Хиросима менен Нагасакинин бомбаланганына 80 жыл: адамзат төлөгөн баа

Жапония
    • Author, Карлос Серрано
    • Role, BBC News Mundo визуалдык журналисттердин тобу

Эскертүү: бул макалада өзөктүк курал колдонулгандан кийинки оор кесепеттерди сүрөттөгөн маалыматтар жана сүрөттөр бар, алар айрым адамдар үчүн абдан оор тийиши мүмкүн.

"80 жыл өттү, бирок эч нерсе өзгөргөн жок"

1945-жылдын августунда эки жапон шаарын жер менен жексен кылган АКШнын атомдук чабуулу тууралуу Нагасакидеги бомбалоодон аман калган Масако Ваданын Би-Би-Сиге берген маеги.

"Биз бул кайгылуу окуядан сабак алган жокпуз. Бүгүнкү күндө мурункуга караганда көбүрөөк коркунучтабыз", — деди ал.

Учурда ал Nihon Hidankyo уюмунун башкы катчысынын орун басары. Атомдук бомбалоодон аман калгандардын башын бириктирген бул уюм 2024-жылы Нобель тынчтык сыйлыгына ээ болгон. Вада өзөктүк куралга каршы чыгып, өзү сыяктуу тирүү күбөлөрдүн үнү угулса деп аракет кылат.

Хиросимага атомдук бомба ташталганда, Тосио Танака болгону алты жашта болчу жана ал Ваданын тынчсыздануусуна кошулат.

Айтымында, Украинада жана Жакынкы Чыгышта жүрүп жаткан согуштар дүйнөдө өзөктүк согуш коркунучун күчөтөт жана мындай абал аны катуу тынчсыздандырат.

"Эгер биз ушул жол менен кете берсек, ал үчүнчү дүйнөлүк согушка, дүйнөнүн кыйрашына алып келиши мүмкүн", — деди Танака Би-Би-Сиге Жапонияга атом бомбасы ташталгандыгынын 80 жылдыгына саналуу күндөр калганда.

АКШнын Хиросима менен Нагасакиге атомдук бомба колдонуу чечими бүгүнкү күнгө чейин кызуу талаш жаратып келет.

Жапония

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Айрымдар бул кадам Экинчи дүйнөлүк согушту токтотуу жана адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн зарыл болгон дешет.

Башкалар болсо, бул он миңдеген бейкүнөө адамдын өмүмүн алып кеткен керексиз соккулар болгон деп эсептейт.

Тана албай турган нерсе, жардыруулардын кесепеттери бүгүн да сезилип турат. Бул баяндоо тарыхтагы жалгыз өзөктүк бомбалоо жана анын кесепеттери тууралуу.

Хиросима
Хиросима

1945-жылдын жай айларына келсек, АКШ Жапония менен үч жарым жылдан бери согушуп келе жаткан болчу. Бул, 1941-жылдын 7-декабрында Жапон флоту күтүүсүздөн Гавай аралдарындагы АКШнын Перл-Харбор аскер-деңиз базасына кол салгандан кийин башталган.

Вашингтон Жапонияга согуш жарыялап, ошентип Экинчи дүйнөлүк согушка аралашкан.

Согуш күчөгөндө, АКШ Жапонияга каршы атомдук бомба колдонуу чечимин кабыл алган.

1945-жылдын 26-июлунда АКШнын президенти Гарри Трумэн Жапонияга "шартсыз багынуу" талабы менен ультиматум коюп, антпесе өлкө "тез жана толук жок кылынышы" мүмкүндүгүн эскерткен.

Трумэндин билдирүүсүндө өзөктүк курал тууралуу түз айтылган эмес.

Бирок атомдук бомбалар АКШнын согушту жыйынтыктоо стратегиясынын алкагында даярдалган курал-жарактардын арасында бар эле.

"Малыш"
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Биринчи максат Хиросима болду — мурда бомбалоого кабылбаган, андан тышкары аскердик база жайгашкан шаар. Айрым адистердин айтуусунда, Хиросима атом бомбасынын күчүн сыноо үчүн тандалган болушу мүмкүн.

9,5 чакырым бийиктикте учуп бараткан америкалык B-29 Enola Gay бомбалоочу учакты полковник Пол Тиббетс башкарып бараткан. Ал шаарга уран-235тен жасалган "Малыш" деген код менен аталган бомбаны таштаган. Ал жерге жетпей, болжол менен 600 метр бийиктикте абада жарылган.

