Трамп Украинага Tomahawk ракетасы азырынча берилбей турганын айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын президенти Дональд Трамп

АКШнын президенти Дональд Трамп Украина менен узак аралыктагы буталарга сокку уруучу Tomahawk ракетасына байланыштуу келишим түзүү маселесин караштыра элек. Ал бул тууралуу жекшемби күнү Флоридадан Вашингтонго учуп баратып билдиргенин Reuters агенттиги жазды.

Трамп журналисттердин АКШ Tomahawk ракеталарын Украинага сатуу маселесин канчалык караштырып жатканы тууралуу суроого: "Жок, андай деле эмес", - деп жооп берди. Бирок ал болочокто оюн өзгөртүшү мүмкүндүгүн кошумчалады.

22-октябрда Дональд Трамп менен НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Tomahawk ракеталары тууралуу маселени талкуулашканы белгилүү болгон. Өткөн аптада Рютте бул ракеталарды Украинага берүү маселеси изилденип жатканын, соңку чечим АКШнын колунда экенин айткан.

Жума күнү CNN телеканалы Пентагон алыскы аралыкка учуучу Tomahawk канаттуу ракеталарын Украинага жеткирүүгө макулдугун бергенин, акыркы чечимди Трамп кабыл аларын жазган.

Пентагон мындай чечим америкалык арсеналдарга терс таасирин тийгизбейт деген тыянакка келген. Бул тууралуу CNN телеканалына кырдаалдан кабардар америкалык жана европалык үч аткаминер билдиришкен.

Киев көздөгөн келишим, Американын арсар туруму

Ноябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушууда Трамп Украинага ракеталарды бербөөнү туура көрөрүн айткан. "Биз өлкөбүздү коргоо үчүн керектүү куралдарды тараткыбыз келбейт", - деп айткан эле Трамп.

Аскерий жетекчилик Трамптын Зеленский менен жолугушуусунун алдында ракеталардын запастарын баалап чыгып, Ак үйгө маалымат беришкен. Алардын баасы европалык өнөктөштөрдү шыктандырган, себеби алар эми АКШда ракеталарды бербөө үчүн шылтоосу азыраак болот деп эсептешкен. Бул тууралуу CNN телеканалына эки европалык аткаминер маалымдашкан эле.

Ошондуктан, бир нече күндөн кийин Трамп Зеленский менен жолугушууда журналисттерге Tomahawk ракеталары АКШнын өзүнө керек экенин айтып, кескин түрдө өз позициясын өзгөрткөндө бул америкалык жана европалык аткаминерлерди таң калтырган чечим болгон. Андан кийин Трамп Украинанын президентине жабык эшик артында АКШ ракеталарды азырынча бербей турганын айткан эле.

Трамптын чечими Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин эртеси күнү жарыяланган.

Буга чейин CNN телеканалынын булактары Трамп "ракеталарды күн тартибинен чыгарбаганын" жана ал тийиштүү буйрукту берген учурда Ак үй ракеталарды Украинага ыкчам жеткирүү планын иштеп чыкканын кабарлашкан.

Tomahawk ракетасы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Tomahawk ракетасы
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Акыркы жумаларда Трамп Путиндин тынчтык сүйлөшүүлөрүнө олуттуу мамиле жасагысы келбегенине нааразы экенин айтып жүрөт. Мындан улам эки апта мурда АКШнын орусиялык мунай компанияларына каршы жаңы санкцияларын жактырып, азырынча Путин менен Будапештте пландалган жолугушуу болбой турганын билдирди.

CNN телеканалынын булактары билдиргендей, Пентагон ракеталардын запастарына тынчсызданбаса да, АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү Украина ракеталарды кантип жайгаштыраарына баш катырышууда. Алардын айтымында, ракеталарды натыйжалуу колдонуу үчүн Киев бир катар ыкчам маселелерди чечиши керек.

Чечилбей келаткан маселелердин бири: АКШ ракеталарды берсе, Украина аларды кантип учурат? Tomahawk ракеталары адатта кемелерден же суу астындагы кайыктардан учурулат, бирок Украинанын Аскер-деңиз флоту өтө алсыз абалда турат, ошондуктан, ракеталарды жерден учурууга туура келет. Телекомпаниянын маалыматы боюнча, америкалык аскерлер Украинага бериле турган ракеталарды жер үстүнөн учурууга мүмкүндүк берген түзмөктөрдү иштеп чыгышты.

Tomahawk ракеталарынын кандай артыкчылыктары бар?

Tomahawk 1600 чакырымдан 2500 чакырымга чейинки аралыктагы буталарды талкалай алат. Эгер Киевге бул ракета берилсе, Украина Орусиянын ичкери аймактарына чейин сокку урууга мүмкүнчүлүк алышы мүмкүн.

Бул канаттуу ракета үндүн ылдамдыгына чейинки тездик менен, бирок жер бетинин рельефине ылайыкташып жапыз учат. Ал "Terrain Contour Matching" (Жердин контурун салыштыруу, TERCOM) системасын колдонот, анын эстутумуна белгиленген бийиктиктер тууралуу маалымат камтылган карта тигилген.

Картаны бийиктиктин радиоченегичи менен салыштыруу аркылуу Tomahawk бутанын жайгашкан жерин таап, ага алып бара турган жолду түзөтүп жүрүп отурат жана жапыз (ондогон метр бийиктикте) учат, андыктан аны тосуш өтө кыйын. Бутага жетээрде ракета бийиктей калып, бутаны мээлейт. Мындай мүмкүнчүлүк ракеталардын буталарга таамай тийишин камсыз кылат. (ZMa)