"Социалдык тепкич жана май талкан жер". Эл эмнеге депутат болгусу келет?

Жогорку Кеңеш депутатынын төш белгиси

Сүрөттүн булагы, Akipress

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жогорку Кеңеш депутатынын төш белгиси

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого талапкерликти көрсөтүү мөөнөтү аяктады. Боршайкомдун маалыматына караганда, шайлоого барам деп 589 адам арызын тапшырды. Алардын ичинен азырынча 168 талапкер катталды. Кыргызстанда партиялык тизме менен өткөн шайлоолорго мындан да көп адам катышканы белгилүү. Эмне үчүн өлкөдө депутаттыкка ашыккандардын катары калың? Би-Би-Си бул суроону кыргыз саясатына көз калган талдоочуларга, саясатчылардын жана депутаттардын өздөрүнө жолдоп көрдү.

Коомчулукта бул жолу шайлоого бара жаткан адамдар көп болгондой таасир калып жатат. Бирок БШК өкүлү Узарбек Жылкыбаев буга чейинки шайлоолорду эске алганда бул сан көп эместигин айтат:

"Партиялык тизме менен болгон мурунку шайлоолорду алалы, 15 партия катышса, алардын ар бирөөнүн тизмесинде кеминде эле 120-150 адам болгондо, талапкер 2 миңден ашып кетчү. Азыр ага караганда азыраак болуп атат".

Жылкыбаев шайлоого, саясатка болгон жергиликтүү элдин кызыгуусун өлкөдөгү жарандык аң-сезимдин күчтүүлүгүнүн белгиси катары карайт. Бул жолку шайлоодогу талапкерлердин жашы, гендери жана башка өзгөчөлүктөрү боюнча БШК кенен анализин бир жума аралыгында жарыяламакчы.

Ошентсе да, өлкөдө эмне үчүн депутат болууга ашыккандар арбын деген суроолордун башы ачык.

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев бул көрүнүштү "атың чыкпаса жер өрттө" деп сыпаттайт, жана муну саясий пиардын бир түрү катары карайт:

"Шайлоого барам дегендердин көбү чындап шайлоого катышпайт деле. Фамилиясын көрсөтүп БШКга арызын жазып коет, расмий катталууга келгенде талаптар бар да. Мисалы, 300 миң сомдук күрөө акыны төлөш керек, шайлоо фондун ачыш керек деген этапка келгенде, арыз бергендердин саны бери дегенде эки эсеге азаят".

"Макамдуу, май-талкан жер"

"Генерал болууну каалабаган аскер аскер эмес, дегендей Кыргызстанда президент же депутат болууну каалабаган кыргыз кыргыз эмес. Чөнтөгүндө ашыкча акчасы болгон адам эле бизде "ушу саясатка барып көрсөмбү" дейт. Биз ушундай статусту жакшы көргөн элбиз. Экинчиден, бул бай, олигархтарга коомдогу бир даража. Арасында элдин көйгөйүн чечейин дегендер бар. Бирок беш жыл үн ачпай отуруп, өкмөттүн айткан дегенин колдоп, акырын өзүнүн бизнестерин коргогондору деле бар",- дейт журналист Семетей Таласбек уулу.

Экс-депутат Исхак Масалиев журналисттин бул жеке байкоосун четке какпайт.

Ал Кыргызстанда шайлоого катышуу оңой-олтоң иш эмес экенин, өлкө тарыхында депутаттык мандат кайсы бир деңгээлде бизнестин бир түрүнө айланганын моюндайт. Масалиев парламентке барам деген адам кеминде 20 миллион сомдук акчасын чачарын, андан кийин аны эселеп чыгарып алуунун да жолун табарын айтууда:

"Беш жыл депутат болуп иштесе, шайлоого кетирген чыгымымдын он миллион сомун эле кайтарат экен. Анан депутаттык белги үчүн ушунча акчаны жөн эле таштап коебу. Ошол жерде маселе бар да. Акчалуу адам депутаттыкка эмнеге барат? Баргандан кийин ал чыгымын кайтарат да. Депутат болгондон кийин айрым учурда өзүнүн бизнесинин же башка бизнесмендердин кызыкчылыгы үчүн иштейт. Же кайсы бир келишим менен өкмөттүн ишин бүтүрөт. Өзүңүз ойлосоңуз, жыйырма миллион сом кетирип, тапкан айлыгы он миллион. Депутат болуу үчүн эле 20-30 миллион сом акча таштаганга даяр болобу?".

Жогорку Кеңеш депутаты Исхак Масалиев

Сүрөттүн булагы, Akipress

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев: "Жогорку Кеңеш - май-талкан жер"

Масалиев, "депутат болуу эмне берет" деген суроого кыска "май талкан жер" деп жооп берди.

Кыргызстанда парламенттин мурдакы чакырылыштарынын депутаттарынын айлык акысы орточо эсеп менен 50 миң сомдун тегерегинде болгону ачык булактарда айтылат. Бирок билим деңгээли, мамлекеттик чини, сыйлыктары болуп отуруп алардын алдынын айлык акысы 100 миң сомдон ашып кетчү.

Бирок мөөнөтү чыгып бара жаткан азыркы Жогорку Кеңештин депутаттарынын айлык акылары кыйла кыскарган. 2021-жылы президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш депутаттарынын айлык акыларын кыскартуу тууралуу жарлыгын чыгарган. Ага ылайык, спикердин эмгек акысы 30 миң, орун басарларынкы 27 миң сом, ал эми фракция лидерлериники 26 миң сом болуп бөлүштүрүлгөн.

