Нарындагы ашканада бычакталган аялдын акыбалы, ачуу сабагы
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Адиланын жүзүндө бычактын тагы калды. Бул теринин тагы менен эле чектелбеси айдан ачык. Бирок ал аман калганына сүйүнүп, буга да шүгүр келтирип отурат.
Аны менен телефон аркылуу баарылаштым. Жашоого болгон ызасы, күйөөсүнө болгон таарынычы үнүнөн байкалып турду.
Адила менен маектешүү өтө оор болду. Бирде ыйлап, бирде өзүн-өзү сооротуп сүйлөп жатты.
Өзүн жакшы сезип калдым дегени менен нес абалдан дале толук чыга албай жаткандай сезилди.
Ошол каргашалуу күндү сүрөттөп жатып, көп окуяларды эстей албай улам сөзүнүн башына кайтып келип жатты.
Аялдын жараттары эми гана бир аз бүтүп, дарыгерлер жибин алып жатыптыр.
“Бетим, моюнум жакшы болуп калды. Бирок каруума бычак терең кирип кеткендиктен жакшы бүтпөй жатат. Анын үстүнө сайып туруп, бычакты бурап жибергендиктен булчуң этим эзилип калыптыр”,- деди ал ыйламсырап.
Каргаша качан болду?

Адила бир канча айдан бери күйөөсү менен жашабай калыптыр. Бирок ал ичип алып жумушуна келип коркутуп, далай жолу акча талап кылган.
31-август күнү аял күндөгүдөй эле ишке бара жатып, күйөөсүн мас болуп көчөдө жүргөнүн көргөн.
Ал Нарын шаарындагы тамактануучу жайлардын биринде ашпозчунун жардамчысы болуп иштеп балдарын бакчу. Кырсык дал ошол күнү болгон.
“Канча жылдан бери чогуу жашап, кыял-жоругун жакшы билим калдым. Анын өтө ачуусу келгенде жүзүнөн заары чыгып, өңү кубара түшөт. Бул жолу дагы ошондой, абдан ачуулуу болчу, чык бери деди. Мен иштеп жатам, чыга албайм дедим. Эч кандай жаман сөз айткан жокмун. Ызырына сүйлөп өңү ого бетер өзгөрө түштү. Андан кийин эмне болуп кеткенин байкабай калдым. Артка бурулуп тамак салып баштаганда кармап бычактап салды”,- деп эскерди.
Башынан өткөргөн оор окуяны айтып берип жатып, мукактанып, ыйлап дагы жиберди.
Айласыздан азабын тартып жашап келдим...

