Көгала койдой сабалган Ибрагим эсиңиздеби? Тогуз жылдан кийинки абалы
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Балмуздак, оюнчуктун түрү, оюн-зоок менен бөбөктөрдүн сүймөнчүгүнө айланган "Балдарды коргоо күнү" босогодо турат. Күн мурун белек-бечкек тандап убара тарткан ата-энелер да аз эмес. Негизи бул күн оюн-зоок, таттуудан тышкары балдардын коопсуздугу, бактылуу балалыгы, саламаттыгы деген өтө олуттуу маселелердин да күнү экени эсибизден чыкпаса.
Ойносо оюнга, күлсө күлкүгө тойбой турган бөбөктөрдүн бир тобу дал ушул майрамды тилекке каршы чоңдордун, кайдыгер ата-энелердин айынан арабасына байланып, таягына сүйөнүп тосууга аргасыз.
Тубаса болсо да арга жок эле, бирок алты саны аман, он эки мүчөсү соо наристелердин көз алдыбызда зомбулуктун курмандыгы болуп калганы ич ачыштырган ачуу чындык... Тогуз жыл мурунку кейиштүү окуяны эске салып, ошондон сабак алдыкпы, оңдуу жыйынтык чыктыбы деген соболдорду талдоонун сааты чыкты.
Мындан тогуз жыл мурун "кенедей баланы килейген эле киши көгала койдой сабаптыр, чоло жерин соо койбоптур" деген үрөй учурган кабар желдей тараган. Кабардын чын-бышыгына ишенбей тургандар маалымат тастыкталганда шаабайлары сууп, коом дүрбөлөң түшүп калган эле.
Далай тестиер кордук көрдү эле, кимиси тууралуу сөз болуп жатат десеңиз ал Ибрагим.
Эсиңизде болсо алты саны аман, мойтоңдогон бала эки жашка чыгып калганда жакын туугандары тарабынан кордук көрүп, оор абалда ооруканага түшкөн. Учурда бала 11 жашка толду.
Би-Би-Си мыкаачылыктын кыйносун тартып, анын залалдарын жеңип чыгууга умтулуп жаткан Ибрагим менен апасынан кабар алды.
Ибрагим жана анын апасы менен сейил бактан жолуктук. Көзү, кашы кап-кара, музоо кирпик баланын бакырайган көздөрүнөн сезимдери байкалып турду.

Бир туруп башына түшкөн мүшкүл менен алышкан кайратын көрсөтүп, бир туруп ууртунан жылмайып арабасында олтурду.
Мындан төрт жыл мурун Ибрагимден кабар алганымда ал Орусияда реабилитациядан өтүп жаткан экен.
Бул ирет жолукканыбызда ал кыйла чоңоюп калыптыр. Саламаттыгында дагы салыштырмалуу жакшы жылыштар бар өңдүү.
Колунан кармап учурашсам күлүмсүрөй карап койду. Теребелди телмире тиктеп, айлана-чөйрөнү ажырата аңдап, туюп жатканына кубандым.
Бирок ал азырынча мурдагыдай ээн-эркин чуркап, ой кырынча ойноп, буюм-тайым кармоого чамасы жетпейт. Ошондон улам Ибрагим ушул арабасына биротоло байланып, такай бирөөнүн камкордугуна муктаж болуп калбаса экен деп ойго батып кеткенимди өзүм да бир саамдан соң байкадым.

