Апрель окуясына 15 жыл: Бакиевдердин өлкөгө кайтуу аракети

Айдай Аманкулова, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын фрилансер-журналисти

Апрель окуялары

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстанда Апрель окуясына 15 жыл толду. 2010-жылы 7-апрелде ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин авторитардык, кландык жана криминалдык башкаруусуна каршы Ак үйдүн алдына чыккан демонстранттарга ок атылган. Анын кесепетинен токсонго чукул адам курман болгон. Тактан кулаган Бакиев үй-бүлөсү жана туугандары менен Кыргызстандан качууга аргасыз болгон. Ошондон бери ал Беларуста баш калкалап жүрөт.

15 жыл аралыгында өлкөдө төрт жолу президент алмашты.

Соңку мезгилде болсо Бакиевдерди актоо, аларды өлкөгө кайтаруу аракеттери болуп жатат деп тынчсыздангандар бар.

Курманбек Бакиев 7-апрелден кийин адегенде өз айылына качып, андан ары коңшу өлкөлөрдүн биринен келген учак менен Кыргызстандан чыгып кеткен

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Курманбек Бакиев 7-апрелден кийин адегенде өз айылына качып, андан ары коңшу өлкөлөрдүн биринен келген учак менен Кыргызстандан чыгып кеткен

"Ал күн биз үчүн акыр заман болгон"

Сагынуу, кайгы, бук, ыза толгон үшкүрүк. Мындан туура 15 жыл мурун уулун жоготкон Нурия Айдабосунова баласын эстегенде азыр да көзүнүн жашын тыя албайт. Ал баласы кандуу окуядан бир күн мурун телефон чалганын, үнү азыркыга чейин кулагында жаңырып турарын айтат:

"6-апрелде сүйлөшкөнбүз. Негедир көңүлү суз экен. "Болот Шерди кармап кетишиптир" деп сөгүнүп койду. Эртеси телефону өчүп калыптыр, байланыша алган жокмун. Кечинде бирөө чалып, "бул телефондун ээси жарадар болду, ооруканага жеткирдик" деп айтты. Бирок ооруканаларды таң атканча кыдырып таппай койдук. Көчөлөр кымкуут, кан… Уулумдун сөөгүн эртеси моргдон таптык. Бетине ок тийген экен, тигип коюшуптур. Мен үчүн акыр заман келгендей эле болду. Кудай ай, баладай бала болсочу. Аттырып алып отуруп калдык. Ошол күнү 64 эне баласыз калды, 58 аял жесир болду, 144 бала жетим калды".

Анын уулу Жолдошбек Кудайбергенов Кыргыз улуттук университетинин политология кафедрасында мугалим болуп иштеген. Ошол кезде 36 жашта болгон.

Апрель окуяларын изилдеп чыккан тарыхчылардын бири Аида Куватованын айтымында, ошол күнү ок жеп каза болгондордун арасында Жолдошбек сыяктуу билимдүү, ар кыл кесиптин ээлери арбын болгон. Алар коррупцияга баткан кайрымсыз бийликтин мизин кайтаруу үчүн аянтка чыгышкан:

"Алты айдай изилдөө жүргүзүп, 200дөй кишиден маек алдык. Биз окуянын хронологиясын аныктап, кимдер катышканын тактадык. Борбордук аянтка колунда эч нерсеси жок, караңгы, мас, наркоман адамдар толуп алган деген сөз айтылып жүрбөйбү. Бул туура эмес. Каза болгондордун арасында 46 киши жогорку билимдүү болгон. Педогогдор, инженерлер, акындар бар экен. Алгач каза болгон 77 кишинин соттук-медициналык кортундусун карап чыкканбыз. Бир дагы кишинин организминен маңзат аныкталган эмес. Беш адам мас, тогуз адам алагүү болгону тастыкталган. Аянтта миндеген киши болгонун эске алганда бул боло турган нерсе. Демек, аянтка коррупцияга батып, бийликти бир колго топтоп алгандарга каршы болгон адамдар чыккан".

