан жолдор улам бомбаланганы үчүн бул аймактан чыгып кетүү барган сайын оорлошо берди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Акыры орус армиясы жергиликтүүлөргө комбинат тараптагы жолдон чыгып кетүүгө уруксат берген, ал эми бул жактагы украин аскерлери багынып берсин деген тапшырманы койгон. Бирок украин аскерлери сунушту четке каккан. Бир нече апта бою катуу салгылашуудан кийин украин аскерлери жана жашоочулардын бир бөлүгү дарыянын аркы өйүзүнө, Лисичанск шаарына көчүп кетишкен. Көп өтпөй бул чоң шаарды орус армиясы толук басып алды, өтө көп сандагы турак-жай таланып, талкаланды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Шаарды басып алгандар аны кайрадан куруп чыгабыз деп айтып чыкты. Бирок калыбына келтирүү иштери болбогонун, бул пропаганда үчүн айтылган сөздөр экенин айрым жергиликтүүлөр кабарлаган.
Авдеевка менен Марьинка

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Донецк облусунда жайгашкан Авдеевка жана Марьинка шаарлары орус армиясына бир канча убакытка чейин туруштук берип жатты.
2014-жылдан кийин орусиялык күчтөр менен украин армиясы бул аймактарда көпкө кармашып келди. Ошондон улам Авдеевка жана Марьинкада Украин куралдуу күчтөрү күчтүү коргонуу линиясын курду.
2022-жылы орус армиясы басып киргенге чейинки сегиз жыл ичинде аткылоо, кагылышуу жергиликтүүлөр үчүн кадыресе көрүнүшкө айланды. Авдеевкадагы негизги өнөр жай ишканасы — Европадагы эң ири коксохимиялык завод (кара металлургия өнөр жайы менен байланышкан) аткылоого карабастан иштеп жатты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2023-жылдын жазында айтылган маалыматка караганда, турак жайлардын 80% толугу менен талкаланды. Орустар басып киргенге чейин жашап жаткан 35 000 тургундан 2023-жылдын май айына карата шаарда эки миңге жетпеген эле киши калган. Алар негизинен талкаланган имараттардын жер төлөлөрүндө жашап жатканы кабарланган.
Авдеевка шаары урандылары менен кошо 2024-жылдын февраль айында толугу менен орус күчтөрүнүн көзөмөлүнө өттү.

Сүрөттүн булагы, Dmitry Yagodkin/TASS
Украин армиясы Марьинканы бир жарым жылдан ашык кармап турду. Бирок 2023-жылдын жай айларында украин аскерлери аны коргоо кыйын болуп калганын айтышты. 180 жылдык тарыхы бар бул аймак түп орду менен жок болду, бир дагы карапайым киши, бир бүтүн имарат калган жок.
Соледар

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Соледар шаарында 150 жылдан бери таш тузу казылып, иштеп келген. Шаардагы он миң жашоочунун эки жарым миңдейи туз казуу жана иштетүү менен алектенчү. Туз шахталарынын жалпы узундугу 200 чакырымга чейин жетип, туристтер үчүн экскурсия да уюштурулуп тураар эле.
Туз казуу иштери согуш башталгандан кийин дароо токтоду. 2022-жылдын май айында орус армиясынын оор артиллериясынын аткылоосунан улам "Артемсоль" ишканасынын имараттары талкаланды. Ошондой эле Knauf компаниясы курган гипсокартон жана курулуш куюлмалырын өндүргөн Украинадагы ири ишкана дагы кыйрады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жергиликтүүлөр 2022-жылдын жай айларынан баштап шаарды таштап кете баштады. Күз айларына карата жергиликтүү тургундардын 80% Соледарды таштап кеткени белгилүү болду. Калгандарына кыш келгенче чыгып кеткиле деп буйрук берилген.
"Вагнер" тобунун жалданма аскерлеринин чабуулу учурунда шаар урандыга жана күлгө айланып, 2023-жылдын январь айында толук бойдон алардын карамыгына өттү.
Бахмут