“Кудайга шүгүр, мурдагыдан жакшыбыз. Атын айтсаң реакция кылат. Курсагы ачса белги берет, мен көрүнбөй калсам издейт”,- деди асырап алган энеси Диана Сайимова.
Окуянын чоо-жайы
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ибрагим 2013-жылдын 8-январында төрөлгөн. Эми гана эки жашка толуп, балдыраган тили, там-туң кадамы, жайнаган көздөрү менен жакындарын бакытка бөлөй турган балапандын темир канаты катуу кайрылды, кайрылганда дагы сөөгүнө чейин кайрыла түштү.
Ал кокусунан жаза тайып жыгылып, чалынып эмес, милдеткерлердин кайдыргелигинен, таш боорлуктан аргасыз, амалсыз, эч кимдин оюна келбеген күндөрдү башынан кечирип жатат.
2015-жылдын 11-январында бала эс-учун жоготкон абалда Бишкектин №3 балдар ооруканасына түштү. Аны доктурга атасы алып келди.
Баланын денесинде соо жери жок көгала жана шишиктер болгон. Ээрди жарылып, дээрлик баардык органдары жабыркаган. Дарыгерлер анын көтөн чучугу дагы айрылып кеткен деген тыянак чыгарган.
Атасы уулун 2014-жылдын октябрь айында беш кызы бар бир тууганынын үйүнө калтырып, өзү дааватка кеткенин айткан.
Ибрагим катуу сабалгандан кийин бир тууганы ага чалып, бала тепкичтен кулап кеткенин жана катуу жарат алганын маалымдаган.
Окуяны баштан аяк өз көзүм менен көрүп, ийне-жибине чейин кабарым болбогон соң кол жеткен, Ибраимдин азыркы апасы аркылуу тактоого мүмкүн болгон маалыматтын баарын пайдаландым.
Ибраимди төрөгөн энеси, бала ымыркай кезинде эле аны атасына аманат калтырып, өз жолуна түшкөн экен. Биз уккан кепке караганда, андан кийин бир дагы жолу кайрылып кабар алган эмес.
“Ал баланы башынан эле каалаган эмес. Ибрагим комадан чыккандан кийин дарыгерлер караганга жакындарынын бири керек деп калды. Ошондогу абалын көрүп аябай ыйлагым келген. Бала дагы мени көргөндө дароо тааныды, ыйлады. Мени карап “менин абалымды көрдүңбү” деп кейигендей болду. Чындыгында ал учур өтө оор болду”,- деди багып алган энеси оор үшкүрүп.
Кийин сот Ибрагимге зомбулук көрсөтүп келген тууганын өмүр бою эркинен ажыратып, анын аялын 15 жылга кести.
“Жашоом толук өзгөрүлдү”

Ибрагимдин атасы, баланын өз энеси менен ажырашкан соң Диана Сайимовага үйлөнүптүр. Бирок алардын оту да көпкө жанбаптыр. Ошондо атасы баланы өзү менен кошо алып кетип, тууганынын үйүнө алып барат. Өзү дааватка чыктым деп жер кезип кетет. Арадан эки айдай өтүп-өтпөй, Ибрагим ит көрбөгөн кордукту көрүп, азапка малынат.
Ибрагим жарым жан болуп калгандан кийин атасы Диана Сайимовадан убактылуу жардам берип туруусун суранган экен. Макул болуп, баланы өз камкордугуна алгандан кийин ошол бойдон кол үзүп кеткенге такыр дити барбаганын айтып берип олтурду. Ибрагимди ымыркай кезинен эле багып калгандыктан, аны боор этине тең көрүп калганын кошумчалады.
“Ибрагим ымыркай кезинен эле менин колумда калды. Күнүмдү-түнүмдү арнап өз энесиндей карадым. Бир жаш сегиз айына чейин бактым. Травма алганга чейин ал алда немедей эле дени соо бала болчу. Ден-соолугунда маселе болгон эмес”,- дейт ал.
Каргашалуу окуя, мыкаачылык Ибрагимдин дагы, Диана Сайимованын дагы жашоосун толук өзгөртүптүр. Алар ар тараптан кыйынчылыкка дуушар болушканы айтпаса да түшүнүктүү.
“Мен мынчалык кыйын болот деп ойлогон эмесмин. Үйгө чыгып барганда дагы тез-тезден денесин калтырак басып, ар бир нерсеге терс реакция кылып калды. Жаны кыйналгангабы, абдан көп ыйлачу. Суткасына төрт сааттан гана уктап калды. Жалгыз бой болуп, көп нерсеге жетише албай калдым”,- деп эскерет Диана Сайимова артта калган күндөрүн.
Аял баланы асырап алуу үчүн көп сыноону баштан өткөрдүм дейт. Ибрагимдин жарым жан болуп калганы аз келгенсип, мамлекеттик айрым бир органдар, курчаган адамдар тарабынан жагымсыз мамилеге кабылганын айтты:
“Аны өз баламдай көрсөм дагы асырап алуу өтө кыйын болду. Андан бери канча жыл өтсө дагы бул күндөрдү эстөө өтө кыйын. Документтерди тууралоо үчүн 3 жыл алыштык. Ал убакыт аралыгында бизге коомдун керексиз бөлүгүндөй мамиле кылышты”.
Учурда баланын өз туугандары, атүгүл атасы дагы кабар албайт экен. Диана баланы өзүнө алып жатканда эле “бизден эч нерсе үмүт кылба” дептир. Эне жакындарынын колдоосу менен бул сыноону жеңип чыктым дейт.
“Мен өкүнбөйм”

