Интерпол "Клооптун" негиздөөчүсү Ринат Тухватшинге эл аралык издөө жарыялоо өтүнүчүн четке какты

Ринат Тухватшин

Сүрөттүн булагы, occrp

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ринат Тухватшин
    • Author, Жаңылыктар бөлүмү
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы

Интерпол Kloop көз карандысыз медиасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшинге эл аралык издөө жарыялоо боюнча өтүнүчтү четке какты. Бул тууралуу Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө уюму (OCCRP) 31-октябрда маалымдап, мындай өтүнүчтү Интерполго кыргыз бийлиги жолдогонун билдирди.

Маалыматка караганда, Интерпол бул өтүнүчтү "саясий мүнөздө" деп таап, аны канааттандыруудан баш тарткан.

"Интерполдун уставында биздин системаны саясий максаттарда колдонууга тыюу салынган катуу эрежелер бар. Ошондуктан Кызыл эскертүү (ред. эл аралык издөө жана кармоо) тууралуу өтүнүчтү четке кактык", – деп билдирди Интерполдун коммуникациялар боюнча директору Сэмюэл Хит OCCRP уюмуна.

Тухватшинди эл аралык издөөгө алуу жана кармоо тууралуу өтүнүч четке кагылганын Интерпол Би-Би-Синин Кыргыз кызматына да ырастады. Уюмдун өкүлү Сэмюэл Хит өтүнүчтү кайсы тарап жөнөткөнү ачык айтылбай турганын кошумчалады.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлдөрү бул боюнча азырынча маалыматтары жок экенин жана комментарий бере албай турганын билдирди.

Соттун чечиминде эмне деп айтылат?

27-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Temirov Live, Kloop.kg жана "Айт Айт Десе" медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп тапкан. Мындан тышкары бул долбоорлорду түптөгөн журналисттер Болот Темировдун жана Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп таанылган.

Сот чечиминде аты аталган долбоорлордо манипуляциялык мүнөздөгү, бийлик органдарына болгон ишенимди солгундаткан, коомдук коопсуздукту бузууга жана жарандарды нааразылык акцияларына катышууга түрткөн материалдар жарыяланып турганы айтылган:

"Жалпысынан Болот Темиров менен Ренат Тухватшиндин ишмердүүлүгү психологиялык жактан азыркы бийликти жана анын өкүлдөрүн кулатууга багытталган "маалыматтык экстремизм" катары мүнөздөлөт. Бул медиа долбоорлор чогултулткан маалыматтардын бүт спектри азыркы бийликти толук четке кагуу, тарапкерлерди өз жана бөтөн деп бөлүү, ошондой эле бурмаланган маалыматтардын фонунда агрессиянын жаралышына түрткү берүүгө багытталган", - деп белгиленген соттун чечиминде.

Коомдук сайттарда жарыяланган чечимдин көчүрмөсүндө ал жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирери жазылган.

Аты аталган басылмалардын жетекчилиги мындай чечимге макул эместигин билдирип, окурмандарына эми алардын материалдарына лайк басуу, пикир жазуу же бөлүшүү коркунучтуу болуп калганын, мунун баары экстремисттик уюмдарды колдоо катары эсептелип калышы ыктымал экенин эскертишкен.

"Клооптун" өкүлү, адвокат Нурбек Токтакунов бул чечимге каршы даттанарын айткан.

"Мен буга чейин УКМКга, прокуратурага, сот органдарынын өкүлдөрүнө кайрылгам. Аларга "Клооптун" өкүлдөрү кайсы даректе турарын айтып бергем. Алар менен байланышуу оңой эле болмок, мага чалса эле, мен байланыштырмакмын. Менде алардын ишеним каттары бар. Ошондуктан менин катышышым керек болчу. Буга карабай сот бир тараптуу өттү. Үч ай убактыбыз бар. Бул аралыкта чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылам", - деп айткан Токтакунов.