Курманбек Бакиев өз айылына барган учур, 2010-жыл

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Курманбек Бакиев өз айылына барган учур, 2010-жыл

"Эл менен эсептешпеген бийликтин келечеги жок"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

2005-жылы өлкөдөн куулган президент Аскар Акаевдин ордуна Курманбек Бакиев келген. Эл үй-бүлөлүк башкаруудан арылып, өнүгүү жолуна түшөбүз деп үмүттөнгөн. Бирок Бакиевдин тушунда тескерисинче кландык башкаруу күчөгөн. Ал бир тууган иниси Жаныш Бакиевди Мамлекеттик күзөт кызматынын башчылыгына, уулу Максим Бакиевди Инвестиция, инновация жана өнүгүү боюнча борбордук агенттиктин (ЦАРИИ) жетекчилигине дайындаган. Бул өлкөнүн каржы тармагын толук колго алган мекеме болгон. Оппозиция Максим Бакиевди мамлекеттик ресурстарды кыянаттык менен өз кызыкчылыгына пайдаланууга айыптаган. Стратегиялык объектилер сатыкка чыгарылып, электр энергиясы, күйүүчү май кымбаттап, жумушсуздук күч алган.

"Эркиндикти болуп көрбөгөндөй чектеди. Көз карандысыз гезиттер жабылды. Курманбек Бакиевдин бийлиги тушунда отуздай саясий жана коомдук ишмер өлтүрүлдү. Алардын арасында Жыргалбек Сурабалдиев, Баяман Эркинбаев, Геннадий Павлюк, Үсөн Кудайбергенов, Раатбек Санатбаев, Медет Садыркулов, Сергей Слепченко деген белгилүү адамдар болгон. Калктын чыдамы түгөнүп, коррупцияга баткан, криминалдык бийликке каршы түп көтөрүлдү. Эл менен эсептешпеген бийликтин келечеги жок экени дагы бир жолу тастыкталды. Биз бул окуяга түрткү болгон себептерди иликтеп чыгып, Апрель окуясы чыныгы элдик революция болгон деген баа бердик", – дейт этнограф, тарых илимдеринин доктору, академик Абылабек Асанканов.

Нааразылык акциялары 2010-жылы 6-апрелде Таласта башталган. Демонстранттарга күч колдонулган. Жаалданган эл нааразылык акцияларын басуу үчүн аймакка барган ошол кездеги ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди сабап ташташкан.

7-апрелде Бишкекте борбордук аянтка чогулган элге каршы ок атылып, 90го чукул киши ажал тапкан, 500дөй адам ар түрдүү деңгээлде жаракат алган. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып кеткен. Ал ошол мезгилден бери Беларуста жашайт.

Андан кийин өлкөнү төрт президент: Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков, Садыр Жапаров жетектегенге үлгүрдү.

2020-жылы Сооронбай Жээнбеков мөөнөтүнөн мурда бийликтен кетүүгө мажбур болду.

"Бакиев Кыргызстанга келбесин, бул анын жазасы болсун"

"Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин мурдагы төрагасы Амантур Жамгырчиев 7-апрель күнү өз өмүрүн тобокелге салып аянтка чыккан элдин мүдөөсү кийин толук орундалбай калганын айтат:

"Мен ал кезде 20 жашта элем. Элдик кошуундун мүчөсү болчумун. Биз ал жакка тартипти камсыз кылалы деп барганбыз. Биздин максатыбыз башка эле. Жеке кызыкчылык болгон эмес. Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө окшоп бийликке жетели, байлыкка жетели деген эмеспиз. Мына, кийинчерээк бийликке Сооронбай Жээнбеков келди. Бийлигин сактап калам деп жүрүп эмне болду?! Азыркы учурду карасак, балким бийлик кызыкдар эместир, бирок айрым күчтөр Бакиевдерди актайбыз дегендей аракет көрүп жатканы байкалууда".

