Жапония: шоу-магнаттан шору кайнаган жаш таланттар
Жапонияда 300дөн ашык адам өлкөдөгү таланттарды издөө агенттинен жыныстык зордук үчүн кенемте талап кылууда. 2019-жылы каза болгон Жонни Китагавага айыптоолор Би-Би-Синин ушул жылдагы документалдуу фильминде да көтөрүлдү. Токиодо басма сөз жыйынында Johnny and Associates агенттиги жаңжалдан кийин өлкөдөгү эң таасирлүү шоу-бизнести кайра түзүү аракеттери болуп жатканын билдирди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Түндүк-Чыгыш Азиядагы Би-Би-Си кабарчысы Джин Маккензи жиберген кабарга караганда, Жонни Китагава Жапониянын эң бир бай жана шоу-бизнестеги эң таасирлүү адамдарынан болчу. Ондогон жылдар бою ал өлкөдөгү эң белгилүү бой-бенддерди жана артисттерди таптап, өстүрүп алып чыгып келди.
Бирок өткөн жылы болгон көз каранды эмес иликтөө ал атын чыгарган көптөгөн жаш балдардын жыныстык зордукка кабылып келгенин көрсөттү.
Агенттик өзүнүн жаманатты болгон кадыр-баркын оңдош үчүн компания башкача аталып, ыдык көргөндөргө кенемте төлөө менен алек болорун ал эми жаңы компания таланттарды өстүрүүнүн үстүндө болорун билдирди.
Андагы маалыматка караганда, азыркы убакта кенемте сурап кайрылгандар 300дөн ашты. Зордуктоолор белгилүү болгондон кийин өлкөдө көп телерадио компаниялар менен бренддер бул агенттиктин таланттарын чакырбай да, кызматташпай да калышкан.
Кампанияны кайра түзүү элдин колдоосун кайтарып алуунун аракети болууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Johnny & Associates агенттигин негиздеген ишкер дээрлик 50 жыл бою бой-бенддерди түзүү индустриясында монополист болуп келди. Ал шоу-бизнестин эң башатында турган, эң таасирлүү адам катары эсептелген.
Анын көзү тирүүсүндө көп жыл бою жашы жетиле элек балдарга жыныстык зордук көрсөтүп келгени ашкере болгондон кийин ушул жылдын 7-сенябрында Johnny & Associates кечирим сураган.
Агенттиктин президенти, Китагаванын жээн небереси Фудзисима Джули кызматынан кеткен.
Гиннестин Рекорддор китебинде Китагаванын үч рекорду жазылган: ал дүйнөдөгү эң көп иш чараларды уюштурган (он жыл ичинде 8 миң иш чара өткөргөн), рекорддук сандагы синглдарды жана эң көп аткаруучу жана топторду өстүрүп чыгарган продюсер болуп кирген.
Жыныстык жаңжал чыккандан кийин 2023-жылы Гиннестин Рекорддор китеби Китагаванын жетишкендиктери тууралуу баракчаны алып салды.












