Pfizer - АКШда толук уруксат алган алгачкы ковид вакцинасы

Pfixer-BioNTech COVID-19 каршы вакцинасы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Pfixer-BioNTech COVID-19 каршы вакцинасы

Pfizer компаниясынын Ковид-19га каршы вакцинасы эки ченеми АКШнын Азык-түлүк жана дарылар администрациясынын (FDA) толук уруксатын алган өлкөдөгү алгачкы вакцина болуп калды.

Вакцинанын өзгөчө кырдаалда шашылыш колдонуу уруксатын бар болгон. Эми анын үч апта аралыгында бөлүнүп сайылуучу эки ченеми 16 жаштан улууларга саюуга толук уруксат алды.

Толук уруксат өлкөдөгү жумуш берүүчүлөрдүн жана уюмдардын вакцина алууну талап кылуу укуктарын кеңейтет.

Бул көпчүлүк америкалыктардын вакцина алуу боюнча узак убакыт чечимге келе албай жаткан учурда болууда.

FDA өз жарыясында, уруксат алуу үчүн берген документтеринде 44 000 кишинин берилиштери камтылганын белгилеген.

Вакцина мындан ары Comirnaty аталышы менен сатылат жана анын ковиддин алдын алууда 91% майнаптуулугун көрсөткөн.

FDA комиссарынын милдетин аткаруучу Жанет Вудкоктун айтымында, коомчулук вакцина коопсуздук, майнаптуулук жана өндүрүш сапатынын жогорку стандарттарына жооп берерине “абдан ишенсе болот”.

Вакцинанын 12-15 жаштагы балдар үчүн шашылыш колдонуу уруксаты сакталып калды.

АКШда өспүрүмдөр ковидден эмделишүүдө

Сүрөттүн булагы, Getty Images

FDA - АКШнын Азык-түлүк жана дарылар администрациясы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, FDA - АКШнын Азык-түлүк жана дарылар администрациясы
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жарыядан кийин АКШ армиясы кызмат өтөп жаткан 1.3 млн кызматкеринен вакцина алуунун талап кыларын билдирди.

Эмдөө америкалыктар үчүн бекер жүргүзүлөт.

FDA Pfizer алгач убактылуу уруксат берген – бул өзгөчө кырдаалда өнүмдүн коомдук саламаттык үчүн пайдасы тобокелчиликтерден ашса бериле турган уруксат.

Толук уруксат дайым колдонуу үчүн берилет. Лицензиялоо процесси компаниядан FDA кароосуна өнүм кайда, кандай шарттарда өндүрүлгөнү жана башка клиникалык сыноолордун жыйынтыктарын камсыздоону талап кылат.

Pfizer -BioNTech май айынын башында уруксатты алуу үчүн документтерин тапшыргандан кийин төрт айдан аз убакытта алды. Бул FDAнын 100 жылдык тарыхындагы эң ылдам уруксат алган вакцина болуп калды.

FDA бул уруксат берүү процессин өлкөдөгү эмдөөнүн жүрүшү жайлап кеткендиктен улам атайын ылдамдатты деген сындар айтылууда. Коронавирустун жугуштуу дельта вариантынын жайылышы буга чейин эмдөөгө катуу каршы чыгып жаткан аймактарда акыркы апта ичинде эмдөөнүн өсүшүнө алып келди.

Июндун аягында Kaiser Family Foundation тарабынан өткөзгөн сурамжылоо көрсөткөндөй, эмделе элек америкалыктардын 30%га жакыны вакцина FDAнын толук уруксатын алса, алардын эмделүү ыктымалдыгын өсөрүн билдиришкен. Эмдөөгө "көрө жатарбыз" деген мамиле кылган америкалыктар арасында бул көрсөткүч дээрлик 50%га жеткен.

Жо Байден, АКШ президенти

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Президент Байден дүйшөмбүдө телекөрсөтүү аркылуу FDAнын толук жана акыркы макулдугун күтүп жаткан “миллиондогон” америкалыктарга түз кайрылып:

"Сиз күткөн учур келди". "Вакцинацияга алуу убактысы келди, бүгүн алыңыз" - деди.

Кошумчалай кетсек, Байден мырза жеке менчик компаниялардын жана коммерциялык эмес уюмдардын кызматкерлерин эмдөөдөн өтүүсүн талап кылууга же "катуу талаптарды коюуга" чакырган.

Өлкө кадимки жашоого кайта башташы менен компаниялар, саламаттыкты сактоо системдери, университеттер жана башка уюмдар азыр вакцина алуу талаптарын коюшу күтүлүүдө. (ChS)