Быйыл март айынын башында Кыргызстанга Максим Бакиев жеке учак менен келип кеткени тууралуу имиштер чыккан. Бирок атайын кызмат бул маалыматты төгүндөгөн. Ал ортодо президент Садыр Жапаров мамлекеттик "Кабар" агенттигине маек берип, Максим менен Жаныш Бакиевдер өлкөгө келсе камаларын, ал эми Курманбек Бакиев боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын, ал камалбай турган болсо Минск аны Кыргызстанга өткөрүп берүүгө макул болгонун билдирген.

"Максимдин офисинен уурдалып кеткен алтын концентраты жөнүндө сөз болуп жатат. Канча тонна болгон. Апрель, июнь окуялары жана башка иштер боюнча ал кишиден да экинчи тарап катары пикирин угуп, иштерди жыйынтыктап койбойлубу. "Кантип эле ушул турган Москва менен Минсктен алып келе албай жатасыңар" деп 15 жылдан бери жалпы эл талап кылып келе жатпайбы", – деген Садыр Жапаров.

2023-жылы Садыр Жапаров Дубайда мурдагы президенттердин баарын бир үстөлгө чогултуп, жолугушуу уюштурган. Ал бул кадамга элдин ынтымагы үчүн барганын айткан.

Былтыр июнь айында Бишкектин четинде тигүү фабрикасы курулуп жатканы, долбоорго 11 млн доллардан ашык каражат жумшалары жана бул акчаны Курманбек Бакиев бөлүп берери жөнүндө маалыматтар тараган. Кийин президент Садыр Жапаров Апрель окуясынан жабыр тарткан адамдардын айрымдары кун төлөтүп алууга көмөктөшүүнү суранышканын, мындан улам фабрика үчүн бир гектардан ашык жер бөлүп берүүгө макул болгонун тастыктаган.

Аянтта шейит кеткен балдардын ата-энелери болсо Бакиевдердин фабрика курушуна жана акталышына каршы экенин билдирип келишет.

"Мен алты жыл сотто отурдум. Бирөөнүн чачынан бир тал түшкөн жок. Тоо текелерин аткандай балдарыбызды атып ташташып, эми биз күнөөлүү эмеспиз деп отурушат. Аларды эч качан кечирбейбиз. Аны Кыргызстанга жакын жолотпош керек. Балдарын жоготкон ата-энелердин баары анын бул жакка келишин каалабайт. Бул Бакиевдин жазасы болсун. Жыйып алган арам мүлкү менен бөтөн жерде жашап, топурак башка жерден буюрсун", – дейт "Мекен шейиттери" уюмунун тең төрайымы Нурия Айдабосунова.

Быйыл "Жоогазын ыңкылабы" деп аталып жүргөн 24-март окуясына 20 жыл толду. Бул датаны утурлай Курманбек Бакиевдин атынан Жалал-Абад шаарындагы тойканалардын биринде ооз ачар өткөнү ачыкталган. Айрым депутаттар бул иш-чараны уюштурууга эмне үчүн шарт түзүлдү деп нааразы болушкан.

Апрель окуларынан кийин Курманбек Бакиев 30 жылга сыртынан соттолгон. Анын уулу Максим менен бир тууган иниси Жаныш Бакиевге өмүрүнүн акырына чейин жаза берилген. Апрель окуясы боюнча жалпысынан 28 кишиге айып тагылган.

Апрель окуялары

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Тарыхчылар апрель окуясы жөнүндө азыркы муунга утур-утур маалымат берилип турушу керектигин, келечекте кандуу окуялардын кайталанбашы үчүн бул маанилүү экенин белгилешет.

Былтыр жыл соңунда жаңы Эмгек кодекси кабыл алынып, 7-апрель (Элдик революция күнү) мындан ары иш күнү деп белгиленди. Мурдараак "апрелчилер" аны календарда эс алуу күнү катары калтырууну талап кылышкан.