Трамп "өзөктүк куралды сыноону" жандандыргысы келет. Бул эмнени билдирет?

1957-жылы Невададагы полигондо өзөктүк куралды сыноо

Сүрөттүн булагы, Galerie Bilderwelt/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1957-жылы Невададагы полигондо өзөктүк куралды сыноо
    • Author, Павел Аксенов
    • Role, Би-Би-Синин Орус кызматынын аскерий баяндамачысы

Президент Дональд Трамп АКШ өзөктүк сыноолорун жандандырарын билдирди. Бул тууралуу ал Кытай лидери Си Цзиньпин менен жолугушардын алдында Truth социалдык тармагына жазды. Трамптын билдирүүлөрүнөн ал эмне жөнүндө айтып жатканы боюнча так бир тыянак чыгарууга мүмкүн эмес. Бирок эгерде сөз өзөктүк түзмөктөрү бар ракеталарды сыноо эмес, өзөктүк жардырууларды жандандыруу жөнүндө болуп жатса, анда адамзат коркунучтуу эскалациянын босогосунда турат.

Truth Social платформасындагы текстте АКШнын президенти америкалык аскерий мекемеге өзөктүк сыноолорду баштоого буйрук бергени айтылат.

"АКШ бардык башка өлкөлөргө караганда көбүрөөк сандагы өзөктүк куралга ээлик кылат. Биз буга президенттик кызматтагы биринчи мөөнөтүмдө колдо болгон куралдарды толугу менен модернизациялоо жана жаңылоо аркылуу жетише алдык. Анын кыйратуучу күчү эбегейсиз болгондуктан, МЕН МУНУ ТАПТАКЫР КААЛАГАН ЖОКМУН, бирок менде башка арга калбады!", - деп жазды Дональд Трамп.

"Орусия [өзөктүк дарамети боюнча] экинчи орунду ээлейт, ал эми Кытай чоң айырма менен үчүнчү орунда турат, бирок 5 жылдын ичинде кууп жетет. Башка өлкөлөр жүргүзүп жаткан сыноо программаларына байланыштуу мен министрликке өзөктүк куралдарыбызды тең укуктуу негизде сынай баштоону тапшырдым. Бул процесс дароо башталат. Бул маселеге көңүл бурганыңыз үчүн рахмат!" – деп айтылат Truth Social платформасына жарыяланган текстте.

Президенттик учактын бортунда Вашингтонго кайтып келе жатып, ал дагы бир жолу буларды кайталады: "Башкалар деле сыноолорду жүргүзүп жаткандыктан, биз да ушундай кылганыбыз туура болот деп ойлойм". Трамптын билдирүүсүнүн бардык эле деталдары фактыларга дал келе бербейт. Дүйнөдө өзөктүк сыноо программасы жалгыз гана Кытай Эл Республикасында бар – андан башка эч ким акыркы жылдары өзөктүк жардырууларды жасаган эмес, ал тургай түндүккореялыктар да мындан 2018-жылы баш тартышкан.

Бирок сөз өзөктүк курал, болгондо да дүйнөдөгү эң ири арсеналдардын бири жөнүндө жүрүп жатканда ар кандай карама-каршылыктар жана каталар эң начар сценарийдин пайдасына чечмеленет. Ошондуктан Трамптын постун көптөр өзөктүк сыноолорго даярдык башталганы тууралуу жарыя катары кабыл алышты.

Бирок Ак үйдүн башчысы Пентагонго өзөктүк сыноолорду баштоого буйрук бере албайт, себеби муну менен АКШнын Энергетика министрлиги алектенет.

Мындан тышкары, "токтоосуз баштоо" да мүмкүн эмес – өзөктүк сыноолорго даярдануу көп убакытты талап кылат.

Трамп өз постун Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен жолугушардын алдында жарыялады

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамп өз постун Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен жолугушардын алдында жарыялады

Ошондуктан пикир жазгандардын көбү Трамп өзөктүк курал ташуучу ракеталарды сыноону айтып жаткан болушу мүмкүн деп божомолдошот, анын үстүнө бул сыноону Пентагон жүргүзүп турат.

Бирок Орусия сыяктуу эле АКШ да мындай учурууларды үзгүлтүксүз жүргүзүп келет. Мисалы ушул жылы америкалыктар 19-февралда жана 21-мартта континенттер аралык баллистикалык ракеталарды учурушкан. Албетте, ракеталар өзөктүк дүрмөтсүз учурулган болчу.

