"Эркектер өлүп-тирилип кетейин деп жатат". Алтын Капалованын Би-Би-Сиге маеги

Дастан Үмөтбай уулу, Би-Би-Си, Бишкек

Алтын Капалова

Конституциялык сот жарандык активист Алтын Капалованын балдарына матроним берүү жөнүндө арызын карап, четке какты. Бирок аял-эркек теңчилиги үчүн эрезеге жеткен жарандарда тандоо мүмкүнчүлүгү болуш керек деп чечти. Элдин бир бөлүгү, өзгөчө консервативдүү катмары бул чечимди улуттук наркка бүлүк салган коркунуч катары карап, бул арызды баштаган активистке, аны караган Конституциялык сотко каршы курч билдирүүлөрдү жасоодо. Би-Би-Си Алтын Капалованын өзүн маекке тартып, чоң талаш-талкуунун чордонунда калган сот чечиминин чоо-жайын, анын максат-мүдөөсүн сурады. (Маектин видеосун биздин социалдык тармактагы баракчабыздан көргүлө).

А. Капалова: Жалпысынан сот эки чечим чыгарды. Биринчи чечими бул мурдагыдай эле, эгерде бала төрөлсө, балага эненин атын “матчество” же “матроним” дейбизби, берүүгө тыюу салынат. Бул мурда эле бар болчу. Дагы деле ошол бойдон калды. Соттун экинчи чечими - бул бойго жеткен адам, 18 жаштан тартып өз каалоосу менен тандап алса болот. Же атасынын атын алса болот, же энесинин атын алса болот деген чечим чыгарды да. Буга чейин мындай мүмкүнчүлүк жок болчу. Отчество катары эле атасынын атын алуу мүмкүн болчу.

Би-Би-Си: Социалдык тармакта аябай эле катуу талаш болуп жатат. Мурун деле 18 жаштан кийин аты-жөнүн каалагандай өзгөртсө болот эле да. Азыркы чыгарган чечим эмнеси менен айырмаланып жатат?

А. Капалова: Жок, мурда болбойт болчу. Мурдагы мыйзамдарды карасак, ал жерде атасынын аты же таятасынын аты, же балким өгөй атасы багып чоңойтсо ошонун атын алса болот деп жазылган. Бирок, эненин атын алууга болбойт да. Демек, ошол жерде жазылган болчу эркек адам болуш керек деп. Таятасы болобу, чоң атасы болобу же баккан адам болобу, бирок, эркектин болуш керек деген мыйзам жазылган болчу.

Би-Би-Си: Конституциялык соттун түшүндүрмөсүндө балдарды коргоо зарылдыгы баса белгилениптир. Сиз балаңызга матчество берейин деп жатканда аларга зыяны тийип калат деп ойлободуңузбу?

А.Капалова: Менин оюмча эч кандай зыян алып келбейт. Мен үчүн аялдардын укугун чектөө - миллиондогон аялдарга чоң зыян алып келет. Биз бул жерде тең укуктуулук жөнүндө сөз кылып атабыз да. Эмне үчүн эркектер берсе болот атын, аялдар берсе болбойт? Бул эми дискриминация да. Анан көбүнчө адамдар биздин салт, анан жети атаны билиш керек деп атат.

Эң сонун, жети атаңыздарды билгиле. Ал энесинин аты жазылып калса, силердин эс-тутумуңарга доо кетирбейт. Негизи көп аргументтерге мен аябай таң калам да. Бул жерде баарыңар тең энеңердин наамына өткүлө деген кеп жок да. Бул жерде кеп тандоо болуш керек. Ар бир адамда тандоо болуш керек. Ошол баланы тогуз ай көтөрүп, кыйналып төрөгөн, уктабаган, эмчек эмизген аялдын дагы укугу бар. Ал дагы укуктуу болушу керек атын бергенге. Эгер бала үй-бүлөдө төрөлсө, анда, албетте, ошол баланын ата-энеси биргелешип, балким, тайнеси, чоң энеси баары биргелешип чечим чыгарат да. Көпчүлүк тандоо берилбей, элдин баарына тең аялдардын атын байлап койгондой эле мамиле кылып атышат да. Ошондой реакция кылып жатышат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Ошол эле соттун түшүндүрмөсүндө балдар кодулоого туш келип калышы мүмкүн деп эскертип атпайбы?

А. Капалова: Мындай түшүндүрмөнүн эч кандай негизи жок деп ойлойм. Кичинекей балдарды эч ким отчествосу менен айтпайт. Ошондой эле коркунуч чоң болуп атсачы. Биз балдарды атынан эле айтабыз, туурабы? Кимдин баласысың деп сурайбыз. Мектепте атынан айтабыз, фамилиясынан айтабыз.

