Өлүм жазасы кылмыштуулукту азайта алабы?

Өлүм жазасы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстанда 17 жаштагы окуучу кыздын мыкаачылык менен киши колдуу болушу коомчулукта чоң резонанс жаратты. Бул каргаша өлүм жазасын кайра киргизүү маселесин күн тартибине алып чыкты. Айрымдар балдарга жана аялдарга карата оор кылмыштарды ооздуктоо үчүн жазанын мындай түрү керек дешсе, башкалары сот жана укук коргоо органдарына ишеним төмөн болуп турган шартта өлүм жазасын киргизүүнүн тобокелчиликтери бар экенин айтышат.

Кыргызстанда өлүм жазасын жандантуу демилгеси эми гана көтөрүлүп жаткан жок. Бул багыттагы сунуштар буга чейин да бир нече ирет айтылып, бирок ишке ашпай келген.

Эки жыл мурун Жогорку Кеңештин айрым депутаттары баш мыйзамга өлүм жазасын кайра киргизүү демилгесин көтөрүп, бирок колдоо тапкан эмес.

Сентябрдын соңунда зордукталып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Айсулуу Мукашеванын окуясынан кийин президенттин басма сөз кызматы балдарга жана кыз-келиндерге каршы жасалган кылмыштар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берилгенин билдирди.

"Тактап айтканда, балдарды, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүү. Президент Садыр Жапаров балдарга жана кыз-келиндерге карата жасалган кылмыштар жазасыз калбашы керек деген позицияда",- деп жазды президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Facebook баракчасына.

Эл эмне дейт?

Кыргызстанда өлүм жазасын кайра киргизүү чындыгында үрөй учурган кылмыштардын алдын алууга таасирин тийгизеби же бул коомдун эмоционалдык талабыбы? Би-Би-Си шаар тургундарынын пикирин угуп көрдү:

Аман Кубанычбек уулу, Бишкек шаарынын тургуну:

"Айсулуунун жакындары кандай чыркырап жатканын көрүп жатабыз. Менин дагы эжем, карындашым бар. Ушунчалык мыкаачылык менен адам өлтүрүп жаткан зөөкүрлөргө өлүм жазасы эң туура чечим. Андай кылмышкерлерди абакта кармап, мамлекеттин эсебинен багыштын кажети барбы? Ал жактан оңолуп кетпейт да. Мен бул сунушту колдойм. Өлүм жазасын киргизүү менен кыз-келиндерге болгон зордук-зомбулук жоюлат деп айта албайм. Бирок бир аз болсо дагы сестенип калат беле деген ой".

Искендербек Осмоналиев, Бишкек шаарынын тургуну:

"Өлүм жазасын киргизүү туура сунуш. Мындай кылмышкерлерди жок кылыш керек. Эгер тиешелүү мыйзам кабыл алынса, сөзсүз оң таасирин берет деп ишенем. Кайсы бир деңгээлде коркуу сезими пайда болот".

Алина Карыбек кызы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алина Карыбек кызы

Алина Карыбек кызы, Бишкек шаарынын тургуну:

"Соңку каргашалуу окуя тууралуу социалдык тармактарда кызуу талкуу жүрүп жатат. Пикир жазгандардын көпчүлүгү андайларды элдик сотко салып же өлүм жазасына тартыш керек дегендер. Мен аял киши катары толук колдойм. Айрыкча жашы жете элек балдарга зомбулук көрсөткөндөр катуу жазаланышы керек. Аларды ташбараңга алса дагы аздык кылат. Азыр кандай оор кылмыш жасабасын камап коюшат, анысы беш жылдан кийин боштондукта жүрөт. Балдарды жана кыз-келиндерди зордуктап, мыкаачылык менен өлтүргөндөр ачык, эл алдында өлүм жазасына тартылгандай шарт түзгөндө гана кылмыштын мындай түрү азайышы мүмкүн".

Улан Кеңешбеков
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Улан Кеңешбеков
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Улан Кеңешбеков, Бишкек шаарынын тургуну:

"Балдарды жана кыз-келиндерди зордуктап, мыкаачылык менен өлтүргөндөр ташбараңга алынып же өлүм жазасына тартылышы керек. Мындай кылмыш кылгандардын айрымдары камалгандан кийин эле кайра боштондукка чыгып кетип жатпайбы".