"Саат 8:15те мен мектепке бара жатканда, бирөө "Душмандын бомбалоочу учагы!" деп кыйкырып калды,- деп эскерет Тосио Танака. - Башымды көтөргөндө жарыктан көзүм уяла түштү. Миллиондогон чырак бир учурда күйгөндөй болду. Баары аппак нурга чөмүлүп кеткендей сезилди".

"Малыш" бомбасы мылтыктын принциби менен иштеген: уран-235тин бир бөлүгү экинчисине атылган.

Эки бөлүк кагылышканда алардын атом өзөктөрү майда бөлүкчөлөргө ажырап, өзөктөрдүн бөлүнүү процесси башталган.

Өтө оор элементтердин өзөгү бөлүнгөндө чынжыр реакциясы пайда болуп, абдан көп энергия бөлүнөт да, күчтүү жарылууга алып келет.

"Малыш" 64 кг болгон 235-уранын камтыган. Окумуштуулардын айтымында, анын болгону 1,4 пайызы гана бөлүнгөн.

Ошентсе да жарылуунун күчү тротил менен эсептегенде 15 миң тонна болгон.

Салыштырсак, унааны талкалап, темир калдыкка айлантуу үчүн 1 кг тротил жетиштүү.

Жардыруу шаарда 4,5 чакырымга чейинки күчтүү сокку толкунун жараткан. Абанын температурасы 4000°Cден ашкан.

"Эркектер, аялдар, балдар дээрлик жылаңач, күйгөн кийимдери менен келе жатышты. Алар үн катпай, колдорун сунуп алышкан, манжаларынын учунан күйүп, ыйлаактап калган териси салаңдап турду", — деп эскерет Тосио Танака.

"Алар арбактарга, зомбилерге окшошуп калды".

Ар кандай эсептер боюнча, жардыруу болгон күнү 50 миңден 100 миңге чейин адам каза болгон. Шаардын имараттарынын үчтөн экиси — болжол менен 60 миң үй — талкаланып, урандыга айланган.

Жардыруу
Жардыруу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жардыруу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жардыруу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бирок Жапония багынган жок. Үч күндөн кийин АКШ ага экинчи атомдук бомбаны таштады

Нагасаки

Нагасаки экинчи сокку үчүн артыкчылык берилген бута болгон эмес.

Аймактын жер кыртышы өтө татаал болчу, мындан тышкары, жакын жерде союздаштардын туткундарын кармаган лагерь бар эле.

Негизги максат катары Кокура шаары тандалган — ал өнөр жай зоналары так бөлүнгөн, салыштырмалуу түз жерде жайгашкан шаар болчу.

Бирок аскер учкучтарынын отчетуна караганда, ошол күнү Кокураны калың туман менен түтүн каптап, шаарды көрүү кыйын болгон.

Ошондо экипажга бомбанын күчүн толук көрсөтө ала турган альтернативдүү бутаны табуу тапшырмасы берилген. Учак багытын Нагасакиге бурган.

B-29 "Бокскар" аттуу бомбалоочу учакты майор Чарльз Суини башкарып, "Толсток" деген код менен аталган бомбаны таштаган. Ал жерден 500 метр бийиктикте жарылган.

Бул бомба плутоний-239тун негизинде жасалган.

Бул бомба плутоний-239тун негизинде жасалган. Ал убакта плутоний-239ду алуу уран-235ке караганда кыйла жеңил болгон жана бомбада анын көлөмү азыраак эле. Бирок "Толсток" бомбасын жардыруу үчүн "Малышка" салыштырмалуу кыйла татаал механизм талап кылынган.

Плутоний-239дун курамында бир топ кошулмалар бар болчу. Бул кошулмалар чынжыр реакциясын керектүү убакыттан эрте баштап жиберип, бомбанын күчүн азайтып коюшу мүмкүн эле. Ядролор өз алдынча бөлүнө электе зарядды иштетүү үчүн имплозия ыкмасы колдонулган.

Бомбада болжол менен 6 кг плутоний болгон, бирок ар кандай эсептөөлөр боюнча анын болгону 1 кг жакыны гана бөлүнүп чыккан.

Ошого карабастан, бул көлөмдүн өзү эле 21 миң тонна тротилге тете энергия бөлүп чыгарууга жетишкен.

"Кара көө болуп күйүп калган денелер... уранды имараттардын арасынан жардам сураган үндөр угулуп жатты. Айрым адамдардын денесинен эти бөлүнүп, ички органдары көрүнүп калган… Шаарды толугу менен жалын каптады. Ошол кездеги көрүнүш чыныгы тозокко окшош болчу" — деп эскерген Сумитеру Танигути 2020-жылы, Нагасакидеги бомбалоонун 70 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасында.