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бахмут мурда советтик революционердин урматына Артемовск деп аталып келген. 2016-жылы ал Бахмут деп өзгөрүп, тарыхий аталышына кайткан. Акыркы 150 жыл ичинде Бахмут туз жана гипс шахталары менен таанымал болсо, ал эми 1950-жылдардан баштап кызыл шарап чыгаруу менен атагы алыска кеткен.
Бахмутту Орусиянын карамагына өткөрүү тапшырмасы "Вагнер" тобунун жалданма аскерлерине жүктөлгөн. Анткени бул шаар аркылуу орусиялыктар Донецк облусунда маанилүү делген Часов Яр, Славянск жана Краматорск багыттарында чабуулун жүргүзмөк. Аталган шаарды орус армиясы 2022-жылдын август айында чабуулга ала баштады. Кийин Бахмут шаары согуштагы эң кандуу кармаштын ордосуна айланды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Вагнердин" жалданма аскери бул шаарга бардык күчүн жумшады, алардын миңдеген аскери болгон нерсени талкалап, кишилерди кырып отуруп акыры шаарды көзөмөлгө алды. Согушка чейин 70 миң киши жашаган шаарда жүздөгөн эле киши калды.
Бахмут шаары толук талкаланганын украин президенти Володимир Зеленский 2023-жылдын май айында жарыялады.
"Ал жакта эч нерсе калган жок. Орустар баарын кыйратты. Бир дагы соо имарат калган жок. Аябай өкүнүчтүү. Бул чоң трагедия. Бахмут биздин жүрөгүбүздө эле калды", – деп Зеленский билдирген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2023-жылдын жаз айларында Бахмутта согушуп жүргөн "Вагнердин" башчысы Евгений Пригожин орус генералдарын катуу сындап, бийликтин кемчиликтерин ачык айтып чыккан. Ошол мезгилде "Вагнер" Бахмутту көзөмөлгө алганын жарыялаган.
Би-Би-Синин эсептөөлөрү көрсөткөндөй, 2023-жылдын августуна карата Бахмут үчүн салгылашта "Вагнердин" жоготуулары 24,000 кишини түздү. Бул кишилердин көбү соттолуп, түрмөдө отурган, келишим менен согушка жалданган адамдар эле.
Волчанск

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орусия менен чек арада жайгашкан Харьков облусундагы Волчанск шаары орустар басып кирген күнү эле алардын көзөмөлүнө өткөн. Бул жерде согушка чейин жыйырма миңдей киши жашап жаткан.
2022-жылдын сентябрь айында украин армиясынын контрчабуулунун жыйынтыгында шаар кайра Украинанын көзөмөлүнө өткөн. Согуш учурунда шаар тургундарынын көпчүлүгү чыгып кетип, кайра аз эле киши кайтып келген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2024-жылдын май айында орусиялыктар Волчанскты кайра басып алды. Бул учурда шаарда айыгышкан кармаш жүрдү. Контрчабуулга карабай орус күчтөрү тез эле шаарды басып алганы үчүн Украин бийлигине катуу сын-пикирлер айтылды.
Торецк жана Часов Яр

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Донецк облусунун түндүгүндөгү эки шаар бири-биринен 20 чакырым алыстыкта жайгашкан. Азыр бул шаарлар фронт линиясында турат.
Торецк шаары таш көмүр өндүрүшү менен белгилүү болчу. Тарыхчылардын айтымында, XVIII кылымда Донбасс шаары пайда боло электе Торецк аймагында көмүр казыла башталган. Көмүр шахталары жана химиялык өндүрүштөр шаардын экономикасынын негизин түзгөн. Совет бийлиги бул шаарды Дзержинский деп атап койгон, 2016-жылы өлкө бийлиги ага тарыхый аталышын кайтарган.
Калаа үчүн айыгышкан салгылашуу 2024-жылдын июнь айында башталган. Жарым жыл ичинде орус армиясы шаардын түштүгүнөн баштап түндүк-батыш аймактарына чейин каратып алган.
Шаар толугу менен талкаланды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Часов Яр шаары отко чыдамдуу болгон чопо кендеринин айланасында XIX кылымда негизделген. Бул аймак бышкан кирпичти чыгарып, саткан өндүрүшү менен белгилүү болгон.
1938-жылы эл каттоодон кийин ал шаар статусун алды. Ошол эл каттоодо тизмеге кирген ымыркайлардын бири, 1937-жылы Часов Ярда төрөлгөн орусиялык ырчы Иосиф Кобзон болгон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орус армиясы Бахмут шаарына чабуулун баштагандан учурда Часов Яр калаасы украин жоокерлери үчүн маанилүү камсыздоо түйүнүнө айланган.
Ошондон улам орус армиясынын оор артиллериясынын чабуулу алдында калды. 2023-жылдын күзүндө тургундардын 90% шаарды таштап, чыгып кетишкен.
Орус армиясы 2024-жылдын апрель айында шаарга өтө жакын келип, тогуз айга созулган кармашта Часов Ярды түп орду менен талкалап салды. (KB/ErA)