Максатбек Исаков, Бишкек шаарынын тургуну:

"Бул демилгени жарым-жартылай колдойм. Жашы жете электерди зордуктагандарды өлүм жазасына тартуу чечими туура. Бирок жашы он сегизден жогору болгон кыз-келиндерге байланыштуу жазанын бул түрүн киргизүүгө каршымын. Мындай шартта эки жакты салмактап карап чыгуу керек болот"

Мурат Мамбетов, Бишкек шаарынын тургуну:

"Кыргызстан үчүн өлүм жазасын киргизүүнүн кажети жок. Бул көйгөй өлүм жазасын киргизүү менен чечилбейт. Кыргызстан сыяктуу жаңыдан өнүгүп келе жаткан, экономикасы чабал мамлекеттер үчүн мындай мыйзамдын кереги жок. Совет доорунда дал ушундай мыйзам бар эле. Эгер өлүм жазасын киргизүү менен жагдай оңоло турган болсо, ошондо эле токтоп калбайт беле. Ошол жылдары деле бул өңдүү кылмыштар токтогон жок да".

Назира, Бишкек шаарынын тургуну:

"Коомдо балдардын, кыз-келиндердин өлүмүнө байланыштуу үрөй учурган окуялар көп катталып жатат. Өлүм жазасын киргизип коюшса, оор кылмыштар азаят беле деген ойдомун. Кудай сактасын, бирок ар бирибиздин башыбызда бала бар. Мен каза болгон кыздын жакындарын абдан түшүнүп турам. Кыргызстанга мындай мыйзам керек".

Атайын кызмат төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбековдун айтымында, жазанын бул түрү кылмыштуулукту толук жоё албаса да, оор кылмыштардын санын азайтууга жардам берет.

"Өлүм жазасы боюнча мыйзам иштеп турган учурда балдарга, кыз-келиндерге карата зордук-зомбулук жана мыкаачылык менен киши өлтүрүү азыркыдай көп эмес эле. Аны алып салгандан кийин Кыргызстанда балдарга жана аялдарга карата кылмыштар кескин көбөйдү. Мектеп окуучусунун мыкаачылык менен киши колдуу болуусу биринчи эле учур эмес да, буга чейин канчалаган кыз-келиндердин өлүмү катталды",- деди ал.

Медетбеков мамлекет жазанын мындай оор түрүн кабыл алуудан коркпошу керек деп эсептейт.

"Бул жерде сөз негизинен педофилдерге жана аялдарга карата оор кылмыш жасагандар жөнүндө болуп жатат. Бирок мындай мыйзам кабыл алынса, саясий оппоненттерге жана башка оор кылмыштын түрлөрүнө дагы колдонулушу ыктымал деген кооптонуу жаралышы мүмкүн. Бул туура эмес түшүнүк",- деди ал.

Эл аралык милдеттемелерге каршы

Таттуубүбү Эргешбаева

Сүрөттүн булагы, Facebook

Юрист Таттуубүбү Эргешбаева президенттин аялдарды жана өспүрүмдөрдү зомбулуктан коргоо демилгесин колдоорун айтып, муну өлкө үчүн маанилүү жана керектүү кадам деп баалады. Бирок ал өлүм жазасын кайра жандандыруу маселесинде бир катар маанилүү жагдайларды эске алуу зарылдыгын белгиледи.

"Кыргызстан жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактка кошумча Экинчи факультативдик протоколду ратификациялаган. Бул документ өлүм жазасын толук жоюуну талап кылат жана андан четтөөгө жол бербейт. Ошондуктан өлүм жазасын кайра киргизүү эл аралык милдеттенмелерге жана Кыргызстандын Конституциясына каршы келет", — деди Эргешбаева.

Айтымында, көйгөй өлүм жазасынын жоктугунда эмес, сот адилеттигине болгон ишенимдин төмөндүгүндө жана тергөө менен сот системасынын сапатында.

Юрист бул сыяктуу көрүнүштөрдү өлкөдөгү социалдык-экономикалык шарттар менен да байланыштырды.

"Көп балдар ата-энелеринин көзөмөлүнөн сыртта калууда. Үй-бүлөлөр жетиштүү колдоого ээ эмес жана мамлекеттик коргоо механизмдери толук кандуу иштебейт",- деди ал.

Эргешбаева өлүм жазасын кайра киргизүүнүн ордуна башка, комплекстүү чараларды кароо зарылдыгын белгиледи.

"Өлүм жазасын кайра киргизүүдөн көрө өмүр бою эркинен ажыратууну күчөтүү жана аны өзгөчө режим шартында колдонуу туура болот. Ошол эле учурда абакта кармалгандарды билим берүүгө жана эмгекке тартууга мүмкүнчүлүк түзүү маанилүү. Бул алардын социалдык көндүмдөрүн жакшыртып, оңолууга шарт түзөт", – деди ал.

