Жапаровго кеңешчи болгон, Трамп ырайым берген криптобизнесмен ким?

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматы
АКШнын президенти Дональд Трамп Binance аттуу дүйнөдөгү ири криптовалюталык компаниянын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаого ырайым берди. Өткөн жылдын апрель айында ал АКШда арам акчаны адалдаган деген негиз менен төрт айга эркинен ажыратылган. Ага ырайым берилгени тууралуу жаңылык быйыл президент Садыр Жапаровдун коомдук кеңешчиси болуп дайындалган Чжао Кыргызстанга келген учурга туш келди. 48 жаштагы криптобизнесмен 24-октябрда Бишкекте Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин экинчи жыйыны катышты.
Трамптын администрациясынан кабарлашкандай, АКШ лидери "өзүнүн конституциялык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, криптовалюталарга каршы согуштун алкагында Байдендин администрациясы бутага алган" Чжаого ырайым берди.
"Байдендин администрациясынын иш-аракеттери АКШнын технологиялар жана инновациялар чөйрөсүндөгү дүйнөлүк лидер катары аброюна олуттуу түрдө шек келтирди. Байдендин администрациясынын криптовалюталар менен согушу аяктады", - деп айтылат Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт жарыялаган билдирүүдө.
Binance компаниясынын негиздөөчүсү өткөн апрелде арам акчаны адалдоого каршы мыйзамды бузду деген айып менен төрт айга эркинен ажыратылган. Чжаону үч жылга эркинен ажыратууну талап кылган прокурорлордун айтымында, анын жетекчилиги астында жүргүзүлгөн мыйзамсыз транзакциялар "АКШнын улуттук коопсуздугуна олуттуу зыян келтирген".
Мунун алдында, 2023-жылдын ноябрында Чжао Binance'тын жетекчиси кызматынан кетип, 50 миллион доллар көлөмүндө айып төлөөгө макул болгон.
АКШнын Юстиция министрлиги криптобиржага рекорддук суммада 4,3 миллиард доллар айып салып, анын ишине катаал көзөмөл киргизип, компания "арам акчаны адалдаган укмуштуудай кубаттуу борборго" айланганын билдирген. Министрликтин ырасташынча, кылмыштуу уюмдар бул компания аркылуу мыйзамсыз табылган миллиарддаган долларларды өткөрүшкөн.
Wall Street Journal белгилегендей, Чжаого ырайымдын берилиши ага кайрадан АКШнын рыногуна кайтууга жол ачат. 2023-жылы АКШнын акчаны адалдоого каршы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн күнөөсүн мойнуна алгандан кийин компанияга бул өлкөдө иштөөгө тыюу салынган.
Мындан тышкары, Чжаонун соттуулугу бүткүл дүйнө боюнча иш алып барган Binance'тын бизнесине олуттуу тоскоолдук болуп кала берген, бул болсо өз кезегинде лицензияларды алууну жана банк эсептерин ачууну кыйындаткан.
Binance 2024-жылдын сентябрында түрмөдөн чыккан Чжаого ырайым кылууну өтүнүп, дээрлик бир жыл аракет кылган. WSJ билдиргендей, компания бул процессти тездетүү үчүн лоббист Чес Макдауэллди жалдаган.
Трамптын командасы менен байланыш

Сүрөттүн булагы, Gabby Jones/Bloomberg via Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Трамп президент болуп шайлангандан бери Binance анын үй-бүлөсүнө таандык World Liberty Financial аттуу криптовалюталык долбоордун негизги өнөктөшү болуп калган. Бул бизнес Трамптын жеке байлыгын кыйла арттырганы айтылат.
WSJ маалымдагандай, өткөн жылы Binance Трамптын союздаштарына америкалык рынокко кайтып келүү планынын алкагында үй-бүлөсү менен бизнес келишимин түзүү сунушу менен кайрылган. Трамптын үй-бүлөсүнүн өкүлдөрү Binance компаниясынын америкалык бөлүмүндө ыктымалдуу финансылык катышуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Ошол күндөрү Чжао Binance.US менен бүтүмдү талкуулабаганын ырастаган, бирок X платформасында: "Эч бир соттолгон адам ырайым алууга каршы болбойт", - деп жазган.
