Кадыр Атамбаев баштаган он киши эки айга камалды

Сүрөттүн булагы, ИИМ
"Жапырт башаламандык уюштурууну пландаган" деген шек менен 22-ноябрда кармалган он киши эки айга, тактап айтканда, 17-январга чейин камакка алынды.
Алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, Жогорку Кенештин мурдагы депутаттары Шайлообек Атазов жана Кубанычбек Кадыров, саясатсы Урмат Барктабасов да бар.
Бул тууралуу Биринчи май райондук сот кабарлады.
Маалыматка караганда, алар Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" (278-беренеси) жана "Бийликти күч менен басып алуу" (326-берене), "Кылмышка даярдык көрүү" (36-берене) беренеси боюнча айыпталууда.
Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы эки айга камалган жарандар №21 тергөө абагына (СИЗО-1) жөнөтүлгөнүн кошумчалады.
Окуя кантип башталган?
22-ноябрда, парламенттик шайлоого дээрлик бир жума калганда Кыргызстанда чуулгандуу камоолор орун алды. Күч органдары "массалык башаламандык уюштурууну пландаган" деген негизде атайын операция жүргүзүп, ондой адамды кармады.
Алардын арасында "Социал-демократтардын" башчысы Темирлан Султанбеков, мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаев, экс-депутат Шайлообек Атазов жана башкалар бар. Соттун чечими менен алар 2026-жылдын 17-январына чейин камакта калтырылды. Кармалгандардын жакындары укук коргоо органдарынын айыптоосу менен макул эмес. Алардын эч кандай башаламандык кылуу аракети болбогонун, элге туура эмес маалымат берилип жатканын айтышууда.
Чуугандуу видео жана ИИМдин маалыматтары
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
22-ноябрь күнү кечинде таратылган ИИМдин расмий маалыматында "курамына саясий ишмерлер, экс-депутаттар, мурдагы мамлекеттик кызматкерлер жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери" кирген топ "чагым жана кагылышуулар үчүн өз тарапташтарын, уюшкан кылмыштуу топторду жана спорттук бирикмелерди кошуп тарапкерлерин тартышканы" айтылат.
"Кармалгандар шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин түштүктөн баштап Бишкекте жана башка облустарда массалык нааразылыкты жаратып, өлкө боюнча бир катар митингдерди мерчемдешкен. Алардын мерчемдеринде Конституцияга каршы чакырыктар, ошондой эле административдик имараттарды, телеканалдарды, күч түзүмдөрүнүн объекттерин, курал-жарактарды жана пенитенциардык системанын мекемелерин басып алуу ыктымалдыгы болгон", - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.
Маалыматка ылайык, баш-аягы 10 адамга "зомбулук, талкалоо, өрттөө менен коштолгон массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүү" айыбы коюлуп, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Кармалгандардын арасында "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу Кадырбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов, саясатчы жана ишкер Урмат Барыктабасов, Атамбаевдин мурдагы жеке жансакчысы Дамир Мусакеев, бар.
ИИМ ишемби күнкү тинтүү учурунда курал-жарактар жана 150 миң доллар табылганын кошумчалады.
22-ноябрда эртең менен Ички иштер министрлиги "С. Т" аттуу адам массалык башаламандыкка чакырган деген шек менен кармалганын маалымдап, үч киши бир бөлмөдө сүйлөшүп отурган 3 мүнөткө жакын видеону жарыялаган.
Ички иштер министрлиги жарыялаган оперативдүү тасмада чакан бөлмөдөгү тамак үстүндөгү сүйлөшүү чагылдырылган. Видеодогу үч адамдын бири — Социал-демократтардын лидери Темирлан Султанбеков болсо, экинчиси анын айдоочусу Э.Эрматов экени белгиленген. Ал эми суроолорду берип жаткан үчүнчү адам "белгисиз жаран" деп берилген.
Маектин жүрүшү суроо-жооп иретинде өткөн. Белгисиз жаран саясий абал, бийликтин иши тууралуу сурап, ага Султанбеков жооп берип отурган.
Ал кишинин: "Мындан ары эмне болот? Оюң кандай?", - деген суроосуна Султанбеков экени белгиленген адам: "Бир нерсе болушун абдан каалап жатам", - деп жооп берген.
Ошондой эле ал мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Москвада экенин, Кремль аны коргоп, вариант катары кармап турганын, азыркы кыргыз бийлиги аны экстрадиция кыла албай жатканын айткан. Мындан тышкары үч жылдан кийин бардыгы өзгөрүп, "бийлик алмашышы" мүмкүндүгүн кыйыткан.
Бул видео качан, кандай шартта тартылганы, кандай өзгөрүүлөргө дуушар болгону белгисиз.