Ошондой эле кылмыштын алдын алуу үчүн кыз-келиндердин жана балдардын коопсуздугун камсыз кылган заманбап механизмдерди өркүндөтүү зарылдыгын кошумчалады.

Айтымында, мындай комплекстүү чаралар кылмыштын алдын алып гана тим болбостон, сот жана тергөө системасына болгон ишенимди жогорулатат, үй-бүлөлөрдү жана балдарды коргоого жардам берет.

Юрист өлүм жазасына байланыштуу коңшу мамлекеттердин тажрыйбасын мисал келтирди.

  • Казакстан — 2021-жылы өлүм жазасын толук жойгон жана эл аралык келишимдерге кошулган.
  • Тажикстан — 2004-жылдан бери мораторий иштеп, өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы колдонулууда.
  • Өзбекстан жана Түркмөнстан — өлүм жазасын толук жоюп, бул норманы Конституциясында да бекемдешкен.
  • Армения, Азербайжан, Молдова — өлүм жазасын четке кагып, эл аралык милдеттенмелерди аткарып келишет.
  • Беларус — өлүм жазасын колдонуп келет, бирок эл аралык келишимдерге кошулган эмес.
  • Орусия — өлүм жазасы мыйзамда бар, бирок Конституциялык соттун чечимине ылайык мөөнөтсүз мораторий киргизилген.

Өмүр бою түрмөдө отуруу - өлүм жазасынан да күчтүү

Нурбек Токтакунов

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нурбек Токтакунов

Жарандык активист Нурбек Токтакуновдун пикиринде, кандай гана оор жаза болбосун, ал кылмыштуулукту азайта албайт. Анткени негизги маселе жазанын катаалдыгында эмес, анын аткарылышында.

"Ар бир кылмышкер кимге кайрылып, кимге акча берип, ким менен сүйлөшсө боло турганын жакшы билет. Мындай шартта эң катаал жаза менен эч кимди коркута албайсың. Муну дүйнөлүк тажрыйба далилдеп жатат. Кылмыштуулукка каршы эң ишенимдүү ыкма, жазанын кынтыксыз аткарылышы. Башкы көрсөткүч – кылмыштын ачылыш деңгээли. Эгерде кылмыштын бети ачылып, укук коргоо органдары мыйзам чегинде иш алып барса, кылмышка барып жаткан киши жазадан кутула албасын түшүнөт. Дал ушул нерсе гана аны токтото алат", – деди ал.

Айтымында, учурда коомчулуктун сотко, укук коргоо органдарына болгон ишеними аз. Алардын шалаакылыгын жана мыйзамсыз иштерин сындап келет. Бирок ошол эле учурда көпчүлүк өлүм жазасын колдоого алууда.

"Бул акылга сыйбаган түшүнүк. Биздин мыйзамда өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы бар. Бул өлүм жазасынан да катаал. Көпчүлүк адамдар өлүм жазасы андан коркунучтуу деп ойлошу мүмкүн, бирок өмүр бою түрмөдө отуруу адам үчүн эң оор сыноо. Демек, жазаны күчөтүүнүн кажети жок, бизде жетиштүү жаза каралган. Маселе ошол мыйзамда каралган жазанын аткарылышында. Укук коргоо органдары менен прокуратуранын кесипкөйлүгүнө келип такалып жатат", – деп белгиледи Токтакунов.

Анын пикиринде өлүм жазасын кайра киргизүү үчүн Конституцияны өзгөртүү зарыл, бул болсо референдумду талап кылат.

Кыргызстанда 1998-жылы өлүм жазасына мораторий киргизилип, анын ордуна 2007-жылы Жогорку Кеңеш өмүр бою эркинен ажыратуу мыйзамын кабыл алган.

Amnesty International укук коргоо уюмунун 2022-жылдагы маалыматына ылайык, дүйнөнүн 55 өлкөсүндө өлүм жазасы колдонулат. Алардын тогузунда адатта киши өлтүрүү же согуш кылмыштары сыяктуу абдан оор кылмыштар менен соттолгон адамдар гана өлүм жазасына өкүм кылынат. 23 өлкөнүн мыйзамдары өлүм жазасына уруксат бергени менен мындай эң жогорку жазага 10 жылдан бери бир дагы адам тартыла элек.