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Адила турмушка чыкканына 11 жылдын жүзү болгон, үч баласы бар. Айтымында, баш кошкондон тартып эле үй-бүлөдө чыр-чатак көп болчу.
“Жолдошум көп ишчү, кумар оюндарына дагы берилип кеткен. Ичкенде тынчтык берчү эмес. Ал мас болуп үйгө кирип келгенде жетим көпөлөктөй тегеренип турчумун. Бир нерсе жакпай калса дароо чатак чыгарчу”,- дейт Адила.
Тынымсыз чатактын кесепетинен ал төркүнүнө кетип калган дагы учурлар болгон. Бирок күйөөсү алды-артына түшүп кечирим сурап жатып кайра эле алып келип алчу экен.
Анын үстүнө мүмкүн оңолуп кетет деген ой менен өзүн-өзү алдап жашап келгенин айтат.
Бирок тилекке каршы күйөөсүнүн үй-бүлөсүнө болгон агрессивдүү мамилеси күчөй баштаган.
Кумар ойноп утулуп калганда аялынан акча талап кылып, коркутуп ар кимден карызга сураткан учурлары дагы болгон экен:
“Үйдө үч балам, карыган кайын энем, кайним бар. Таап келген бир аз акчам тамак-аштан ашпайт. Карызыбыз чачтан көбөйдү. Ошентип отуруп ушул акыбалга келдик”.
Аялдын айтымында, күйөөсү анын тапканын тапкандай алып, аракка жана кумарга салып келген.
Балдарымдын жана өзүмдүн жанымдан коркконумдан анын айтканын эки кылчу эмесмин дейт Адила.
Арак жана кумар үчүн кыштын кыран чилдесинде түн жарымында аялын, бала-бакырасын кошуп эшикке кууп чыккан күндөрү дагы болуптур.
Үй-бүлөнүн бул окуяга чейинки соңку чатагы дагы кыш айларында болгон. Күйөөсү кумарга көп акча уттуруп жиберип, адатынча аялын таап бер деп кыйнаган.
Бере калайын десе белен акчасы жок, карызга сурап таба албай калганда үйүнөн кайра кубалап чыккан.
“Ошол күнү агамдан, кошунадан, атүгүл жетекчимден дагы карызга акча суратты. Айласы кеткенде дүкөнгө кыйнап алып барып, арак-шарап алдырды дагы “мен барганда үйдөн жок бол” деген бойдон кетип калды”,- деди Адила.
Аял түйүнчөгүн түйүп, үч баласынээрчитип кайра төркүнүн көздөй жөнөгөн. Бирок бул ирет ал күйөөсүнөн биротоло кеткен.
Оокат-жайын көчүрүп келип балдары менен батирде өз алдынча күн кечире баштаган.
“Августтун соңунда кайра пайда болуп, алды-артыма түшүп кечирим сурап, тууган-урук, дос-тамырдын баарын ортого салды. Мен ага чөйрөңдү алмаштырып, башка жакка барып иштеп кел деген талап койдум. Бирок коңшу-колоңдордон баягыдай эле мас болуп жүрөт деген кептерди угуп, биротоло түңүлдүм. Ошондо ажыраша турганымды айттым. Бул сөз ага катуу тийдиби, билбейм андан кийин эле келип бычактап салды”,- деп айтыпберди Адила окуянын чоо жайын.
Жакасын карарткан эмесмин

Ушунча жыл бирге жашап жакасын караткан эмесмин жеп жашыды Адила. Айтымында, кайын-журту менен болгон мамилеси жакшы.
Алар бир канча жолу ортого түшүп, карыган энеси уулуна акыл-насаатын айтып, жаман адаттардан алыс болууга үндөп келген.
“Жалаң өзүң тырмалап, балдарды багып жатасың деп кайын-журтумдун мага жаны ачып турчу. Бир дагы жолу жаман сөз айтышкан жок. Күйөөм болсо аларды угуп дагы койбойт. Балдарымдын дагы жүрөгүнүн үшүн алып бүттү”,- деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Зомбулук көрсөткөн киши тергөө аяктаганга чейин эки айга камакка алыныптыр.
Аял күйөөсүнө тосмо арыз жазбай турганын айтып, колу менен кылганын мойну менен тартсын деди.
Дарыгерлердин айтымында, бычак Адиланын ондон ашык жерине сайылган. Абалы жакшырып калганы менен ал дале дарыланууга муктаж, айрыкча ал үчүн психологиялык жардам маанилүү.
Адила замбулукка кабылган Кыргызстандагы жалгыз аял эмес. Соңку учурда мындай окуялар байма-бай катталууда. Өткөн жылы 36 жаштагы Асел Ногойбаева аттуу аялдын кулак, мурду кесилип, оор абалда ооруканага түшкөн.
Ошол эле жылы Лейлектин Андарак айылында он аялдын суицидге барганы тууралуу кабар коомчулуктун үрөйүн учурган.
Кара-Суу районунунтургуну дагы кызганычтын айынан жубайын бычактап өлтүргөн.
Буга окшогон үрөйдү учурган окуялар аялдардын коопсуздугу деген маселени кабыргасынан коюуда.
Расмий маалыматка караганда, 2023-жылы үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун кесепетинен 26 аял каза болгон.









