Москва: "Сахарово" миграциялык борборунда 160 кыргызстандык кармалып турганы айтылууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Москванын "Сахарово" миграциялык борборунда 160 кыргызстандык кармалып турганы Кыргызстан акыйкатчысынын орун басары Айчүрөк Назаралиеванын Москвага болгон иш сапарынын алкагында белгилүү болду.
Маалыматка караганда, кармалгандардын ичинен 11и аял киши. Алар миграциялык мыйзамдарды бузганы айтылууда. Анын ичинде 3 аял пара берүү боюнча шек менен кармалып, 76 күндөн бери борбордо отурганы кабарланды.
Ал жердеги кыргызстандыктар медициналык жардамга муктаж экенин айтып, бирок кармоо шарттарына жана тамак-ашка даттанышкан эмес.
Белгилей кетсе, 2024-жылдын 9 айында "Сахарово" аркылуу Кыргызстанга 3928 адам жөнөтүлсө, 2025-жылдын 9 айында бул сан 2808ди түзгөн.
"Сахарово" - бул Москванын четинде жайгашкан миграциялык борбор. Ал жерде миграция мыйзамдарын бузгандар, өлкөдөн чыгарыла турчу чет өлкөлүк жарандар убактылуу кармалат.
Расмий маалыматтарга ылайык, учурда Кыргызстандын 600 миңден ашуун жараны чет өлкөлөрдө эмгек миграциясында жүрөт. Бирок бул каттоодон өткөндөрдүн гана көрсөткүчү. Иш жүзүндө чет жерде жүргөн кыргызстандыктардын саны мындан алда канча көп экени айтылып келет. Алардын 50 пайыздан көбү Орусияда эмгектенет.
Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенине быйыл он жылдын жүзү болду. Көпчүлүк бул уюмду Бажы биримдиги деген ат менен билет.
Айрым эксперттер учурда ЕАЭБ көбүрөөк саясий мотивди көздөп жатканын, ушунча жыл аралыгында Кыргызстан олуттуу деле утушка ээ болбогонун айтып сындап келишет. Алар уюмдун негизги принциптери болгон эркин соода тилкеси, эркин акча жүгүртүү жана жумушчу күчтөрдүн эркин жүрүүсү толук кандуу аткарылган жок дешүүдө.