Албетте, жаңылык киргизген абдан оор. Бирок, адам баласы ар нерсеге көнөт. Ошол көнүп жаткан нерсенин арасында мисал үчүн укуктуу нерсе болуш керек да. Мен көп түшүнө бербейм адамдарды, кастык тил менен сүйлөгөн өзгөчө эркектер, аларды көп карабаганга аракет кылам. Бирок, кээ бир учурда жада калса фейсбуктагы досторумдун арасынан деле чыгып калат. Эркектер жазат да, “бул мыйзамды жоюш керек” депчи. Чогуу окуп же иштеп баарлашып жүргөндүктөн, ошол эркектердин четте балдары бар экенин билем. Ошолор өзгөчө чычалайт да. Анан көп кастык тилде жазган комментарий, постторду сиз деле окусаңыз керек. Элдер болсо жөн эле бир жер жарылып кеткендей эле мага жазып жатышат да. Бул болгону биз көнүп калганбыз да, ушундай, аялдардын укуктары корголбогон нукта кете бергенге. Ошо аялдар колдоп, мисалы мен чыксам “жок, бул менин укугум корголуш керек десем” ошого, өзгөчө, эркектер өлүп-тирилип кетейин деп жатышат да.

Алтын капалова

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Би-Би-Си: Сизге социалдык тармактар аркылуу коркутуп, кастык тил менен коркутууларды жазып жатышат. Айрымдары сизди өлкөдөн чыгарыш керек деген дагы талаптарды коюуда. Соттун чечими чыккандан кийин коопсуздук жагы кандай болуп жатат?

А. Капалова: Ооба, коркутуулар абдан көп келип жатат. Комментарийлерде деле, посттордо деле жазып жатат. Мен укук коргоо органдарына кайрылган жокмун. Анткени, ушундай жагдайлар болорун мен буга чейинки тажрыйбамда көрдүм да. Алар коргогондун ордуна, кайра кол салышат десем болот. Кайрылсам деле жакшы болот. Бирок, ага деле өзүнчө бир убакыт бөлүп, күч-кубат керек. Ошондуктан, мен көп көңүл бурбаганга эле аракет кылам.

Би-Би-Си: Сиз балдарыңызга өзүңүздүн атыңызды берип соттошуп жатканда мурдагы жолдошуңуз байланышка чыгып, каршылыгын айткан жокпу?

А. Капалова: Жок, ошону соттон дагы сурашты. Эми бул менин эле тажрыйбам эмес, бизде ушинтип басып кеткен аталар толтура да. Алардын иши дагы жок баласы эмне болуп жатканынан. Балам бар эле деп күнүмкү жашоодо деле сурабайт. Эмне ичип жатат, эмне жеп жатат, окуп жатабы, өнүгүп жатабы, ден-соолугу жакшыбы деп бир сураган эмес чынын айтсам. Азыр эми ал кантип каршылык көрсөтөт? Сот аркылуу ата-энелик укугунан ажыратылган. Ажыратылбаганда деле эч качан кызыгып сураган эмес. Ошондуктан ал каршылык көрсөткүдөй деле укугу жок чынын айтсам.

Би-Би-Си: Сиз жыныстык азчылыктын өкүлү экениңизди ачык айтып келесиз. Коомдук тармактарда матчество демилгесинин артында лесбиянкаларды колдоо максаты бар деп консервативдик катмардагы элде каршы маанай күчөп жатпайбы?

А. Капалова: Эмне деп жооп беришим керек? Ушундай келесоодой болгон көп нерселерди жазышат да. Бул аялдардын укугу жөнүндө сөз болуп жатат. Сен лесбиянкасыңбы же кимсиң, бул аялдын укугу жөнүндө болуп жатат. Эркектерге болот, аялдарга болбойт. Бүттү. Эмне деп жооп берериңди дагы билбей каласың да. Анткени мунун эч маңызы жок. Жөн эле сөз, эч мааниси жок.

Би-Би-Си: Конституциялык соттун чечими чыкты. Сиз биринчи бөлүгүнө макул эмесмин деп дароо эле фейсбукка жаздыңыз. Кийинки аракетиңиз кандай болот?

А. Капалова: Биздин өлкөдө болгон бардык сот жыйындарынын баарын өтүп бүттүк. Акыйкаттыкка жетпедик. Ошондуктан биз эл аралык сотторго кайрылабыз. Бул дагы узака созулат. Бирок ошонун үстүндө иштейли деп пландаштырып жатабыз.