Жарылуу Хиросимадагыдан да күчтүү болгон, бирок эки өрөөндүн ортосунда жайгашкан Нагасакинин тоолуу рельефи кыйроо аянтын бир топ чектеген.

Жардыруу

Нагасакиде бомба 7,7 чарчы метр аянтты жок кылып, шаардын имараттарынын дээрлик 40 пайызын урандыга айланткан.

"Жүздөгөн адамдар эч кандай медициналык жардам ала албай, жан чыдагыс азап тартып жатышты", — деп эскерет Нагасаки трагедиясынан аман калган жана 2024-жылы Nihon Hidankyo уюмунун атынан Нобелдин тынчтык сыйлыгын алган Теруми Танака.

"Ошондо эле мен ушундай өлтүрүүлөргө жана майып кылууларга, атүгүл согуш маалында да жол берилбеши керек деп ойлочумун".

Жардыруу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жардыруу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жардыруу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Атомдук жардырууда жана андан кийинки айларда радиациянын таасиринен канча адам курман болгону боюнча так маалымат жок.

Эң төмөнкү эсептер боюнча, 1945-жылдын декабрь айына чейин эки шаарда жалпысынан болжол менен 110 миңдей адам көз жумган.

Айрым башка эсептерде болсо, жыл аягына карата бул сан 210 миңден ашып кеткени туралуу айтылат.

Жардыруу

Хиросима менен Нагасакиге атомдук бомба ташталгандан кийин Жапония багынып берерин жарыялаган. 1945-жылы 15-августта император Хирохито элге кайрылуу жасап, жапон элин жеңилгенин моюнга алуу менен "кабыл алынгыс нерсени кабыл алууга" чакырган.

Расмий багынып берүү тууралуу документке 2-сентябрда Токио булуңунда USS Missouri согуштук кемесинин бортунда кол коюлган. Ушуну менен Экинчи дүйнөлүк согуш расмий түрдө аяктаган.

Бомбанын ачуу чындыгы

Жардыруудан бир секунддан кийин атомдук бомба гамма-нурларды, нейтрондорду жана рентген нурларын чыгара баштайт. Бул көзгө көрүнбөгөн өтө майда бөлүкчөлөр үч чакырымга чейин жетип, баардык нерсеге, анын ичинде адамдын денесин да кирип кетет.

Мисалы, Хиросимага ташталган бомба эпицентрден 600 метр аралыкка чейинки адамдардын 92 пайызын өлүмгө алып келген.

Бомбалоодон аман калгандар, жапончо "хибакуся" деп аталгандар, адам чыдагыс ысыктын жана радиациянын катуу таасирине туш болушкан. Көпчүлүгүнүн денеси катуу күйүп, териси дээрлик толук сыйрылып түшкөн.

Жардыруу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Радиациянын таасири кусуу, ич өткөк, кансыроо жана чачтын түшүшүнө алып келген. Кийинчерээк айрымдарда катаракта пайда болуп, залалдуу шишиктер өскөн. Трагедиядан кийинки алгачкы беш жылда аман калгандардын көпчүлүгүндө өнөкөт оорулар күчөй баштаган. Хиросима менен Нагасакиде лейкемияга чалдыккандар кескин көбөйгөн.

Жардыруу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жардыруулардан он жыл өткөндөн кийин, аман калгандардын көбүнө калкан бези, эмчек же өпкө рагы диагнозу коюлган.

Ядролук жардыруунун адамдын психикасына тийгизген зыяны да чоң болгон. Хибакусялардын көбү күбө болгон үрөй учурган окуядан улам, жакындарын жоготуу жана радиациянын кесепетинен ракка чалдыгып калуу коркунучу менен жашаган.

Жардыруу

Көптөр сырткы келбетинен улам дискриминацияга дуушар болушкан: айланадагылар алардын жараатын көрүп, алар жугуштуу ооруларды алып жүрөт деп ойлошкон.

Айрымдар болсо өздөрү аман калып, башкаларды куткара албаганы үчүн өздөрүн күнөөлүү сезип жашаган.

Бомбадан кийинки жашоо

Сюнтаро Хида, Хиросима

Сюнтаро Хида, Хиросима:

"6000дей, балким 10 000дей бейтапты дарыладым. Анан дарыгерлик карьерамды токтотууну чечтим. Мен көргөндөрдүн баары биринин артынан бири өтүп кетти. Эч кимди куткара албадым".

