Кара-Жыгачта кордолгон келин дарылана албай жатат
Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Эскертүү: Зээнди кейиткен сүрөттөр бар.

Бишкектин Кара-Жыгач конушунда күйөөсүнөн зомбулук көргөн келин учурда каражаттын жоктугунан дарылана албай жатат. Колундагы тогуз айлык баласы менен курбусунун үйүндө баш калкалап жатканын Би-Би-Сиге айтып берди.
Жакынкы күндөрү социалдык тармактарда аялын машинаны айлантып кууп, сабап жаткан жаш жигиттин видеосу тарап, коомчулуктун кызуу талкуусуна калды. Окуя 21-апрель күнү болгон.
Бир күн өтпөй, жаш келиндин арызы менен Октябрь райондук милициясы 28 жаштагы жигитти кармап, 280-берене (Бейбаштык) менен кылмыш ишин козгоп, убактылуу кармоочу жайга киргизгени маалым болду.
Жолдошу буга чейин дагы зомбулук көрсөтүп жүргөн

Зомбулук көргөн келин жыйырма жашта. Ата-энесинин көзү өтүп кетиптир, үй-бүлөдө жалгыз кыз экен. 9-класстан кийин кесиптик лицейге тапшырып, ашпозчу адистигин окуган.
Турмушка чыкканына эки жыл болгон. Жолдошу өзүнүн айылдашы. Бул убакыт аралыгында жолдошу көп эле жолу зомбулук көрсөтүп жүргөнүн айтып берди. Мунун айынан жашабайм деп кетип калган дагы күндөрү болуптур.
Келиндин өтүнүчү менен атын Лена деп өзгөртүп беребиз.
Лена ал күнкү чыр кызганычтан улам башталган дейт.
"Жолдошу бар дос кызыма "Кутман таң, жанка (жаным) мен сени алам" деп жазган экен. Аны ала турган болсоң, анда мен кетем десем эле сабай баштады. Денемде көк ала тактар дагы деле бар. Каражаттын жоктугунан ооруканага көрүнө элекмин. Балам менен дос кызымдын үйүндөмүн. »

Лена күйөөсүнөн зомбулук көргөндөн кийин кошунасыныкына качып барып, туугандарынан жардам сурап кайрылган.
Алардын Кара-Жыгачтагы батирге келип, жашап жатканына бир айга чукулдап калган.
“Күндө эле жаңжал болчу…”
Зомбулукту видеого тартып алган кошунасы милиция чакырган. Кошуналары жигиттин буга чейин дагы үй-бүлөсүнө таң аткыча тынчтык бербей чыккан учурларына күбө болушканын айтышууда.
“Келинди күйөөсү сабап жатканын биринчи балам көрүптүр. Анан мага үйгө чуркап келип айтты. Мен чыгып эле карасам, бөйрөгүнө катуу тепкен экен, ордунан тура албай ыйлап жатыптыр. Күйөөсүнүн күндө сыра ичкенин көрчүмүн. Анан күндө эле жаңжал болчу. Дубалдарыбыз жука. Таң атканча эле ызы-чуу болуп чыкчу. Ал күнү милицияга чалып атканымды угуп калып, жигит баласын машинага салып алып, кетип калган”, - деди атын атагысы келбеген кошунасы.

Кошунасы ден соолугуна байланыштуу экөөнү ажырата албай, видеого тартууга аргасыз болгонун айтып берди. Ошондой эле жигиттин зөөкүрлүгүнөн кошуналары дагы коркуп калгандарын айтышууда.
Ал күнү кечинде милиция күйөөсүн кармап кетип, бирок арыздын жоктугуна байланыштуу кайра бошоткон.
Келин арызды эртеси күнү жазган. Учурда кайын журту тосмо арыз жазып берүүнү өтүнүп жатышканын айтты. Ал милицияга жазган доо-арызын кайтарып албай турганын айтып, мыйзам чегинде чара көрүлсүн деп кошумчалады.
Бул Ленанын экинчи арызы.
Буга чейин телефон кубаттагыч менен урганда Сокулук ИИБге арыз менен кайрылып, бирок кийин оңолуп кетет деген үмүт менен тосмо арыз жазып берген.
Зомбулук кайдан келип чыгат?

