"Балам көрүп калбаганда тирүүлөй көмүп салмак": Чүйдөгү үрөй учурган окуя

илюстрациялык сүрөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Илюстрациялык сүрөт

Кыргызстандын Чүй облусундагы айылдардын биринде "күйөөсү аялын тирүүлөй көмүп салууга аракет кылган" деген үрөй учурган кабар тарап, милиция иликтөөгө алууда. Маалыматтарда 30-35 жаштардагы келинди тирүүлөй көмүп жатканын 5-класста окуган уулу көрүп калып, кошуналарына кабарлаган.

Милиция бул окуя 22-апрель күнү болгонун тастыктады.

"Маалымат Панфилов райондук милициясында катталган. Сотко чейинки өндүрүштүк иш башталган. Алдын ала маалымат боюнча 35 жаштагы киши мас абалында келип, кызганычтан улам аялын сабап, сыртка чыгып чуңкурга түртүп белине чейин көмгөн. Эмнеден улам муну кылганын сураганда кызганычтан улам коркутуп коём деп ушуга барганын айткан. Ал аял арыз жазуудан баш тартты. Бул үй-бүлөлүк, кызганычтан эле болду деп арыз жазган жок. Арыз жазбаганына карабай бизде тергөө иштери уланууда. Эгерде коркунуч жаратып жаткан болсо анда башка чараларды кабыл алабыз. Мындай учурда биз аны жөн эле калтырып койбойбуз",-деди Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынын өкүлү Нургүл Нусупова.

Би-Би-Си келинди таап, ал-акыбалын сурап, окуянын чоо-жайына токтолду. Коопсуздук маселесинен улам келиндин ысымын атабайбыз. Биз аны Зарина деп коёлу.

Зарина: Жолдошум Орусияда иштеп жүрүп, декабрда келген эле. Экөөбүз айылдашпыз. Ал келгенден бери үйдө тынчтык жок. Кечээ Кара-Балтага кеткендей болгон. Бир убакта үйгө келип эле кайра чыгып кетти. Балдарым менен корголоп эле үйдөн чыкмай жок. Олтурганбыз, анан кайра келип, чачтан алып сүйрөп жөнөдү. Ошо күнү 5-класста окуган уулум мектепке барбай калды эле. Ал кыйкырып эле биз менен кошо жөнөгөндө аны "сен отур" деп урушту. Мени болсо сарайдын арты көздөй сүйрөп жөнөдү. Барганда катуу чапкан экен эмне болгонун так билбей калдым, колумду жип менен байлайм деп жатканда тырмышып болбой койдум. Анан аңга түртүп салды. Чыгайын деп атсам буту менен башымдан басып турду. Өзүмдү жоготуп койдум. Анан топурак менен көмө баштады.

Би-Би-Си: Ал жерде мурунтан эле чуңкур бар беле?

Зарина: Жок, андай жок болчу. Атайын казган экен. Тереңдиги бир жарым метрден жогору го. Себеби, ичинен сыртты такыр көрө албай жатым. Топурак бети-башымды көмүп киргенде дем ала албай, эми өлдүм деген ойго келдим. Дем жетпей баратты. Андан башкасын билбейм. Бир убакта эле кошунабыз келип калыптыр. Көрсө балам артыбыздан чыгып, аларга чуркаган экен. Аны кийин бүт айтып берип жатат. Күрөк менен чаап туруп, анан көмдү дейт. Балам ошондо кошунабызга чуркаптыр. Күйөөм болсо ичип келген. Кошуна эже бети-башымдагы топуракты сүртүп жиберди. Оозу, мурдум топуракка толуп калган экен. Колумдан тартып чыгара алган жок. Анан ары-бери өткөн эл келе баштады. Аларды күрөк менен жолотпой турган экен. Сыртта эмне ызы-чуу болгонун аңдын ичинен толук көрө алган жокмун. Бир топ киши келип, колуман тартып чыгара алышкан жок. Анан бир аз казып туруп сууруп алышты. Муздакта далай туруп калчылдап калыптырмын. Үйдөн балдарым бетимди жууп, кошунам ысык чай берди. Аңгыча милиция келди. Алар болгонун болгондой сурады. Балам аларга баарын айтып берди. Бизди ооруканага алып барышты. Дарыгер текшерип, милицияга бир нерселерди жазып берди. Милиция бөлүмүнө алып барып, арыз жазасызбы деди. Жазсам камалып кетеби десем ооба дешти. Ошондуктан арыз жазган жокмун. Абысыным, кайын сиңдим сабыр кылыңыз деп жатышат. Анан биз үйгө кеттик. Бир убакта "милициядан чыгып кетиптир" деп мага айтышты. Ал болсо милициянын көзүнчө эле мени өлтүрөм деп жаткан.

Би-Би-Си: Мындай чатак эмнеден келип чыкты?

Зарина: Орусияда иштеп жүрүп келди дебедимби. Ошол жактан келип эле баштады. Кызганыч себеп болду. Буга чейин да эки жолу сабап, жаракат алган элем. Кызганып, "тигил айтты", "бул айтты, сен тиги менен жүрүптүрсүң, муну менен жүрүптүрсүң" деп жатат. Беш балабыз бар. Эми жашабайм. Балдарымды өзүмө алып, мыйзамдуу ажырашам. Жакшы болуп кетсем өзүм иштеп, багам деп турам.