Ясуаки Ямасита, Нагасаки

Ясуаки Ямасита, Нагасаки:

"Менимче, аман калгандардын көбү дале физикалык жана психикалык жактан азап чегип жатышат".

Кейко Огура, Хиросима:

Кейко Огура, Хиросима:

"Адамдардын дээрлик баары суу менен жардам сурап жатышты. Менин үйүмдүн короосунда кудук бар эле, ошол жактан суу алып берип жаттым. Мага ыраазычылык айтышты, бирок сууну ичкенден кийин айрымдар дароо кан кусуп, көз алдымда жан беришти. Аларга абдан боорум ооруду, ошол эле учурда катуу корктум. "Балким, мен аларды өлтүрдүмбү? Чын эле менби?" — деп ойлодум".

Тосио Танака, Хиросима

Тосио Танака, Хиросима:

"Мен бул коркунучтуу окуя тууралуу 70 жашка чыкканда гана айта баштадым. Ага чейин жан дүйнөмдүн жарааты күчтүү эле. Мени эч ким түшүнбөйт деп ойлочумун".

Бүгүнкү күндө Хиросима жана Нагасаки ири өнөр жай жана соода борборлору болуп саналат.

Эки шаарда тең атомдук бомбалоонун курмандыктарына арналган мемориалдык аянтчалар жана музейлер бар.

Айрым хибакусялар ядролук куралдын жайылышына каршы чыгып, активисттерге айланган. Алар башынан өткөргөндөрүн айтып, ошол согуштун коркунучтары эч качан унутулбашы үчүн аракеттенишет.

Алардын негизги талабы, Теруми Танака Нобель сыйлыгын тапшыруу аземинде айткандай, "өзөктүк куралды тез арада жана толук жок кылуу".

Танака атомдук бомбаны "адамдар менен бир планетада болушуна жол берилбеген массалык кыргын салуучу курал" деп атайт.

Өзөктүк куралды жок кылуу боюнча эл аралык кампаниянын (ICAN) маалыматы боюнча, учурда дүйнөдө 12 300дөй өзөктүк дүрмөт бар.

Хибакуся "ядролук коркутуу" теориясын четке кагат. Башкача айтканда, "ядролук сокку сөзсүз жоопсуз калбайт" деген коркунуч кол салууну токтотуп, тынчтыкты сактай алат деген ишенимди кабыл алышпайт.

Масако Вада бул доктринага караманча каршы чыккандардын арасында.

"Мен адамдарды көзөмөлдөө жана зыян келтирүү үчүн өзөктүк куралды колдонуу идеясын эч качан кабыл албайм",- дейт ал.

"Бул Хиросима менен Нагасакинин трагедиясы кайра кайталанышы мүмкүн дегенди билдирет."

Ваданын айтымында, бүгүнкү күндө 100 000ден аз хибакуся бар жана алар орто эсеп менен 90 жашта.

"Жыл сайын 10 000ге жакын хибакуся жарыкчылык менен коштошот. Демек, 10 жылдан кийин алардын эч бири калбайт",- деди ал.

Аны көбүрөөк тынчсыздандырганы — эскерүүнү уланта тургандардын азайышы эмес, жаңы ядролук чабуул коркунучу.

"Ошол күн келгиче бизде жаңы хибакуся пайда болуп калат деп корком",- деди ал.

Бул макала алгач 2020-жылдын 6-августунда жарыяланган, соңку версиясында Хиросима менен Нагасакинин атомдук бомбалоосунун 80 жылдыгына карата алынган маектер менен жаңыланды.

Репортаж: Карлос Серрано

Монтаж: Кэрол Олона, Тамара Хил, Принцес Иреде Абумере, Марк Ши

Дизайн жана графика: Сесилия Томбези

Программалоо: Катриона Моррисон, Бекки Раш жана Марта Марти

Редакциялык кызматташуу: Камилла Коста

Адам Аллен жана Салли Моралес менен кызматташууда

Долбоордун жетекчиси: Кэрол Олона

Булактар: BBC News, Атомдук мурас фонду, Атомдук архив, Ядролук куралды жок кылуу боюнча эл аралык кампания (ICAN), Ядролук курал картасы, Getty Images. Алекс Веллерштейн, Стивенс технологиялык институтунун адиси; Лули ван дер Доус, Хиросима университетинин Тынчтык борборунун профессору; Хибики Ямагучи, Нагасаки университетинин Ядролук куралды жок кылуу борборунун илимий кызматкери; Юка Камите, Хиросима университетинин Коомдук илимдер мектебинин профессору; Майкл Гордин, Принстон университетинин заманбап илим тарыхы боюнча профессору.