"Байрактардын" Тажикстанга берилиши эмнеге кыргыз бийлигин чочулатат?

Элдияр Бакиров, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Байрактар TB2

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Байрактар" TB2 модели

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги отурумунда Түркия Тажикстанга "Байрактар" (Bayraktar) аскердик дрондорду саткан деген маалыматты ырастаган. Кулубаев тышкы саясий мекеме Түркия жана Тажикстандын ортосундагы келишим боюнча маалымат чогултуп жатканын кошумчалаган.

“Мурун түрк тарапка да айтылган болчу - этияттагыла, биздин региондо көйгөйлөр чечиле элек. Ошондуктан "Байрактарды" бизден башка кошуналарга абайлап, этият мамиле кылсаңыздар - деп айтылган. Бирок алар айтып жатат: “Бул - бизнес, аскердик-техникалык өнөктөштүк өсө берет”, - деп. Бирок азыр толук маалымат алгандан кийин түрк тарап менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз [...] Канча суммада алганын тактап атабыз”, - деди министр Жогорку Кеңеште жооп берип жатып.

29-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Тажикстан "Байрактар" аскердик дрондорун чыгарган Baykar Makina компаниясы менен эч кандай келишим түзбөгөнүн билдирди.

"Жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккан маалыматтын алкагында, алынган ишенимдүү маалыматтарга караганда, тажик тарап «Байрактар» учкучсуз учуучу учактарды чыгаруучу “Байкар Макина” компаниясы менен, ошондой эле башка түркиялык ушуга окшогон өндүрүүчүлөр менен учкучсуз учуучу учактарды сатып алуу боюнча келишим түзбөгөндүгүн маалымдайбыз", - деп билдиришти атайын кызматтан.

Буга чейин, 2021-жылдын декабрь айында, Кыргызстан дагы Түркиядан "Байрактарды" сатып алган. Анда аскердик дрондор УКМКнын чек ара кызматына өткөрүлүп берген. Кыргыз бийлиги коңшу өлкө сатып алган дрондордон эмнеге кооптонуп жатат? Би-Би-Си "Байрактардын" тажрымалын изилдеп чыкты.

Анкарадагы жолугушуу

Шерали Мирзо жана Хулуси Акар

Сүрөттүн булагы, Түркиянын Коргоо министрлиги

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шерали Мирзо жана Хулуси Акар

20-апрелде Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар тажикстандык кесиптеши Шерали Мирзо менен жолугушкан. Тараптар аймактык коопсуздук жана коргонуу өнөр-жай жаатындагы кызматташуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аскердик кызматташуу боюнча алкактык макулдашууга кол коюшкан.

Ошондой эле жолугушууда эки өлкөнүн коргоо министрлери чек ара коопсуздугун камсыздоо жана терроризмге каршы күрөшүү тажрыйбасы менен алмашуу, мындан сырткары аскердик кадрларды даярдоо боюнча кызматташууну кеңейтүү керектиги белгиленген.

Кол коюлган макулдашууда Түркия Тажикстанга өткөрүп берген аскердик техникалар тууралуу маалымат ачыкталган эмес. Ал арада Түркиянын Дүйшөмбүдөгү элчилиги Шерали Мирзо "Байрактар" дрондорун чыгарган "Байкар Макина" (Baykar Makina) компаниясынын техникалык директору Селчук Байрактар менен бирге түшкөн сүрөтүш жарыялады.

Шерали Мирзо жана Селчук Байрактар

Сүрөттүн булагы, Түркиянын Тажикстандагы элчилиги

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шерали Мирзо жана Селчук Байрактар
  • Бир катар медиалар Селчук Байрактар Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын күйөө баласы экенин жазышат.

Тажикстандын Коргоо министрлиги журналисттерге Мирзо Түркияга барганын гана тастыктап, бирок "Байрактар" тууралуу маалыматты таcтыктаган да, төгүндөгөн да жок. Ал эми тажик медиалар түркиялык коргоо министри Хулуси Акар 2021-жылдын июль айында Тажикстанга келип, Түркия “Борбор Азияны Ооганстандын радикалдарынан коргоону” убадалаганын белгилөөдө.