WSJ белгилегендей, World Liberty өткөн жылы Трамптын үй-бүлөсүнө алар жыл сайын девелопердик бизнестен тапканына караганда бир топ көбүрөөк киреше алып келди.
Binance компаниясы World Liberty чыгарган, долларга байланган USD1 криптовалютасынын өсүшүндө негизги ролду ойноду. Жазында Binance тышкы инвестордон USD1 токендерине 2 миллиард доллар инвестицияны кабыл алуу менен долбоорго биринчи чоң ийгиликти камсыз кылды, ошондой эле бул валютанын көзөмөлдөгү аянтчалардагы соодасына дем берди.
World Liberty долбоорунун ырасташынча, Чжао компаниянын кошо негиздөөчүсү Зак Уиткофф менен дос. Зак – Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткоффтун уулу, бирок долбоор Binance менен эч кандай бизнес келишимдерин түзбөгөнүн ырастайт.
Абу-Дабиде жашаган кытай-канадалык ишкер Чанпэн Чжао Binance компаниясын 2017-жылы негиздеген жана аны 300 миллионго жакын колдонуучусу бар дүйнөдөгү эң ири криптобиржага айландырган.
Чжао Трамптан ырайым алган кезектеги криптобизнесмен болуп калды. Мартта президент ошондой эле BitMEX биржасынын кошо негиздөөчүсү Артур Хейске ырайым берген, ал да ушундай эле мыйзам бузууларга барганын мойнуна алган.
Чжаого ырайымдын берилиши Конгресстеги демократтардын катаал реакциясына кабылышы ыктымал. Буга чейин демократтар Трамптын администрациясынан Binance жана Чжао менен болгон байланыштын чоо-жайын ачып берүүнү талап кылып, компаниянын президенттин үй-бүлөсү менен финансылык байланышы этикалык суроолорду жаратып жатканын айтышкан.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Чжаонун Кыргызстандагы ишмердиги
Трамптын ырайымы Чанпэн Чжаонун Кыргызстандагы сапарына тушташ жарыяланды. Ишкер 24-октябрда Бишкекте Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин экинчи жыйынына катышты.
Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, жума күнкү жыйында сөз сүйлөгөн Чжао Кыргызстан Binance системасы менен толук локализацияланган Борбор Азиядагы биринчи өлкө болуп калганын баса белгиледи.
Ал ошондой эле KGST аттуу кыргыз улуттук стейблкойнун коммерциялык банктар менен интеграциялоо жана улуттук криптовалюталык резервди түзүүнү тездетүү зарылдыгын айткан.
Улуттук кеңештин жыйынында сөз сүйлөгөн Жапаров Кыргызстанды чөлкөмдөгү виртуалдык активдер жөнүндө мыйзам кабыл алган жана бул жаатта ырааттуу мамлекеттик саясат жүргүзүп жаткан саналуу өлкөлөрдүн бири деп атады. Ал ошондой эле Кыргызстан криптовалюталарды кабыл алуу боюнча глобалдык индексте 19-орунду ээлеп, Борбор Азияда ишенимдүү түрдө алдыда турарын баса белгиледи.
Бул жыйынды улай Жапаров менен Чжао «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркына барганын президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, бейформал баарлашуунун жүрүшүндө санариптик технологиялар жана тажрыйбалуу алмашуу жаатында кызматташуу, анын ичинде Кыргызстанда заманбап блокчейн-чечимдерди киргизүү жана эл аралык инвесторлордун катышуусун арттыруу маселелери талкууланган.
Быйыл май айында кыргыз президенти Садыр Жапаров Чжаону өзүнүн коомдук кеңешчиси кылып дайындаган. Ошондой эле "Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү боюнча" улуттук кеңеш түзүлүп, анын курамына Чжао жана Binance компаниясынын аймактык жетекчиси Кирилл Хомяков да кирген.
Кеңеш мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын аныктоо, инвестициялык климатты жакшыртуу, мыйзамдык ченемдерди өнүктүрүү жана чет өлкөлүк компанияларга көмөк көрсөтүү максатын көздөрү айтылган. (ZMa)
