Өзөктүк сыноолорду жүргүзүүгө башка, алда канча фундаменталдык тоскоолдуктар да бар.

Келишим

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

1996-жылдан бери Өзөктүк сыноолорго толук тыюу салуу келишими (ӨСТТК) күчүндө.

Ага 187 мамлекет кол койгону менен, 178 мамлекет ратификациялаган. Ошол эле маалда келишимдин шарттары боюнча, негизги 44 мамлекеттен турган топ кол койбосо жана ратификациялабаса күчүнө кире албайт. Ушул тапта алардын ичинен тогузунун ратификациялоосу жетпей турат.

Келишимге кол койбогондордун арасында Кытай, Индия жана Пакистан, ал эми кол коюп, бирок ратификациялабагандардын катарында АКШ, Израил жана Орусия бар. Бул өлкөлөрдө өзөктүк курал бар. Орусия келишимге кол койгон, бирок 2023-жылы ратификациясын чакыртып алган.

Экинчи жагынан бул келишим формалдуу түрдө күчүнө кире элек жана мамлекеттерге өзөктүк сыноолорду жүргүзүүгө эч тоскоол боло албайт.

Экинчи жагынан, 1990-жылдардын аягынан бери дүйнөдө 10го жакын гана өзөктүк сыноо жүргүзүлгөн. Индия менен Пакистан 1998-жылы экиден, ал эми Түндүк Корея 2006-жылдан 2017-жылга чейин алты сыноо өткөргөн. Бул келишимдин күчү бар болгонунан кабар берет.

БУУнун маалыматы боюнча, 50 жылдын ичинде – 1945-жылдан 1996-жылга чейин – дүйнө жүзү боюнча 2000ден ашык өзөктүк сыноо жүргүзүлгөн.

СССР акыркы өзөктүк сыноосун 1990-жылы, Улуу Британия 1991-жылы, АКШ андан бир жылдан кийин, Франция менен Кытай 1996-жылы өткөргөн.

Эл аралык саясатта өзөктүк сыноолорго тыюу салган жазылбаган эреже бар, аны бузган мамлекет өзүнүн аброюн өтө шек келтирип алат.

Кытайдын стратегиялык күчтөрүнүн кубаты ушул жылы Бээжиндеги парадда даана байкалды

Сүрөттүн булагы, GREG BAKER/AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайдын стратегиялык күчтөрүнүн кубаты ушул жылы Бээжиндеги парадда даана байкалды

Өзөктүк сыноолор эмне үчүн керек?

Сыноолор жаңы өзөктүк куралды иштеп чыгуу, колдонуудагы куралды модернизациялоо, арсеналды толук даярдык абалында кармоо үчүн керек. Аскерлер өзөктүк согуш болгон учурда өзөктүк дүрмөт иштеп берет дегенди текшерип алгысы келет.

Ошол эле маалда согуштук дүрмөттөр техникалык жактан абдан татаал түзүлүштөр. Алар экстремалдык шарттарда иштейт деп эсептелген.

Толук масштабдуу жарылууларды жүргүзүү мүмкүн болбогон кырдаалда инженерлер "субкритикалык" деп аталган сыноолорду жүргүзүшөт. Мындай сыноо акыркы жолу 2024-жылдын май айында өткөн.

Ушундай сыноолордо атайын өзөктүк материалдарга таасир этүүчү экстремалдык температураларды жана басымдарды түзүү үчүн жарылуучу заттарды колдонушат. Бирок толук масштабдуу сыноолордон айырмаланып, материалдардын конфигурациясы жана саны өз алдынча ядролук чынжыр реакциясын пайда кылууга жол бербейт.

Башкача айтканда, эксперимент учурунда окумуштуулар кырдаалды чынжырлуу реакциянын башталышына алып келишет, бирок аны соңуна чыгарышпайт.

Башка бир вариант – бардык параметрлерди эске алуу менен өзөктүк дүрмөттүн жарылышын компьютерде моделдештирүү.

Бирок субкритикалык сыноолор да, компьютердик моделдештирүү да ядролук жарылуунун өзүндөй болуп бере албайт.

