Президент Жапаровдун уулунун жаңы банктагы ролу. Эмне белгилүү?

Президент Садыр Жапаров, Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпен Чжао (солдон экинчи) жана Нурдөөлөт Нургожоев (оңдон экинчи.)

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Садыр Жапаров, Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпен Чжао (солдон экинчи) жана Нурдөөлөт Нургожоев (оңдон экинчи.)

Президент Садыр Жапаров кичүү уулу Нурдөөлөт Нургожоев кантип жаңы түзүлгөн "Берекет Банктын" негиздөөчүлөрүнүн бири болгонун түшүндүрдү.

Ал "Кабар" маалымат агенттигинде 2-ноябрда жарыяланган маегинде "элден жашыра турчу эч нерсеси жок экенин" белгилеп, "Берекет Банк" кантип түзүлүп калганын айтты.

"Ушул жылдын май айында дүйнө жүзүнө белгилүү Binance компаниясынын кожоюну Чанпен Чжао бизге келгенде идея берип, биргелешип санарип банк ачуубузду сунуштаган. Мен дароо эле мамлекеттик банк кылалы деген оюмду айткам. Ал болсо мамлекеттик банкка кирүүгө каалоосу болбоду. Ошентип, мамлекеттик банк болсун деген сунушум өтпөгөндөн кийин жеке банк ачууга макул болдук", - деди Жапаров.

Президент мурдагы каржы министри Марат Султановдон чакырып, жеке банкты ачуу боюнча уюштуруу иштерин ага тапшырганын айтты.

"Чанпен Чжао менен Марат Абдразакович Нурдөөлөт да кирсин деп суранышты. Ары ойлонуп, бери ойлонуп анан мамлекеттин бир тыйын тиешеси жок болгондон кийин мейли деп уруксат бердим. Алар менен аралашып, тажрыйба топтой берсин дедим. Мамлекеттик иштерге киришпей жеке иштери менен алек болгондору жакшы эмеспи", - деди ал.

"Берекет Банктын" таржымалы

"Берекет Банк" Улуттук банктын 10-октябрдагы уруксаты менен түптөлүп, 20-октябрда Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Документтерде жаңы банкттын негиздөөчүлөрү катары Нурдөөлөт Нургожоев жана мурдагы депутаты, Улуттук банктын мурдагы төрагасы жана мурдагы каржы министри Марат Султанов көрсөтүлгөн. Жаңы банкты "Бай түшүм" банкынын мурдагы башкаруу төрагасы Жаркынбек Сагындыков жетектегени кабарланган.

Президент Садыр Жапаровдун айтымында, "Берекет Банк" негизинен виртуалдык активдер жана санарип валюталар менен иш алып барат.

Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпен Чжао соңку ирет Кыргызстанга сентябрь айында келип, Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин экинчи жыйынына катышкан. Ал кыргыз улуттук стейблкойнун коммерциялык банктар менен интеграциялоо жана улуттук криптовалюталык резервди түзүүнү тездетүү зарылдыгын айткан. Азырынча жаңы түзүлгөн "Берекет Банк" канчалык бул сыяктуу иштер менен алек болору расмий айтыла элек.

Буга чейин Кыргызстандын төрт банкы Орусияга санкцияны айланып өтүүгө көмөктөшкөнү үчүн АКШ менен Евросоюздун санкциясына кабылган.

Коомдогу эки ача пикир

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жаңы түзүлгөн банк жана андагы Нурдөөлөт Нургожоевдин ролу тууралуу жаңылык социалдык түйүндөрдө президенттин үй-бүлөсүнүн ишмердиги, буга чейинки мамлекет башчыларынын балдарынын саясий айдыңдагы таасири менен ролу тууралуу талкууларга жол ачты.