"Шайлоонун шайтан оюндары"
Темирлан Султанбековдун апасы Кыял Токторбаева укук коргоо органдары берген маалыматтарды четке кагууда. Ал "Фейсбуктагы" видео кайрылуусунда буларга токтолду:
"Жанагы таңгак-таңгак акчалар, автоматтар, курал-жарактар жана ок-дарылардын баары биздин үйдөн чыккан эмес. Аларды кайдан алышканын билбейм. Мунун баарына тиешебиз жок. Бул, өздөрү айткандай, болгону "шайлоонун шайтан оюндары". Кармалгандар бири-бирин тааныбайт. Биз ошол жерде милициянын алдында турдук, алар бири-бирин тааныбайт экен. Балким, Темирлан алардын арасынан эки-үч саясатчыны тааныйт чыгар. Алар болсо баарын өздөрүнүн оюнан чыгарып, каалагандай толтуруп жазып жатышат. Укук коргоо органдарынын мындай кылганы туура эмес. Былтыр шайлоого үч күн калганда "Социал-демократтарды" шайлоодон четтетишкен эле. Быйыл болсо чыдабай кетишип, шайлоого жети күн калганда баягы оюндарын кайра башташты. Анткени биз өз күчүбүз менен, болгону беш киши болуп иштеп жатабыз: Кадыр Атамбаев, Темирлан Султанбеков, Эрмек - ишенимдүү өкүлдөрүбүз. Алар атайын биздин команданы бүтүндөй камакка алышты. Темирлан мындай ишке эч качан барбайт, Кадыр дагы барбайт. Алардын командасынан эч ким мындай кадамга бармак эмес. Сиздерден суранам, буларга ишенбеңиздер! Алардын айтып жаткандарынын баары — калп".
Султанбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкери катары белгилүү.
Кыял Токторбаева уулунун сүйлөгөн сөздөрү делген видеону кыскартып коюшканын айтып, эки сааттык видеону толук берүүнү талап кылган. Ал №24 округдан парламенттик шайлоого катышууда.
Кармалгандардын бири Кубанычбек Кадыров ишембинин таңындагы видео кайрылуусунда ал өзү жокто үйүнө күч кызматкерлери келгенин айткан:
"Эгер мени издеп жатсаңар, мен эч жакка качпай эле Бишкектемин. Мага чакыруу кагазын берип же телефон чалсаңар, өзүм эле бармакмын. Таң атпай үйүмдү курчоого алып, коркутуп жатышканы — акылга сыйбаган иш. Силер чын сүйлөгөндөрдү ушинтип коркутабыз деп ойлоп жатасыңарбы? Андай болбойт, эл деген бар! Эгер күнөөм болсо ачык айтып, мыйзам чегинде чакыргыла, мен барам. Эмне үчүн үй-бүлөмдү коркутасыңар?"
23-ноябрда экс-депутат Шайлообек Атазовдун апасымын деген аялдын кайрылуусу чыгып, анда ал баласынын эч кандай күнөөсү жок экенин билдирген:
"Мунун кабат-кабат үйлөрү, гектарлаган жерлери, дүркүрөгөн бизнестери жок. Өзүнүн өнөрү, ак эмгеги менен жашап келе жатат. Муну канча текшеришти, тергешти, баары чарчап да бүтүштү го. Дагы эле текшерип жатышат, бирок биздин корко турган жерибиз жок."
"Төңкөрүштү түшүңөрдө гана көрөсүңөр"
Саясатчылардын кармалышы жана үйлөрүнүн тинтилиши парламенттик шайлоого бир жума калган кезде болууда. Президент Садыр Жапаров 9-ноябрда элди түйшөлткөн үч маселе - энергетика, карыз, айдоочулук күбөлүк боюнча кайрылуу жасаган. Ошондо ал "шайлоодо бир нерсе болуп кетсе экен" деген жаман ойлуу топтор бар экенин билдирген:
"Эми мен жогоруда айткан көйгөйлөрдү тоодой кылып көрсөтүп, элди козутуп, "шайлоодо бир нерсе болуп кетсе экен" деген жаман ойлуу топтор бар. Ал эмне болгон топтор. Арасында ири коррупциялык иштерге аралашып, ачылган кылмыш иштеринин негизинде камалып, уурдалган ири суммадагы каражат же обьектилерди мамлекеттик бюджетке өткөрүп бергендер, биз бийликке келгенден кийин көмүскө схемаларын талкалап, алардын чөнтөгүнө кетип жаткан каражаттарды мамлекеттик казынага буруп, өздөрү кызматтарынан кол жуугандар. Айтор, жеке кызыкчылыгы үчүн таарынгандар, ызасын ичине каткандар десек болот", - деген Жапаров өз сөзүндө мындан ары төңкөрүшкө жол берилбей турганын, "мурдагы алсыз мамлекет жок экенин айтып, "мындан ары төңкөрүштү түшүңөрдө гана көрөсүңөр" деген.
Энергетика тармагындагы көйгөй азыркы бийлик менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кайым айтышуусун жараткан. Акыркы 10 күндө Энергетика системасындагы алешемдиктер үчүн тараптар бири-бирин бир канча жолу айыпташкан.