"Техникалык жактан алганда, өзөктүк державалар өзөктүк куралды толук масштабдуу сыноолорсуз долбоорлоп, чыгарышат. Бирок ӨСТТКнын жана өзөктүк сыноолорго тыюу салуунун максаттарынын бири – жаңы өзөктүк куралды чыгаруу оңой болбошун камсыз кылуу. Ошол себептен сыноого тыюу мына ушундай татаалдыкты жаратышы керек болчу. Ооба, заманбап технологиялар сыноолор керек эместигин айтат, бирок тестирлөөсүз жасалган дүрмөттөрдүн натыйжалуулугу кандай болору белгисиз", - деди Би-Би-Сиге берген маегинде Куинс университетинин Эл аралык жана коргонуу саясаты борборунан Максим Старчак.

Трамп эмне үчүн өзөктүк сыноолор жөнүндө жазды?

Дональд Трамптын постунда Кытайдын көбөйүп келаткан өзөктүк арсеналы тууралуу сөз болот. Трамп өз постун Кытай лидери менен жолугушардын алдында жазды.

Ошондуктан бул билдирүү негизинен Кытайга даректелди деп болжолдоо логикага туура келет.

Кытайдын өзөктүк арсеналынын өсүшү жана улам жаңыланып жатканы АКШны тынчсыздандырууда. Америкалыктар бул маселени стратегиялык чабуул коюучу куралдар тууралуу СНВ-III келишимин талкуулоо учурунда көтөрүштү.

"Америкалык өзөктүк куралды иштеп чыгуучулар өзөктүк бомбаларды толук масштабдуу өзөктүк сыноолорсуз деле жасай берсе болорун ырасташат, башкача айтканда, өзөктүк куралды сыноо – бул саясий маселе. АКШ бул сыноолор Кытайды стратегиялык куралдарды кыскартуу боюнча макулдашууларга кошулууга түртүшү ыктымал деп эсептейт", - дейт Максим Старчак.

Бул келишимдин мөөнөтү 5-февралда бүтөт, бирок Орусия 2023-жылы андан чыгып кеткен. Сентябрда Путин АКШны келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин дагы бир жыл ичинде СНВ келишиминин алкагында чектөөлөр аткарылганы тууралуу биргелешип жана өз ыктыяры менен жарыялоого чакырган.

Бирок Лондондун Коргонуу изилдөөлөрүнүн Падышалык бириккен институтунун (RUSI) эксперттери Орусия өзүнүн өзөктүк арсеналын модернизациялоодо кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн жана келишимди узартуу менен жарыша куралданууну ооздуктагысы келет деп эсептешет.

Ошол эле маалда Дональд Трамп менен Си Цзиньпиндин жолугушуусунун алдында Путин Орусия өзөктүк куралды эки стратегиялык алып жүрүүчүнү – канаттуу ракетаны жана учкучсуз суу астында жүрүүчү кайыкты сынаганын билдирди. Эки аппараттын тең өзөктүк энергетикалык түзмөгү бар жана алардын диапазону чексиз.

Интернетте көптөгөн комментаторлор бул эки фактыны байланыштырып, Трамп социалдык тармактагы посту менен Путинге да жооп кайтаргандай болду деп божомолдошууда.

Сыноолор кайрадан жанданган учурда эмне болот?

Максим Старчактын айтымында, "бул жарыша куралданууну тездетет, себеби тараптар көбүрөөк техникалык маалымат алып, өз куралдарын өркүндөтүүгө умтулушат".

"Эгерде Орусия чындап эле өзөктүк куралын сыноого даярданып жаткан болсо, анда ал АКШ өзөктүк куралын сынап бүтөөрү менен муну дароо жана тез жасай алат. Бул Орусия үчүн пайдалуу болот деп ойлобойм", - деп кошумчалады ал.

"Трамп Невада штатында күчтүү коомдук каршылыгына туш болуп, АКШнын бардык союздаштарынын нааразылыгын жаратат. Бул болсо АКШнын каршылаштарынын да өзөктүк сыноолорду жүргүзө баштоосуна жол ачып, Өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге доо кетириши мүмкүн", - деп жазды Куралдарды көзөмөлдөө ассоциациясынын аткаруучу Дарил Г. Кимболл X платформасына.

Бул орусиялык, америкалык же кытайлык аскерий өзөктүк курал боюнча окумуштуулардын ишин тездетпесе да, бирок таасирдүү арсеналдары болбогон өлкөлөргө аларды модернизациялоо жана көбөйтүү ишин тездетүүгө жардам бериши ыктымал. (ZMa)