"Жаңы банк аркылуу күмөндүү транзакциялар жүрүп калбайбы деген тынчсыздануу бар. Себеби кезинде Максим Бакиев дагы АзияУниверсалБанк аркылуу өзүнүн офшордук күмөндүү транзакцияларын жүргүзүп турган. 2010-жылдары банктар аралык күмөндүү транзакцияларды иликтеген, бизнес менен мамлекеттин ортосундагы офшорлорду ачыктаган Global Witness уюму аны иликтеп чыккан. Ошол кезде АзияУниверсалБанк аркылуу миллиарддаган долларлар офшорго чыгып, кайра эле ал акчалар адалданып Кыргызстанга инвестиция катары кайтып келген. "Берекет Банк" аркылуу ошондой болбойбу деген кооптонуу бар", - деди АКШда жашаган кыргыз жараны, коомдук активист Медербек Саидов.

Учурда сыртта жүргөн мурдагы журналист Бакай Алмаз жаңы банктын тегерегинде жеке кызыкчылык жана саясий капитал аралашып кеткен жокпу деген суроолордун жообу коомчулук үчүн маанилүү болуп турганын айтты.

"Формалдуу түрдө муну жеке бизнес деп аташы мүмкүн, бирок реалдуулуктан алып караганда бул ишкердик өлкө башчынын ишеними жана жеке байланыштар аркылуу түзүлүп жатат", - дейт Бакай Алмаз. - "Инвестиция, өнүгүү, коррупция менен күрөшүү - булар дагы, албетте, кооз сөздөр. Бирок бийлик менен жеке кызыкчылык так ажыратылмайынча Кыргызстанда эски сценарий кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Бийлик жакындары үчүн өзгөчө шарт түзүп, инвестиция деген түшүнүккө жамынбай эле коюш керек", - деди Бакай Алмаз.

Азырынча "Берекет Банк" же анын негиздөөчүлөрү жаңы банк кайсы акчага түптөлгөнү, канча каражат кимдин чөнтөгүнөн сарпталганы тууралуу толук маалымат бере элек. Жаңы банктын негиздөөчүлөрүнүн бири Марат Султанов менен байланыштуу аракеттерибизден майнап чыккан жок.

Экономист жана финансист Кубан Чороев "Берекет Банктын" түптөлүшү жана андагы президенттин уулунун ролуна байланыштуу мыйзамдык жактан эч кандай маселе көрбөй турганын Би-Би-Сиге айтты.

"Дүйнөдөгү президенттердин тажрыйбасын карасак, мыйзамдык жактан карасак деле бул кызыкчылыктар кагылышы дегенге жатпайт. Саясий өңүттөн карасак, анда ошондой көрүнүшү мүмкүн. Дүйнөдө толтура премьер-министрлердин же президенттердин балдары деле ар кайсы чөйрөдө бизнесте болушат. Бирок криптобанк деген нерсе - бул инновациялык продукт. Жок нерседен, жаңы технологиялар менен жаңыдан түзүлүп аткан нерсе. Бул кийинки беш-он жылдын ичинде кенен жайылчу нерсе. Жалпы дүйнөлүк тренд. Албетте, криптобанк кыска мөөнөттө эле түзүлүп калчу нерсе эмес. Кыргызстанда ушундай криптобанкттар түзүлүп иштеш үчүн сөзсүз саясий колдоо керек. Себеби мындай банктар жөндөн-жөн эле Кыргызстанда катталып, иштей бербейт", - дейт эксперт.

Кубан Чороев Борбор Азияда криптовалюта тармагында Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын ортосунда биринчилик үчүн атаандаштык жүрүп жатканын кошумчалады. Анын айтымында, жакында эле Казакстан санарип теңгесин ишке киргизип, региондо финансылык хаб болууну көздөп турат.