Коомдогу аброй, айлык акыны эске албаганда деле депутат болуунун артыкчылыктары катары сыртка иш сапарларга бекер чыгууну, мамлекет эсебинен атайын бейтапканада дарыланууларын атасак болот.

Социалдык лифт

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Серепчи Руслан Акматбек Кыргызстандагы элдин саясий макамга умтулуусу себебин өлкөдө чечим кабыл алынчу органдарга өз үнүн жеткирүүнүн жалгыз жолу катары кароосунан дагы болушу мүмкүн дейт:

"Бизде бул социалдык лифт, кабыл алышыбыз керек. Тилекке каршы, башынан эле бизге окшогон өлкөлөрдө жарандарга бирдей мүмкүнчүлүк берилбейт. Экинчиден, бизде көйгөйлөрдү чечүү үчүн сөзсүз түрдө трибунага барып, ошол жактан статус аркылуу чечилиши керек. Бизнесмендер үчүн бул өз укугун коргоонун инструменти. Бизде депутаттык макам ээсинин укугу эң жакшы сакталат. Карапайым жаран өлкөнүн ичинде, сыртында да түрткүнчүк болуп калган. Укугу сакталбайт, өнүгөйүн десе шарт жок. Ири долбоорго кредит ала албайт. Мындай шартта билим, илим, же башка тармакка умтуулуу да кыйын. Мунун баарына кандай болсо да бир макамга ээ болуп жетсе болот дешет. Өлкөдө жалпы укук, киреше дагы адилеттүү бөлүштүрүлгөн эмес".

Руслан Акматбек Жогорку Кеңеш бийликтин бир бутагы катары өзүнө ресурс камтырын, жарандар ошол ресурска жакын болууга, аны бөлүштүрүүгө катышууга да умтулуп жатышы мүмкүн дейт.

"Криминал ким депутат болорун чечип калган"

Кыргызстанда акчалуу саясий күчтөр бизнесин калкалап, саясий таасирин арттыруу үчүн өз адамдарын депутаттыкка сүрөгөн да тажрыйбалар болгон. Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев мунун себебин пропорционалдык шайлоо системасы менен байланыштырат:

"Азыр прокси же саясий күчтөр депутаттыкка өз кишилерин койдуруп, чечимдерге таасир этели деген көрүнүш жок. Саясий партиялар аркылуу шайлоо өтүп, анан мандаттар бөлүштүрүлгөн мурдагы шайлоолордо бул активдүү болгон", - дейт саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев.

Өлкөдөгү 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо фавориттер "Биримдик" жана "Мекенчил" партиялары болгону эсте. Биринчи партияны ал кездеги президент Сооронбай Жээнбековго жакын күчтөргө, ал эми экинчисин ошол убактагы өлкөдөгү эң таасирдүү Матраимов кланы менен байланыштырышкан эле.

УКМК төрагасы Ташиев

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Криминал кимдер депутат болуш керек, кайсыл партиялар өтүш керек чечип калышкан"

Дагы бир жагдай, Кырызстанда, кезинде, криминалдык топтор дагы парламентке өз адамдарын сүрөгөнү айтылат. 29-октябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз милициясынын 101 жылдыгына байланыштуу иш-чарада уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлери, керек болсо, парламенттин курамын аныктоого чейин кийлигишип келгенине токтолду:

"Мен силерге бир мисалды айтып берейин. Биздин бир министр мага ыйлап келди. "Отурсам телефонума видео чалуу келди. Алсам ары жагында Көлбаев турат. "Ушул-ушул жумуштарды бүтүрбөсөң азабын тартасың" деди. Мен арыз жазып жумуштан кетем" деди. Мен сага жооп берем, кызматтан кетпейсиң деп алып калып, мен чара көрүүгө милдеттүү болдум. Алар кимдер депутат болуш керек, кайсыл партиялар өтүш керек парламентке, ким кайсы шаарга мэр болуш керек, ушул маселени да чечип калышкан", - деди Камчыбек Ташиев.

Депутаттын мыйзамдагы милдети

Конституцияда жазылгандай, Жогорку Кеңештин 90 депутаты мыйзам чыгаруудан тышкары контролдук функцияларды аткарышы керек. Ошондой эле алар шайлоочулардын өкүлү катары да иш алып барышы зарыл.

2021-жылы Кыргызстан президенттик башкарууга өткөн соң Жогорку Кеңештин буга чейинки ыйгарым укуктары азайган.

"Жогорку Кеңеш депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамына ылайык, депутаттык мандатты жекече максаттарга пайдаланууга жол берилбейт. Жогорку Кеңеш депутаты элдин кызыкчылыгындагы мыйзамдарды, токтомдорду демилгелеп, парламентке сунуштарын киргизүүгө же, тескерисинче, аларды чакырып алууга укуктуу.

Ошондой эле депутаттык суроо-талаптар менен өкмөткө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка юридикалык жактарга кайрылууга жана аларга жооп берүүнү талап кыла алат.

Ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамдарды аткаруусун текшере алат. "Өкмөттүк күндө" премьер-министрге жана өкмөт мүчөлөрүнө, чакырылгандарга суроолору менен кайрылууга акылуу.