Гетто коркунучу: Путин мигранттар тууралуу эмне деди?

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Россияда мигранттарга карата текшерүүлөр күчөп жаткан чакта Владимир Путин "өлкөдө мигранттардын геттосун түзүүгө жол берилбеши керек" деп билдирди.

Жайкысын Россиянын ар бурчунда мигранттарга карата рейддер уюштурулуп келди. Ага кошумча соңку кезде орус ЖМКларда мигранттар тарабынан жасалган кылмыштар тууралуу байма-бай айтыла баштады. Мындан улам Кремль мигранттарга карата кысымын күчөттүбү деген суроолор чыкты.

Россияда кыргызстандык 1 милионго жакын жаран бар экени айтылат

Сүрөттүн булагы, TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Россияда кыргызстандык 1 милионго жакын жаран бар экени айтылат

Путин мигранттарга караштуу “гетто”сөзүн Чыгыш экономикалык форумунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Модератор башка өлкөлөрдөгү мигранттарды мисал кылып, алардын бүтүндөй бир райондорду негиздеп алганын айтып, ал жакка керек болсо полиция баш бага албасын сөз кылды.

“Сезимтал маселе”

“Биз эч кайсы убакта өз өлкөбүздө мындайга жол бербешибиз керек. Бул орус мамлекетиндеги өтө сезимтал маселе”,-деди Путин.

Орус президенти мигранттар негизинен мурдагы Советтер Союзунун курамына кирген мамлекеттерден агылып келерин белгилеп, алар орус мыйзамдарын так аткарышы керектигин эскертти.

Аны менен катар жаңы технологияларды ишке киргизүү менен мигранттардын агымын чектесе болорун да айтты:

Путин

Сүрөттүн булагы, mk.ru

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Путин
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Экономика айрым тармактарда эмгек мигранттарын колдонууну талап кылат. Баарынан да курулуш тармагында. Менимче, ал тармакта жалпы эмгек мигранттарынын 33% иштейт. Жалпы эмгек рыногун ала турган болсок андай деле көп мигранттар жок, алар 3,7% же 12 миллиондой адамды түзөт".

Путин мигранттар маселесинде Россияга ошол эле АКШ, Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу иш алып баруу оңой экенин айтты. Себеби, убагында бир советтер союзунда болгондугу, экинчиден мигранттар келген өлкө жетекчилери менен кызматташып, мигранттар Россияга келерге чейин эле атайын даярдыктан өтүп жатканын айтты.

Ошентсе да, соңку кезде Россияда мигранттарды тартипке чакыруу, ошондой эле аларды согушка тартуу боюнча демилгелер көтөрүлүп жатат. Анын айрымдары Госдума трибунасынан жаңырууда.

Россияда ушу тапта 548 миңден ашык кыргыз жараны иштеп жатат. Соңку кезде кыргызстандык мигранттар Россиядан башка өлкөлөргө бет алып жатканы байкалат.

Биринчиден, буга Украинадагы согуштун чыгышы, экинчиден башка жактарда айлык акынын жогору болуп жатканы себеп болушу мүмкүн. Бирок Россия Кыргызстандан кара күч агылган негизги өлкө бойдон кала берүүдө.

“Керкисинде да, кемтигинде дагы бар”

Cоңку кезде мигранттардын Россияда мыйзамдуу жүрүшүнө көзөмөл күчөтүлдү. Ал эми майда кылмыштан баштап, массалык мушташка чейинки окуялар ЖМКларда кенен чагылдырылып, массалык маанайды жаратып жаткан сыяктуу.

РБК 1-августта Чехов шаарында мигранттардын топтошуп мушташуусунан эки адам каза болгонун жазды.

"Новая газета" 2-августта Новые Ватутинки районундагы мыйзамсыз иштетилген хостелде мигранттар уруша кетип, 12 киши полицияга түшкөнүн жазды.

lenta.ru 31-августта Москвадагы “Ривьера” көңүл ачуучу жайда мигранттар мушташып, алардын арасында ММА мушкерлери да бар экенин жазды.

Ошол эле lenta.ru 6-сентябрда Нижнекамскиде массалык мушташ чыкканын жазды. Айтор, мындай мисалдар толтура. Бул жерде орус басылмалары мигранттар жасаган кылмышка көбүрөөк басым жасап калдыбы же мигранттар арасында чын эле кылмыштуулук өсүп жатабы деген суроо турат.

Сагынбай Расулов Жогорку Кеңештин Москадагы миграция боюнча өкүлү

Сүрөттүн булагы, Sputnik / Таалайбек Ороскулов

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сагынбай Расулов - Жогорку Кеңештин миграция боюнча Москадагы өкүлү

Сагынбай Расулов Жогорку Кеңештин Москвадагы миграция боюнча өкүлү. Ал муун алмашып, Россиядагы мигранттардын да жүрүм-турумунда маселе болуп жатканын белгилейт. Анын баамында, соңку кезде мигрант жаштар агрессивдүү болуп бара жатат.

