"2020-жылы бир аз чыдай тургула деп айтканым чын". Жапаровдун сөзү, энергетикадагы кырдаал

Энергетика

Сүрөттүн булагы, Official

    • Author, Айдай Аманкулова
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы

Президент Садыр Жапаров энергетика тармагындагы маселелер боюнча комментарий берип, соңку беш жылда абал кыйла жакшырганын айтты. Ошол эле маалда кыш жакындап, өлкө аймактарында электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүп жатканы кабарланууда. Муну энергетиктер пландуу оңдоп-түзөө иштери менен түшүндүрүп жатышат.

Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринин тургуну Даражан Мамбетова соңку күндөрү электр жарыгы тез-тез өчө баштаганын айтат. Ал кыш оор болот деген сөздөрү угуп, суук башталганда шам менен отуруп калган күндөр көбөйбөсө экен деп кооптонуп жатканын жашырган жок:

"Баякыда конок тоссок, чайыбызды кайнаткандан кийин жарык өчүп калды. Тамак бышпай, тышка чыгып от жактык. Анткени газды да үйгө киргизе элек болчубуз. Кечке маал өчкөн жаман экен. Иштен келип тамак жасаш керек, балдар үй тапшырмасын аткарыш керек дегендей".

Энергетика министрлиги жарыктын маал-маал үзгүлтүккө учурашын пландуу техникалык тейлөө ишине байланыштырууда.

"Убадабызга турдук"

Ал ортодо, 30-октябрда президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине энергетика тармагындагы кырдаал боюнча комментарий берди. Ал мындан беш жыл мурун "30 жыл чыдадыңар, эми бир кыш чыдап койгула" деп айткан сөзүнүн чоо-жайын түшүндүрдү:

"2020-жылы бир аз чыдай тургула деп айтканым чын. Бирок бул видеодогу сөздөрдү Нарын эли менен 2020-жылы ноябрда жолукканда айткам. Тактап койчу нерсе, кеп анда биз бийликке келгенге чейин өлкө боюнча, анын ичинде бийик тоолуу, кышы узакка созулган Нарын облусуна дагы 700 кВт деген чектөө кирип калган маселе боюнча болчу. Элдер "Ушул чектөөнү алып салсаңыздар, 700 кВт бат эле сарпталып, андан ашык жакканы үчүн 2 сом 16 тыйындан төлөп, бул оорчулук келип жатат" деп кайрылышкан. Мен жооп катары, "Муну алса болот. Азыр эмес, жазга чейин чыдай тургула" деп айткам. Бул убадабызга турдук. Кийинки 2021-жылы жаздан баштап Нарын эле эмес, жалпы эле өлкө боюнча бийик тоолуу оор шартта жашаган 190 миң абонентке эч кандай чектөөсүз 1 сомдук тариф киргиздик. Башкача айтканда, мурдагыдай 700 кВт сааттан ашса 2 сом 16 тыйын деген норманы алып койдук. Ошондон бери 5-10 тыйындан кошулуп отуруп, азыр 1 сом 37 тыйынды түзөт. Эч кандай чектөө жок", - деди ал.

Президент 2021-жылы энергетика тармагынын карызы 137 млрд сом же 1,5 млрд долларды түзгөнүн, реформанын натыйжасында азыр болгону 25 млрд сом бересе калганын белгиледи.

"30 жыл чыдаган жаныбыз 2,5 жыл чыдап коёлу"

Жапаров

Сүрөттүн булагы, Official

Президент Садыр Жапаров 27-октябрда Жалал-Абад облусундагы "Кара-Көл" ГЭСинин ачылыш аземинде сүйлөп жатып, тарыхый мааниге ээ "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушу жүрүп жатканын, ал бүтсө өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу түп тамырынан өзгөрөрүн, Кыргызстан импорттон көз каранды болбой, энергияны импорттой баштарын билдирген. Ал кышкы өчүрүүлөргө 2,5 жыл чыдай туруу керектигин айткан.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Мындан тышкары ушул тапта өлкөбүздүн бардык аймактарында салынып жаткан 40ка жакын ГЭСтер жана Кара-Кечеге жаңы курулуп баштаган ЖЭБ бүтүп ишке берилсе, өзүбүздө өндүрүлгөн электр энергия өзүбүзгө толук жетип калат. Кудай буюрса, 2,5 жылдан кийин кышкысын электр энергияны импорт кылбай калабыз. Өзүбүздө өндүрүлгөн электр энергия өзүбүзгө жетет. Азыр ушул тапта кышкысын дагы деле импорт алып жатабыз. Көптөгөн чакан жана орто ГЭСтер салынып ишке берилип жатканы менен завод-фабрикалар, ипотекалык үйлөр, мектеп, бала-бакчалар жана башка көптөгөн обьектилер салынып, алар да көп кубаттагы электр энергияны колдонгонуна байланыштуу электр энергиясынын дефицитин кууп жете албай жатабыз. Кудай буюрса, 2,5 жылда кышкы дефицитти жоёбуз. Ошондуктан кышкысын свет өчүп жатат деп нааразы болбой 30 жыл чыдаган жаныбыз 2,5 жыл чыдап коёлу".