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстанда аял жана балдарга карата түрдүү зомбулук тынымсыз катталып турат. 2023-жылы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жапа чегип, түшкөн арыздардын саны 2022-жылга салыштырмалуу 36% өскөн. Бул зомбулуктун көбөйүшүнөн дагы арыз жазгандардын санынын өсүшүнөн кабар берет деп билдирүүдө адистер.
Зомбулук көрсөткөндөр интернет аркылуу коомчулукка ачыкталып, жазага тартылып жаткан учурлар, башка укугун коргой албай жаткан аялдар үчүн жакшы мисал болуп берерин БУУнун гендер адиси Жыпара Турмаматова билдирди.
“Зомбулукту азайтуу үчүн жазалоо механимдерин күчөтүү керек. Зомбулук көрсөткөн адамдын жазага тартылганын дагы ачык көрсөтүп туруу керек. Ар бир адам зомбулук көрсөтсөм ушундай жаза алат экенмин деген түшүнүк пайда болсо, балким мындай учурлар азаят. Бирок, бизде бирөөнүн үй-бүлөсүнүн иши, кийлигишпейли деген кайдыгерлик бар. Кайдыгерликтен дагы күйөөсүнө арызданган аялды кайра жемелегендер көп. Мунун баары зомбулуктун күчөшүнө таасир этүүдө”, - деди адис.

Сүрөттүн булагы, BUU
Бириккен Улуттар Уюму зомбулуктун келип чыгышы боюнча бир топ изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгында бала кезинен зомбулукту көрүп өскөн эркек бала, чоңойгондо зордукчу болот дегендин пайызы өтө жогору болгон. Же болбосо бала кезинен апасынын же жакындарынын запкы жеп көргөнүнө күбө болуп өскөн кыз бала, зордукту кадимки көрүнүш катары кабыл алып, өзү дагы мындай көрүнүшкө чыдап жашай берери аныкталган.
Зомбулук жок, нормалдуу үй-бүлөлүк жашоо болмоюн, бул нерсе азайбай улана бериши мүмкүн деген кооптонууну пайда кылган.
Статистикага ылайык, зомбулуктан жабыркагандардын 97% аял киши түзөт. Анын кесепетин үй-бүлөдө балдар дагы тартышат.
ЮНИСЕФтин изилдөөсүнө ылайык, энесинин кордук көргөнүн күбө болгон баланын психологиясы өзү зомбулукка туш болгондой жабыр тартары анык болгон. Ошондой эле зордук-змбулук бир гана социалдык зыянга алып келбестен анын экономикалык зыяны дагы жогору болору жазылган.

Сүрөттүн булагы, BUU
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендер баш калкаай туруучу түрдүү кризистик борборлор бар. Алардын көбөйүп жатышы үй-бүлөлүк чырдын өсүп жатканынан кабар берерин айтып, укук коргоочулар коңгуроо кагып келишет.
Зордук-зомбулуктун азайышы үчүн укук коргоочулар, бейөкмөт уюмдардын адистери, психологдор жер-жерлерде тынымсыз тренинг жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет. Ошол себептен мындай ырайымсыз көрүнүшкө каршы бир гана милиция эмес, үй-бүлө, мектеп, коом баары системалуу турушу керек деп эсептешет.
Милициянын маалыматына караганда, өткөн жылы он эки миңге чукул үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Анын кесепетинен 23 аял каза болгон.
Депутат жана укук коргоочулар зомбулукка каршы мыйзамды катаалдатуу керек деген демилгелерди тынымсыз көтөрүп келишет.
Казакстанда мурунку министр аялын аёосуз токмоктоп өлтүрүүгө шектелип, чуулуу соттук иш баштан аяк түз эфирде көрсөтүлүп, аялдарга каршы зомбулук катуу сынга алынып жаткан чакта ашкере болгон бул окуя аялдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо чакырыгын күчөттү.
Бир жагынан жакында эле мурунку күйөсү 27 жолу бычактап жиберип, келин каза тапкан окуя коомчулуктун назарында турат.












