“Байрактар Акынжы”: акылдуу чабуулчу, таамай согот
Элдияр Бакиров, Би-Би-Си Бишкек

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектеген делегация 12-октябрда Түркияга жумушчу сапар менен барып, "Өздемир Байрактар" улуттук технологиялык борборуна да барды.
Baykar компаниясынын Твиттер баракчасында жарыяланган сүрөттөрдө Жапаровдон сырткары УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана транспорт министри Таабалды Тиллаевди, ошондой эле ага-ини Селчук жана Халук Байрактарды көрүүгө болот. Көп өтпөй Ташиев Кыргызстан “Байрактар Акынжы” аскердик дронун алганын кабарлады.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы, 1
“Акынжы биздики! Боордош элибизге ыраазычылык!” - деп жазды атайын кызматтын башчысы Фейсбук баракчасында.
Экс-депутат Феликс Кулов Кыргызстан расмий түрдө “Байрактар Акынжыны” сатып алган үчүнчү өлкө болгонун билдирди. Буга чейин дрондорду Азербайжан жана Пакистан алган.
“Акылдуу дрон: өзүнүн жасалма интеллекти бар - ага бута коюп бергенде эле өзү учуп, жок кылып, ордуна кайтып келет. Бир гана бута коюп берүү керек, албетте, аны өзүңүз башкара аласыз, анткени жасалма интеллект баштапкы этапта идеалдуу болбойт. Бул жагынан дүйнөдөгү бардык дрондордон айырмаланып турат, [жасалма интеллект] бир гана “Акынжыда” бар. Ал эми жасалма интеллект бара-бара өнүгүп, барган сайын жаңы өзгөчөлүктөргө ээ болот. Аскердик эксперттердин баамында, мындай чабуул коюучу учкучсуз учакты сатып алуу Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн олуттуу түрдө чыңдайт”, - деп жазды Кулов.
Анткен менен УКМК жана президенттик администрация бул боюнча расмий комментарий бере элек. Кыргызстан канча “Акынжы” моделин жана кандай баада сатып ала турганы белгисиз.
Эмне белгилүү?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
“Байрактар Акынжы” чабуул коюучу дрон болуп эсептелет. Анын ичине украин өндүрүшүнөн чыккан кыймылдаткыч орнотулат.
Ал Кыргызстан өткөн жылы сатып алган “Байрактар TB2” моделинен дээрлик эки эсе чоң - “Акынжынын” жалпы узундугу 12,2 метр жана канаттардын узундугу 20 метрди түзөт.
Бул модель дээрлик 12 километр бийиктикке чейин көтөрүлүп, абада 24 саатка чейин уча алат. Ошондой эле аскердик дрон 240-360 км/с ылдамдыкта учат. “Байрактар Акынжынын” максималдуу учуу салмагы 5,5 тоннаны түзөт, ал эми жүк көтөрүү жөндөмдүүлүгү 1350 кг (400 кг ички, 950 кг сырткы жүк).
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы, 2
“Байрактар Акынжы” 55 км алыстыктагы бутага жогорку таамайлыкта сокку ура алат. Мындан сырткары, учкучсуз учак аба техникасына да чабуул жасай алат.
Бул моделдин сыноолору 2019-жылы башталган. Ал эми 2021-жылдын башында сыноолор ийгиликтүү аяктап, августта Түркиянын аба күчтөрүнүн кызматына кирди. Быйыл “Байрактар Акынжы” массалык түрдө чыгарыла баштады.
Айрым эксперттер “Акынжыны” америкалык MQ-9 Reaper (“Оруучу”) менен салыштырышат.
Учкучсуз учак “Боздоган” (Bozdoğan) же “Гөкдоган” (Gökdoğan) “аба-аба” ракеталары менен жабдылып, абадагы буталарга сокку урууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле “Байрактар ТВ2” модели үчүн негизги курал болгон МАМ-L, МАМ-C башкарылуучу ракета жана Мк-81, Мк-82, Мк-83 бомбалары туура келет. “Акынжы” танкаларга каршы UMTAS ракета же 70-мм жогорку тактыктагы CIRIT ракеталары менен да жабдылышы мүмкүн.
“Байрактар Акынжы” учкучсуз учуучу аппараты SОМ-А канаттуу ракетасын да ташый алат. Аталган ракетанын узундугу 4 метр, салмагы 620 кг. SОМ-А 250 км чейин жете алат.













