БУУ: Израил менен Палестина согуштун алдында турат

Газада имарат кулап жатат

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Израилдин аба соккуларынан "Хамас" тобунун аскер башчысы мүрт кетти

Израилдин аба соккулары Газада көп кабаттуу имаратты талкалап, “Хамас” тобунун аскер башчысын жок кылгандан кийин куралчан топ ондогон ракетасын Израилди көздөй учурду.

Жергиликтүү медиага ылайык, ракета Израилдин түштүгүндө бир нече жерге түшүп, Сдерот шаарында бир жаш бала каза тапты. Жаңжалда жети израилдик набыт болду.

Газада болсо 65 киши, анын ичинде 14 жаш бала каза тапты.

Газадагы имарат

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эки тарап дүйшөмбү күндөн бери тирешүүдө

Эки тарап дүйшөмбү күндөн бери тирешип, Бириккен Улуттар Уюму толук кандуу согуш тутанып кетиши мүмкүн экенин эскертти. Мындай масштабдагы тирешүү 2014-жылдан бери орун ала элек болчу. Анда Израилдин армиясы Газадан атылган ракеталарга жооп кылып, аймакта аскердик операция өткөргөн.

Соңку тирешүү Иерусалимдеги ыйык саналган Ал-Акса мечитине кирүүгө чектөөлөр киргизилгендиктен жана соттун бир нече палестиналыкты үйүнөн чыгаруу чечиминен кийин чыкты. Буга жооп кылып палестиналык куралчан топтор Израилди көздөй ракета аткан.

Израилдин арабдар басымдуулук кылган шаарларындагы демонстрациялар башаламандык менен коштолуп, 374 адам камакка алынды. Демонстранттар менен полициянын кагылышуусунда 36 коопсуздук кызматкери жаракат алды.

Шаршемби күнү Израилдин премьер-министри Нетаньяху башаламандык болгон шаарларга аскерлерди жөнөтүүнү караштырып жатканын маалымдады.

Лод шаарындагы демонстрациялар

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лод шаарындагы демонстрациялар дагы деле уланууда

Эл аралык коомчулук кандай реакция кылды?

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Гуттериш тирешүүгө “тынчсызданып” турганын билдирди. БУУнун Коопсуздук кеңеши маселени талкуулады, бирок эч кандай билдирүү жасаган жок.

АКШнын президенти Байден Израилдин премьер-министри Нетаньяху менен телефон аркылуу байланышып, өлкөнүн “өзүн коргоого укугу бар” экенин айтып, ошол эле учурда “тынчтыкты орнотуу” аракеттерине басым жасады.

Орусия болсо “Хамас” кыймылынын өкүлү кагылышууларды токтотууга даяр экенин айтканын белгиледи. Бирок ал үчүн Израил “Иерусалимдин чыгышындагы зомбулугун токтотуп”, “араб тургундарынын укуктарын” сыйлашы керек экени айтылат.

Палестиналык

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Газалыктар үйүнөн качып чыгууга аргасыз болушту

Иерусалимдеги тирештин өзөгү

Иерусалимдеги мусулмандар “Харам-ал-Шариф”, ал эми жөөттөр “Ыйык тоо” деп атаган аймак мусулмандар жана жөөттөр үчүн дагы ыйык жер саналат.

Жөөттөр бул жерде иудейлердин эки храмы курулган деп ишенет. Мусулмандар болсо бул тоодон Мухаммед пайгамбар бейишке чыгып келген деп ишенет.

Ондогон жылдар бою палестиналыктар менен израилдиктер ыйык жайды талашып келет.

1967-жылы орун алган согушта Израил Иерусалимдин чыгышындагы эски шаарды басып алган. Андан бери ыйык жайды иорданиялык “вакф” же жер жана мүлк башкарган ислам уюму көзөмөлдөйт.

Израилдин абадан коргонуу системасы

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Израилдин абадан коргонуу системасы ракеталардын көбүн абада зыянсыздандырды

Келишимге ылайык, жөөттөр ыйык жайга келсе болот, бирок аларга сыйынууга тыюу салынган. Арийне, айрым жөөттөр Ал-Акса мечитине келип сыйынууга аракет кылышкан. Мусулмандар бул кадамды чагымчыл аракет катары көрүп, кескин сынга алышкан.

Палестиналыктар жөөт улутчулар ыйык жерди башкаруу боюнча узакка созулган тарыхый келишимди же “вакф” башкаруусун жок кылууну көздөйт деп шекшип келет.

Израилдин премьер-министри Нетаньяху бул дооматтарды четке кагып, “байыркы келишимди эч ким бузбайт” деп билдирген.

Ал тапта соңку кырдаал “интифадага” же көтөрүлүшкө түрткү болушу мүмкүн деген сөздөр айтылууда.

Серепчилер болсо эки тараптын лидерлери жаңжалды алдын алуунун ордуна, ички саясатка көңүл буруп, өз позицияларын бекемдөөгө аракеттенгенин айтууда. Ал эми чыныгы тынчтыкка жетүү маселесине бир нече жылдан бери эч көңүл бурулган жок.