Диана баланы карап, Ибрашкам деп бир жылмайып алды дагы сөзүн улады.
“Бирок мен көп нерсеге кубанычтамын. Ибрагимдин жана менин башымдан өткөн окуялар мени аябай өзгөрттү”,- деди ал.
Диана бала менен бирге көп нерсеге үйрөнгөнүн, турмуштан сабак алганын кеп салды.
“Чечимимден эч качан баш тартпайм. Баланын абалы, биз жашап өткөн күндөр алдыга жылууга, өнүгүүгө түрткү берди. Баланы асырап алганым үчүн эч качан өкүнгөн эмесмин, өкүнбөйм дагы”,- деди.
Болгону коомдо ата-эненин балдар үчүн болгон жоопкерчилиги төмөндөп кеткенин айтып кейиди. Бүт өлкөнү нес кылган Ибрагимдин окуясы сабак болмок түгүл, зомбулукка кабылган балдардын саны дале азайбай жатканы жанына жай бербей жатканын айтты.
Бала үзгүлтүксүз реабилитацияга муктаж

Диана Сайимованын айтымында, балага мамлекет тарабынан берилүүчү жардамды алуу дагы оңойго турбаптыр. Ибрагимди асырап алгандан кийин туруктуу жашай турган жери жок эки жыл көчүп-конуп жашадык дейт. Анын кесепетинен эки жыл социалдык жардамдардан дагы кур калышкан экен.
“Мамлекеттен мыйзам боюнча чегерилген акчаны алып турабыз. Мурун үч миң сом болчу, азыр бир аз көбөйдү. Бирок ал акча баланын күнүмдүк керектөөсүнө дагы жетпейт. Чынын айтканда памперске гана жете турган сумма”.
Ибрагим учурда тынымсыз реабилитацияга муктаж. Башын көтөрүп, тулку боюн кармай албаса дагы баланын абалынын азыркыдай деңгээлге жакшырышы тынбай медициналык көзөмөлдөн өтүп жаткандын натыйжасы дейт.
Бөбөк мыкаачылыкка кабылгандан кийин өзү дагы реабилитациялоо багытында билим алып, көп маалымат топтогонун айткан Диана, бала жакындарынан көз каранды болбой өз алдынча кыймылдап калат деп үмүт кылат.
Дүйнөлүк практикада дагы өтө оор диагноз менен саламаттыгы кыйла жакшырып кеткендер бар экенин айтат.
“Бассейнге барабыз, массаж алабыз. Кыскасы чыгымдары чоң эле. Реабилитациядан тышкары атайын коляска, отургучтар, жуундуруучу жабдыктар алынат. Анын баары кымбат. Тамакты абдан эле ылгап жегенге аргасыз. Айрым дары-дармектерин Кыргызстандан табуу мүмкүн эмес. Финансынын тартыштыгынан улам көп программалардан артта калып жатабыз”,- деп оор улутунуп алды.
Эне Ибраимдин дени сак болгондо анын дарылануусуна кеткен каражатты билим алуусуна жумшасам кандай гана инсан өсүп чыгат эле деп өксүп-өксүп алды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны 36 миңден ашат. Аларга майыптыгынын көрсөткүчүнө жараша мамлекеттен эки миң сомдон сегиз миң сомго чейин жөлөк пул берилип турат.
Башкы прокуратуранын берген маалыматына ылайык, 2022-жылы балдарга карата жасалган кылмыштын саны 1790ду түзүп, 479у сотко өткөн.
Былтыр 1832 бала зомбулукка кабылып, анын ичинен 1086 иш сотко жөнөтүлгөн.
2024-жылдын 1-кварталында бул көрсөткүч 465ти түзүп, учурда 135 кылмыш иши сотто каралып жатат. Бирок бул расмий гана маалымат. Катоого алынбай көз жаздымда калып жаткандар мындан дагы көп болушу мүмкүн.

Ибраимдин жүрөк тилген окуясын жөн эле угуп, же жөн эле окуп коюу мүмкүн эместей. Бири бала жытына зар болуп, бала десе башын саюуга даяр турса, бири алмончоктой наристени кордоп, карегинен бери канга боюп салганы жүлүндү көзөйт. Канткенде ар бир бөбөк бактылуу балалыкта чоңоюп, мээримге канып, корголуп, ата-эненин, коомдун, мамлекеттин камкордугуна бөлөнөөр экен? Ар бир дени сак, бакубат чөйрөдө чоңойгон бөбөк өлкөнүн байлыгы, ар бир азап тарткан бөбөк мамлекеттин жүгү болуп калаарын түпкүрүнө чейин аңдадыкпы? Бул үчүн эмне кылып, кимден баштоо керек?
Ыйлаган, жашка муунган, ата-эне мээримине, камкордугуна зар болгон акыркы бөбөк сен бол Ибрагим. Сен жана сенин апаң Диана тарткан азапты эч ким тартпаса экен деген уйгу-туйгу ойлор менен сөзүмдү аяктадым. Силер күчтүүсүңөр, силер баарын жеңесиңер...