Мындан соң социалдык тармактардын колдонуучулары Жапаров ушуга үндөш билдирүүнү мындан беш жыл мурун да жасаганын эске салышып, ошол учур тартылган видеону бөлүшүшкөн.

"Жарык өчпөшү керек"

Энергетика

Сүрөттүн булагы, Official

Сентябрдын башында энергетика министри Таалайбек Ибраев Токтогул суу сактагычында суу аз экенин, кыш оор болорун эскерткен.

Расмий маалыматка караганда, сентябрь айына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 1 млрд 600 млн кубметрге аз топтолду. Суу сактагычта былтыр ал маалда 12 млрд 400 млн кубметр суу болгон.

Азыркы мезгилген карата Токтогул суу сактагычында канча суу калганы беймаалым. Бийлик быйыл май айынан тарта суунун көлөмү жөнүндө маалыматты жарыялабай калган.

Энергетиктер суунун аздыгын жүйө келтирип, жарык берүү үзгүлтүккө учурап турушу мүмкүн экенин кыйытып жаткан маалда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кышында электр энергиясы өчпөшү керектигин эскертти. Ал бул тууралуу 23-октябрда Нарын райондук электр тармактар ишканасынын жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып билдирди:

"Мамлекетибизде электр тармагы боюнча президентибиз койгон негизги тапшырманы аткара баштадыңар деп ойлойбуз. Кыш келатат. Мындан тышкары суу быйыл аз, чынын айтыш керек. Ошого карабастан эч жерде жарык өчпөшү керек. Элдин жашоосуна оорчулук келтирилбеши керек. Ушунун баары азыр энергетиктерге тапшырма".

"Жарык жазга маал көбүрөөк өчө башташы мүмкүн"

Тармак адистери бул тапшырманы так аткаруу оор болорун жашырышпайт. Энергетика министрлигинин алдындагы энергетика боюнча илимий-техникалык борбордун улук илимий кызматкери, эксперт Мырзатай Султаналиев суу жетиштүү болгон күндө деле, ГЭСтердин, жылуулук электр борборлорунун кубаттуулугу керектүү өлчөмдө жарык өндүрүп чыкканга жетпей турганын белгилейт:

"Биринчиден, быйыл электр энергиясын өчүрбөй коюу кыйын. Кышында абанын температурасы төмөндөп кеткен маалда электр кубаты көп колдонула баштайт. Суу жетиштүү болсо деле, муну биздин система камсыздаганга жетишпейт. Экинчиден, албетте, суу аз болуп жатат. Электр кубатын өндүрүүдө суунун басымы роль ойнойт. Суунун басымы азайганда электр азыраак өндүрүлүп калат. Менимче, жазга жакын электр кубатынын өчүрүлүшүнө көбүрөөк дуушар болобуз. Кыш башталганда Токтогул суу сактагычында 14 млрд суу топтолуп турган болсо жакшы болмок, азыр аз болуп жатпайбы".

"Энергетиканы бир булакка байлаган коопсуздукка таасирин тийгизет"

Жашыл энергетика фондунун директору Кундус Кырбашева бул тармак суудан көбүрөөк көз каранды болгондуктан кырдаал азыркыдай оор болуп жатканын, энергия өндүрүүнүн альтернативдүү булактары толук жолго коюлса, абал оң жагына өзгөрөрүн айтат:

"Негизи энергетиканы бир булакка байлаган, бир эле Токтогул суу сактагычынын көзүн карап турган энергетикалык коопсуздукка таасирин тийгизет. Ошондуктан энергетиканы диверсификациялоо керектигин айтып келем. Акыркы үч-төрт жылдан бери президенттин саясий чечиминин алкагында жашыл энергетика тармагына басым жасалып, гидропотенциалыбыз гана эмес, андан тышкары альтернативдүү электр энергияларын да өнүктүрүү боюнча саясат жүрүп жатат".

Былтыр өлкөдөгү ГЭСтер былтыр 12 млрд 77 млн киловатт-саат электр кубатын өндүргөн. Жылуулук электр борбору 1 млрд 76 млн киловатт-саат электр кубатын чыгарган. Жеке чакан ГЭСтер, күн электр станцияларынын үлүшү азырынча өтө төмөн.

Республика боюнча жалпы жылдык керектөө 18 млрд киловатт-сааттан ашат. Бул өндүрүлгөн кубаттуулуктан 4 млрд киловатт-саат көп дегенди билдирет.

Демек, ортодогу тартыштыкты жабуу үчүн электр энергиясын тыштан импорттоо зарыл.

Быйыл 7-сентябрда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика министрлери 2026-жылдын жаз мезгилине чейин электр энергиясын жеткирүү жөнүндө протоколго кол коюшкан. Бирок Кыргызстан кайсы өлкөдөн канча көлөмдө жана кандай баа менен электр кубатын сатып алары айтыла элек.

Өлкөдө 2023-жылы 1-августта энергетика тармагында өзгөчө кырдаал жарыяланган. Ал 2026-жылдын аягына чейин күчүндө болот.