Журналисттер эмнеге кабатыр?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Иликтөөчү журналисттердин ишмердиги экстремисттик деп табылганын медиа коомчулуктун өкүлдөрү тынчсыздануу менен кабыл алышууда.

"Эл аралык сыйлыктарга ээ болгон Kloop жана Temirov Live иликтөөчү агенттиктерин, ошондой эле алардын негиздөөчүлөрү Болот Темиров менен Ринат Тухватшинди "экстремисттик" деп таануу — бул Кыргызстандын жогорку бийлик эшалонунун коррупцияны иликтеген журналистиканын ишине бөгөт коюуга багытталган таң каларлык жана үмүтсүз аракети", - деп билдирген Журналисттерди коргоо комитетинин (CPJ) Европа жана Борбор Азия боюнча программаларынын координатору Гүлноза Саид.

Кыргызстандагы "Чекит медиа" долбоорунун жетекчиси Асел Сооронбаева иликтөөчү журналисттер менен бийликтин ортосунда тиреш жүрүп жаткандай сезим пайда болгонун белгилеп, соңку чечим журналисттердин иши өтө опурталдуу болуп баратканын дагы бир ирет тастыктаганын айтат:

"Чекит медиа" талапкерлерди талдаган материалдарды жасай баштаган. Аны биринчи, экинчи, үчүнчү бөлүмүн жарыялаганбыз. Ошондо "Клооптун", Болот Темировдун материалдарынан пайдаланганбыз. Бул дагы катализатор болуп кеттиби деп нес болуп калдык. Балким ага чейин эле алардын ишмердигин экстремисттик деп таануу боюнча чечим кабыл алынгандыр. Бирок биздин материалдар чыккандан кийин ушундай окуя болуп кетти. Албетте, өздөрүнүн курч иликтөөлөрү буга таасирин тийгизсе керек. Азыр алардын материалдарын жайылткан адамдар да жоопкерчиликке тартылат деп жатышпайбы. Бул сөз эркиндигине доо кетирет. Болотту да, "Клоопту" да билебиз. Булар эл аралык иликтөө долбоорлору менен бирге ачык булактарга таянып, курч иликтөөлөрдү жасашат. Белгилүү себептерден улам Кыргызстанда андай иликтөөлөрдү жасаган кишилер жок. Эми иликтөө жасамак турсун, иликтөө жасаган кесиптештердин маалыматын пайдаланган, тараткан да опурталдуу болуп калды".

Журналист Кайыргүл Урумканова болсо медиага ар тараптан цензура күчөп, мыйзам аркылуу чектөөлөр кирип жатканын белгилейт.

"Ушундай темп менен кете берсек, эч ким сүйлөбөй, пикирин билдирбей калат. Анда маалыматтык коопсуздук көйгөйү жаралат. Маалыматтык коопсуздукту ким камсыздайт? Блогерлер эмес, ошол эле журналисттер камсыздайт. Эгер журналисттер сүйлөй албай калса, бийлик ким менен иштейт?", - деп суроо салат медиа эксперт.

Пресс-конференция маалындагы камералар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бийликтин позициясы

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги начарлаганы жана медиа кызматкерлерине кысым күчөгөнү тууралуу мындай билдирүүлөрдү четке кагып келет.

Былтыр сентябрда президент Садыр Жапаров "Клооптун" жабылганы боюнча "Кабар" мамлекеттик маалымат агенттигине комментарий берип жатып, басылманын иликтөөлөрү бир жактуу, каралоо максатында жасалып жатканын айткан:

"Иликтегендердин баарын, мейли ким болбосун колдойбуз. Бир гана сураныч эки жактуу иликтешсе. Эгер кимдир бирөө уурдап атса же коррупция кылып жатса, сөзсүз көңүл бурабыз. Жазалайбыз. Аларсыз деле өзүбүз жазалап жатабыз. Алардын иликтегени да бизге жардам болот. Бирок бир жактуулук, каралоо, душмандык кылуу, жеке кызыкчылык менен иликтеп жатышпайбы. Албетте, андайларды колдобойбуз".

