Жапония менен Кытайдын Тайванга байланыштуу талашы курчуду: Бээжин туризмди жана товарлардын импортун чектеди, Токио кечирим сураган жок

Санаэ Такаити и Си Цзиньпин

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

    • Author, Жаңылыктар бөлүмү
    • Role, Би-би-си Орус кызматы

Жапония менен Кытайдын ортосундагы тиреш курчуду. Жаңжал Жапониянын премьер-министри Санаэ Такаитинин Тайван тууралуу сөзүнөн кийин башталган. Мунун натыйжасында экономикалык санкциялар жана туризмге чектөөлөр киргизилди.

Өткөн аптада Такаити Кытайдын Тайванга каршы ыктымалдуу агрессиясын Токио "жашоого коркунуч жараткан кырдаал" катары баалай турганын жана Жапонияны өзүн-өзү коргоо максатында күч менен кийлигишүүгө мажбурларын айткан.

Кытай мындай билдирүүгө кыжырдануу менен жооп кайтарып, эгерде Жапония кийлигишсе, аны "кыйратуучу жеңилүү" күтүп турганын эскертти. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Жапониянын Бээжиндеги элчисин түшүндүрмө берүү үчүн чакырды, ал эми борбордук бийлик Жапониянын премьер-министринен кечирим суроосун талап кылууда.

Бирок жакында эле кызматка киришкен, өлкөнүн тарыхында биринчи аял премьер-министр болгон Санаэ Такаити кечирим суроодон баш тартты.

Мунун алдында Жапониянын жогорку даражалуу делегациясы Кытайга расмий сапар менен келип, премьер-министрдин айткандарына карабастан, Жапониянын Тайванга карата токтоо позициясы өзгөрүүсүз кала берет деп ишендирди. Ушул эле сөздөрдү шаршемби күнү Жапониянын министрлер кабинетинин башкы катчысы Минору Кихара да кайталап, анын өлкөсү диалог үчүн ачык экенин билдирди.

Анткен менен Бээжин Такаитинин "жоопкерсиз жана кооптуу" сөздөрүн эске алганда, мындай билдирүүлөр эми жетишсиз экенин айтат.

"Жапония анын позициясы өзгөрүүсүз кала берүүдө деген ырастоосу менен гана Кытайдын тынчсыздануусун жок кыла албайт", - деп билдирди Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Нин.

Бээжин бир катар экономикалык чаралар менен жооп кайтарып, эгерде Санаэ Такаити сөзүнөн кайтпаса, санкциялар мындан ары да уланарын айтып коркутууда.

Ушул тапта Кытай жапон деңиз азыктарын импорттоону токтотуп, жаңы жапон тасмаларын көрсөтүүгө уруксат берүү процессин тоңдурду.

Кытайдын бийлиги өз жарандарын Жапонияга сапарлардан баш тартууга үндөөдө. Өлкөнүн авиакомпаниялары жаңжалга чейин эле сатып алынган билеттер менен учуудан баш тарткан жүргүнчүлөргө компенсация төлөп берүүнү сунуштап жатышат. Бул каттам боюнча билеттер жакынкы аралыкта азайышы ыктымал.

Жапониянын экономикалык изилдөө борборунун баасы боюнча, кытайлык туристтердин кескин азайышы өлкөнүн туризмден түшкөн кирешесин жылына 2,2 триллион иенге (14 миллиард долларга) кыскартышы ыктымал.

Мындай божомол ошол замат Жапониянын чекене соода жүргүзгөн жана транспорт секторунда иштеген компанияларынын акцияларынын туруктуулугуна таасирин тийгизди.

Мисалы, дүйнөгө белгилүү Shiseido косметикалык компаниясынын акциялары 11 пайызга түштү – бул ушул жылдын апрелинен берки рекорддук төмөндөө.

Бээжинди эмне ачууландырды?

Азырынча кытайлыктарды Жапонияга барбоого чакырыктар кеңеш берүүчү мүнөзгө гана ээ, бирок Кытайдын бийлиги жапон багытындагы каттамдардын санын расмий түрдө кыскартышы мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азырынча кытайлыктарды Жапонияга барбоого чакырыктар кеңеш берүүчү мүнөзгө гана ээ, бирок Кытайдын бийлиги жапон багытындагы каттамдардын санын расмий түрдө кыскартышы мүмкүн
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кытай менен Жапониянын ортосундагы жаңжалдын тамыры терең, ал эми заманбап шарттарда тирешүүлөр Тайвандын өз алдынча башкаруу статусунун стратегиялык белгисиздигине байланыштуу болуп жатат.

1972-жылы Жапония менен Кытай биргелешкен коммюникеге кол коюшкан. Ага ылайык, Токио Тайванды Кытай Эл Республикасынын бир бөлүгү катары таанып, "Бир Кытай" саясатын расмий түрдө колдогон.

Ошол эле учурда Жапония Тайванды чөлкөмдөгү өзүнүн негизги стратегиялык өнөктөшү деп эсептейт жана көз карандысыздыкка умтулуп жаткан демократиялык арал менен Бээжинден өзүнчө экономикалык жана маданий байланыштарды өнүктүрүп келүүдө.

Жапон бийлиги Кытай менен Тайвандын ортосундагы ыктымалдуу эскалацияны өзүнүн коопсуздугуна чоң коркунучтардын бири катары баалаганы менен, ушул убакытка чейин алар бул темада билдирүүлөрдү өтө этияттык менен жасап келишкен.

Жапониянын жаңы премьер-министринин кескин билдирүүсү Кытай үчүн бул татаал геосаясий маселеде Токио өзүнүн курсун өзгөрткөн болушу ыктымал деген ишара болуп калды.