Байрактардын күчү кандай?

"Байрактардын" ракеталары

Сүрөттүн булагы, КР президентинин басма сөз кызматы

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Байрактардын" ракеталары

"Байкар Макина" компаниясын 1986-жылы Өздемир Байрактар негиздеген. Бүгүнкү күндө Түркия экспорттоп жаткан "Байрактар" TB2 модели 2014-жылы чыгарылып, бир жылдан кийин түркиялык күч органдардын куралдануусуна алынган. Чет өлкөлөрдөн биринчи болуп Bayraktar’ды 2018-жылы Катар жана Украинага сатып алган.

Жалпы узундугу 6,5 метр жана канаттардын узундугу 12 метрди түзгөн "Байрактар" TB2 модели чалгындоо жана аскердик техникага чабуул жасоо максатында колдонулат. Ал танкаларга каршы эки UMTAS ракета же жогорку тактыктагы төрт авиабомба, ошондой эле камералар менен жабдылат. Дрон сегиз километрге чейин аралыкта турган бутага сокку жасай алат.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт.

X посттун аягы, 1

"Байрактар" TB2 сегиз километр бийиктикке чейин көтөрүлүп, абада 12 сааттан 24 саатка чейин уча алат (2019-жылы Bayraktar TB2 абада 27 саат бою болуп, рекорд койгон). Ошондой эле дрон 130-250 км/с ылдамдыкта учат.

Ал "Түрксат" (Türksat) спутник станциясы аркылуу аралыктан башкарылат. "Байкар Макина" компаниясы "Байрактар" TB2’нин баасын ачыктабай келет, бирок 2018-жылы Украина алты аскерий дрон, эки башкаруу станциясын жана 200 башкарыла турган ракетаны 69 млн долларга сатып алганы кабарланган.

Аталган компания жогору бийийктикте учуучу "Байрактар Акынжы" (Bayraktar Akıncı) аскердик дрондору менен да таанымал. Учурда "Байкар Макина" компаниясы деңизде авиаалып жүргүчтөр үчүн "Байрактар" TB3 жана "Байрактар Кызыл Алма" (Bayraktar Kızılelma) учкучсуз кыйраткыч учактын сыноолорун өткөрүүдө.

"Байрактар Акынжы"

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Байрактар Акынжы"

Байрактар Карабактагы Азербайжан-Армения согушунда

"Байрактарды" тапшыруу аземи

Сүрөттүн булагы, КР президентинин басма сөз кызматы

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Уларбек Шаршеев "Байрактарды" тапшыруу аземинде

Постсоветтик өлкөлөрдөн түркиялык "Байрактарды" Украина, Азербайжан, Түркмөнстан, Кыргызстан эми болсо Тажикстан да сатып алды. Борбор Азия өлкөлөрү "Байрактарls" колдоно элек, ал эми Азербайжан жана Украина аскердик дрондорду согуштук аракеттерде сынап көрдү.

Азербайжан 2020-жылы орун алган 44 күндүк Экинчи Карабак согушунда "Байрактарды" кеңири колдонуп, биринчи күндөрү бир нече “Оса” жана “Стрела-10” армениялык асмандагы чабуулдан коргонуу (АЧК) техникаларын жок кылган. Эксперттер "Байрактардын" эффективдүүлүгүн Армениянын АЧК техникалары эски болгону менен түшүндүрүшкөн.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт.

X посттун аягы, 2

"Байрактардан" тартылган видеолорду Азербайжандын коргоо министрлиги соцтармактарга таратып, бул армян аскерлеринин демин түшүүсүнө алып келгени да кабарланган. Эксперттер Азербайжан согушта жеңишке жетип, Армениядан Тоолуу Карабакты тартып алуусуна "Байрактар" маанилүү фактор болгонун белгилешкен.