Жапаров 2024-жылдын сентябрь айында "Кабар" агенттигине курган дагы бир маегинде Temirov Live долбоорунда мурда-кийин иштеп кеткен 11 журналисттин иши боюнча комментарий берип, Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин белгилеген.

Анда президент: "Ал эми "11 журналист" дегениң боюнча. Алардын экөөсү гана журналист экен го. Калганы 11-класс билими барлар дешти. Аларга тигилер анча-мынча акча төлөп коюп социалдык түйүндөргө отургузуп алышып жалган маалыматтарды, элди дүрбөлөңгө чакырган жасалма материалдарды тараттырып атышканын кантип танышат", - деген.

Үч долбоордун таржымалы

"Клооп" басылмасы 2008-жылы ачылган. Бул аралыкта иликтөө жанрында ондогон материалды чыгарган. Айрымдары эл аралык сыйлыктарга татыган.

2024-жылдын февраль айында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Kloop Media" коомдук фондун жоюу тууралуу чечим чыгарган.

Буга Бишкек шаардык прокуратурасынын арызы себеп болгон. Арызда басылма бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын төмөндөтүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялап жатканы жазылган.

Ошентип, "Клооптун" сайты Кыргызстанда бөгөттөлгөн. Басылма коомдук сайттарда ишмердигин улантып жатат.

Быйыл 17-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту "Клооптун" мурдагы операторлору Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровду күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Басылманын эки эсепчиси беш жылга соттолуп, үч жылдык пробация менен бошотулган.

Эл аралык укук коргоо уюмдары басылмага кысым көрсөтүүнү токтотууга чакырып келишет.

Temirov Live жана "Айт Айт Десе" медиа долбоорлорун журналист жубайлар Болот Темиров менен Махабат Тажибек кызы негиздеген.

2024-жылы январда Temirov Live жана "Айт Айт Десе" долбоорлорунда иштеген, кызматташкан 11 журналист жана активист кармалган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин "Жапырт башаламандыктар" беренеси менен айып тагылган. Кийинчерээк жетөө акталып, эки журналист абакка кесилсе, дагы экөө пробациялык көзөмөл менен бошотулган. Азыр Болот Темировдун жубайы Махабат Тажибек кызы алты жылдык мөөнөтүн өтөп жатат.

Болот Темиров кыргыз паспортун мыйзамсыз алган деген кине менен 2022-жылы өлкөдөн күч менен чыгарылган. Ал чет өлкөдө журналисттик иликтөөлөрүн жасап келет.

Медиа кызматкерлеринин укугун коргогон адвокаттардын айтымында, Кыргызстанда бир нече медиа долбоордун жана журналисттердин ишмердиги бир учурда экстремисттик деп табылган учурлар дээрлик болгон эмес. Бирок маалымат каражаттарынын ишмердигине түрдүү себептер менен чектөө коюлган учурлар катталган.

2017-жылы "Сентябрь" телеканалынын жана сайтынын ишине тыюу салынган. Буга Ош облустук милициясынын мурдагы башчысы Абдылда Капаровдун телеканалда жарыяланган билдирүүсү экстремисттик деп табылганы себеп болгон.

Быйыл май айынын башында "Чек арасыз кабарчылар" (RSF) эл аралык уюму дүйнөдөгү сөз эркиндиги боюнча 2025-жылдагы рейтингин жарыялаган. Иликтөөгө ылайык, Кыргызстан 2024-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 24 баскычка артка кетип, 180 өлкөнүн арасынан 144-орунга жайгашкан.

Freedom House (FH) эл аралык уюму быйыл Кыргызстанды бешинчи жыл катары менен "эркин эмес" мамлекеттердин катарында калтырган.