Санаэ Такаити колдонгон "жашоого коркунуч жараткан кырдаал" (же экзистенциалдык коркунуч) термини Жапониянын коопсуздук жөнүндө мыйзамында 2015-жылы бекитилген.

Бул өлкөнүн жашоосуна коркунуч туудурган союздаштарга куралдуу кол салууну караштырат. Мындай кырдаалда Жапониянын өзүн-өзү коргоо күчтөрү пайда болгон коркунучка жооп кайтарууга тартылышы мүмкүн.

Эмне үчүн Такаити кырдаалды курчутууда?

Санаэ Такаити

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Санаэ Такаити

Сөздөрү олуттуу кесепеттерге алып келгенине карабастан, Жапониянын премьер-министри Такаити сөзүн артка албай турганын, Бээжин талап кылгандай кечирим сурабастыгын билдирди.

Тескерисинче, ал өзүнүн позициясы "өлкөнүн өкмөтүнүн салттуу позициясына шайкеш келерин" айтып, буга чейинкилердин баары эле ушундай ойдо болуп келгенин кыйытты.

Акыркы сурамжылоолор калк арасында анын рейтинги 80 пайыздан ашканын көрсөтүп турат. Көптөгөн серепчилердин айтымында, рейтинг ушундай болуп турган чакта ал артка чегине албайт; антпесе, бул калктын мындай таасирдүү колдоосунан ажыраган болот.

"Бээжин талап кылгандай, билдирүүдөн баш тартууну анын тарапкерлери саясий алсыздыктын белгиси катары кабыл алып, анын негизги колдоочулары болгон оңчул консервативдүү электораттын көңүлүн калтырышы ыктымал, - дейт экономист Таро Кимура. – Кытайдын туризм чөйрөсүндөгү экономикалык кысымы өзүнүн эле пайдасына ойношу мүмкүн. Туристтердин санын кыскартуу жумушчу күчүнүн таңкыстыгын жана инфляциянын тейлөө тармагына басымын азайтышы мүмкүн".

Мындан тышкары Жапония Вашингтондун да колдоосуна ээ. АКШнын Жапониядагы элчиси Жорж Гласс Бээжиндин Такаитиге асылышын чектен чыккандык катары баалап, АКШ Токиону колдой турганын билдирди.

"Бул Кытайдын экономикалык мажбурлоосунун классикалык мисалы. Президенттин, өзүмдүн жана биздин элчиликтин атынан премьер-министрге айтарым: биз Такаитини колдойбуз", - деди Гласс Жапониянын тышкы иштер министри Тосимицу Мотэги менен жолугушуудан кийин.

Жапониянын жогорку даражалуу саясатчылары жана аткаминерлери кырдаалды жумшартууга аракеттенип жатышат. Тактап айтканда, Либералдык-демократиялык партиянын башкаруучу коалициясын жетектеген саясий комитеттин башчысы Такаюки Кобаяси тараптарды диалог куруу үчүн сабырдуулукка үндөдү.

Жапонияда көптөр Кытайдын реакциясын аша чабуу катары баалашты.

Премьер-министр Такаити мындан ары сөзүн иргеп сүйлөөгө убада берди.

Тайвандын реакциясы

Тайвандын президенти Лай Циндэ бейшемби күнү жапон азыктарынан жасалган суши менен тамактанып, муну менен Жапонияга колдоосун көрсөттү.

Социалдык тармактарга жайгаштырган сүрөттөрдө Лай Жапониянын Кагосима префектурасынан алып келинген хамачиден сушини жана Хоккайдодон алынган деңиз таракчаларын жеп жатканын көрүүгө болот.

Тайвандын президенти Лай Циндэ жапон сушисин жеп жаткан сүрөтүн социалдык тармактарга чыгарды

Сүрөттүн булагы, X/Lai Ching-te

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тайвандын президенти Лай Циндэ жапон сушисин жеп жаткан сүрөтүн социалдык тармактарга чыгарды

Тайвандын өкмөтү да акыркы жылдары Кытайдын азыктарга тыюу салуу чараларына туш болуп келет.

Тайбэй мындай практиканы Кытайдын кысым көрсөтүү өнөктүгүнүн бир бөлүгү деп баалайт.

Бейшемби күнү парламентте журналисттердин алдына сүйлөп жатып, Тайвандын тышкы иштер министри Лин Цзя-лун Кытайдын башка өлкөлөргө көрсөткөн экономикалык кысымы жана аскерий коркутуу фактылары "өтө көп болуп кеткендиктен, аларды өзүнчө тизмелеп чыгуу оңой эместигин" билдирди.

"Ушундай оор учурда биз кырдаалды турукташтырып, кытай коммунисттери колдонгон коркутуп-үркүтүү практикасын токтотуу үчүн Жапонияны колдошубуз керек", - деди ал.

Кийинчерээк мыйзам чыгаруучуларга кайрылып жатып, Лин тайвандарды Жапонияга достук мамилени көрсөтүү үчүн бул өлкөгө тез каттап турууга жана көбүрөөк жапон товарларын сатып алууга үндөдү.

Ал арада Бээжинде Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Нин Тайван Кытайдын аймагынын ажырагыс бөлүгү экенин кайталады.

"Лай Циндэнин бийлиги кандай гана шоу көрсөтпөсүн, алар бул төгүндөлбөс чындыкты өзгөртө алышпайт", - деди ал.

Бээжин демократиялык жол менен башкарылган Тайванды өзүнүн аймагы деп эсептейт жана аралга көзөмөлдү орнотуу үчүн күч колдонуу ыктымалдыгын четке какпайт.

Тайван өкмөтү Кытайдын дооматтарын четке кагып, аралдын жашоочулары гана өз келечегин өздөрү чече аларын айтууда.

Жапония Тайванды 1895-жылдан 1945-жылы Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаганга чейин башкарган. (ZMa)