“Коомдук сайттардан өзүңөр деле көрсөңөр керек. Жакында эле кыргыз балдар авторынок ачышкан. Уруксаты болбосо, андай ишке барбашы керек эле да. Бирок алар ошол жерге 155 адамды топтоп, тартипти бузуп, жолду торошкон. Бишкектин авторыногунда жүргөндөй бакырып-кыйкырып жүрүшөт. Албетте, жергилүктүүлөргө андай жакпайт да. Андай нерселерди уруксат тартип менен жасаш керек. Полиция, ФСБдан бери келип текшерип кетишти. Балдар документиңерди жакшы көрсөткүлө десе, ошондо да “бизди Украинага алып кетет” дешип ызылдашты. Аларга тартипти бузуп жатканын түшүндүрүп, чагымга алдырбай, документиңерди көрсөтүп, андан ары кете бергиле дедик. Мына ушундан чыгат да маселе. Андайдарды дароо депортация кылат”,- деди Расулов.

Мигранттар боюнча Жогорку Кеңештин өкүлү мигранттар арасынан Украинадагы согушка кыргызстандыктарды мажбурлап алып кеткен бир да учур тастыкталбаганын айтты.

Мигранттардан акча азайды

Сагынбай Расуловдун пикиринде, Россияда мигранттардын мууну алмашып, жаштар Кыргызстанда калган жакындарына тапкан кирешесинин 20% эле салып, калганын Россияда көңүл ачууга жумшап калды:

“Кыргыз мигранттары өз өлкөсүндө 10-12 миң сомго иштеп жүргөн болсо, бул жерге келгенде 50 миң рублдан аз акчага иштегилери келишпейт. Дароо эле баш тартышат. 70-80 миң рубль акчага иштешип, аны да кандай иштетишти билишпейт. Рейддерге көз сала жүрөм. Ошол жакта, түнкү клубдарда жүргөндөрдүн эң эле басымдуусу биздин жаштар болуп атпайбы. Башка мамлекеттин жарандарын ал жактан таппайсың да, көрбөйсүң. Биздин жарандарга салыштырмалуу өзбек жарандары бул жактан айлыкты бир топ аз алышат. 35-40 миң рубль эмгек акыга иштешет. Бирок ызы-чуусу жок, тапканына жараша өз өлкөсүнө жөнөтүшөт. Бизде 100 мин рубль тапса, 10-20 миңин Кыргызстанга салат. Калганы ушул жерде жок болот”.

Үстүбүздөгү жылдын жети айында жеке адамдардын чет өлкөдөн акча которуулары 31,6% аз болду. Бул былтыркы жети айлык көрсөткүчкө караганда 510,8 миллион долларга аз.

Чет өлкөдөн жеке акча которуулардын 90% көбү Россиядагы мигранттарга туура келет. Бирок бул Россиядагы соңку кездеги рублдин наркынын олку-солкулугуна байланыштуу экени айтылып жатат.

“Каттоо - башкы көйгөй”

Соңку кезде Россияда кара тизмеге кирген кыргызстандыктардын саны көбөйүп жатканы айтылууда. Бул мигранттар эмгектенген объектерде байма-бай рейддер жүрүп, күч алганы менен байланыштуу деп билдирет Кыргызстандын Акыйкатчы институту. Омбудсмен Жамиля Жаманбаева жана Россиянын ыйгарымдуу укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова августта Москвада жолугушту. Анда кыргыз тарап кыргызстандыктардын жашаган жерине каттоого туруусу, медициналык камсыздандыруу жана кара тизмеден чыгаруу тууралуу маселелерди көтөргөн.

Таалайбек Мустапакулов Россияда көп жылдарданбери иш алып келген кыргызстандык. Ал учурда мигранттарды кыйнап жаткан эң башкы маселе бул – каттоо дейт.

“Регистрация боюнча проблема бар. Каттоо мөөнөтүн узартуу үчүн иштеген жериндеги келишим документине байлап коюшкан. Мурда кыргыздар договорду бирөөдөн алып эле сырттан каттоого туруп жүрө беришчү. Азыр болсо, келишимге ылайык ай сайын салык төлөчү салык системасы кирип атат, автоматташтырылып жатат. Салык төлөнбөй калса, келишими жок экени же мөөнөтү чыкканы билинип калып жатат. Мына ошондон мигранттар көп жапа чегип жатат”.

Мустапакулов Россияда медициналык текшерүү эрежелери да катаалданып жатканын айтты. Мисалы, мигранттар бармак мөөрүн тапшыргандан кийин жыл сайын саламаттыгын текшерип турушу керек.