"[Казакстан] крипточөйрөдө өзүнүн ордун чоң кылып белгилегиси келип жатат. Ошол эле маалда Binance компаниясы Казакстан менен дагы кызматташууда. Демек, Binance Борбор Азияда Кыргызстан менен Казакстанды перспективдүү өлкөлөр катары, санариптик технлогияларда ийгилик жарата турган өлкөлөр катары көрүп атат. Мындагы калктын калың катмары дагы ушул технологияга бат өтүп кеткенге жөндөмдүү деп көрүп атат. Президент Садыр Жапаровдун мындагы колдоосу, баласынын бул банкка кирүүсү президенттин ушул санарип технологиялардын Кыргызстанда өнүгүшү үчүн саясий эрки бар дегендин белгиси катары гана караш керек", - деди Чороев.

Виртуалдуу активдер рыногунун катышуучуларынын ассоциациясынын жетекчиси Темир Казыбай учурда Борбор Азия боюнча криптовалюта тармагында эң активдүү акча айланган рынок – бул Кыргызстан экенин белгилейт. Анын айтымында, кыргыз бийлиги убагында бул тармакты өнүктүрүүгө багытталган аракетти жакшы баштап, анын натыйжасында былтыр бул сектордо акча айлануу 587,3 миллиард сомду түздү. Казыбай Кыргызстанда виртуалдык активдер менен иш алып бара турган банкттын ачылышын кубаттап жатат:

"Берекет Банк" тууралуу маалымат аз болуп жатат. Жеке менчик банк болгону жатат, ага кандай ыйгарым укуктар берилет белгисиз. "Банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор каралып жаткан. Жогорку Кеңешке киргизилген ал сунушта банктарга криптовалюта менен иш алып барууга уруксат берүү да каралган. Ошол мыйзам долбоору жаңы парламент келсе, каралат деп күтүп жатабыз. Ал жерде "пилоттук түрдө банктарга виртуалдык активдер менен иш алып барганга уруксат берилсин" деп жазылган болчу. Крипто алмаштыруу жайларынын иш алып баруусуна укук берилсин деген таризде да сунуштар бар. Эми көрө жатарбыз, азыр маалымат аз болуп жатат. Биз деле ММК аркылуу жаңы банк ачылып атканын уктук. Ал банк ишке киришип, иштей баштаганда көрөбүз. Менин божомолумда мен айтып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынса, банк ишмердигин баштайт болуш керек. Тийиштүү документ коомдук талкуудан өткөн, өкмөттүн кароосунан да өткөн. Жаңы банктын ишмердүүлүгү ошол жаңы мыйзам долбоорунун негизинде аныкталат", - деди Казыбай.

Президенттин уулдарынын ишмердиги тууралуу эмне белгилүү?

Нурдөөлөт Жапаров 21 жашта, президенттин үчүнчү уулу, жергиликтүү медиа ал сырттан жогорку билим алып келгенин жазган. Соңку кезде ал президенттин сырткы иш-сапарларында аны коштоп баштаганы менен белгилүү. Мисалы, аны соңку ирет БУУнын Генералдык Ассамблеясынын сентябрдагы жыйынында байкашкан. Мындан тышкары президентти айрым эл аралык сапарларда анын дагы бир уулу Рустам да коштоп жүргөнү тууралуу да маалыматтар чыккан.

Жапаров соңку маегинде уулдарынын тажрыйбасы тууралуу суроого да жооп берди.

"...Рустам да, Нурдөөлөт да экономика жана финансы жагын окуп бүтүштү. Албетте, тажрыйбасы бар деп айта албайм. Бирок, бара-бара практика жүзүндө тажрыйба топтойт деп ойлойм. Азыркы жаштар бизге караганда жаңы нерселерди тез өздөштүрөт эмеспи. Эң негизгиси эч кам санабагыла", - деди Жапаров.

Буга чейин президенттин уулу Рустам Жапаровдун Кыргызстандагы ири долбоорлор менен байланышы тууралуу журналисттик иликтөөлөр жарыяланган. Жапаров бул иликтөөлөр тууралуу комментарий берип, уулу инвестор тартуу менен алек болуп жатканын билдирген.