Oryx аскердик аналитикалык сайтындагы маалыматына ылайык, "Байрактар" Тоолуу Карабак үчүн согушта 549 кургактагы бутаны жок кылган.

“[...] анын ичинде 126 сооттолгон унаа (анын ичинде Т-72 90 танк), 147 артиллериялык курал, 60 жапырт ок атуунун реактивдүү системасы, 22 зениттик-ракеталык комплекс (ЗРК), алты радиолокациялык комплекс жана 186 автоунаа. Албетте, натыйжада Азербайжандын чоң аскердик жеңишине бир нече факторлордун комбинациясы себеп болгон, бирок бул [жеңиш] өнөктүктүн борбордук бөлүгү жаңы сатып алынган технология ["Байрактар"] болгонун четке кага албайбыз”, - деп жазылат Oryx’тин макаласында.

Байрактар Украина-Орусия согушунда

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ал эми Украина "Байрактарды" сатып алып, сыноолордон өткөрүп баштагандан кийин аскердик эксперттер анын кемчиликтери тууралуу айтып баштаган. Негизинен дрондор жаңы АЧК системасына жакшы туруштук бере албастыгы айтылган. Бирок аскердик дрондордун Экинчи Карабак согушундагы жыйынтыктары украин бийлигин кошумча Bayraktar’ды сатып алууга бел байлаткан.

Мындан сырткары, 2021-жылдын декабрь айында, президент Владимир Зеленскийдин офисинин жетекчиси Андрей Ермак, Украинада "Байрактардын" өндүрүшү башталганын билдирген.

Украина Орусиянын кол салуусуна чейин дрондорду негизинен Крым жана Донбасстын аймагында чалгындоо максатында колдонуп жүргөн. Украинанын куралдуу күчтөрү алгачкы жолу дрондорду өткөн жылдын октябрь айында Донбасстагы орусиячыл жикчил күчтөргө каршы колдонгон.

Согушка чейин Украина 50 даана "Байрактар" сатып алганы айтылган, ал эми мартта дагы кошумча комплекттерди алынган. Москва бул боюнча нааразылыгын билдиргени менен түрк бийлиги Украина дрондорду “жеке компаниядан сатып алган” деген жооп кайтарган.

24-февралда Украинанын Куралдуу күчтөрү "Байрактар" орус армиясына каршы колдонула баштаганын маалымдаган. Соцтармактарда аскердик дрондор орус техникасын жок кылган деп саналган видеолор тарап жатат, бирок алар канчалык деңгээлде чындыкка дал келээри белгисиз.

Март айында Буча шаарына кирген орус аскерлеринин колоннасы "Байрактар " тарабынан аткыланганы кабарланган. Жергиликтүү тургундар орус аскерлери Бучадан өтүп баратканда бир маалда түз жолдун кууш жерине тыгыла түшүп, дрондор үчүн сонун бутага айланганын айтышкан.

Бучада талкаланган орус колоннасы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бучада талкаланган орус колоннасы

Ошондой эле "Байрактар" аскердик дрондору 13-апрелде Орусиянын Кара деңиздеги “Москва” крейсерине чабуулга катышкан деген версия бар. Маалыматка ылайык, "Байрактар" крейсердин асман чабуулунан коргонуу системасына сокку урган, андан соң флагмандын өзүнө украиналык “Нептун” ракеталары түшкөн. “Москва” крейсеринде өрт чыгып, көп өтпөй ал чөгүп кеткен.

Орусия крейсер чабуулдан эмес, бортто өрт чыккандан улам чөгүп кеткен деген версияны карманууда. Алгач орус Коргоо министрлиги крейсердеги экипаж толугу менен эвакуацияланганын кабарлаган. Бирок 22-апрелде орус тарап бир деңизчи каза таап, 27 дайынсыз жоголгонун моюндаган.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 3
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт.

X посттун аягы, 3